Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-декабры № 581
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 129-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 "Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- расмий тилдеги аталышында "утверждения" деген сөз "утверждении" деген сөз менен алмаштырылсын;
- преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 228" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 129" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |