Загрузка документа…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 614 токтомуна) |
Мамлекеттик катталууга тийиш болбогон тамак-аш продукцияларын өндүрүү (даярдоо) боюнча өндүрүштүк объекттердин реестрин жүргүзүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик катталууга тийиш болбогон тамак-аш продукцияларын өндүрүү (даярдоо) боюнча өндүрүштүк объекттердин реестрин жүргүзүү тартиби (мындан ары - Тартип) "Тамак-аш продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин (БС/ТР 021/2011) 37-беренесине ылайык иштелип чыккан жана өндүрүштүк объекттерди эсепке алуу, өндүрүштүк объекттердин реестрин жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Реестр Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана анын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан электрондук түрдө жүргүзүлөт.
3. Ушул Тартип Бажы союзунун комиссиясынын 2011-жылдын 9-декабрындагы № 880 чечими менен бекитилген "Тамак-аш продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин (БС/ТР 021/2011) 32-беренесинде көрсөтүлгөн тамак-аш продукцияларын өндүрүү (даярдоо) процесстеринен сырткары тамак-аш продукцияларын өндүрүү (даярдоо) боюнча өндүрүштүк объекттерге жайылтылат.
4. Ушул Тартип кабыл алынганга чейин иш жүргүзгөн тамак-аш продукцияларын өндүрүү (даярдоо) боюнча өндүрүштүк объекттер жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу орган ишти баштоо жөнүндө арыз берүү жол-жобосун өткөрүүсүз реестрге киргизет.
2-глава. Мамлекеттик катталууга тийиш болбогон тамак-аш продукцияларын өндүрүү (даярдоо) боюнча өндүрүштүк объекттердин реестрин жүргүзүү тартиби
5. Юридикалык жактар, жеке ишкерлер (мындан ары - арыз берүүчү) өз ишин баштоо алдында түздөн-түз ыйгарым укуктуу органга эки нускада, расмий же мамлекеттик тилде ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз беришет.
6. Арыз берүүчү арызды түздөн-түз ыйгарым укуктуу органга же анын сканерленген вариантын Интернет тармагы аркылуу электрондук почта боюнча жиберет.
7. Арыз ыйгарым укуктуу органга түздөн-түз берилгенде ыйгарым укуктуу органда катталган күн арыздын берилген күнү деп эсептелет. Мында арыздын бир нускасы ыйгарым укуктуу органда калат, экинчиси - катталган күнү арыз берүүчүгө тапшырылат.
8. Арыз электрондук почта аркылуу жиберилгенде ыйгарым укуктуу органда кабыл алынган жана катталган күн арыздын берилген күнү деп эсептелет. Мында ыйгарым укуктуу орган келип түшкөн датасын жана берилген кириш номерин көрсөтүү менен арыз ээсине электрондук кабарлоо-билдирүү жиберет.
9. Түздөн-түз жана электрондук почта аркылуу келип түшкөн арыздар ыйгарым укуктуу органда иш кагаздарын жүргүзүүнүн белгиленген тартибине ылайык иштетилет жана сакталат.
10. Тамак-аш продукциясынын өндүрүштүк объектинин анык дареги өзгөрүлгөн учурда арыз берүүчү анык дареги өзгөрүлгөн күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органды аталган өзгөрүүлөр тууралуу кабарлоого милдеттүү, мында арыз берүүчү ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз берет.
11. Ыйгарым укуктуу орган өндүрүштүн ишин баштоо же анык дарегин өзгөртүү жөнүндө арыз катталган күндөн тартып үч жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө реестрге төмөнкүдөй маалыматтарды киргизет:
1) юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы, анын уюштуруу-укуктук формасы, жеке ишкердин аты-жөнү;
2) юридикалык жактын (жеке ишкердин), анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн жайгашкан жеринин почталык дареги, юридикалык жактын (жеке ишкердин) өндүрүштүк объектисинин анык дареги;
3) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
4) ишти баштоо жөнүндө арызда көрсөтүлгөн өндүрүштүн түрү;
5) арыздын келип түшкөн датасы жана анын катталган номери.
12. Ушул Тартиптин 9-пунктунда көрсөтүлгөн арыз келип түшкөн учурда ыйгарым укуктуу орган арыз катталган күндөн тартып үч жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө реестрге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
13. Реестрди ыйгарым укуктуу орган бузулуудан жана санкцияланбаган кирүүдөн корголгон электрондук маалымат базасы формасында жүргүзөт.
|
| Мамлекеттик катталууга тийиш болбогон тамак-аш продукцияларын өндүрүү (даярдоо) боюнча өндүрүштүк объекттердин реестрин жүргүзүү тартибине 1-тиркеме |
Форма
|
| ___________________________________ |
|
| ыйгарым укуктуу органдын аталышы |
|
| ___________________________________ |
|
| (юридикалык жактын аталышы, жеке ишкердин аты-жөнү) |
Тамак-аш продукцияларын өндүрүү (даярдоо) боюнча ишти баштоо жөнүндө АРЫЗ
Төмөнкүдөй __________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________
(продукциянын тизмеги)
тамак-аш продукциясын өндүргөн (даярдаган) ____________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________
(юридикалык жак үчүн - юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы,
уюштуруу-укуктук формасы, ИСН, жайгашкан жери жана өндүрүштүк объекттин
анык дареги (юридикалык дарек өндүрүштүн дареги менен туура келбеген учурда)
_____________________________________________________________________________________________
(жеке ишкер үчүн - аты-жөнү, катталган дареги, өздүгүн күбөлөндүргөн документтин
маалыматтары, ИСН, өндүрүштүк объекттин анык дареги)
_____________________________________________________________________________________________
тамак-аш продукциясынын өндүрүштүк объектин эсепке алууну суранам.
Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн маалыматтары берилет:
_____________________________________________________________________________________________
(юридикалык жак үчүн)
Жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн маалыматтары берилет:
_____________________________________________________________________________________________
(жеке ишкер үчүн)
_________________________________ | ______________________ | ______________________________ |
(Аты-жөнү) | (колу) | (датасы) |
|
| Мамлекеттик катталууга тийиш болбогон тамак-аш продукцияларын өндүрүү (даярдоо) боюнча өндүрүштүк объекттердин реестрин жүргүзүү тартибине 2-тиркеме |
Форма
|
| ___________________________________ |
|
| ыйгарым укуктуу органдын аталышы |
|
| ___________________________________ |
|
| (юридикалык жактын аталышы, жеке ишкердин аты-жөнү) |
Тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) боюнча өндүрүштүк объекттин анык дарегин өзгөртүү жөнүндө АРЫЗ
Төмөнкүдөй __________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________
(продукциянын тизмеги)
тамак-аш продукциясын өндүргөн (даярдаган) ____________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________
(өндүрүштүк объекттин аталышы жана жайгашкан дареги)
өндүрүштүн мурда көрсөтүлгөн дарегин __________________________________________________________
_________________________________________________________________________________ байланыштуу
(себебин көрсөтүү)
өндүрүштүн жаңы дарегине өзгөртүүнү суранам.
Юридикалык жакты (жеке ишкерди) каттоо жөнүндө күбөлүктүн маалыматтары берилет: