Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 616
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 509, 2024-жылдын 27-августундагы № 510., 2024-жылдын 24-декабрындагы № 786 , 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787, 2025-жылдын 4-ноябрындагы N 715
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы N 715 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 509 "Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 33-пунктунун "е" пунктчасындагы "кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө билдирүүсү" деген сөздөр "кылмыш иши же жоруктар жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө билдирүүсү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 57-пунктунун "к" пунктчасындагы "администрациялык жоопкерчиликке" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 67-пунктунун экинчи абзацындагы "администрациялык жоопкерчиликке" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 786 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 509 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 510 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |