Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 628
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине), анын орун басарларына жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине), анын орун басарларына жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), анын орун басарларынын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдык базалык ставка 7000 (жети миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), анын орун басарларынын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициенттер, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), анын орун басарларынын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарына класстык чин үчүн кошумча акылардын өлчөмдөрү, 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), анын орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумча акылардын өлчөмдөрү, 3-тиркемеге ылайык.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине), анын орун басарларына жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына төмөнкүлөрдүн төлөнө тургандыгы:
- өргүүгө чыгууда - ден соолугун чыңдоого эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө жөлөкпул;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин жашыруун мүнөзү үчүн кызматтык маянасына пайыздык кошумча акы;
- ченемделбеген жумуш күнү үчүн кызматтык маянасынан 25 пайыз өлчөмүндө пайыздык кошумча акы;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыскы зоналарда иштеген стажы үчүн кызматтык маянасына пайыздык кошумча акы;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте окумуштуулук даражасы үчүн кызматтык маянасына кошумча акы.
2) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине), анын орун басарларына жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына квартал сайын сый акы берүүгө төрт айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө каражат жумшалаары.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштарды киргизсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | М. Абылгазиев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), анын орун басарларынын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга ЭСЕЛИК КОЭФФИЦИЕНТТЕР
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселик коэффициенттер |
1 | Акыйкатчы (Омбудсмен) | 4,28 |
2 | Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басары | 3,8 |
3 | Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппарат жетекчиси | 3,5 |
4 | Башкармалыктын башчысы, бөлүм башчысы | 3,33 |
5 | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) облустар боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, басма сөз-катчысы, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) кеңешчиси | 2,78 |
6 | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы, эксперт, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу | 2,32 |
7 | Инспектор, башкы адис, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жардамчысы | 1,93 |
8 | Жетектөөчү адис | 1,61 |
9 | Адис | 1,35 |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), анын орун басарларынын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарына класстык чин үчүн кошумча АКЫЛАРДЫН ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Класстык чиндер | Кошумча акылардын өлчөмдөрү (сом менен) |
1 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | 1800 |
2 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | 1700 |
3 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | 1600 |
4 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси | 1400 |
5 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси | 1300 |
6 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси | 1200 |
7 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору | 1000 |
8 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору | 900 |
9 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору | 800 |
10 | Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору | 600 |
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), анын орун басарларынын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумча акылардын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Иш стажы | Иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумча акылардын өлчөмдөрү |
1 | 1ден 3 жылга чейин | 5% |
2 | 3төн 5 жылга чейин | 10% |
3 | 5тен 10 жылга чейин | 15% |
4 | 10дон 15 жылга чейин | 20% |
5 | 15тен 20 жылга чейин | 25% |
6 | 20дан 25 жылга чейин | 30% |
7 | 25 жылдан жогору | 40% |