Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-февралы № 59
Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 669, 2016-жылдын 30-июнундагы № 363 , 2018-жылдын 14-декабрындагы № 581, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 194-беренесине ылайык, кайтарылуучу адамдардын жеке коопсуздугун, ошондой эле атайын автоколонналарды коштоодо (эскорттоодо) коопсуздукту камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-декабрындагы № 581 КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмеси (мындан ары - Тизме), 1-тиркемеге ылайык;
- Атайын автотранспорт каражаттарынын алдынкы каптал айнектерин күңүрттөөгө (жабууга) уруксат алуунун тартиби, 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-февралындагы № 72-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2006-жылдын 28-мартындагы № 72 «Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишинин болушун талап кылган автотранспорт каражаттарынын ээлеринин тизмесин аныктоо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө» буйругу, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 28-мартында катталган, каттоо номери 26-06.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
1-тиркеме
Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 363, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызматтык автотранспорт каражаттары.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматтык автотранспорт каражаттарын кайтарууну жана коштоону (эскорттоочу) жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызматтык автотранспорт каражаттары.
3. "Кыргыз инкассациясы" жабык акционердик коомунун акчалай каражаттарды жана баалуу жүктөрдү ташуу боюнча атайын транспорттору.
4. Соттолгон жана камакка алынган адамдарды ташуу (конвой менен алып жүрүү) үчүн арналган атайын кызматтык транспорттук каражаттар.
2-тиркеме
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 363 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ