Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры № 638
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Күрөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Күрөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Күрөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
“Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж. № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-статьясында:
а) 1 жана 2-пункттарындагы “адистешкен финансы-кредиттик мекемелер” жана “атайын кредиттик мекемелер” деген сөздөр “банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-пунктундагы “финансы-кредиттик уюмдары” деген сөздөр “банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 43-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“43-статья. Турак жай-аманат кредиттик компаниялары
1. Турак жай-аманат кредиттик компания банктык эмес финансы-кредиттик уюм болуп саналат, анын иши катышуучулардын акчалай каражаттарын атайын турак жай-аманат салымдарына топтоого жана анын катышуучуларына мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында жеке курулуш, турак үйлөрдү (батирлерди) сатып алуу же турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн кредиттерди берүүгө багытталган.
2. Турак жай-аманат кредиттик компания акционердик коом формасында түзүлүүчү коммерциялык уюм болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жактын статусун алат.
3. Турак жай-аманат кредиттик компания ишин баштоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясын алууга тийиш.
4. Турак жай-аманат кредиттик компания төмөнкүдөй банктык операцияларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен жана мындай операциялар лицензияда көрсөтүлгөн шарттарда ишке ашырууга укуктуу:
1) турак жай аманат салымын, тактап айтканда контракттык турак жай аманат системасынын катышуучусу (салуучусу) тарабынан турак жай-аманат кредиттик компаниянын контракттык турак жай аманат системасынын катышуучусунун турак жай шарттарын жакшыртууга, ошондой эле жеке курулушка жана/же турак үйлөрдү (батирлерди) сатып алууга багытталган атайын эсепке салынган улуттук валютадагы акча каражаттарынын суммасын кабыл алуу;
2) мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөө шарттарында турак жай шарттарын жакшыртууга, жеке курулушка жана/же турак үйлөрдү (батирлерди) сатып алууга кредиттерди берүү;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка операциялар жана бүтүмдөр.
5. Турак жай-аманат кредиттик компаниянын капиталынын негизин толук төлөнгөн уставдык капитал түзөт, анан курамына турак жай-аманат кредиттик компания акционерлер тарабынан салынган каражаттарды кайтаруу боюнча милдеттенмелери жок болгон жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык келген уставдык капитал гана кирет. Турак жай-аманат кредиттик компаниянын уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында, накталай эмес формада, акционерлердин (уюмдаштыруучулардын) акча каражаттарынын эсебинен гана түзүлөт.
6. Турак жай-аманат кредиттик компаниянын иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.”;
3) 46-статьясынын 1-пунктундагы “атайын кредиттик мекемелер” деген сөздөр “банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдар” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 48-статьясынын 1-пунктундагы “ссуда-аманат турак жай-курулуш кассаларында” деген сөздөр “турак жай-аманат кредиттик компанияларда” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене
“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Банктардын, каржы-кредиттик уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынуучу башка жактардын ишин лицензиялоо тартиби жана өзгөчөлүктөрү, анын ичинде лицензияларды берүү, токтотуп туруу, токтотуу (кайра сурап алуу/жокко чыгаруу) тартиби, ошондой эле лицензиялык талаптар, лицензиялык контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө, төлөм, микрокаржылык иш жөнүндө, кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө, кредиттик союздардын, турак жай-аманат кредиттик компаниялардын иши жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү башка жактардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.”;
2) 15-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 262-пункт менен толукталсын:
“262) турак жай-аманат кредиттик компаниялардын иши;”.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти