Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 608
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Кыргыз транспорт инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийимдери жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-декабрындагы № 809 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Кыргыз транспорт инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-апрелиндеги № 227 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрындагы N 106 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |