ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 611 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197»Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 25-декабры № 611

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун экинчи абзацындагы "23-1" деген цифралар "23-2" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:

"6-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын жетекчисине соттук эксперттерге квалификациялык категориясы үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөктөрдү белгилөө укугу берилсин:

- жогорку категория - 20 пайыз;

- биринчи категория - 10 пайыз.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:

"7-1. Илимий даража үчүн кызматтык маянага үстөктөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтомуна ылайык төлөнө тургандыгы аныкталсын.";

- 8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 23-2-тиркеме менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрында N 106 жарыяланды

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев

 

Тиркеме

 

"23-2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ

№

Кызмат ордунун аталышы

Кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү (сом менен)

1

Башкармалыктын начальниги

13500

2

Башкармалыктын начальнигинин орун басары

12500

3

Бөлүмдүн начальниги

13500

4

Бөлүмдүн начальнигинин орун басары

12500

5

Эксперт

12000