Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры № 597
"Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин Тоо" гезити, 2017-жылдын 17-майы, № 60-61) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 29-беренесиндеги "0,05 " деген сөздөр "1" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 30-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Алынып коюлган буюмдар же башка заттар бузуу жөнүндө иш боюнча чечим чыгарылгандан кийин жүгүртүүгө тыюу салынган же чектелген буюмдар менен заттардан же бузуунун жыйынтыгында алынган жана ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде жок кылынууга же тиешелүү уюмдарга алардын өтүнүчү боюнча өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгондордон башкалары ээсине кайра берилүүгө тийиш.";
3) 11-главасындагы эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү.
1. Ушул Кодекстин 49-50-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 51-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 52-53-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат, ал эми ушул Кодекстин 53-беренесинде каралгандар - транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
4. Ушул Кодекстин 54-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
5. Ушул Кодекстин 55-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган бузуулар жөнүндө иштер саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат, ал эми ушул Кодекстин 55-беренесинин 3-бөлүгүндө каралгандар - ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
6. Ушул Кодекстин 56-57-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
4) 12-главасындагы эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү.
1. Ушул Кодекстин 58 жана 60-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 59-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
5) 13-главасындагы эскертүүнүн 2-пунктундагы "интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жаатындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 14-главасындагы эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү.
1. Ушул Кодекстин 66-71 жана 77-79-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 72-76-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 80-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
7) 15-главасындагы эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү.
1. Ушул Кодекстин 81-86 жана 89-91-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 87-88 жана 93-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 92-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер диний иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
8) 16-главасындагы эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү.
1. Ушул Кодекстин 94-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 95-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.";
9) 17-главасындагы эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү.
1. Ушул Кодекстин 97-106-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 107-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
10) 18-главасындагы эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү.
Ушул Кодекстин 108-118-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
11) 20-главасындагы эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү.
1. Ушул Кодекстин 136-беренесинин 1, 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралган бузуулар жөнүндө иштер транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат, ал эми ушул Кодекстин 136-беренесинин 2-бөлүгүндө каралгандар - ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 137-138-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
12) 21-главасындагы эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү. 139-149-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
13) 22-главасындагы эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү.
1. Ушул Кодекстин 150-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 151-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 152-155-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
4. Ушул Кодекстин 156-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер ветеринардык көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
14) 23-главасындагы эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"Эскертүү.
1. Ушул Кодекстин 157, 158 жана 161-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 159 жана 160-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
15) 24-главасындагы эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү.
1. Ушул Кодекстин 162-167, 169, 172, 174-175-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 168, 170, 171-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 173, 177-183-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.
4. Ушул Кодекстин 176-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.";
16) 25-главасындагы эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү.
1. Ушул Кодекстин 184, 186, 187, 194 жана 196-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 185, 189 жана 191-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 188, 190, 192, 193 жана 195-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат, ал эми ушул Кодекстин 193-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан өз компетенциясынын чегинде каралат.
4. Ушул Кодекстин 197-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер ветеринардык көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
17) 27-главасындагы эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү.
1. Ушул Кодекстин 203 жана 204-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер этил спиртин жана алкоголдуу продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 205 жана 206-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер тиешелүү лицензияны (уруксатты) берүүчү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 207-208-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
18) 28-главасындагы эскертүүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул Кодекстин 216-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер финансылык чалгындоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат, ал эми ушул Кодекстин 216-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган бузуулар жөнүндө иштер баалуу металлдар, асыл таштар менен операцияларга байланыштуу маселелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, байланыш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, юстиция органы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан өз компетенциясынын чегинде каралат.";
19) 218-беренесиндеги "эң төмөнкү" деген сөздөр алып салынсын;
20) 34-главасындагы эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү. Ушул Кодекстин 264-266-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер банкроттук иштер боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат, ал эми банктарга жана башка коммерциялык-кредиттик уюмдарга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан каралат.";
21) 35-главасындагы эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү.
1. Ушул Кодекстин 267-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана ветеринардык көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат, ал эми ушул Кодекстин 267-беренесинин 4-6-бөлүктөрүндө каралган бузуулар жөнүндө иштер монополияга каршы мыйзамдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат, ушул Кодекстин 267-беренесинин 5 жана 6-бөлүктөрүндө каралган бузуулар жөнүндө иштер ветеринардык көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 268-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана ветеринардык көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 269-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
4. Ушул Кодекстин 270-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер монополияга каршы мыйзамдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
5. Ушул Кодекстин 271-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
6. Ушул Кодекстин 272-274-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
22) 36-главасындагы эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү.
1. Ушул Кодекстин 275-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер мамлекеттик каттоо кызматы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
2. Ушул Кодекстин 276-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер архивдик мекемелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
3. Ушул Кодекстин 277-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер монополияга каршы мыйзамдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.
4. Ушул Кодекстин 278-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
5. Ушул Кодекстин 279-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
6. Ушул Кодекстин 280-283-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер байланыш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
23) 279-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү монополияга каршы чектөөлөрдү бузуу -";
24) 39-главасындагы эскертүүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул Кодекстин 292-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
25) 310-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
26) 310-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Эгерде жак бузууларды жасагандыгы тууралуу фактыны, ага карата жаза чарасы жана кошумча укуктук кесепеттердин колдонуларын талашып-тартышпаса, анда бузуу болгон жерде ушул Кодекстин 329-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган талаптарды сактоо менен токтом чыгарылат, ага протоколду түзгөн адамдын колу коюлат, мында аталган токтом бузуучуга анын көчүрмөсү тапшырылган учурдан тартып күчүнө кирет.";
27) 313-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн чечими менен бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө, ушул Кодексте каралган учурларда жаза чарасын көрүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныкташат жана бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген комиссияларды түзүшөт.
Комиссия, анын сандык жана жекече курамы жөнүндө жобо ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын чечими менен, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.";
28) 324-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган чечимдер аныктама түрүндө чыгарылат.";
29) 327-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктундагы "иш боюнча - токтомду" деген сөздөр "- протоколду" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
30) 330-беренесинде
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) туумду эсептөө жөнүндө";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Туумду эсептөө жөнүндө токтомдо туумдун өлчөмү, ошондой эле айыптын өлчөмү жана жаза чарасына алынууга тийиш болгон жалпы сумма көрсөтүлөт жана ал сот аткаруучуларынын ишин уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарга ылайык жаза чарасын колдонуу үчүн жиберилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|