ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 608 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому

Редакция25.12.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 25-декабры № 608

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

 

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Кыргыз транспорт инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийимдери жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-декабрындагы № 809 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Кыргыз транспорт инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-апрелиндеги № 227 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрындагы N 106  жарыяланды

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев