Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 602 токтому менен бекитилген |
Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо жарандардын кылмыштар жана жоруктар жөнүндө билдирүүлөрүн жана арыздарын кабыл алуунун, каттоонун бирдиктүү тартибин, окуялар тууралуу башка билдирүүлөрдү кароонун, ошондой эле "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүүнүн жана ишке киргизүүнүн тартибин аныктайт (мындан ары - КЖБР).
2. КЖБР Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин (мындан ары - ЖПК) ченемдерине ылайык төмөнкүдөй максатта түзүлөт жана жүргүзүлөт:
- кылмыштарды жана жоруктарды, шектүүлөрдү жана айыпкерлерди каттоо, сотко чейинки өндүрүштө кабыл алынган процесстик чечимдерди жана сот өндүрүшүнүн жыйынтыгын эсепке алуу;
- сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө мыйзамдардын аткарылышына карата ведомстволук контролду жана прокурордук көзөмөлдү камсыздоо;
- республикадагы кылмыштуулуктун абалы жана алар менен күрөшүүнүн жыйынтыктары тууралуу жазык-укуктук статистиканы түзүү жана эсепке алуу;
- укук коргоо органдарын маалыматтык-аналитикалык жактан камсыздоо;
- жарандардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тийиштүү маалыматка жетүү укугун жүзөгө ашыруу (жабырлануучунун жана анын өкүлүнүн, шектүүнүн, айыпкердин жана анын жактоочусунун).
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) маалыматты каттоо журналы - кылмыштар жана жоруктар тууралуу маалымат жана башка окуялар тууралуу маалымат киргизилүүчү автоматташтырылган маалымат базасы же кагаз документ;
2) кайталанма арыз жана билдирүү - бир эле кылмыш же жорук боюнча бир жолудан көп кайрылуу;
3) кылмыш же жорук тууралуу маалымат - ЖПКнын 149-беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүштү баштоо чечимин кабыл алууга зарыл болгон маалымат;
4) кылмыштар же жоруктар тууралуу маалыматтар жана башка окуялар тууралуу маалыматтар - маалыматты каттоо журналында ушул маалыматты фиксациялоо, анын ичинде ушул Жобонун 8-пунктунда каралган себептер, ошондой эле ушул Жобонун 13 жана 14-пункттарына ылайык аларды кароо жыйынтыктары тууралуу маалыматтар;
5) жашырылган кылмыштар же жоруктар - сотко чейинки өндүрүштү баштоого негиздер болгондугуна карабастан, КЖБРге аны каттоо чаралары көрүлбөгөн кылмыш же жорук;
6) кылмыштар же жоруктар тууралуу арызды жана билдирүүнү жана башка окуялар тууралуу маалыматты кабыл алуу - укук коргоо органдарынын кызмат адамдары тарабынан кылмыштар жана жоруктар тууралуу арыздарды жана билдирүүлөрдү жана башка окуялар тууралуу маалыматты милдеттүү түрдө кабыл алуу жана каттоо;
7) анонимдик кайрылуу - арыз ээси аныкталбаган, колу жана дареги көрсөтүлбөгөн кайрылуу;
8) ыйгарым укуктуу кызматкер - кылмыштар жана жоруктар тууралуу арыздарды жана билдирүүлөрдү жана башка окуялар тууралуу маалыматтарды каттоого жана эсепке алууга жооптуу укук коргоо органдарынын кызмат адамы (нөөмөт бөлүгүнүн кызматкери жана башкалар);
9) "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык система - төмөнкүлөр киргизилүүчү электрондук маалымат базасы:
- кылмыштар же жоруктар тууралуу арыздарды жана билдирүүлөрдү жана башка окуялар тууралуу маалыматты каттоо (маалыматты каттоо журналы);
- КЖБРге каттоо (сотко чейинки өндүрүштү баштоо);
- негизги процесстик аракеттер;
- жазык ишин жана (же) жоруктар жөнүндө иштин кыймылы;
- жазык сот өндүрүшүнүн катышуучулары жана арыздануучулары;
10) ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын укуктук статистика жана эсепке алуу башкармалыгы жана анын аймактык бөлүмдөрү;
11) КЖБР каттоочусу (мындан ары - каттоочу) - ушул Жобого ылайык өз компетенциясынын чегинде КЖБРга маалымат киргизүүчү прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу адамы, укук коргоо органынын кызмат адамы (нөөмөтчү, нөөмөтчүнүн жардамчысы), судья жана тийиштүү соттордун аппараттарынын кызматкерлери;
12) КЖБР колдонуучусу (мындан ары - колдонуучу) - прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу адамы, укук коргоо органынын кызмат адамы (нөөмөтчү, нөөмөтчүнүн жардамчысы), тергөө бөлүгүнүн башчысы, алгачкы текшерүү органынын жетекчиси;
13) дайынсыз жоголгон адам - жашаган жери белгисиз, кандайдыр бир себеби жок күтүүсүздөн жоголгон жана ага карата издөө тууралуу арыз, билдирүү же рапорт түшкөн адам;
14) электрондук кол тамга - ким тарабынан маалыматка кол коюлгандыгын аныктоо үчүн колдонулуучу, башка бир электрондук формадагы маалыматка бириктирилген жана (же) логикалык жактан аны менен байланыштуу электрондук формадагы маалымат;
15) электрондук маалыматтык эсептик документ (тийиштүү реквизиттери менен форма) - мамлекеттик укуктук статистика жана эсепке алуу маалыматтарынын негиздерин түзүүчү укуктук статистика маалыматтарын алып жүрүүчү;
16) алгачкы эсепке алуу документтери - кылмыштардын жана жоруктардын, шектүүлөрдүн, айыпкерлердин жана жазык иштеринин жана жоруктар жөнүндө иштердин кыймылын эсепке алууга колдонулуучу электрондук маалыматтык эсепке алуу документинин кагаз варианты (статистикалык карточкалар). Алгачкы эсепке алуу документтери КЖБР электрондук маалыматтык эсепке алуу документтеринин негизинде берилет (өткөөл мезгилде колдонулат) же чукул кырдаалдарда кол менен толтурулат;
17) талон-билдирме - арыз жана билдирүүнү кабыл алган жак, каттоо мөөнөтү жана каттоо номерлери көрсөтүлгөн (QR - кодун милдеттүү көрсөтүү менен) кылмыштар жана жоруктар тууралуу арызды же билдирүүнү маалыматты каттоо журналында каттоо жөнүндө документ, ал боюнча арыз жана билдирүү ээси өзүнүн арызынын каралып жаткандыгынын статусун көрө алат;
18) EID-карта - укук коргоо органдарынын кызматкеринин өздүгүн аныктаган негизги документ, ал авторизациянын коопсуздугун кепилдеген КЖБРга киргизилүүгө тийиш;
19) уюштуруу түзүмүнүн маалымдамасы - КЖБРдин каттоо модулу, ага КЖБР каттоочулар жана колдонуучулар жөнүндө маалымат киргизилет.
4. Кылмыштар жана жоруктар тууралуу арыздарда жана билдирүүлөрдө, ошондой эле башка окуялар тууралуу маалыматтарда камтылган КЖБРге маалыматты киргизүүнүн, КЖБР жүргүзүүнүн деталдуу эрежелери, электрондук маалыматтык эсепке алуу документтеринин үлгүлөрү (тийиштүү реквизиттери менен формалар), эсепке алуу китеби, журналдар жана башка бланктык продукция Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйругу менен бекитилет.
5. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ортосунда ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү жана КЖБРде кылмыштар жана жоруктар тууралуу арыздарды жана билдирүүлөрдү кабыл алуу, каттоо боюнча ишти уюштуруу укук коргоо органдарынын ведомстволук актылары менен аныкталат.
6. Каттоочулар жана колдонуучулар тууралуу маалымат КЖБРдин уюштуруу түзүмүнүн маалымдамасына (мындан ары - маалымдама) ар бир орган боюнча киргизилет.
КЖБРдин колдонуучуларын так жана өз учурунда эсепке алуу, ошондой эле системага кирүү мүмкүндүгүн бөлүштүрүү максатында, белгиленген чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу органдардын кадрдык бөлүмдөрү тийиштүү кызматкерди кызматка дайындоо же бошотуу тууралуу буйрукка кол коюлган күнү ошол замат (ведомстволор аралык буйрукка ылайык) бул тууралуу жазуу жүзүндө маалымдама жүргүзүүгө жооптуу кызматкерлерге каттоочулар тууралуу өзгөртүү киргизүү үчүн билдиришет.
2-глава. Кылмыштар жана жоруктар тууралуу арыздарды жана билдирүүлөрдү, ошондой эле башка окуялар тууралуу маалыматты кабыл алуу, каттоо тартиби
7. Укук коргоо органдарынын кызмат адамдары (нөөмөтчү жана нөөмөтчүнүн жардамчысы) ар кандай окуялар тууралуу, анын ичинде кылмыштар же жоруктар жөнүндө маалыматты кабыл алат жана аны маалыматты каттоо журналына жазат. Нөөмөт бөлүмдөрү тарабынан кабыл алуу күнү-түнү жүргүзүлөт.
КЖБРге кирүүгө мүмкүндүк болбогондо, кылмыш же жорук жөнүндө маалыматты кабыл алган кызмат адамы, байланыш каражаттарын пайдалануу менен ыйгарым укуктуу адамга кабарлайт, ал өз учурунда алынган кабарламанын негизинде маалыматты каттоо журналына белгилейт жана бул тууралуу тийиштүү рапорт түзүлөт.
8. Сотко чейинки өндүрүштү баштоого жүйөө катары жасалган же даярдалып жаткан кылмыш же жорук жөнүндө арыздар, билдирүүлөр, жасалган кылмышты же жорукту ырастай турган жагдайлардын тикелей табылышы, жазык ишинен жана жоруктар жөнүндө иштен бөлүнгөн материалдар же чет мамлекеттен түшкөн сотко чейинки өндүрүштүн материалдары эсептелет.
Арыздар жасалган же даярдалып жаткан кылмыш же жорук жөнүндө билдирген адамдын, ошондой эле аны жасаган адам (күнөөсүн мойнуна алуу) тарабынан толтурулат, же арызды оозеки кабыл алуу протоколу түзүлүп, ага арыз ээси тарабынан кол коюлат жана атайылап жалган билдирүү жасаган учурда жазык жоопкерчилигине тартыла тургандыгы тууралуу эскертилет.
Жасалган же даярдалып жаткан кылмыш же жорук жөнүндө юридикалык жактын билдирүүсү жазуу жүзүндө таризделет жана ага анын жетекчиси же тийиштүү ишеним каттын негизинде ыйгарым укук берилген адам тарабынан кол коюлат, ошол эле учурда билдирүүгө кол койгон адам анын билдирүүсү жалган берилген болсо, кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгы тууралуу эскертилет.
Судья, прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү органы же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу адамы же текшерүү органы тарабынан аныкталган, жасалган же даярдалып жаткан, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылган кылмышты же жорукту ырастай турган жагдайлар тикелей табылган учурда аталган жагдайларды аныктаган жак рапорт түзөт, ал маалыматты каттоо журналында катталууга тийиш.
9. Алгачкы текшерүү органдары изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында изин суутпай издөө иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу менен алынган маалыматтарда кылмыштын жана (же) жоруктун белгилери аныкталса, бул тууралуу маалымат тиешелүү укук коргоо органынын кызмат адамынын рапортунун негизинде маалыматты каттоо журналында катталууга тийиш.
10. Байланыш каналдары аркылуу келип түшкөн анонимдүү кайрылуулар, анын ичинде белгисиз адамдардын билдирүүлөрү маалыматты каттоо журналында катталат жана андагы камтылган кылмыш же жорук жөнүндө маалымат ырасталган учурда гана аталган билдирүүнү текшерген кызмат адамынын рапорту боюнча КЖБРге катталышы мүмкүн.
11. Укук коргоо органынын иш-кагаздарын жүргүзүү кызматына (канцелярияга) почта, телефакс, электрондук почта аркылуу келип түшкөн кылмыш же жорук жөнүндө арыздар жана билдирүүлөр, кириш корреспонденциясынын жалпы эрежелери боюнча катталып, укук коргоо органынын жетекчисине же аны алмаштырган адамга баяндалат, ал маалыматтын мазмунуна жараша тиешелүү кызмат адамдарына арызды, билдирүүнү ушул Жобого ылайык маалыматты каттоо журналында каттоо жөнүндө жазуу жүзүндө көрсөтмө берет. Мындай маалыматты маалыматты каттоо журналында каттабастан текшерүүгө тыюу салынат.
12. Укук коргоо органынын же алгачкы текшерүү органынын иш кагаздарын жүргүзүү кызматына жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар же жоруктар жөнүндө арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү түздөн-түз ушул органга берилген арыздарын жана билдирүүлөрүн каттоого тыюу салынат.
13. Прокурор, тергөө бөлүмүнүн жетекчиси, алгачкы текшерүү органынын башчысы ЖПКда каралган ыйгарым укуктарына ылайык, ошондой эле укук коргоо органынын кызмат адамы маалыматты каттоо журналында катталган кылмыштар же жоруктар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү прокурорго, тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу адамына токтоосуз өткөрүп берүүнү камсыз кылышат, алар ЖПКнын 149-беренесине ылайык кечиктирбестен, 24 саатка чейин КЖБРге киргизүүгө милдеттүү.
Ошол эле учурда, КЖБРге маалыматтар менен кошо, кылмыш же жорук жөнүндө алгачкы арыздын же билдирүүнүн сканерленген электрондук көчүрмөсү киргизилет.
14. Эгер маалыматты каттоо журналында белгиленген кылмыш же жорук жөнүндө маалымат жасалган кылмыш же жоругун ырастоочу белгилерди камтыбаса, же ал алгачкы текшерүү органынын тиешелүү ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор тарабынан текшерүүдө ырасталбаса, 24 сааттын ичинде (маалыматты каттоо журналына катталган учурдан тартып) төмөндөгү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) укук коргоо органынын кызмат адамынын рапортунун негизинде, жетекчисинин же анын орун басарынын макулдугу менен ал кароосуз калтырылат жана ырастоочу документтер менен бирге номенклатуралык иште (нарядда) сакталат;
2) түшкөн арызды, билдирүүнү же башка маалыматты башка органдарга жиберүү жөнүндө, эгерде мындай арыздарды жана билдирүүлөрдү кароо ошол органдардын ведомстволук (же аймактык) караштуулугуна таандык болсо жана аларда кылмыштын же жоруктун белгилери камтылбаса;
3) мурда башка органдарга жиберилген арыз, билдирүү же материалдар (кылмыштын же жоруктун белгилери камтылбаган) кайра кайтарылса, алар электрондук маалыматты эсепке алуу журналына чечим кабыл алуу менен кайрадан белгиленет;
4) башка негиздер болсо, күнөөлүү адамга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (мындан ары БжК) ылайык жаза чарасын колдонуу жөнүндө маселелерди кароо компетенциясына кирген ыйгарым укуктуу органга (кызмат адамына) жиберилет;
5) аймактык же ведомстволук караштуулугу боюнча жиберүү жөнүндө, эгерде маалыматты кароо жазык куугунтуктоонун башка органынын компетенциясына кирсе. Укук коргоо органына түшкөн жана маалыматты эсепке алуу журналында белгиленген, жеке тартипте (жекече айыптоо) жазык куугунтуктоосу жүргүзүлүүгө тийиш болгон арыз, билдирүү КЖБРде катталууга жана болгон материалдарды тиркөө менен соттук караштуулугу боюнча тиешелүү сотко жиберилүүгө тийиш.
15. Перинаталдык натыйжадан улам, айыкпас дарттан же карылыктын себебинен келип чыккан биологиялык өлүм фактылары боюнча анын келип чыгуу жагдайлары талашсыз болсо жана криминалдык мүнөзгө ээ болбогон шартта ушул Жобонун 14-пунктунун 1-пунктчасында каралган чечим кабыл алынышы мүмкүн.
16. Ыйгарым укуктуу адам (нөөмөтчү, нөөмөтчүнүн жардамчысы) тарабынан маалыматты эсепке алуу журналында каттоодо каттоого негиз болгон кагаз түрүндөгү документке каттоо штампы басылат.
Укук коргоо органынын каттоо штампы аталышын, каттоо убактысын жана күнүн, маалыматты эсепке алуу журналындагы каттоо номерин, кызмат адамынын кызмат ордун, аты-жөнүн жана колун камтыйт.
Кылмыш жана (же) жорук жөнүндө арызды, билдирүүнү КЖБРде каттоодо каттоого негиз болгон кагаз түрүндөгү документке каттоо штампы басылат, анда КЖБРнын каттоо номери, каттоо убактысы жана күнү, кызмат адамынын кызмат орду, аты-жөнү көрсөтүлүп, колу коюлат.
3-глава. КЖБР түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби
17. КЖБРнын кармоочусу болуп ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (мындан ары - Кармоочу) эсептелет.
18. Кармоочу төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
- КЖБР жүргүзүүнүн уюштуруучулук, методологиялык жана программалык-техникалык каражаттарын иштеп чыгууну;
- электрондук маалыматтар базасынын администраторунун функциясын аткарууну;
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо, мамлекеттик жана сот органдарынын маалымат базаларынын өз ара аракеттенүүсүн уюштурууну;
- КЖБР түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу боюнча ченемдик документтерди иштеп чыгуу жана өркүндөтүү.
19. Кармоочу КЖБР администраторунун функциясын аткаруу менен КЖБР программалык камсыздоосун техникалык жана технологиялык жактан түзүүнү жана коштоп жүрүүнү, системанын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүүнү, ушул Жободо аныкталган каттоочулардын ага кирүүсүнө мүмкүндүк берүү жана кирүү мүмкүндүгүн чектөөнү, электрондук санариптик кол тамганы пайдаланууну, КЖБРде камтылган маалыматтарды сактоону жана коргоону, тартиптин жана коопсуздук системасынын сакталышын текшерүүнү камсыздайт, КЖБРди түзүү жана пайдалануу боюнча окууларды өткөрөт, ошондой эле ушул Жободо каралган башка функцияларды аткарат.
20. КЖБР каттоочулары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- прокурорлор, анын ичинде прокуратуралардын жетекчилери;
- сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдардын жетекчилери;
- ички иштер органдарынын (мындан ары - ИИО), Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (мындан ары - УКМК), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - Финполиция), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ЖАМК), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) нөөмөт бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу адамдары;
- аскер прокуратурасынын, ИИОнун, УКМКнын, Финполициянын, ЖАМКнын тергөөчүлөрү;
- судьялар жана тиешелүү соттордун аппараттарынын кызматкерлери;
- ИИОнун, Финполициянын, ЖАМКнын, МБКнын алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары.
21. КЖБР пайдалануучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
- прокурорлор, анын ичинде прокуратуралардын жетекчилери;
- сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдардын жетекчилери;
- ИИОнун, УКМКнын, Финполициянын, ЖАМКнын, МБКнын нөөмөт бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу кызматкерлери;
- аскер прокуратурасынын, ИИОнын, УКМКнын, Финполициянын, ЖАМКнын тергөөчүлөрү;
- судьялар жана тиешелүү соттордун аппараттарынын кызматкерлери;
- ИИОнын, Финполициянын, ЖАМКнын, МБКнын алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары;
- пробация органдарынын кызматкерлери;
- укук коргоо органдарын маалыматтык-аналитикалык камсыздоо жана атайын эсепке алуу (ыкчам, ыкчам-эсепке алуу, дактилоскопиялык ж.б.) функцияларын аткарышкан укук коргоо органдарынын башка ыйгарым укуктуу кызматкерлери.
22. Каттоочулар жана пайдалануучулар жөнүндө маалыматтар КЖБРнын уюштуруучулук түзүмүнүн маалымдамасына ар бир укук коргоо, сот органы жана пробация органы боюнча өзүнчө киргизилет.
23. КЖБРнын колдонуучуларын так жана өз убагында эсепке алуу, ошондой эле системага кирүү мүмкүндүгүн бөлүштүрүү максатында прокуратура органдарынын, ИИО, УКМК, Финполиция, ЖАМК, МБК, сот органдарынын кадрдык бөлүмдөрү тийиштүү кызматкерди кызматка дайындоо же бошотуу тууралуу буйрукка кол коюлган күнү каттоочулар жана колдонуучулар жөнүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн маалымдама түзүүгө жооптуу адамдарга (Кармоочуга) токтоосуз түрдө бул тууралуу жазуу жүзүндө кабар берет.
24. КЖБРге төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
- кылмыш же жорук жөнүндө арыздын, билдирүүнүн келип түшкөн же, жасалган же даярдалып жаткан кылмыш же жорукту күбөлөндүрүүчү жагдайлардын башка булактардан аныкталган күнү жана убактысы;
- жабырлануучунун же арыз берүүчүнүн аты-жөнү (юридикалык жактын аталышы);
- жасалган же даярдалып жаткан кылмыш же жорукту күбөлөндүрүүчү жагдайларды билдирген башка булактар;
- жабырлануучу, арыздануучу тарабынан келтирилген же башка булактан белгилүү болгон жасалган же даярдалып жаткан кылмыш же жорук жөнүндө күбөлөндүрүүчү жагдайлардын кыскача баяндалышы;
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (мындан ары - КЖК) же Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин (мындан ары - ЖжК) беренесин (беренесинин бөлүгүн) көрсөтүү менен кылмыштын же жоруктун алдын ала укуктук квалификациясы;
- материалдарды жана маалыматтарды сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу башка органга өткөрүп берүү жөнүндө (ЖПКнин 33-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту, 153 жана 154-беренелер);
- кармалган (шектүү) адамдын аты-жөнү, анкеталык маалыматтары, аны кармоонун негиздери, мотивдери, күнү жана убактысы ж.б.;
- бөгөт коюу чарасын тандоо, өзгөртүү жана жокко чыгаруу (ЖПКнын 160-110, 118, 451-беренелери);
- шектүүнүн аты-жөнү, КЖКнын (ЖПКнын 233 жана 236-беренелери) жана ЖжКнын беренесин (бөлүктөрүн жана пункттарын) көрсөтүү менен аны шектенүү жөнүндө кабарламанын (адамга карата кылмыш ишинин жана (же) жорук жөнүндө ишти козгоонун), жаңы шектенүү же шектенүүнүн квалификациясын өзгөртүү жөнүндө кабарламанын түзүлгөн күнү жана убактысы, анын ичинде мындай адамга шектенүү жөнүндө билдирүүнүн мүмкүн эместигин көрсөтүү менен;
- каттоочунун ээлеген кызматы, наамы;
- алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, төмөн турган прокурордун мыйзамсыз жана негизсиз чечимин жокко чыгарган жана кылмыш ишин жана жорук жөнүндө ишти сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органга кайтарып берген прокурордун аты-жөнү, кызмат орду, датасы жана убактысы (ЖПКнын 33-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-пункту, 240-беренесинин 2-бөлүгү жана 251-беренесинин 1-бөлүгү);
- жазык-укуктук таасир этүүчү чаралар колдонулушу мүмкүн болгон юридикалык жак (ЖПКнын 481-482-беренелери);
- сотко чейинки өндүрүштү токтотуп туруу жана кайра жандандыруу (КЖнын 237-беренеси жана 240-беренесинин 1-бөлүгү);
- шектелүүчүнү, айыпталуучуну издөө жарыялоо (ЖПКнын 239-беренеси);
- сотко чейинки өндүрүштөрдүн материалдарын бириктирүү, бөлүү жана калыбына келтирүү (ЖПКнын 145-147-беренелери);
- бөгөт коюу чараларын колдонуунун мөөнөттөрүн узартуу (ЖПКнын 117-беренеси);
- сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөттөрүн узартуу (ЖПКнын 115-беренеси);
- аныкталган материалдык чыгаша жана моралдык зыян, сотко чейинки өндүрүштө анын ордун толтуруу, арест коюлган мүлктүн баасы;
- кылмыш иши жана жорук жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү аяктоо (ЖПКнын 241, 247, 249 жана 507-беренелери);
- айыптоо актысы менен келип түшкөн кылмыш иши жана жоруктар жөнүндө иш боюнча прокурордун чечими (ЖПКнын 253 жана 508-беренелери), чечим тууралуу маалыматтар прокурор тарабынан КЖБРге киргизилет;
- алгачкы эсепке алуу документтеринде каралган башка маалыматтар.
25. Жазык иши жана жоруктар жөнүндө иш боюнча соттук өндүрүштүн жыйынтыгы КЖБРге алгачкы эсепке алуунун өзүнчө документтеринин негизинде киргизилет.
26. Маалыматтар Кыргыз республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан аныкталган алгачкы эсепке алуу документтеринин негизинде каттоочу тарабынан КЖБРге маалыматтарды белгилөө аркылуу киргизилет.
27. Алгачкы эсепке алуу документтеринин, маалымдамалардын белгиленген формалары бардык укук коргоо органдарынын каттоочуларына бирдей болот. Аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү КЖБРдин кармоочусу - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жүзөгө ашырылат.
28. Кылмыштарды жана жоруктарды, шектүүлөрдү, айыпталуучуларды эсепке алуу алардын жасалышына карата аймактык принцип боюнча жүргүзүлөт (ЖПКнын 154-беренесинин талаптарына ылайык жасалган же даярдалып жаткан кылмыш же жоруктун жасалган орду боюнча юрисдикциясы).
29. КЖБРде камтылган маалыматтар менен укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат базаларынын өз ара кызматташуусуна жана алмашууга ушул Жобонун талаптарына ылайык жол берилет жана тиешелүү ведомстволор аралык макулдашуулар менен жөнгө салынат.
30. Сотко чейинки өндүрүштөгү шектүү (айыпталуучу) адамдарга карата КЖБРде камтылган маалыматтар менен сот органдарынын автоматташтырылган системасындагы айыпталуучулар, соттолгондор, акталгандар жөнүндө маалыматтарды алмашуу, ошондой эле сот өндүрүшүнүн жыйынтыктары, анын ичинде жабырлануучуларга келтирилген материалдык чыгымды калыбына келтирүү жана моралдык зыянды компенсациялоо жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу жана пайдалануу ЖПК, ЖАК, пробация жана аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Жобонун жана ведомстволор аралык буйруктардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
КЖБРде камтыган маалыматтар менен ЖАМКнын жана соттолгон адамдарга, анын ичинде пробациялык көзөмөл жүргүзүлүп жаткан адамдарга карата пробациялоо органдарынын автоматташтырылган маалымат системасынын маалымат алмашуусу ушундай эле түрдө ишке ашырылат.
31. Маалыматтарды КЖБРге киргизүү ЖПКда жана ушул Жободо аныкталган мөөнөткө ылайык жүзөгө ашырылат, тактап айтканда:
- жасалган жана даярдалып жаткан кылмыштар же жоруктар жөнүндө арыздар жөнүндө - ЖПКнын 149-беренесинин 1-бөлүгүндө аныкталган мөөнөттө;
- тергөөчүнү же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамын дайындоо жөнүндө, өндүрүшкө алуу - токтоосуз;
- шектенүү жөнүндө кабарламаны түзүүнүн датасы, шектенүү жөнүндө кабарламаны тапшыруунун датасы жана убактысы жөнүндө, жаңы шектенүү жөнүндө кабарлама - токтоосуз;
- материалдарды жана маалыматтарды башка сотко чейинки өндүрүш органдарына берүү жөнүндө же сотко чейинки өндүрүштү жүргүзгөн жер боюнча (ЖПКнын 33-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту, 153, 154-беренелер), сотко чейинки өндүрүштү токтото туруу жана кайра баштоо (ЖПКнын 237 жана 240-беренелери), сотко чейинки өндүрүш материалдарын кошуу жана бөлүү (ЖПКнын 145 жана 147-беренелери), тергөөчү жана ыйгарым укуктуу алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштүн аяктоосу (ЖПКнын 241, 247, 249 жана 507-беренелери), айыптоо актысы менен келип түшкөн жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча прокурордун чечими (ЖПКнын 253 жана 508-беренелери) - процесстик чечимди кабыл алган учурдан тартып 24 сааттын ичинде;
- бөгөт коюу чараларын колдонуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө (ЖПКнын 117-беренеси) - тергөө судьясы чечим кабыл алган учурдан тартып 24 сааттын ичинде;
- сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө (ЖПКнын 155-беренеси) - ушул маселелер боюнча прокурор өтүнүчтү канааттандырган учурдан тартып 24 сааттын ичинде;
- шектүүгө, айыпталуучуга карата издөө жарыялоо жөнүндө (ЖПКнын 239-беренеси) - тергөөчү же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу адамы тийиштүү токтом чыгарган учурдан тартып 24 сааттын ичинде;
- жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуу чараларын көрүү жөнүндө - адамды кармоо (ЖПКнын 98-беренеси), бөгөт коюу чаралары жана анын түрлөрү (ЖПКнын 106-беренеси), бөгөт коюу чараларын жокко чыгаруу же өзгөртүү (ЖПКнын 118-беренеси), кызматтан убактылуу четтетүү (ЖПКнын 122-беренеси), мүлккө арест коюу (ЖПКнын 123-беренеси) - процесстик аракет көрүлгөн учурдан тартып 24 сааттын ичинде;
- сот тарабынан жазык иштерин жана жоруктар жөнүндө иштерди прокурорго кайтарып берүү (ЖПКнын 269-беренеси) - прокурорго иштин материалдары соттон келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттын ичинде;
- жазыктык-укуктук таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн болгон юридикалык жактар жөнүндө - юридикалык жакка карата сотко чейинки өндүрүштүн башталышы жөнүндө токтом чыккандан тартып токтоосуз (КЖКнын 171, 213-215, 219, 233-235, 237-242, 282, 288-292, 294, 324, 327 жана 328-беренелеринде каралган кылмыштардын кайсынысы болсо да, юридикалык жактын жана анын кызыкчылыгы үчүн жасалган болсо);
- алгачкы эсепке алуу документтеринде каралган башка маалыматтар - процесстик чечим кабыл алынган учурдан тартып 24 сааттын ичинде.
4-глава. КЖБРден маалыматтарды берүү
32. КЖБРдеги маалыматтар ушул Жобонун талаптарына ылайык көчүрмө түрүндө берилет.
33. КЖБРден алынган көчүрмө - ушул Жобонун 24-пунктунда аныкталган параметрлер боюнча алынган кылмыштар жана жоруктар жөнүндө маалыматтардын катталуу фактысын күбөлөндүрүүчү документ.
34. КЖБРден алынган көчүрмөгө төмөнкү маалыматтар кирет:
- жазык иши жана жорук жөнүндө иштердин номери;
- арыздын, билдирүүнүн кабыл алынган күнү, жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жана жоруктар жөнүндө билдирүүлөр, арыздар жөнүндө маалыматтарды КЖБРге киргизген күнү жана убактысы;
- кылмыштын же жоруктун укуктук квалификациясы:
- жазык иштери жана жорук жөнүндөгү иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жыйынтыгы;
- жабырлануучунун, арыз ээсинин аты-жөнү (жеке адамдар үчүн - ИСНдин идентификациялык коду, юридикалык жактар үчүн - аталышы жана идентификациялык коду);
- жасалган же даярдалып жаткан кылмыш же жоруктар жөнүндө күбөлөндүрүүчү жагдайларды (фабула) кыскача баяндоо;
- шектенүү жөнүндө кабарлама берилген шектүүнүн (айыпталуучунун) аты-жөнү жана башка анкеталык маалыматтары, бул адамга карата тергөөнүн жыйынтыгы;
- сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жаткан юридикалык жактын аталышы, каттоо номери, ИСН, алыш-бериш эсеби, катталган орду жана күнү, ошондой эле анын өкүлүнүн анкеталык маалыматтары;
- сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу орган;
- каттоочунун аты-жөнү, кызмат орду жана наамы.
35. Каттоочулар КЖБРге киргизген маалыматка ылайык өз алдынча аталган системадан көчүрмөлөрдү түзөт (алат) жана өзүнүн кол тамгасы менен күбөлөндүрөт. Аталган көчүрмө кылмыш ишинин же жорук жөнүндө иштин материалдарына тиркелет.
36. Кармоочу КЖБРден алынган маалыматтарды ЖПКнын жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоо менен берет.
37. Башталган сотко чейинки өндүрүштү текшерүү КЖБРге баардык каттоочулар тарабынан киргизилген кылмыштар же жоруктар жөнүндө маалыматтардын бир белгиси же топтому боюнча ишке ашырылат, тактап айтканда:
- жасалган же даярдалып жаткан кылмыштын же жоруктүн датасы боюнча;
- жасалган кылмыштын же жоруктун аймагы боюнча;
- жабырлануучунун же арыз ээсинин аты-жөнү боюнча;
- юридикалык жактын аталышы;
- жасалган же даярдалып жаткан кылмыш же жоруктар жөнүндө күбөлөндүрүшү мүмкүн болгон жагдайларды аныктоо булагы;
- шектүүлүгү жөнүндө берилген кабарламадагы адамдын аты-жөнү жана башка анкеталык маалыматтары.
38. КЖБРдеги маалыматтарга кирүү мүмкүндүгү ЖПКда белгиленген компетенциясына, ошондой эле функциялык милдеттенмелерине жараша колдонуучуга ролдорду ыйгаруу принциптеринде түзүлөт.
5-глава. Кылмыштарды жана жоруктарды КЖБРде эсепке алуу
39. КЖБРди түзүү арызда же билдирүүдө көрсөтүлгөн жасалган же (даярдалып жаткан) же өз алдынча булактардан аныкталган кылмыш же жорук жөнүндө тиешелүү маалыматтарды каттоочу тарабынан аталган системага киргизүүдөн тартып башталат. Оозеки арызды прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу адамы протоколго киргизет жана ага арыз ээси кол коёт.
40. Прокурорго же сотко чейинки өндүрүш жүргүзгөн органга түшкөн арыз жана кайрылуу боюнча же жагдайлар жасалган же даярдалып жаткан кылмыш же жоруктар жөнүндө күбөлөндүрүүчү башка булактардан аныкталган кылмыштарды же жоруктарды эсепке алуу ЖПКнын 149-беренесине ылайык каттоочу тарабынан КЖБРге маалыматтарды киргизүү менен жүзөгө ашырылат.
41. Жасалган же даярдалып жаткан кылмыш же жорук жөнүндө арыз жана билдирүү маалыматты эсепке алуу журналында катталган учурдан тартып прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы токтоосуз 24 сааттан кечиктирбестен КЖБРге тиешелүү маалыматты өткөрөт (ЖПКнын 149-беренесинин 1-пункту). КЖБРде автоматтык түрдө маалыматтарды кабыл алуу датасы белгиленет жана жазык ишине жана жорук жөнүндө ишке номер ыйгарылат.
42. Кылмыш же жоруктарды каттоо маалыматты КЖБРге киргизген учурдан тартып башталат.
43. Кылмыш ишинин же жорук жөнүндө иштин номери төмөнкүдөй реквизиттерден турат: КЖБРди билдирген коду, сотко чейинки өндүрүштү баштаган органдын эсепке алуу коду, жылы, кылмыш ишинин же жорук жөнүндө иштин катар номери. Сотко чейинки өндүрүштүн номеринин реквизиттери сотко чейинки өндүрүштүн баардык этаптарында сакталат.
44. Аймагында жасалган же даярдалып жаткан кылмыш же жорук катталган облустун, шаардын, райондун коду, прокурор, тергөөчү же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы КЖБРге кылмыш же жоруктар жөнүндө маалымат киргизгенден кийин маалымдамага ылайык региондорду аныктайт. Облустарды, шаарларды, райондорду коддоо сотко чейинки өндүрүштү жүргүзгөн баардык органдарга бирдей болот.
45. КЖБРге кылмыш же жорукту мүнөздөөчү маалыматтар киргизилүүгө тийиш. Бул маалыматтар КЖБРде чагылдырылат жана тиешелүү деңгээлде прокурорго, Кармоочу аныктаган кирүү мүмкүндүгүнүн деңгээлине ылайык сотко чейинки өндүрүш органынын жетекчилиги кирүүгө мүмкүндүк алат.
46. Бир нече жасалган (даярдалып жаткан) кылмыштар же жоруктар боюнча маалымат бир арызда же билдирүүдө көрсөтүлсө, жасалган (даярдалган) убактысына карабастан, шектүү жана айыпталуучунун жасаган (даярдалып жаткан) кылмыш же жоруктары жөнүндө прокурор, тергөөчү же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан аныкталганда, КЖБРге ар бир кылмыш же жорук өзүнчө киргизилет.
47. Сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү убактысында мурун эсепке алынбаган кылмыш же жорук аныкталган учурда, тергөөчү, прокурор же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы аныкталган кылмыш же жорук жөнүндө маалыматты, ошондой эле аны аныктоонун булагы тууралуу маалыматты КЖБРга киргизүүгө милдеттүү. Ушул кылмыш же жорук боюнча сотко чейинки өндүрүшкө жаңы номер ыйгарылат.
48. Сотко чейинки өндүрүш бир эле кылмыш же жорук боюнча жүргүзүлгөн фактысы белгиленген учурда, алар жөнүндө ар кандай булактардан келип түшкөн арыздарды жана билдирүүлөрдү прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы ушундай материалдарды бир өндүрүшкө бириктирет жана бул тууралуу КЖБРга тиешелүү жазуулар киргизилет.
49. Жазык иштери же жорук жөнүндөгү иштер, чет мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте келип түшкөн кылмыштар же жоруктар эсепке алынууга тийиш. Бул кылмыштарды же жоруктарды эсепке алуу жазык ишин же жоруктар жөнүндө ишти өзүнүн өндүрүшүнө алган орган тарабынан жүргүзүлөт, ал "чет мамлекеттин компетенттүү органдарынан сотко чейинки өндүрүш үчүн келип түшкөн жазык ишинин же жоруктар жөнүндө иштин" тиешелүү реквизиттерин көрсөтүү менен маалыматтарды КЖБРга киргизет (эгерде көрсөтүлгөн кылмыштар же жоруктар жөнүндө маалыматтар буга чейин КЖБРге киргизилбеген болсо).
50. Жазык ишинен же жорук жөнүндөгү иштин ичинен материалдарды өзүнчө сотко чейинки өндүрүшкө бөлүп чыгарууда, жаңы каттоо номерин ыйгаруу менен тиешелүү адамга карата КЖБРга каттоо үчүн форма толтурулат, бирок ал жаңы кылмыш же жорук катары эсептелинбейт. Мында КЖБРда "бөлүп чыгарылган" деген реквизит колдонулат.
51. КЖБРга кылмыштын же жоруктун фабуласы киргизилген учурда, кылмыштын же жоруктун датасы, убактысы, дареги, орду, жасалган ыкмасы, куралы, каражаттары жана аткаруунун (даярдоонун) башка өзгөчөлүктөрү, зыяндын суммасы, жабырлануучу болуп саналган жеке жактын(тардын) аты-жөнү же юридикалык жактын(тардын) маалыматтары, кылмышты же жорукту жасаган деп шектелгендер жана айыпталгандар жөнүндө маалыматтар жана башка керектүү маалыматтар милдеттүү түрдө чагылдырылат.
52. Эгерде сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө кылмыштын же жоруктун жасалган (даярдалган) датасы, убактысы жана орду жөнүндө так маалыматтар белгиленсе, анда КЖБРнын тиешелүү реквизиттеринин маалыматтары түзөтүлүүгө тийиш.
53. КЖБРда бир кылмыш же жорук катары төмөнкүлөр эсепке алынат (каттоого бир статистикалык форма толтурулат):
1) бир канча адам тарабынан ар кандай түрдө кошо катышуу менен жасалган кылмыш же жорук (ЖКнын 43 жана 44-беренелери, БжКнын 28 жана 29-беренелери);
2) бир кылмыштуу аракеттин натыйжасында эки же андан көп адамдарга зыян келтирилсе (мисалы: ар башка адамдарга тиешелүү буюм, баалуулуктар, акча ж.б. нерселер бир имараттын ичинде уурдалса);
3) созулуп жаткан кылмыш (ЖКнын 20-беренеси) же созулуп жаткан жорук (БжКнын 16-беренеси), (мисалы: куралды, ок дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү, баңгизаттарын мыйзамсыз сатып алуу, сактоо, өткөрүп берүү, сатуу, ташуу же алып жүрүү; алдамчылык; опузалоо);
4) улантылган кылмыш (ЖКнын 36-беренеси) же улантылган жорук (БжКнын 25-беренеси), (мисалы, катуу кыйноо, үй-бүлөлүк зордук);
5) ыраттуу бир катар окшош жасалган иш-аракеттер, ар бири анча маанилүү эмес, бирок жалпысынан коомго олуттуу коркунуч келтирген, бир кылмыш же жорук болуп квалификацияланат (мисалы: бир дүкөндө бир мезгилдин ичинде бир ниет менен байланышкан анча маанилүү эмес өлчөмдөгү товарлар уурдалса);
6) бир аракет менен ар кандай кылмыш жана жорук жасоо, мында алардын эң оор кылмышы эсепке алынууга тийиш (мисалы: жыныстык ооруну жугузуу менен зордуктоо, зордуктоонун белгилери менен гана эсепке алынат);
7) аракеттердин жыйындысынын бир бөлүгү негизги кылмыштын ыкмасы болгондо (мисалы, кызмат абалынан пайдалануу менен күнөлүүгө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, кызмат абалынан пайдалануу ыкмасы уурдоо болуп саналат);
8) ар кандай кылмыштын курамынын элементтери бар, бирок бир кылмыш катары квалификацияланганда (мисалы: бийликтен аша чабуу, жабырлануучуга карата зордук-зомбулук көрсөтүү менен коштолгондо, зыяндуу бейбаштык, бийлик өкүлүнө карата каршылык көрсөтүү);
9) ар кандай объектиге коркунуч келтирген учурда, бирок бир кылмышты түзсө (мисалы: жашоосуна, ден соолугуна жана жабырлануучунун менчигине коркунуч келтирген каракчылык);
10) эгерде бир убакта өз алдынча аракеттери жасалса, КЖКнин жана ЖКнин ар башка беренелери менен квалификацияланса (идеалдуу айкалыш).
54. КЖБРде коомдук жайда жасалган кылмыштардын жана жоруктардын маалыматтары камтылышы керек. Коомдук жай деп шаардын ичи же болбосо сырты жана калктуу конуш жашаган жалпы колдонуучу атайын даярдалган жерлер, ошондой эле жарандардын эс алуу жана кызмат көрсөтүү, массалык иш-чара өткөрүү жайы болуп эсептелинет. Коомдук жайларга төмөнкүлөр кирет:
1) көчөлөр, кичи көчөлөр, сейил бактар, бульварлар, аянттар, кабат үйлөрдүн алды жана короосу;
2) кинотеатрлар, театрлар, цирк, концерттик, көрүү жана коюлуучу зал, спорт аренасы жана башка жабык имараттар, жалпы эс алуучу жайлар, түнкү клубдар жана дискотекалар, дүкөн, коомдук тамактануучу жайлар, иштеген мезгилде - пляждар;
3) билим берүү жана эс алуу уюмдары;
4) саламаттык сактоо уюмдары;
5) музейлер жана китепканалар;
6) жергиликтүү жана алыскы каттамдагы поезддер, аба каттамы, суу транспорту, шаардык салондор, шаар аралык автобустар, маршруттук такси жана шаардык электр транспорттору;
7) аэропорттордун имараттары, темир жол, автомобиль автобекеттери, темир жолдун перрондору;
8) өткөрүү режимин колдонбогон мамлекеттик органдардын жана уюмдардын имараттары;
9) өткөрүү режими бар объекттерде, жумушчулар жамааты иш үчүн колдонгон жумуш орду болгон бөлмөлөр, бейбаштык жасалган учурларда.
55. Коомдук жайлар төмөнкүдөй бөлүнөт:
1) туруктуу (ар убакытта кирүүгө ачык болгон жерлер: көчөлөр, кичи көчөлөр, сейил багы, бульварлар, суу жээктери, аянттар, вокзалдар, короолор (жеке үйлөрдүн короосун кошпогондо);
2) мезгилдүү (белгилүү сааттарда калкты тейлөөгө жана анын эс алуусуна арналган бөлмөлөр: базарлар, билим берүү жана дарылоо - ден соолукту чыңдоо мекемелери, эс алуу зоналары, маданий, оюн-зоок, спорттук мекемелер, коомдук транспорт, соода ишканасы, жүргүнчү поездинин вагону)
56. Коомдук жайларда жасалган жалпы кылмыштардын жана жоруктардын санынан көчөдөгү жасалгандар бөлүнөт, башкача айтканда социалдык пландагы жабдылган жайларда жасалганда: көчөдө, аянтчада, бульварларда, суу жээгинде, көпүрөдө, кууш жолдордо, тосулбаган короолордо (жеке короону кошпогондо), турак жайлардын арасында, токой-парк зоналарында, шаардын ичинде (калктуу конушта) иштеп жаткан мезгилде сейил багында, пляжда, эс алуу зоналарында, базарларда жана стадиондордо.
57. Коомдук жайда жасалды деп КЖБРда төмөнкүлөр эсепке алынбайт:
1) кылмыш же жорук жасаган учурда өз милдетин аткарбаган коомдук багыттагы объектиде жасалган кылмыштар же жоруктар;
2) көзөмөл режиминдеги объектиде, иштеген кызматкерлердин жаматтык жумушунда жана корголуучу автостоянкада жасалган кылмыш же жоруктар;
3) көмөкчү жайларда, кийим чечүүчү жайда жана мекеменин, уюмдун кызматтык кабинетинде, соода жана оюн-зоок жайларында, анын ичинде, окуу жана башка жайлардын спорт залдарынын чечинүүчү жайларында жасалган кылмыштар жана жоруктар;
4) таксиде жасалган кылмыштар же жоруктар (маршруттук таксини кошпогондо);
5) кароосуз калган имараттын аймагында, канчалык тосулгандыгына карабастан, жер алдындагы коммуникацияларда, жердин эч ылайыкталбаган участокторунда, эч кандай инфраструктура жок автожолдордо жасалган кылмыш же жоруктар;
6) квартираны тоноодо жана башка ушул сыяктуу турак жайларда, жатакананын турак жайында, мейманкана, эс алуу үйүндө, жүргүнчү ташуучу поезд вагонунда (жүргүнчүлөр жок учурунда), жылдыруу учурунда, жол айрылышында, жол бүткөн жерде жана токтотуп туруучу жерлерде жасалган кылмыштар же жоруктар;
7) бейбаштыктан сырткары, жалпы колдонуучу коомдук жайларда, коммуналдык квартираларда, там башында, жертөлөөдө, лифттерде жасалган кылмыштар же жоруктар;
8) созулуп келаткан кылмыш жана жорук;
9) транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздугуна каршы кылмыштар же жоруктар.
58. Жеке айыптоо иштерине тиешелүү жоруктар жөнүндөгү арыздар боюнча өндүрүш ЖПКнын 44-главасынын талабына ылайык жүргүзүлөт.
59. Жеке айыптоо иштери райондук жана ага тете соттордун канцеляриялары тарабынан эсепке алынат, бул маалыматты андан ары прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу аймактык бөлүмдөрүнө, мындан сырткары сот органдарынын автоматташтырылган маалыматтык системасын КЖБР автоматташтырылган маалыматтык системасына интеграциялоодо электрондук каналдар аркылуу жиберет.
60. Ачык же жеке-ачык тартипте кылмыштын же жоруктун куугунтуктоо белгилери аныкталганына байланыштуу караштуулугун жана сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү маселесин чечүү менен соттун токтому келип түшсө, түшкөн материалды прокурор КЖБРде каттайт, ошону менен бирге ушул фактынын буга чейин КЖБРде катталуусун текшерет.
Эгерде ушул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштө катталбаса, тиешелүү сотко чейинки өндүрүш чараларын жүргүзөт.
Эгерде КЖБРда ушул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш катталса, ушул Жобонун 48-пунктуна ылайык материал мурунку катталган сотко чейинки өндүрүшкө кошулат.
Эгерде ушул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш КЖБРде катталса жана буга чейин кыскарган болсо, буга чейинки кабыл алынган процесстик чечимди жокко чыгаруу маселеси чечилет.
61. Жашыруун өндүрүш тартибинде тергөөгө алынган кылмыштар же жоруктар жөнүндөгү сотко чейинки өндүрүштү КЖБРде каттоодо, жарыяланбай турган маалыматтар формада толтурулбайт. "Кылмышты же жорукту баяндоо" реквизитине "жашыруун өндүрүш" деп жазылат.
62. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жашыруун атайын (айтылбаган) тергөө амалдарын жүргүзүүдө купуялуулукту камсыздоо максатында КЖБРге каттоодо арыз ээсине псевдоним жана "кылмыш же жоруктун баяндамасы" реквизиттерин толтурбоого жол берилет.
Жашырындыкты камсыздоо шарты жоюлган учурда, ошондой эле сотко чейинки өндүрүш боюнча кийинки чечимдер кабыл алынганда токтоосуз жогорудагы маалыматтарга оңдоолор ушул Жобонун 12-главасына ылайык киргизилет.
63. Дайынсыз жоголгон адам тууралуу арыз жана билдирүү токтоосуз КЖБРге катталууга тийиш, эгерде башка кылмыштын белгилерин көрсөткөн жагдайлар болбосо, "кылмыштын квалификациясы" деген реквизитин толтурууда "000" деген код ыйгарылат.
Криминалдык мүнөздөгү ачык белгилери жок адамдын өлүгүн табуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталса, адамдын өлүмүнүн себеби аныкталганга чейин башка кылмыштын белгилери жок жагдайда "кылмыштын квалификациясы" реквизитине "001" коду ыйгарылат.
Эгерде жогорудагы факты боюнча сотко чейинки өндүрүштө криминалдык мүнөздөгү белгилер аныкталган учурда, кылмыштын квалификациясы жазык ишин тергеп жаткан кызмат адамы тарабынан аныкталып, жазык кылмышынын квалификациясына жараша КЖБРде тийиштүү реквизиттер боюнча чагылдырылат.
6-глава. КЖБРда жазык иштери же жорук жөнүндө иштер боюнча чечимдерди эсепке алуу
64. Жазык иши же жорук жөнүндө иштерди, алардын кыймылын эсепке алуунун негиздери катары төмөнкү процесстик чечимдер кабыл алынат:
- ЖПКнын 148 жана 149-беренелерине ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн башталышы (КЖБРге катталгандан баштап) жөнүндө;
- жазык иштерин жана жорук жөнүндөгү иштерди өз өндүрүшүнө кабыл алууда (анын ичинде тергөө тобу өз өндүрүшүнө кабыл алуу, бир тергөөчүдөн башка тергөөчүгө берүүдө, ошондой эле алгачкы текшерүү органдарынын ортосунда, прокурор тарабынан мурунку тергөөчү жана алгачкы текшерүүчү тарабынан кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу);
- жазык иштерин жана жоруктар жөнүндөгү иштердин материалдарын бириктирүү жөнүндө (ЖПКнын 145-беренеси);
- сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө (ЖПКнын 155-беренеси);
- сотко чейинки өндүрүштү токтотуу (ЖПКнын 237-беренеси);
- жашаган жери белгисиз болгон же катуу оорусуна байланыштуу шектүүгө, айыпкерге карата материалдарды жазык иштеринин жана жоруктар жөнүндө иштерден өзүнчө өндүрүшкө бөлүү (ЖПКнын 146-беренесинин 1-бөлүгү), жашы жеткендер менен бирге кылмышты же жорукту жасоого катышкан жашы жете электерге карата (ЖПКнын 146-беренесинин 4-бөлүгү);
- тергелип жаткан иш боюнча шектүүгө, айыпталуучуга күнөө тагылган кылмыш же жоруктар менен байланышпаган, башка адам жасаган жаңы кылмыш же жорук сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө белгилүү болуп калса, жазык ишинин жана жоруктар жөнүндө иштердин материалдары өзүнчө өндүрүшкө бөлүү жөнүндө (ЖПКнын 146-беренесинин 2-бөлүгү). Бөлүнүп алынган материал КЖБРде өзүнчө жазык жана жорук болуп жаңы каттоо номерин ыйгаруу менен катталат;
- жазык иштерин жана жоруктар жөнүндөгү иштерди тергөөгө караштуулугу (ЖПКнын 153-беренеси, 503-беренеси) жана аймактык караштуулугу (ЖПКнын 154-беренеси) боюнча өткөрүп берүү жөнүндө;
- жазык ишинин же жоруктар жөнүндөгү иштердин кыскартылышы (ЖПКнын 248-беренесинин жана 506-беренесинин, ЖПКнын 26-беренесинин негизинде);
- айыптоо актысы боюнча түшкөн жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча прокурордун чечими жөнүндө (ЖПКнын 253, 254 жана 508-беренелери). Прокурор тарабынан кабыл алынган чечим КЖБРге киргизилет;
- прокурор тарабынан жазык иштери же жоруктар жөнүндөгү иштердин медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу менен сотко жиберүү жөнүндө токтомун бекитүү жөнүндө (ЖПКнын 469-беренеси);
- кыскартылган жазык иштери же жорук жөнүндөгү иштерди жокко чыгаруу жана сотко чейинки өндүрүштү жандандыруу жөнүндө;
- токтотулган сотко чейинки өндүрүштү жандандыруу жөнүндө (ЖПКнын 240-беренеси);
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими жөнүндө;
- жазык иштерин же жоруктар жөнүндөгү иштерди прокурорго кайтарып берүү, же ишти сотко караштуулугу боюнча жөнөтүү жөнүндө (ЖПКнын 268 жана 269-беренелери). Бул боюнча маалымат прокурор тарабынан КЖБРга киргизилет;
- сотко чейинки өндүрүш иштеринин материалын Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жазык куугунтуктоону улантуу үчүн чет мамлекеттин компетенттүү органдарына жөнөтүү жөнүндө (ЖПКнын 517-беренеси);
- процесстик макулдашуунун корутундусу тууралуу.
65. Сотко чейинки өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө чечимдин формасынын реквизитин өндүрүшкө кабыл алган кызмат адамы тарабынан КЖБРге жазык же жорук жөнүндө маалымат катталгандан 24 сааттын ичинде толтурулат.
66. Жазык же жорукту жасоого шектелген, айыпталган адамдын абалын көрсөтүүчү форманын реквизити айыптоо актысынын жана күбөнүн жазык же жорук мас абалында жасалгандыгы тууралуу көрсөтмөсүнүн негизинде белгиленет.
67. Шектүү, айыпкердин мас абалында кылмыш же жорук жасагандыгы (алкоголдук, баңгилик, токсикалык мас болуу) айыптоо актысында камтылган маалыматтардын, кыскартылган иштер боюнча - иште камтылган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн, башка жазык ишинин же жорук ишинин материалдары же сотко чейинки өндүрүштүн кыскартылгандыгы жөнүндөгү токтомунун маалыматтарынын негизинде эске алынат.
68. Мурда кылмыш жасаган шектүү, айыпталуучу тарабынан жасалган кылмыш же жорук жөнүндө маалымат соттуулугу алып салынганына же өтөгөнүнө карабастан эске алынат.
69. ЖПКнын 237-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган негиз боюнча сотко чейинки өндүрүш токтотула турган учурда, же болбосо ал ЖПКнын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 4, 5 жана 6-пункттарында каралган негиздер боюнча кыскартылганда, анын алкагында мурда адам ЖПКнын 44-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык шектүү деп таанылганда КЖБР боюнча чечим кабыл алууга форма адамга форма толтурулушу менен ушул адамга карата чечим кабыл алынгандан кийин гана толтурулат.
70. КЖБРга каттоо боюнча чечим кабыл алууда, сотко чейинки өндүрүштү токтото турууда, ошондой эле кыскартууда же болбосо айыптоо актысы менен прокурорго жиберүүдө келтирилген, өндүрүлгөн зыяндын суммасы ар бир кылмыш же жорук боюнча өз өзүнчө көрсөтүлөт.
71. Чечим кабыл алууга формага реквизиттер толтурулгандан кийин чечим кабыл алган кызмат адамы жана тергөө кызматынын жана алгачкы текшерүү органынын начальниги тарабынан кол коюлат.
72. КЖБРда катталган арыз жана билдирүү боюнча бузуулар болгонун көрсөтүүчү маалыматтар аныкталган учурда (БжК боюнча) ЖПКнын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган негиздер боюнча сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу жөнүндө процесстик чечим кабыл алынат.
Мында түшкөн арызда бузуулардын белгилери жөнүндө маалыматтар (БжК боюнча) болгон учурда аталган арыз үч сутканын ичинде коштомо кат менен тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Түшкөн арызда кылмыштык куугунтуктоо жеке айыптоо иштери боюнча өндүрүш тартибинде ишке ашырыла тургандыгы жөнүндө маалыматтар болгон учурда материалдар ЖПКнын 44-главасына ылайык кароо үчүн сот караштуулугу боюнча тийиштүү сотко жөнөтүлөт, бул тууралуу арыз ээсине билдирилет жана ЖПКнын 353-беренесинин тартибинде сотко кайрылуу укугу түшүндүрүлөт.
73. КЖБРга туура эмес маалыматтарды киргизүү, аларды бурмалоо, жасалмалоону болтурбоо максатында, ошондой эле жазык ишинин кыймылына жана жорук жөнүндө ишке көз салуу боюнча системанын иштиктүү ишин камсыздоо үчүн КЖБРди түзүү жана киргизүү мезгилинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында процесстик чечимдерди кабыл алуу жөнүндө документтердин кагаз түрүндөгү формалары толтурулат, аталган документтер прокурордун кол коюусуна берилет.
74. Мындай чечимдерди эсепке алуу прокурор тарабынан ЖПКнын тиешелүү ченемдеринде белгиленген, прокурорго жазык иши жана жоруктар жөнүндө иш келип түшкөн учурдан тартып эсептелүүчү мөөнөттө формага кол койгондон баштап жүргүзүлөт.
75. Кылмыштын же жоруктун бетин ачууга шарт түзүүчү күчтөрдү жана каражаттарды чагылдыруучу реквизиттердин тобун толтуруунун тартиби жана эрежеси (ички ведомстволук көрсөткүч) ведомстволук ченемдик укуктук акты менен жөнгө салынат.
7-глава. КЖБРде кылмыштарды жана жоруктарды териштирүүнүн жана ачуунун натыйжалары менен байланышкан көрсөткүчтөрдү эсепке алуу
76. Кылмыштардын жана жоруктардын бетин ачуу жөнүндө маалыматтар сотко чейинки өндүрүштүн акыркы жыйынтыгы боюнча аныкталат. Сотко чейинки өндүрүштүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынганда кылмыштын же жоруктун бети ачылды деп эсептелет:
- жазык иши боюнча же жорук жөнүндө иш боюнча прокурор тарабынан айыптоо актысы бекитилсе (ЖПКнын 253-беренесинин 1-пункту);
- жазык иши же жорук жөнүндө иш боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу токтом прокурор тарабынан бекитилсе (ЖПКнын 469-беренеси);
- ЖПКнын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7, 9, 11, 12, 13-пункттарынын негизинде жазык иши же жорук жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүш кыскартылса.
77. Бети ачылган кылмыштардын же жоруктардын катарына ушул Жобонун 76-пунктунда аталган кылмыштар жана жоруктар боюнча отчеттук мезгилде КЖБРга киргизилген маалыматтар кошулат.
78. Сотко чейинки өндүрүштө ушул Жобонун 76-пунктунда аталган чечимдердин бири кабыл алынбаган, ошондой эле төмөнкүлөр боюнча кылмыштар же жоруктар бети ачылбаган болуп саналат:
- судья тарабынан сот отурумун дайындоо үчүн тоскоолдуктарды четтетүү максатында прокурорго кайтарылган жазык иши же жорук жөнүндө иш (ЖПКнын 269-беренесине ылайык);
- кылмыш же жорук жасаган адамды аныктоого карата чараларды көрүү үчүн прокурорго сот тарабынан кайтарылган жазык иши же жорук жөнүндө иш (ЖПКнын 340-беренесинин 3-бөлүгүнүн тартибинде).
79. ЖПКнын 237-беренесинин 1, 2, 3 жана 4-пункттарынын негизинде сотко чейинки өндүрүш мурда токтотулган кылмыш же жорук кылмыш иши же жорук жөнүндө иш сотко жиберилгендиги жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин же болбосо ал токтотулгандан кийин гана бети ачылбаган кылмыштардын катарынан чыгарылат.
80. Бети ачылган кылмыштардын же жоруктардын пайызы бети ачылган кылмыштардын же жоруктардын 100гө көбөйтүлгөн санынын жана бети ачылган жана бети ачылбаган кылмыштардын же жоруктардын санынын суммасынын катышы менен аныкталат.
8-глава. КЖБРде кылмыштарды же жоруктарды жасагандыгына шектелген (айыпталган) адамдардын эсебин алуу
81. Кылмыштарды жана жоруктарды жасагандыгына шектелген (айыпталган) адамдардын эсебин алуу КЖБРде ага карата процесстик чечим кабыл алууда (ЖПКнын 233-беренеси) ЖПКнын 44-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык адам шектүү деп таанылган, ошондой эле ЖПКнын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7, 9, 11, 12, 13-пункттары боюнча сотко чейинки өндүрүш кыскартылган учурларда толтурулуучу форманын негизинде ишке ашырылат.
82. Процесстик чечимдер прокурор же сот тарабынан кабыл алынган учурда форма прокурор тарабынан толтурулат.
83. Адамдын жашы, кесиби, кызматы жана билими жөнүндө маалыматтар кылмышты же жорукту жасоо учуруна карата көрсөтүлөт, бул учурда жашы толук толгон жылы менен көрсөтүлөт.
84. Алкоголдук, баңгилик, токсикоманиялык мас абалында кылмыш же жорук жасаган адамдын абалы айыптоо актысынын мазмунунун негизинде, ал эми кыскартылган кылмыш иши же жорук жөнүндө иш боюнча - ушул иштердин материалдарынын негизинде көрсөтүлөт.
85. Мурда кылмыш жасаган адамдар тууралуу маалымат анын соттуулугу алып салынганына же өтөгөнүнө карабастан эске алынат, ошондой эле мурда жорук жасаган адамдар жөнүндө маалыматтар да эсепке алынат.
86. Кылмыш же жорук жасаганга шектелген (айыпталган) адамга карата толтурулган формада, сөзсүз түрдө кармалгандыгы, бөгөт коюу чарасынын тандалгандыгы, мөөнөтүнүн узартылгандыгы, өзгөртүлгөндүгү, бөгөт коюу чарасынын алып салынгандыгы, бошотулгандыгынын негизи көрсөтүлөт.
9-глава. КЖБРдеги иштер боюнча алынган баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, баңгизаттарын кармаган өсүмдүктөрдүн өсүү аянттарынын жана башка заттык далилдерди эсепке алуу
87. Иш боюнча алынган баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, баңгизаттарын кармаган өсүмдүктөрдүн өсүү аянттарынын жана башка заттык далилдерди эсепке алуу формасы жазык иши жана жоруктар жөнүндө иш боюнча алынган, далилдер берилген учурларда, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндө кылмыштар жана жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүш учурунда толтурулат (тиешелүү түрдө ЖКнын 38-главасына жана БжКнын 24-главасына ылайык).
88. Иш боюнча алынган баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, баңгизаттарын кармаган өсүмдүктөрдүн өсүү аянттарын жана башка заттык далилдерди эсепке алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
10-глава. Жабырлануучу адамдарды КЖБРде эсепке алуу
89. Жабырлануучу (жапа чеккен) адамга форма ЖПКнын 41-беренесине ылайык ар бир адамга өзүнчө толтурулат.
90. Андан сырткары форма жабырлануучу деп таанылган адамдын статусун көрсөтүү менен ЖПКга ылайык жабырлануучуга (каза болгонго), жашы жете электерге (жаш балдарга) же эмгекке жарамсыз адамга, ал адам жабырлануучу деп таанылганына карабастан толтурулат.
11-глава. Соттун чечимдерин жана аларга карата өкүм же башка соттук чечимдер чыгарылган адамдарды КЖБРде эсепке алуу
91. Мыйзамдуу күчүнө кирген жана айыптоочу, актоочу, соттоочу соттук чечимдерди эсепке алуунун негиздери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- айыптоо өкүмү (анын ичинде мыйзамдуу күчүнө кирген жеке айыптоо ишинин айыптоо өкүмү менен);
- актоо өкүмү;
- жазык ишин же жорук жөнүндө ишти же жазыктык куугунтуктоону кыскартуу жөнүндө соттун чечими;
- ишти кыскартуу жана айыпталуучуга медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө соттун токтому.
92. Айыптоо актысын бекитүү үчүн жазык ишин же жорук жөнүндө ишти прокурорго жөнөтүүдө тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы ага зарыл болгон эсепке алуу маалыматтары киргизилген тийиштүү формадагы статистикалык карточкаларды тиркейт.
93. Соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин статистикалык карточкаларынын тиешелүү формаларына соттук өндүрүшкө тиешеси бар маалыматтар киргизилет, алар ишти караган соттун колу менен күбөлөндүрүлөт жана үч сутканын ичинде прокуратура органдарынын укуктук статистикасы жана эсепке алуунун региондук бөлүмүнө жиберилет.
94. Соттун өкүмү же башка чечим чыгарылган адамга карата форма соттун өкүмү же чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдүн же соттун чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу прокурор тарабынан толтурулат жана КЖБРге киргизилет.
12-глава. КЖБРдеги маалыматтарды редакциялоо
95. КЖБРге киргизилген маалыматтардын жазык ишинин же жорук жөнүндө иштин материалдарына шайкеш келбеген фактылары аныкталган учурда формадагы маалыматтарды редакциялоо жолу менен аныкталган бузууларды четтетүү боюнча чаралар көрүлөт.
96. Формадагы маалыматтарды редакциялоо ушул формага мурда киргизилген маалыматтарды өзгөртүүнү камтыйт (керектөөчү тарабынан өз алдынча киргизилген маалыматтарды эсепке алуу журналына оңдоолорду киргизүүнү кошпогондо). КЖБРге киргизилген маалыматтарды редакциялоо демилгечилердин кылмыш-укуктук статистикасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга түздөн-түз жиберилүүчү өтүнмө каттарынын негизинде, ырастоочу процесстик документтерди тиркөө менен, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен макулдашылган ыйгарым укуктуу прокурордун рапорту боюнча жүргүзүлөт, бул тууралуу маалыматтарды редакциялаган органга кечиктирүүсүз билдирилет.
97. Көзөмөлдөөчү прокурордун өтүнүч каты боюнча маалыматтар редакциялангандан кийин аталган маалыматтар андан ары кылмыштык куугунтуктоо органынын өтүнүч каты боюнча прокурордун макулдугу менен гана өзгөртүлүшү мүмкүн.
98. Отчеттук мезгилде киргизилген, кылмыштын же жоруктун бетин ачууга көмөк болуучу күчтөрдү жана каражаттарды чагылдырган реквизиттер сотко чейинки өндүрүштү жүргүзгөн органдын жазуу жүзүндөгү өтүнүч каты боюнча редакцияланат.
13-глава. КЖБРге колдонуучуларды киргизүү тартиби жана ролдорду ыйгаруу
99. КЖБРдеги иш колдонуучулардын ролдоруна ылайык жүргүзүлөт.
100. Кызматтар жана колдонуучулардын ролдору тууралуу маалыматтар ыйгарым укуктуу орган тарабынан КЖБРдин каттоочусу болгон ар бир тиешелүү орган боюнча уюштуруу түзүмүнүн маалымдамасына киргизилет. Маалымдаманын негизинде, ушул Жобонун 22 жана 23-пункттарына ылайык КЖБРга кирүүгө укугу бар колдонуучулар киргизилет.
101. Прокуратура органдарынын колдонуучуларын киргизүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
102. Ыйгарым укуктуу органга прокурордук көзөмөлдү жана ведомстволук контролду жүргүзүү максатында көзөмөлдүк жана ведомстволук органдардагы сотко чейинки өндүрүш жөнүндө маалыматтарды алууга, прокуратура жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине, көзөмөлдөөчү прокурорлорго, ошондой эле сотко чейинки өндүрүш органдарынын кызмат адамдарына кирүүгө мүмкүндүк берилет.
103. КЖБР маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашырын сырлар, электрондук башкаруу жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке ашырат.
14-глава. Кылмыш же жорук жөнүндө арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган жарандардын КЖБРде маалыматка кирүү мүмкүндүгүнүн тартиби
104. Укук коргоо органына кылмыш же жорук жөнүндө арыз же билдирүү менен түздөн-түз кайрылган арыз ээсине ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан арызды же билдирүүнү кабыл алган укук коргоо органынын кызмат адамы, аны каттоонун датасы жана убактысы жөнүндө маалыматтарды камтыган кабарлоо-талону, ошондой эле уникалдуу каттоо номери (же тийиштүү QR-коду) берилет.
105. Кабарлоо-талону эки бөлүктөн турат:
- кабарлоо-талонунун дүмүрчөгү, ал укук коргоо органында калтырылат;
- кабарлоо-талонунун айрылган бөлүгү, ал арыз ээсине берилет.
Кабарлоо-талонунун дүмүрчөгүнүн өзү так отчеттуулук документи болуп саналат, укук коргоо органдарында 3 жыл сакталат.
106. Кабарлоо-талонунун айрылган бөлүгүндө КЖБРдин уникалдуу каттоо номери (же тийиштүү QR-коду) көрсөтүлөт, ал боюнча арыз ээси андан ары өз арызын кароонун, жазык ишинин же жорук жөнүндө иштин жүрүшүнө байкоо жүргүзө алат.
Кабарлоо-талонунун айрылган бөлүгүнүн арткы бетинде Интернет-ресурстун дареги көрсөтүлүп, ал боюнча арыз ээси жогоруда көрсөтүлгөн маалыматты алса болот жана арызды кабыл алган укук коргоо органынын телефону көрсөтүлөт.
15-глава. Штаттык эмес кырдаалдар пайда болгон учурда кылмыштар, жоруктар жана сотко чейинки өндүрүштөр жөнүндө маалыматтарды каттоо тартиби
107. Авариялык кырдаалдар болгондо же болбосо КЖБРга кирүүгө мүмкүндүк болбогон учурда кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү маалыматтар жасалган же болбосо даярдалып жаткан кылмыштар же жоруктар жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу журналында катталат.
Бул учурларда аталган журналдардын тийиштүү графалары толтурулат.
108. КЖБРда каттоо жөнүндө маалыматтарды толтуруу сотко чейинки өндүрүштүн башталышы үчүн негиз болуп саналат.
109. Сотко чейинки өндүрүштүн каттоо номери жана маалыматты эсепке алуу журналынын кагаз вариантындагы каттоо номери КЖБРда белгиленген принциптерге ылайык түзүлөт.
110. КЖБРга кирүүгө мүмкүндүк болбогон абалга алып келүүчү пайда болгон штаттык эмес кырдаал жөнүндө акт түзүлөт, анда кылмыштар жана жоруктар жөнүндө кабыл алынган арыздардын, билдирүүлөрдүн же рапорттордун себептери, узактыгы, саны жана тизмеси чагылдырылат, ошондой эле КЖБРга кире албаган мезгилде катталган окуялар жана алар боюнча башталган сотко чейинки өндүрүштөр жөнүндө башка маалыматтар көрсөтүлөт.
111. КЖБРга кирүүгө мүмкүндүк болбогон учурда каттоо үчүн жооптуу кызмат адамы тарабынан ушул Жобонун 3-пунктунун 16-пунктчасында көрсөтүлгөн алгачкы эсепке алуу документтеринин тиешелүү кагаз түрүндөгү формалары толтурулат, алар штаттык эмес кырдаал жөнүндөгү акты менен бирге кагаз вариантындагы журналга тиркелет.
Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан кагаз түрүндө берилген маалымат каттоо номерин сактоо менен келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттан кечиктирилбестен КЖБРга киргизилет.
112. Эгерде сотко чейинки өндүрүштүн бир органынын кызматкеринде КЖБРга кирүүгө мүмкүндүгү жок болгон учурда сотко чейинки өндүрүштүн башка органына же ыйгарым укуктуу органга маалыматтарды киргизүүгө жол берилет.
16-глава. Контролдоо жана көзөмөлдөө
113. Прокурорлор, тергөө бөлүмдөрүнүн, алгачкы текшерүү органдарынын, укук коргоо органдарынын жетекчилери:
- КЖБРга туура, объективдүү, толук жана өз убагында маалыматтарды киргизүүгө жоопкерчилик тартышат;
- ушул Жобонун талаптарынын аткарылышын контролдошот;
- ушул Жобонун талаптарынын аныкталган бузулуулары жөнүндө прокуратура органдарына укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүмдөрүнүн билдирүүлөрү боюнча тиешелүү чараларды көрүшөт;
- өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде эсепке алуу-каттоо тартибинин абалын контролдошот.
114. Прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүмдөрүнүн жетекчилери өз компетенцияларынын чектеринде:
- КЖБРдагы маалыматтардын тууралыгына жана объективдүүлүгүнө контролдоо жана көзөмөлдөө жүргүзүшөт;
- КЖБРга киргизилген формалардагы реквизиттер талаптагыдай толтурулбаган, ушул Жобонун талаптарын бузуулар аныкталган учурларда аларды четтетүү жана тиешелүү күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу максатында прокурордук чара көрүшөт.