Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык)
2018-жылдын 21-декабры № 602
Кылмыштарды жана жоруктарды эсепке алуунун мамлекеттик системасынын иштешин камсыздоо, мамлекеттик статистикалык байкоо формаларында кылмыштуулуктун абалы жөнүндө маалыматтарды бирдиктүү жана толук чагылдыруу, ошондой эле кылмыштарды жана жоруктарды мамлекеттик каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү принцибин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 150-беренесинин талаптарына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү;
- кабыл алынган соттук чечимдер, кылмыштар жөнүндөгү жазык иштеринин жана жоруктар жөнүндөгү иштердин жүрүшү тууралуу маалымат менен өз ара алмашуу жаатында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Жобону ишке ашырууга багытталган чараларды көрүү сунушталсын.
4. Жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү, ошондой эле ыкчам-издөө ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары эки айлык мөөнөттө:
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарына тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чектеринде ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
7. Жобону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон эсепке алуу китеби, журналдар жана башка бланктык продукция ушул токтомдун 4-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар тарабынан даярдала тургандыгы белгиленсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |