Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 633
“Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Экономика министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
“Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
“Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-статьясында:
а) бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“шайкештикти декларациялоо – жүгүртүлүүгө чыгарылып жаткан продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо формасы;”;
б) төмөнкүдөй мазмундагы кырк төртүнчү – элүү экинчи абзацтар менен толукталсын:
“продукцияны каталогдоштуруунун мамлекеттик системасы (ПКМС) – мамлекеттик органдарды, ишканаларды жана уюмдарды республикада чыгарылган продукциянын номенклатурасы, керектөө жана эксплуатациялоо мүнөздөмөсү, анын даярдоочусу жана продукция бериле турган стандартташтыруу боюнча документтер жөнүндө ар тараптуу жана ырасталган маалыматтар менен камсыздоо боюнча уюштуруу-техникалык маалыматтык система;
каталогдук барак – продукциялардын номенклатурасы, керектөө жана эксплуатациялоо мүнөздөмөсү жөнүндө ырасталган маалыматтарды камтыган документ;
техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтардын мамлекеттик классификатору (мындан ары – мамлекеттик классификатор) – техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматты классификациясына (класстарына, топторуна, түрлөрүнө жана башкаларга) ылайык бөлүштүрүүчү жана мамлекеттик маалыматтык системаларда жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте маалыматтарды ведомстволор аралык алмашууда милдеттүү болуп саналган стандартташтыруу боюнча документ;
техникалык шарттар – даярдоочу тарабынан бекитилген, даярдалган продукцияга техникалык талаптарды аныктоочу документ;
мамлекеттер аралык стандарт (МАМСТ) – Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттер аралык кеңеши тарабынан кабыл алынган региондук стандарт;
региондук стандарт – стандартташтыруу боюнча региондук уюм кабыл алган стандарт;
уюм стандарты – юридикалык жак тарабынан өндүрүштү өркүндөтүү жана анда жасалган продукциянын, жумуштардын жана тейлөө кызматтарынын сапатын камсыз кылуу үчүн бекитилген стандарт;
региондук классификатор (анын ичинде мамлекеттер аралык) – стандартташтыруу боюнча региондук орган кабыл алган стандартташтыруу боюнча документ;
башка мамлекеттердин улуттук классификаторлору – башка мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча улуттук органдары тарабынан кабыл алынган стандартташтыруу документтери.”;
2-статьясында:
а) төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“аккредиттөө боюнча органдардын, сертификациялоо боюнча органдардын, контролдоо органдарынын, мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдарынын даярдоочулардан, сатуучулардан, аткаруучулардан жана сатып алуучулардан көз карандысыздыгы;”;
б) онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“аккредитациялоо жаатын кошпогондо, шайкештикти баалоо жаатында атаандаштыкты чектөөгө жол берилбестиги;”;
3) 16-статьясынын 1-бөлүгүндө:
а) экинчи абзацы “стандарттары” деген сөздөн кийин “жана мамлекеттик классификаторлору” деген сөздөр менени толукталсын;
б) алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“региондук стандарттар (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана региондук классификаторлор (анын ичинде мамлекеттер аралык);
башка мамлекеттердин улуттук стандарттары жана улуттук классификаторлору;”;
тогузунчу абзацы “стандарттары” деген сөздөн кийин “, анын ичинде техникалык шарттары.” деген сөздөр менен толукталсын;
4) 17-статьясында:
а) 2-пунктунда:
экинчи – төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“улуттук стандарттарды жана алдын ала улуттук стандарттарды бекитет;
улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды, мамлекеттик классификаторлорду, стандартташтыруу боюнча эрежелерди жана сунуштамаларды иштеп чыгуу (өзгөртүү, актуалдаштыруу) программаларын түзөт жана бекитет;
улуттук стандарттардын, алдын ала улуттук стандарттардын, мамлекеттер аралык стандарттардын, мамлекеттик классификаторлордун долбоорлоруна экспертиза уюштурат;”;
алтынчы абзацы “алдын ала улуттук стандарттарынын” деген сөздөрдөн кийин “, мамлекеттик классификаторлорунун, региондук классификаторлорунун (анын ичинде мамлекеттер аралык), ошондой эле улуттук классификаторлорунун” деген сөздөр менен толукталсын;
онунчу – он экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“эл аралык, региондук стандарттарды жана башка мамлекеттердин улуттук стандарттарын, эрежелердин региондук топтомдорун жана башка мамлекеттердин эрежелер топтомдорун, башка мамлекеттердин региондук классификаторлорун (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана башка мамлекеттердин улуттук классификаторлорун стандартташтыруу боюнча улуттук документтер катары кабыл алуу методун белгилейт;
Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук документтери катары эл аралык, региондук стандарттарды (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана башка мамлекеттердин улуттук стандарттарын, эрежелердин региондук топтомдорун жана башка мамлекеттердин эрежелер топтомдорун, региондук классификаторлорун (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана башка мамлекеттердин улуттук классификаторлорун кабыл алат;
улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды, мамлекеттик классификаторлорду, эл аралык жана региондук эрежелер топтомдорун, башка мамлекеттердин стандарттарын жана эрежелер топтомдорун, региондук классификаторлорун (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана башка мамлекеттердин улуттук классификаторлорун басып чыгарууну жана жайылтууну уюштурат. Стандартташтыруу боюнча улуттук документтерди чыгаруу деп полиграфиялык ыкма же электрондук басылма түрүндө аткарылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдериндеги басылма түшүндүрүлөт.”;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
“4. Стандартташтыруу боюнча улуттук орган продукциялардын каталогдук барактарынын формаларын жана аларды толтуруунун, берүүнүн, экспертиза жүргүзүүнүн жана каттоонун эрежелерин белгилейт.
Кыргыз Республикасында чыгарылган продукция каталогдоштуруу системасында катталууга тийиш.
Продукцияларды каталогдоштуруу системасына төмөнкүлөр каттоого алынбайт:
продукциялардын тажрыйбалык үлгүлөрү (тажрыйбалык партиялары), продукциялардын көрсөтмө сериялары;
жалгыздап өндүрүлгөн продукция, автордук укуктагы объекттер, сувенирлер, продукциянын курамдык бөлүктөрү.
Продукциянын өндүрүүчүлөрү стандартташтыруу боюнча улуттук органга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдериндеги маалымат камтылган каталогдук барактарды кагаз түрүндө жана электрондук сактагычта берет.”;
5) 18-статьясында:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Стандартташтыруу боюнча улуттук орган улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды жана мамлекеттик классификаторлорду иштеп чыгуу, макулдашуу, эсепке алуу, бекитүү, экспертиза жүргүзүү, өзгөртүү, жокко чыгаруу жана ишке киргизүү тартибин белгилейт.”;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
“Техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматты классификациялоо жана коддоштуруу системасын өнүктүрүү жана колдонуу боюнча жумуштарды ведомстволор аралык координациялоонун тартиби, ишке ашырылууга тийиш болгон мамлекеттик классификаторлордун, статистикалык классификаторлордун, региондук классификаторлордун, мамлекеттер аралык классификаторлордун, башка мамлекеттердин улуттук классификаторлорунун тизмеси, ошондой эле классификаторлорду иштеп чыгуучу, ишке ашыруучу, актуалдаштыруучу жана колдонуучу Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.”;
в) 6 – 10-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 19-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“19-статья. Уюмдардын стандарттары жана техникалык шарттар
Уюмдардын стандарттары уюмдар тарабынан ушул Мыйзамдын 14-статьясында көрсөтүлгөн максаттарды камсыздоо үчүн аларды колдонуу зарылдыгына жараша өз алдынча иштелип чыгат.
Техникалык шарттар даярдоочу жана (же) аткаруучу тарабынан жана келишимдерде (контрактарда ) белгиленген шарттарга ылайык иштелип чыгат.
Улуттук стандартто органы, уюмдардын стандарттарын иштеп чыгуу, бекитуу, жокко чыгаруу жана техникалык шарттарынын колдонуу тартибин аныктайт.
Уюм стандартын иштеп чыгуу, кабыл алуу жана эсепке алуу жана техникалык шарттары уюм тарабынан жүргүзүлөт.
Уюм стандарттарынын долбоорун жана техникалык шарттарды бекитүүгө чейин экспертиза жүргүзүү үчүн улуттук стандарттарттык органга ыктыярдуу негизде берилиши мүмкүн.
7) 25-статьясында төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Шайкештикти декларациялоо, эгерде ал техникалык регламентте каралган болсо, төмөндөгүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:
өзүнүн далилдөөлөрүнө негизденген шайкештик жөнүндө декларация кабыл алуу менен;
өзүнүн далилдөөлөрүнө жана үчүнчү жактын катышуусу менен алынган далилдерге негизденип шайкештик жөнүндө декларация кабыл алуу менен.
Продукцияларды декларациялоо ыкмасы, схемасы жана жол-жоболору техникалык регламент менен белгиленет.
2. Шайкештикти декларациялоодо, даярдоочу же сатуучу болуп саналган жеке ишкер катары юридикалык жак же жеке жак же болбосо даярдоочунун ыйгарым укуктуу адамы билдирүүчү болушу мүмкүн.
Ушул статьяга ылайык билдирүүчү тарабынан кабыл алынган шайкештик жөнүндө декларация Шайкештик жөнүндө декларациялардын бирдиктүү реестринде катталууга тийиш.
Шайкештик жөнүндө декларациялардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан ишке ашырылат.
Шайкештик жөнүндө декларациялардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Шайкештик жөнүндө декларациянын колдонуу мөөнөтү техникалык регламентте аныкталат.
3. Шайкештик жөнүндө декларациянын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.”;
8) 35-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“35-статья. Мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) объекттери
Техникалык регламенттерде белгиленген талаптардын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) жүргүзүү объекти болуп продукция жана/же ага карата коюлуучу талаптар менен байланышкан долбоорлоо процесстери (анын ичинде издөө) жана техникалык регламенттердин талаптары колдонулган өндүрүш, курулуш, монтаждоо, түзөтүү, сактоо, ташуу, сатуу, пайдаланууга берүү жана утилдештирүү саналат.
Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) иш-чараларын аткарууда тиешелүү техникалык регламенттер үчүн белгиленген изилдөө (сыноо) жана өлчөө эрежелери жана методдору колдонулат.
Мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.”;
9) 42-статьясынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Техникалык регламенттер, улуттук стандарттар, алдын ала улуттук стандарттар, стандартташтыруу боюнча эрежелер жана сунуштамалар, эл аралык, региондук стандарттар, башка мамлекеттердин улуттук стандарттары, эрежелердин региондук топтомдору жана башка мамлекеттердин эрежелер топтомдору, мамлекеттик жана региондук классификаторлор, башка мамлекеттердин улуттук классификаторлору Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалымат фондун түзөт.”;
10) 43-статьясынын жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасы иштеп чыгууда катышкан мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу программасын түзүү жана ишке ашыруу, улуттук стандарттарды Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын камсыздоо үчүн мамлекеттер аралык стандарттарга иштеп чыгуу.”.
2-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти