Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 613
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченем жаратуу ишин өркүндөтүү жана ченемдик укуктук актылардын сапатын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 313 "Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускамада:
- 15-пункту төмөнкүдөй редакциядагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бир нече чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда, коомдук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүн кыскача чагылдырышы керек, же болбосо ушул мыйзам алдындагы актынын долбоору менен жөнгө салына турган маселелерди чагылдырышы зарыл (эгерде мыйзам алдындагы актынын долбоорунун аталышынан жөнгө салынуучу коомдук мамилелердин чөйрөсүн так аныктоого болбосо).";
- 20-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Мыйзам алдындагы актынын долбоорунун преамбуласы болот, ал мыйзам алдындагы актыны кабыл алуунун максаттары тууралуу маалыматты, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринин тиешелүү беренелерине жана пункттарына шилтемени камтыган мыйзам алдындагы актынын өз алдынча бөлүгү түрүндө болот, ага ылайык мыйзам алдындагы актынын долбоору кабыл алынат. Преамбулага ченемдик көрсөтмөлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.";
- 22-пунктунун экинчи абзацындагы "13" деген цифралар "14" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 25-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорунун мааниси боюнча бири-бирине жакын көлөмдүү пункттары главаларга биригиши мүмкүн.
"Глава" түзүмдүк элементинин аталышы мамлекеттик тилдеги текстте адегенде араб цифрасы менен белгиленет, беттин ортосуна карартылып жазылып чекит коюлат жана аталышы болот.
Главанын аталышы баш тамга менен башталып, карартылып басылат жана аягына чекит белгиси коюлбайт.";
- 32-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорунда мамлекеттик органдын (уюмдун) бир нече ирет эскертүүсү камтылса, "...чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" катары көрсөтүү сунушталат (мисалы, билим берүү, саламаттык сактоо, коргоо ж.б. чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган).";
- төмөнкүдөй мазмундагы 37-1 жана 37-2-пункттар менен толукталсын:
"37-1. Мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерди келтирүүгө жол берилбейт (мисалы, "мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат").
37-2. Мыйзам алдындагы актылардын долбоорунун текстинде өз кезегинде шилтеме болуп саналган башка ченемдик укуктук актылардын ченемдик көрсөтмөлөрүнө шилтеме келтирүүгө жол берилбейт.
- 42-пунктунун 2-мисалынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"аталган токтомго 2-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;";
- 43-пунктунун мисалынын жетинчи абзацы "16-пунктундагы" деген сөздөрдөн кийин "-" деген белги менен толукталсын;
- 46-пунктундагы үчүнчү абзац төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Мындай зарыл кезде тыныш белгилерин алмаштыруу мыйзам алдындагы актынын учурдагы редакциясын даярдоо мезгилинде жүзөгө ашырылат (мыйзам алдындагы актынын долбоорунун текстинде эскертпестен).";
- төмөнкүдөй редакциядагы 48-1-пункт менен толукталсын:
"48-1. Мыйзам алдындагы актынын түзүмдүк элементин сүйлөмдүн башында жайгашкан сөздөр же сандар менен толуктоо учурунда, алардын алдында толуктоого сунушталган сөздөр же сандар көрсөтүлөт.
"
Мисал: - 3-пункту "тартиби, формасы жана каттоо" деген сөздөргө чейин "мөөнөттөрү, шарттары" деген сөздөр менен толукталсын"; |
";
- 49-пунктундагы мисалдын бешинчи абзацыңдагы "в) пунктчасындагы" деген сөздөр "в" пунктчасындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 49-1 жана 49-2-пункттар менен толукталсын:
"49-1. Мыйзам алдындагы актыларга жалпылаштырылган түрдө өзгөртүүлөрдү (анын ичинде "мыйзам алдындагы актынын бүткүл тексти боюнча" деген туюндурманы пайдалануу менен сөздөрдү алмаштырууга) киргизүүгө жол берилбейт.
Эгерде түзүмдүк элементтин текстинде бир эле алмаштырылуучу сөз же сөздөр баш же кичине тамга менен башталса; алардан кийин (алардын астында) белгилүү тыныш белгисин коюу же алып салуу талап кылынса ж.б., анда ар бир каралуучу өзгөртүү конкреттүү контексти менен макулдашылууга тийиш.
Мында, ар бир өзгөртүү конкреттүү түзүмдүк элементти көрсөтүү менен бирге өзүнчө жол-жоболоштурулууга тийиш.
49-2. Эгерде мыйзам алдындагы актыда же анын түзүмдүк элементинде бир нече учурларда сөздү же сөздөрдү алмаштырууга туура келсе жана алмаштырылуучу сөз же сөздөр ар кандай сандарда жана жөндөмөлөрдө же болбосо ошол эле санда, бирок ар кандай жөндөмөлөрдө пайдаланылса, жана башка өзгөртүүлөр киргизилбесе, анда төмөнкүдөй туюнтма колдонулат:
"
Мисал: 10-пунктундагы түрдүү жөндөмөдөгү "социалдык коргоо башкармалыгы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "аймактык бөлүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын. же 2 жана 10-пункттарындагы түрдүү жөндөмөдөгү "мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо боюнча" жана "акчалай компенсацияларды дайындоо боюнча бөлүм" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "дайындоо боюнча бөлүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын. |
";
- 73-пунктунда:
экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
мисалы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Мисал: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ |
";
- 82-пунктунун мисалындагы "салыштырма таблица" деген сөздөр "САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрында N 106 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |