Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы №509 токтому менен бекитилген |
Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 332, 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2015-жылдын 5-октябры № 682, 2016-жылдын 3-мартындагы № 108, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578, 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 , 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616, 2020-жылдын 14-январындагы № 8, 2020-жылдын 4-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Аскер комиссариаттарында аскердик каттоону уюштуруу жана жүргүзүү тартиби
3-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аскердик каттоону жүргүзүү тартиби
4-глава. Юридикалык жактардын аскердик каттоону жүргүзүү тартиби
5-глава. Аскердик каттоонун документтери
6-глава. Жалпы мамлекеттик аскердик каттоо системасын ички иштер органдары тарабынан камсыздалышы
7-глава. Аскердик каттоо боюнча жарандардын милдеттери
8-глава. Аскердик каттоо боюнча милдеттерди аткарбагандыгы үчүн жарандардын жана кызмат адамдардын жоопкерчилиги
1-глава Жалпы жоболор
1. Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзамы) жана Кыргыз Республикасынын коргонуу жана коопсуздук жаатындагы башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
Токтом төмөнкүлөрдү аныктайт:
- аскердик каттоонун милдеттерин;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын, билим берүү мекемелердин жана кызмат адамдарынын аскердик каттоо боюнча милдеттерин;
- аскердик катталууга тийиш болгон жана катталбай турган жарандардын категориясын;
- аскердик комиссариаттарда аскердик каттоону уюштуруу жана жүргүзүү тартибин;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында алгачкы аскердик каттоону жүргүзүү тартибин;
- аскердик каттоо боюнча жарандардын милдеттерин;
- өзүнчө мамлекеттик органдарда аскердик каттоону жүргүзүү өзгөчөлүгүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Аскердик каттоо - Кыргыз Республикасынын аскерге милдеттүүлөрүн, чакырылуучуларын жана мобилизациялык ресурстарын документалдык жана электрондук каттоо, ошондой эле анализдөө системасы.
Аскердик каттоонун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- аскердик каттоодо турган жарандардын сандык жана сапаттык курамын аныктоо;
- аскердик каттоодо турган жарандардын аскердик каттоосу жөнүндө маалыматтарды документалдуу жана электрондук түрдө тариздөө;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн (мындан ары - Куралдуу Күчтөр), мобилизация боюнча жана согуш убагында аскердик кызмат мыйзам менен каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана башка аскердик түзүлүштөрдү комплектөөнү камсыздоо үчүн аскердик окутулган жарандардын керектүү санын даярдоо боюнча пландык иштерди өткөрүү;
- Мыйзамдын талаптарын кызматтык адамдар жана жарандар тарабынан аткарышына контролдоо жүргүзүү.
Аскердик каттоого коюлуучу негизги талап болуп, чакырылуучулардын жана мобилизациялануучу адамдар ресурсунун сандык курамын жана сапаттык абалын аныктаган толук жана так маалыматтарды дайыма камсыздоо болуп саналат.
2-1. Электрондук каттоо - бул чакырылуучуларды жана аскерге милдеттүүлөрдү, аларга жеке идентификациялык номер ыйгарууну жана алардын маалыматтарын иштеп чыгууну (жеке жана аскердик-каттоо маалыматтары, аскердик кызмат өтөө жана окуу жыйындарынан өтүү, күжүрмөн аракеттерге катышуу, медициналык күбөлөндүрүү, аскердик каттоого алуу жана чыгаруу, өздүк ишин архивге өткөрүп берүү жөнүндө белгилер) караган сандык жана сапаттык каттоо.
Аскер комиссариаттары тарабынан чакырылуучуларды жана аскерге милдеттүүлөрдү электрондук каттоо жүргүзүлүшүнө жалпы жетекчиликти коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.
Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды электрондук каттоо тутумунда камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашыруун болууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (мындан ары - ИИМ), Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары (мындан ары - улуттук коопсуздук органдары) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана юридикалык жактар тарабынан аскердик каттоо тутумунун иштөөсү камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жарандардын аскердик каттоонун жаатындагы милдеттерди аткаруусун мамлекеттик бийлик органдарынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана юридикалык жактардын кызмат адамдары камсыз кылышат.
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, карамагындагы мекемелерди жана ишканаларды кошкондо, ведомстволук жана аймактык бөлүкчөлөрдөгү жарандардын аскердик каттоо абалын контролдоо боюнча жана аларды нускамалар, бланкалар жана башка жарандарды аскердик каттоо жүргүзүүнү уюштуруунун жана тартибинин маселелери боюнча документтер менен камсыздоо милдеттери тапшырылат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, тийиштүү аймактагы жарандардын аскердик каттоо абалын контролдоо боюнча милдеттер тапшырылат.
Аскердик каттоону уюштуруу жана жүргүзүү боюнча иштерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, менчик формасына карабастан билим берүү мекемелериндеги иштердин жана юридикалык жактардын ишинин абалын контролдоого жалпы жетекчилик, коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, Мыйзамда каралган укуктардын чегинде жүргүзүлөт.
Жарандарды алардын жашаган жери же келген жери боюнча персоналдык аскердик каттоо аскер комиссариаттары тарабынан ишке ашырылат.
Аскердик каттоонун абалы үчүн аскер комиссарлары жооп берет.
Жарандарды иш орду боюнча аскердик каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Жобого жана коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыгуучу нускамаларга ылайык, юридикалык жактар тарабынан ишке ашырылат.
Юридикалык жактар тарабынан жүргүзүлгөн аскердик каттоо абалына ошол уюмдардын жетекчилери жооп берет.
Аскер комиссариаттарында аскердик каттоону жүргүзгөн кызматкерлердин санын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы N 52, 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682, 2020-жылдын 4-мартындагы № 126 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
31. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан билим берүү мекемелери жана юридикалык жактар (мындан ары - уюмдар) тарабынан жүргүзүлүүчү аскердик каттоону жүргүзүү боюнча иштин абалын контролдоо коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сурамына ылайык уюмдардын маалыматтарды берүүлөрү түрүндө жүзөгө ашырылат.
Сурам иштеген (окуган) жарандардын саны төмөнкүдөй болгон уюмдарга жиберилет:
- 100 адамга чейин болсо эки жылда бир жолу;
- 100 адамдан жогору болсо жыл сайын.
Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү маалыматтарды берүү жөнүндө сурамды жиберет:
- уюмдун каттоосунда турган аскерге милдеттүүлөрдүн, чакырылуучулардын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларынын саны жөнүндө;
- жарандарды аскердик каттоону, анын ичинде запаста болгон жарандарды брондоону уюштуруу жөнүндө;
- жарандарды аскердик каттоону жүргүзүү жана запаста болгон жарандарды брондоо жөнүндө;
- чакырылуучулардын жана запаста болгон жарандардын ичинен жарандардын өздүк карточкаларынын картотекасын жүргүзүү жөнүндө.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Аскер комиссариаттарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана юридикалык жактарда төмөнкүлөр аскердик каттоого алынууга тийиш:
а) аскердик каттоого турууга милдеттүү жана запаста турбаган 16 жаштан 25 жашка чейинки эркек жарандар (мындан ары - чакырылуучулар);
б) запаста турган жарандар (мындан ары - аскерге милдеттүүлөр):
- запаста турган эркектер;
- аскердик кызматтан Куралдуу Күчтөрдүн запасына бошотулгандар;
- диний негизи курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандардан тышкары, альтернативдик кызматтан Куралдуу Күчтөрдүн запасына бошотулгандар;
- жогорку окуу жайын бүтүрүп, запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоонун толук курсун өтүп жана офицер наамын алгандар;
- алгачкы аскердик жыйындардан өткөндөр;
- аскердик кызматка чакыруудан бошотулганына байланыштуу аскердик кызматты өтөбөгөндөр;
- медициналык окуу жайларда медициналык адистиктин багыты боюнча даярдык алган аялдар;
в) (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы N 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
г) аскердик же альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен чакыруу кийинки мөөнөткө калтырылбаган жана андан бошотулбаган жыйырма беш жаштагы жана андан жогору курактагы эркек жарандар.
Офицер наамына ээ жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын запасында турган жарандарга аскердик каттоону уюштуруу тартибин, ушул мамлекеттик органдардын тиешелүү жетекчилери аныктайт.
Төмөнкү жарандар аскердик каттоого алынбайт:
- аскер кызматын өтөп жаткандар;
- ички иштер органдарынын кызматкерлери;
- улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери;
- (17-абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы N 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (18-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Мыйзамга ылайык аскердик милдетти аткаруудан бошотулгандар;
- башка мамлекеттин жарандары жана жарандыгы жок адамдар.
Катардагы же башкаруу курамынын кызмат орундарына дайындалган аскерге милдеттүүлөр же ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын кадрларына киргизилгендер аскердик каттоодон чыгарылат жана көрсөтүлгөн органдарда атайын каттоодо турушат.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары тиешелүү аскер бөлүктөрдө каттоого алынат. Аларды каттоо тартиби ведомстволук актыларда белгиленет.
Альтернативдик кызматтын кызматчыларын каттоону алар жашаган жери боюнча аскер комиссариаттары ишке ашырат. Альтернативдик кызматтын кызматчыларын каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызматты өтөө жөнүндө жобо менен аныкталат.
д) ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын (бюджеттик негизде күндүзгү окуу формасында) жана башка өлкөлөрдүн ушуга окшош билим берүү уюмдарын аяктагандар, ички иштер органдарынан бошотулгандар.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы N 52, 2016-жылдын 3-мартындагы № 108, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578, 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2-глава Аскер комиссариаттарында аскердик каттоону уюштуруу жана жүргүзүү тартиби
5. Аскер комиссариаттарында аскердик-каттоо ишин уюштуруу, тейлеген аймакта жашаган чакырылуучулардын жана мобилизациялануучу адамдар ресурсунун сандык курамын жана сапаттык абалын аныктаган толук жана так маалыматтарды дайыма камсыздашы керек.
Аскер комиссариаттарына аскердик каттоо маселелери боюнча төмөнкүлөр жүктөлөт:
а) аскердик каттоого алынуучу жана райондун аймагында жашаган жарандардын персоналдык каттоосун жүргүзүү;
б) жарандарды аскердик каттоого кабыл алууну жана аскердик каттоодон (алып таштоо) чыгарууну өз убагында тариздөө;
в) аскердик каттоого алынуучу адамдарды табуу;
г) аскердик каттоодо турган жарандардын иштик жана моралдык-психологиялык сапаттарын системалык түрдө үйрөнүү, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын кызыкчылыгына максаттуу колдонуу үчүн алардын аскердик-каттоо белгилерин аныктоо;
д) окуу (аскердик) жыйындарда (сабакта) алган даярдыгына, алган билими же жаңы жарандык адистигинде ээ болгонуна ылайык, аскерге милдеттүүлөрдү өз убагындагы баалуу аскердик каттоо адистиги боюнча каттоого которуу;
е) аскердик каттоодо турган жарандардын аскердик-каттоо документтерин дайыма тактоо жана ага үй-бүлөлүк абалында, билиминде, иштеген ордунда, кызматында, адистигинде, ден соолугунун абалында, жашаган жеринде жана башка болуп өткөн өзгөрүүлөрдү өз убагында киргизүү;
з) төмөнкүлөрдү медициналык кайра күбөлөндүрүүдөн өткөрүүнү уюштуруу:
- тынчтык мезгилде ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка мурда жараксыз, согуш мезгилинде чектүү жарактуу деп таанылган аскерге милдеттүүлөрдү;
- ден соолугунун абалындагы өзгөрүүлөрдү билдирген аскерге милдеттүүлөрдү;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган, жыйырма беш жаштагы жана андан жогору курактагы эркек жарандар;
- мурда ар кандай себептер боюнча альтернативдик кызмат өтөгөн мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө каалоосун билдирген жыйырма экиден кырк жашка чейинки курактагы аскерге милдеттүүлөрдү;
- аскердик же альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен чакыруу кийинки мөөнөткө калтырылбаган жана андан бошотулбаган жыйырма беш жаштагы жана андан жогору курактагы эркек жарандарды;
и) аскер комиссариатынын каттоо маалыматтары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каттоо маалыматтарын салыштыруу жана алардагы аскердик-каттоо ишинин абалын текшерүү;
к) ишканалардагы аскердик каттоо абалын, жарандарды брондоону текшерүү, бул жумушта аларга практикалык жардам көрсөтүү;
л) аскер комиссариатынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишканалардын аскердик-каттоо персоналын жыл сайын пландуу атайын даярдоону уюштуруу жана өткөрүү;
м) турак үй ээлеринин шериктештиктеринин, кварталдык комитеттердин, үйлөрдү пайдаланган юридикалык жактардын, медициналык-социалдык экспертизалык комиссиялардын (МСЭК), жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын (ЖААЖ) кызмат адамдары менен Мыйзамдын талаптарын аткаруу боюнча алардын милдеттери жөнүндө жыл сайын сабак өткөрүү;
н) аскердик каттоонун эрежелерин бузган адамдарга чараларды көрүү.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578, 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Жарандардын жашаган жери боюнча же келген жеринде каттоо ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн категориялар боюнча аскер комиссариаттарында жүргүзүлөт.
Аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакырылуучулардын аскердик каттоосу жалпы жана атайын каттоо болуп бөлүнөт.
Жалпы аскердик каттоодо ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдарына, жана юридикалык жактарга мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде брондолбогон аскерге милдеттүүлөр турат.
Атайын аскердик каттоодо мамлекеттик башкаруу органдарына, мамлекеттик органдарына жана юридикалык жактарга мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде брондолгон аскерге милдеттүүлөр турат.
Аскерге милдеттүүлөрдү брондоо тартиби Коргоо министрлиги бекитүүчү, Кыргыз Республикасынын Мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде аскерге милдеттүү адистерди брондоо боюнча нускамасында аныкталат.
Аскердик же альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен чакыруу мөөнөтү узартылбаган жана андан бошотулбаган жыйырма эки жаштагы жана андан жогору курактагы эркек жарандар төмөнкүдөй категориялар менен эсепке алынат:
- издөөдө жүргөндөр;
- медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүп, мобилизациялык резервдик жыйындардан өтүүнү каалагандар;
- медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүп, мобилизациялык резервдик жыйындардан өтүүнү каалабагандар, запаска киргизүү үчүн белгиленген өлчөмдөгү төгүмдү төлөбөгөндөр
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578, 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
§1. Запастагы офицерлерди аскердик каттоо
7. Запастагы офицерлерди каттоо персоналдык жана сандык болуп бөлүнөт.
Персоналдык каттоо запастагы офицерлерди ар тараптан иликтөө жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрдөгү тиешелүү кызматтарда аларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн аныктоого максатында жүргүзүлөт.
Запастагы офицерлерди персоналдык каттоо өздүк делолору, кызматтык жана алфавиттик карталары боюнча жүргүзүлөт.
Сандык каттоо аскердик-каттоо белгилери боюнча запастагы офицерлер ресурсунун сандык жана сапаттык абалын мүнөздөгөн жалпыланган керектүү сандык маалыматтарды алуу максатында жүргүзүлөт.
Сандык каттоо статистикалык карталар боюнча ишке ашат.
8. Өздүк дело запастагы офицердин иштик, моралдык, психологиялык жана башка сапаттарын, ошондой эле анын билимин, аскердик-каттоо адистиги боюнча көндүмдөрүн жана билимин ар тараптан изилдөө жүргүзүү боюнча негизги каттоо документи болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө аларды колдонуу мүмкүнчүлүгү аныкталат.
Өздүк делолор атайын орнотулган үкөктөрдө же сактоочу жайда сакталат жана жашыруун документ катары белгиленген тартипте жиберилет.
Аскердик бөлүктөргө жазылгандардан сырткары запастагы бардык офицерлердин өздүк делолору аларга берилген номерлери боюнча алфавиттик тартипте сакталат. Аскердик бөлүктөргө жазылган запастагы офицерлердин өздүк делолору офицерлер жазылган атайын команда боюнча сакталат.
Аскердик наамынан ажыратылбай, эркинен ажыратылып соттолгон запастагы офицерлердин өздүк делолору өзүнчө сакталат.
Аскердик каттоодон чыгарылган офицерлердин өздүк делолору аскер комиссариатынын архивинде сакталат.
Аскердик каттоодон чыгарылган, офицердик кызматта аскердик кызматты өтпөгөн офицерлердин өздүк делолору аскер комиссариатынын архивинде 5 жыл бою сакталат. Көрсөтүлгөн убакыт бүткөн соң, өздүк делолор, өздүк номери менен кызмат өтөө карталары жана жетондор акт боюнча жок кылынат, алар жөнүндө алфавиттик картада жана өздүк делону каттоо китебинде белгиленет.
9. Персоналдык карта запастагы офицерлерди персоналдык каттоо документи болуп саналат.
Кызмат өтөө картасынан төмөнкүдөй картотекалар түзүлөт:
а) аскер бөлүгүнө жазылбаган, жалпы каттоодо турган запастагы офицерлердин картотекасы;
б) атайын каттоодо турган запастагы офицерлердин картотекасы;
в) аскер бөлүктөрүнө жазылган запастагы офицерлердин картотекасы.
Жалпы каттоодо жана атайын каттоодо турган запастагы офицерлердин кызмат өтөө карталарынын картотекасы төмөнкүдөй ырааттуулукта түзүлөт:
- аскердик-каттоо адистиги боюнча;
- запастагы разряды боюнча;
- аскердик наамы боюнча;
- алфавит боюнча.
Аскер бөлүгүнө кошумча жазылган запастагы офицерлердин кызмат өтөө картасынан картотека офицерлер кошумча жазылган командалар боюнча түзүлөт.
10. Алфавиттик карта маалыматтык максат үчүн түзүлөт жана аскердик каттоодо турган запастагы офицерлердин бардыгына жүргүзүлөт.
Алфавиттик карталардан алфавиттик тартипте эки картотека түзүлөт:
- аскердик каттоодо турган офицерлерге - колдонулуп жаткан алфавиттик картотека;
- аскердик каттоодон чыгарылган жана алынган офицерлерге - архивдик алфавиттик картотека.
Өздүк делолору келбеген же жиберилбеген аскердик каттоого алынган же аскердик каттоодон чыгарылган запастагы офицерлерге алфавиттик карталар колдонулуп жаткан алфавиттик картотеканын өзүнчө бөлүгүндө сакталат (аскердик каттоого алынган, аскердик каттоодон чыгарылган, аскердик каттоодон алынган). Өздүк делолор келгенден кийин же жиберилген соң, алфавиттик карталар колдонулуп жаткан же архивдик картотеканын негизги алфавитине салынат.
Өтүп жаткан жылдын аскердик каттоосунан алынган, ошондой эле аскер наамынан ажыратылбай, эркинен ажыратылып соттолгонуна байланыштуу каттоодон чыгарылган запастагы офицерлердин алфавиттик карталары кийинки статистикалык отчетко чейин колдонулуп жаткан алфавиттик картотекада сакталат. Статистикалык отчет түзүлгөндөн кийин алар архивдик алфавиттик картотекага салынат.
§2. Запастагы офицерлерди аскердик каттоого алуу
11. Төмөнкү запастагы офицерлер аскердик каттоого алынат:
а) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскердик кызматтан запаска бошотулган офицерлери;
б) жогорку билимге ээ, запастагы офицерлердин даярдоо программасы боюнча окуу жыйындарын өткөн жана офицердик наамдарын алып мөөнөттүү кызматтан бошотулган аскер кызматчылар;
в) жогорку билимге ээ, аскердик жыйындарды өткөн жана запастагы офицерлердин даярдоо программасы боюнча окуу жыйындарын өткөндөн кийин офицердик наам алган аскерге милдеттүүлөр;
г) запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдыкты өткөн жана офицердик наамын алган жогорку окуу жайдын студенттери;
д) ички иштер органдарынын жогорку, улук жана орто башчылык курамынын офицердик курамдын аскердик наамы бар, ушул органдардан бошотулган адамдар;
е) улуттук коопсуздук органдарынан, мамлекеттик күзөт органдарынан аскердик каттоодон чыгарылган запастагы офицерлер;
ж) башка райондордон дайыма жашай турган жерине келген же келүүчү запастагы офицерлер;
з) аскердик наамынан ажыратылбай, эркинен ажыратылып соттолуп, кылмышы үчүн жазасынын мөөнөтү бүткөн запастагы офицерлер;
и) мыйзамсыз соттолгон же болбосо, кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартылган, аскердик наамы кайра берилген запастагы офицерлер;
к) мурда офицердик курамдын аскердик наамынан айрылган жана кайрадан офицердик наамы ыйгарылган адамдар;
л) Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган жарандар.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Аскердик кызматтан запаска бошотулган офицерлерди аскердик каттоого алуу жазма буйруктун жана аларга түшкөн өздүк делолордун негизинде катталат.
Өздүк делолордун маалыматы боюнча ошол офицерлерге кызмат өтөө жана алфавиттик карталары түзүлүп жана запастагы офицердин аскердик билети жазылып берилет.
Кызмат өтөө жана алфавиттик карталары тиешелүү картотекага салынып, ал эми аскер билети запастагы офицерлерге берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун чечимине ылайык эки жылга аскердик кызматка чакырылган офицерлер бошотулганда, аскердик бөлүктөн келген өздүк делосу менен кошо келген аскердик билети кайтарылып берилет.
Жазма буйрук өздүк делолордун кошумча документтери бөлүгүндө көктөлөт, ал эми офицердин өздүк күбөлүгү белгиленген тартипте алынып жана жок кылынат. Өздүк номерлүү жетондор өздүк делонун сыртына бекитилет.
Эгерде, аскердик кызматтан запаска бошотулган офицерлердин өздүк делолору аскердик каттоого кабыл алууда аскердик комиссариатка түшпөсө, офицерлерге убактылуу күбөлүк берилет (аскердик билеттин ордуна). Офицерлердин өздүк делосу түшкөнгө чейин өздүк делонун көрсөтүлгөн айы-күнү жана суроо номери менен алфавиттик карта түзүлөт. Алфавиттик карталар колдонулуп жаткан алфавиттик картотека бөлүмүнө ылайык жайгаштырылат. Запастагы офицердин өздүк делосун алгандан кийин аскердик билет жазылат жана берилет, ал эми убактылуу күбөлүгү белгиленген тартипте алынып, жок кылынат.
§3. Запастагы офицерлерди аскердик каттоодон чыгаруу
13. Төмөнкү запастагы офицерлер аскердик каттоодон чыгарылат:
а) башка районго дайыма жашай турган же бара турган жерине кеткендер;
б) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары дайыма жашай турган жерине кеткендер;
в) ички иштер органдарынын штаттык кызматына киргендер;
г) улуттук коопсуздук органдарына же мамлекеттик күзөт органдарына аскердик каттоого берилгендер;
д) аскердик наамынан ажыратылбай, эркиндигинен ажыратылып соттолгондор.
14. Башка районго жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары дайыма жашай турган жерине кеткен запастагы офицерлер жазуу түрүндөгү арыздын негизинде аскердик каттоодон чыгарылат.
Запастагы офицерди аскердик каттоодон чыгарууну тариздөө учурунда аскердик билетинде чыгарылгандыгы жөнүндө белги коюлат. Алфавиттик картага кеткен айы күнү жана жери көрсөтүлүп, андан кийин ал колдонулуп жаткан тиешелүү алфавиттик картотекага салынат. Кызмат өтөө картасы өздүк делого салынат. Суроо алуу боюнча запастагы офицердин өздүк дело жана кызмат өтөө картасы жаңы жашаган жери боюнча аскер комиссариатына жиберилет. Алфавиттик картада төмөндөгүдөй жазуу жазылат: запастагы офицердин каттоо документтери кайда, качан жана кайсы номер менен жиберилгени жазылып, андан соң ал архивдик алфавиттик картотекага салынат.
Эки айдын ичинде өздүк дело жана кызмат өтөө картасын жиберүү жөнүндө суроо алынбаса, тиешелүү аскер комиссариаттары аркылуу кеткен запастагы офицерди издөө чаралары көрүлөт.
15. Ички иштер органдарынын штаттык кызматына киргизилген запастагы офицерлер, аскердик каттоодон чыгарылып жана ошол органда иштеген мезгилине атайын каттоого берилет.
Запастагы офицерлерди аскердик каттоодон чыгарууну тариздөө үчүн негиз болуп ички иштер органдарынын өтүнүчү эсептелет, ага көрсөтүлгөн запастагы офицерлердин аты жазылган тизмеси жана аскердик билеттери тиркелет.
Запастагы офицерлердин өздүк делосу, кызмат өтөө картасы жана аскердик билеттери аскердик каттоодон чыгарылгандыгы жөнүндө белгиси менен ички иштер органдарына жиберилет.
Запастагы офицерлердин алфавиттик картасына аскердик каттоодон аларды чыгаруунун убактысы жана себеби жөнүндө белги кылынат, андан соң тиешелүү колдонулуп жаткан алфавиттик картотеканын бөлүгүнө салынат жана календардык жылдын аягына чейин ошол жерде сакталат. Статистикалык отчет түзүлгөндөн кийин алфавиттик карталар архивдик алфавиттик картотекага салынат.
16. Улуттук коопсуздук же мамлекеттик күзөт органдарынын каттоосуна киргизүү үчүн тандалган запастагы офицерлер, коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругунун негизинде запастагы офицерлердин аскердик каттоосунан чыгарылат. Жогоруда көрсөтүлгөн запастагы офицерлердин өздүк делолору, кызмат өтөө карталары жана аскердик билеттери көрсөтүлгөн органдарга жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Аскердик наамынан ажыратылбай, эркинен ажыратылып соттолгон запастагы офицерлерди аскердик каттоодон, сот органдарынын билдирүүсүнүн негизинде чыгарылат.
Сот органдарынан келген аскердик билеттерге, аскердик каттоодон чыгаруунун убактысы жөнүндө белги коюлат. Кызмат өтөө карталары, аскердик билеттери жана запастагы офицерлердин соттолгону жөнүндө сот органдарынын билдирүүсү тиркелген өздүк делолор аскердик комиссариаттарында өзүнчө сакталат. Алфавиттик картада аскердик каттоодон чыгаруунун убактысы жана себеби белгиленет, андан соң архивдик алфавиттик картотекага салынат.
§4. Офицерлерди аскердик каттоодон чыгаруу
18. Төмөнкү офицерлер аскердик каттоодон чыгарылат:
а) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүлүштөрүнө жана аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарын тынчтык убакта аскердик кызматка аныкталгандары (чакырылгандар), ошондой эле согуш убагында мобилизация боюнча чакырылгандар;
б) запаста туруунун чектүү жашына жеткендер;
в) аскердик-дарыгерлер комиссиясы тарабынан аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп таанылгандар;
г) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары дайыма жашай турган жерине кеткендер;
д) аскердик наамынан ажыратылган запастагы офицерлер;
е) каза болгон запастагы офицерлер;
ж) аскердик кызматтан отставкага бошотулган офицерлер.
19. Аскердик кызматка аныкталган (чакырылган) запастагы офицерлерди аскердик каттоодон чыгаруу, мамлекеттик органдардын тиешелүү жетекчилеринин буйругунун көчүрмөсүнүн негизинде жүргүзүлөт.
20. Согуш убагында 2 жылга аскер бөлүктөрүнө түздөн-түз чакырылып кеткен, аскердик кызматка аныкталган запастагы офицерлерди аскердик каттоодон чыгарууну тариздөө, кызмат кылган жерине келүүсү жөнүндө жазма буйрукту ага берүүдө жүргүзүлөт. Мобилизация боюнча чакырылган жана команданын курамына жиберилген запастагы офицерлерди аскердик каттоодон чыгаруу чакырылуучулардын тизмеси боюнча таризделет.
Ушул запастагы офицерлердин өздүк делолорунда, кызмат өтөө карталарында жана аскердик билеттеринде аларды аскерге чакырылган айы күнү жана кызмат ордуна жиберүү жөнүндө жазылат, андан соң аскердик билеттер ээлерине кайтарылат, ал эми өздүк делолор жана кызмат өтөө карталары тиешелүү аскердик бөлүктөргө жана кадрлар органдарына жиберилет.
Запастагы офицерлердин алфавиттик карталарына алардын аскердик каттоодон чыгарылган убактысы жана себептери жөнүндө жазылат, андан соң тиешелүү колдонулуп жаткан алфавиттик картотеканын бөлүгүнө салынып, календардык жылдын аягына чейин ошол жерде сакталат. Статистикалык отчет түзүлгөндөн кийин алфавиттик карталар архивдик алфавиттик картотекага салынат.
21. Офицердик курамдын аскерге милдеттүүлөрүнүн запаста туруунун чектүү жашы төмөнкүдөй:
Аскердик наамдар | Чектүү жашы |
|
|
| 1-разряддагы запас | 2-разряддагы запас | 3-разряддагы запас |
кенже офицердик курам | 45 | 50 | 55 |
улук офицердик курам | 55 | 58 | 60 |
жогорку офицердик курам | - | - | 65 |
Ыйгарылган аскердик наамына карабастан аялдар үчүнчү разряддын запасына киришет. Алардын запаста туруусунун чектүү жашы 45 жашка чейин түзөт.
Запаста туруунун чектүү жашына жеткен запастагы офицерлерди аскердик каттоодон алып таштоодо өздүк делонун кызматтык тизмесинде жана кызматтык картанын "Аскердик кызматты өтөө" бөлүгүндө аларды аскердик каттоодон чыгарган убактысы жана себеби жөнүндө белгиленет, андан соң кызматтык карталар салынган өздүк делолор аскер комиссариатынын архивине сактоого берилет.
Офицерлердин алфавиттик картасында аскердик каттоодон алып таштоо боюнча жазылат, андан соң ал колдонулуп жаткан алфавиттик картотеканын тиешелүү бөлүмүнө салынып, календардык жылдын аягына чейин ошол жерде сакталат. Статистикалык отчет түзүлгөндөн кийин алфавиттик карталар архивдик алфавиттик картотекага салынат.
Запаста туруунун чектүү жашына жеткен офицерлердин аскердик билеттеринде аскердик каттоодон чыгаруу жөнүндө белги коюлат, ал эми аскердик билеттер ээлерине кайтарылат.
Аскердик каттоодон чыгарылган офицер-пенсионерлердин башка районго кеткен учурунда, аскер комиссариаттардын суроосу боюнча жаңы жашаган жери боюнча өздүк делолору жиберилет, ал эми алфавиттик карталарда тийиштүү жазуулар жазылат.
22. Аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп таанылган запастагы офицерлерди аскердик каттоодон чыгаруу ооругандыгы жөнүндө аскердик-дарыгерлик комиссиянын күбөлүгүнүн негизинде ишке ашат.
Ошол офицерлердин өздүк делолорунда жана кызмат өтөө карталарынын "Аскердик кызматты өтөө" бөлүмүндө аскердик каттоодон алып таштоонун себептери жөнүндө белгиленет, андан соң ооруусу жөнүндө күбөлүк көктөлүп жана кызматтык карталары салынган өздүк делолор аскер комиссариатынын архивине сактоого берилет.
Алфавиттик картада запастагы офицерлердин аскердик каттоодон аларды чыгаруунун убактысы жана себептери жөнүндө белги коюлуп, андан соң колдонулуп жаткан алфавиттик картотеканын тиешелүү бөлүмүнө салынып, календардык жылдын аягына чейин ошол жерде сакталат. Статистикалык отчет түзүлгөндөн кийин алфавиттик карталар архивдик алфавиттик картотекага салынат.
Запастагы офицерлердин аскердик билеттеринде аскердик каттоодон чыгаруу жөнүндө белги коюлат, андан соң аскердик билеттер ээлерине кайтарылат.
23. Кыргыз Республикасынан тышкары дайыма жашай турган жерине кеткен, аскердик наамынан ажыратылгандар, ошондой эле каза болгон учурда запастагы офицерлерди аскердик каттоодон чыгаруу төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынан тышкары дайыма жашай турган жерине кетүүсүнүн - ички иштер органдарынын билдирүүлөрү боюнча;
- аскердик наамынан ажыратуунун - соттун өкүмү боюнча;
- жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын (ЖААЖ) жазуу түрүндөгү билдирүүсүнүн же каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн (каза болгон учурда) негизинде.
24. Кыргыз Республикасынан тышкары дайыма жашай турган жерине кетип жаткан запастагы офицерлер, аскер комиссардын атына жазылган арызынын жана ички иштер органдарынын билдирүүсүнүн негизинде аскердик каттоодон чыгарылат.
Запастагы офицерлерди аскердик каттоодон чыгарууда аскердик билеттери алынып, ал эми аларга ички иштер органдарынын виза бөлүмүнө берүү үчүн маалымкат берилет.
Ушул запастагы офицерлердин аскердик билеттери белгиленген тартипте жок кылынат.
25. Кыргыз Республикасынан тышкары дайыма жашай турган жерине кеткен, аскердик наамынан ажыратылган, каза болгон запастагы офицерлердин өздүк делолорунда жана кызматтык карталарындагы "Аскердик кызматты өтөө" бөлүмүндө аскердик каттоодон алып таштоонун убактысы жана себептери жөнүндө белги коюлуп, андан кийин аскердик каттоодон чыгарууга негиз болгон кызмат өтөгөн жылдарынын картасы салынган жана көктөлгөн өздүк делолор аскер комиссариатынын архивине сактоого берилет.
Алфавиттик картада аскердик каттоодон чыгаруу жөнүндө жазуу жазылып, андан кийин ал колдонулуп жаткан алфавиттик картотеканын тиешелүү бөлүмүнө салынып, календардык жылдын аягына чейин ошол жерде сакталат. Статистикалык отчет түзүлгөндөн кийин алфавиттик карталар архивдик алфавиттик картотекага салынат.
§5. Запастагы прапорщиктерди, сержанттарды жана жоокерлерди аскерге каттоо
26. Запастагы прапорщиктерди, сержанттарды жана жоокерлерди аскердик каттоо төмөнкүдөй аскердик-каттоо белгилери боюнча жүргүзүлөт:
а) кызматты өтөөнүн түрү боюнча (каттоонун категориясы);
б) жашы боюнча (каттоонун разряды);
в) аскердик кызматты өтөө мүнөзү боюнча (каттоонун топтору);
г) аскердик кызматка жарамдуулугунун даражасы боюнча (ден соолугунун абалы);
д) аскердик наамы жана курамы боюнча;
е) аскердик-каттоо адистиктери жана кызматтары боюнча (кызматтык квалификация).
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Кызматты өтөөнүн түрү (каттоонун категориясы) боюнча жоокердик жана сержанттык курамдагы аскерге милдеттүүлөр биринчи жана экинчи болуп эки категорияга бөлүнөт.
Биринчи категориядагы запаска төмөнкү аскерге милдеттүүлөр кирет:
- мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөндөр;
- аскерге чакырылуучу мобилизациялык резервде кызмат өтөгөндөр, баштапкы аскердик жыйындардан өткөндөр, мобилизациялык резервдин жыйындарынан өткөндөр;
- үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча альтернативдик кызмат өтөгөндөр;
- ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын (бюджеттик негизде күндүзгү окуу формасында) жана башка өлкөлөрдүн ушуга окшош билим берүү уюмдарын аяктагандар, ички иштер органдарынан бошотулгандар.
Экинчи категориядагы запаска төмөнкү аскерге милдеттүүлөр кирет:
- аскердик кызмат өтөбөгөндөр;
- "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 2-бөлүгүнүн жетинчи-он бешинчи абзацтарына ылайык альтернативдик кызматка чакырылгандардан тышкары альтернативдик кызматты өтөгөндөр.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Жашы боюнча (каттоонун разряды) бардык аскерге милдеттүүлөр үч разряд боюнча эске алынат:
- биринчи разряддагы аскердик каттоодо 18ден 35 жашка чейинки аскерге милдеттүүлөр турат;
- экинчи разряддагы аскердик каттоодо 36дан 45 жашка чейинки аскерге милдеттүүлөр турат;
- үчүнчү разряддагы аскердик каттоодо 46дан 50 жашка чейинки аскерге милдеттүүлөр турат.
Ыйгарылган аскердик наамына карабастан аялдар үчүнчү разряддын запасына киришет. Алардын запаста туруусунун чектелүү жашы 45 жашка чейин.
29. Аскер кызматын өтөө мүнөзү боюнча жана алар кызмат өтөгөн кошуундарга, аскер бөлүктөрүнө, мекемелерине, аскердик-окуу жайларына тиешелүүлүгүнө жараша, аскерге милдеттүүлөр: "КК", "МУКК" каттоо группаларына бөлүнөт.
Альтернативдик кызматты өткөн жарандар "АК" өзүнчө тобунда эсепке алынат.
а) "КК" тобун каттоо боюнча төмөнкүлөр эсепке алынат:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрүндө, аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарда аскердик кызматты өтөгөн, каттоонун өзүнчө топторунда көрсөтүлбөгөн прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана жоокерлер, ошондой эле аскерге чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик жыйындардан өткөндөр, мобилизациялык резервдин жыйындарынан жана баштапкы аскердик жыйындардан өткөндөр;
- Куралдуу Күчтөрдүн запасына ар кандай себептер менен каттоого берилген аскерге чакыруу (18-25 жаш) курагындагы жарандар;
- медициналык адистиктер боюнча медициналык даярдыкты алган аскерге милдеттүү аялдар;
б) "МУКК" каттоо тобу боюнча улуттук коопсуздук жана мамлекеттик күзөт органдарында кызмат өтөгөн аскерге милдеттүүлөр эсепке алынат.
в) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
г) "АК" каттоо тобу боюнча альтернативдик кызматты өткөн аскерге милдеттүүлөр эсепке алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы N 52, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578, 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
30. Аскердик кызматка аскерге милдеттүүлөр жарактуулук даражасы боюнча ден соолугунун абалына жараша эсептелет жана ошого ылайык жарактуу жана жараксыз болуп бөлүнөт: аскер кызматына жарактуулар, ден соолугунун абалы боюнча тынч убакта аскер кызматына жараксыздар, согуш убагында чектүү жарактуулар.
Аскерге милдетүүлөрдүн аскердик кызматка жарактуулар даражасы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө (тынчтык жана согуш убагында) жобого ылайык аскер комиссариаттарынын дарыгерлер комиссиялары тарабынан аныкталат.
31. Аларга ыйгарылган аскердик наамына ылайык, аскерге милдеттүүлөр курамы жана аскердик наамы боюнча эсепке алынат:
Курамы | Аскердик наамы |
Жоокерлер | Катардагы жоокер Ефрейтор |
Сержанттар | Кенже сержант Сержант Улук сержант |
Старшиналар | Старшина |
Прапорщиктер | Прапорщик Улук прапорщик |
32. Аскердик-каттоо адистиктери жана кызматтары (кызматтык квалификациялар) боюнча аскерге милдеттүүлөр Аскердик-каттоо адистигинин тизмесине жана прапорщиктердин, старшиналардын, сержанттардын жана жоокерлердин штаттык кызматына ылайык эске алынат, анда аскер кызматын, аскердик же окуу жыйындарын, ошондой эле алар алган жарандык адистикти эске алуу менен альтернативдик кызматты өтөө убагында алар алган аскердик даярдыкка байланыштуу аныкталат.
§6. Запастагы прапорщиктерди, старшиналарды, сержанттарды жана жоокерлерди аскердик каттоого алуу
33. Аскердик каттоого кабыл алуунун негизи болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) ар түрдүү негиздер боюнча запаска бошотулгандар үчүн - алардын өздүк делолору, өздүк күбөлүгү (аскердик билеттери) жана аскер бөлүгүнүн жазма буйруктары;
б) кызматынын белгиленген мөөнөтү бүткөндүгү боюнча запаска бошотулгандар үчүн:
- старшиналар, сержанттар, жоокерлер - алардын аскердик билеттери, каттоо-кызматтык карточкалары, жазма буйруктары, ал эми ден соолугунун абалы боюнча мөөнөтүнөн мурда бошогон адамдар үчүн - ооруусу жөнүндө күбөлүк;
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- альтернативдик кызматтын кызматчылары - альтернативдик кызматтан бошогондугу жөнүндө аскер комиссарынын буйругу.
в) ар түрдүү негиздер боюнча запаска кирген чакырылуучу жаштагы (18-25 жаш) жарандар үчүн - чакырылуучулардын каттоо карталары жана чакырылуучуларды запаска киргизүү жөнүндө кабыл алган чечими менен чакыруу комиссияларынын протоколдордун китебинен көчүрмө;
г) медициналык даярдыкты алган аялдар үчүн - медициналык окуу жайын бүткөндүгү жөнүндө дипломдор;
д) соттун чечими боюнча эркинен ажыратылган жерлерден бошотулган жана жазанын башка түрлөрүн өтөгөн жарандар үчүн - түзөтүүчү мекемелерден бошогондугу жөнүндө маалымкаттар, аларга берилген паспорттор жана аскердик билетти берүү жөнүндө өздүк арыздар;
е) жыйырма беш жаштагы жана андан жогору курактагы, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн, белгиленген тартипте берилүүчү чакырууну кийинки мөөнөткө калтырбаган же андан бошотулбаган, мобилизациялык резервдик жыйындардан өтүүнү каалабагандар үчүн - укук коргоо органдарынын кылмыш иши же жоруктар жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө билдирүүсү, медициналык күбөлөндүрүүнүн протоколдор китебинен көчүрмө, жарандардын мобилизациялык резервдик жыйындардан өтүүнү каалабагандыгы жөнүндө арызы, 250 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү төгүмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү;
ж) жыйырма беш жаштагы жана андан жогору курактагы, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен чакыруу кийинки мөөнөткө калтырылбаган же андан бошотулбаган, мобилизациялык резервдик жыйындардан өткөндөр үчүн - аскердик билеттер жана аскердик бөлүктөрдүн жазма буйруктары;
з) ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын (бюджеттик негизде күндүзгү окуу формасында) жана башка өлкөлөрдүн ушуга окшош билим берүү уюмдарын аяктаган, ички иштер органдарынан бошотулган жарандар үчүн - ички иштер органдарынан бошотулгандыгы жөнүндө буйруктун көчүрмөсү.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578, 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 , 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616 токтомдорунун редакциясына ылайык)
34. Аскердик каттоого кабыл алууну тариздөө үчүн запаска бошотулган бардык аскер кызматчылары өзүнүн жашаган жериндеги пункттарга келгенден кийин, тиешелүү аскер комиссариатына үч күндүн ичинде өздөрү келүүгө милдеттүү.
35. Аскердик каттоого кабыл алууну тариздөө үчүн келген адамдардын баарына аскер комиссариатында каттоо жана алфавиттик карточкалар толтурулат.
Аскерге милдеттүүлөрдүн каттоо жана алфавиттик карточкалары аскердик билеттердин, каттоо карточкалары же үй китебинин негизинде толтурулат. Аскерге милдеттүүлөрдү аскердик каттоого тургузган соң, аскердик билеттеринде тиешелүү белги коюлат.
36. Контракт боюнча аскердик кызматты өтүп жаткан аскер кызматчыларды аскердик каттоого тургузуу өздүк делолорду жана каттоо-аскердик документтердеги жазуулардын тууралыгын текшергенден кийин жүргүзүлөт. Аскер бөлүгүнөн аларга берилген жазма буйруктар жана өздүк күбөлүктөр алынат, ал эми алардын аскердик билеттери колдоруна берилет.
Эгерде аскердик каттоого кабыл алып жаткан учурда өздүк күбөлүгүнө гана ээ аскер кызматчылардын өздүк делолору аскер комиссариатына түшпөсө, аларга убактылуу күбөлүктөр (аскердик билет ордуна) берилет. Ушундай учурда өздүк дело келгенге чейин алфавиттик карточкалар гана түзүлөт.
Өздүк делолорду алгандан кийин каттоо карточкаларын тариздөө жүргүзүлөт. Аларга мурда берилген убактылуу күбөлүктөр алынат, аскерге милдеттүүлөргө аскердик билеттер берилип, ал эми убактылуу күбөлүктөр белгиленген тартипте жок кылынат.
Өздүк делолор өздүк делолорду каттоо китеби боюнча эске алынат жана аскердик комиссариатынын атайын жабдылган темир шкафында, алфавиттик тартипте, ал адамдардын запаста турган бардык мезгилинде сакталат.
Аскердик каттоодон чыгаруудан кийин, өздүк делолор, ал жарандар 65 жашка жеткенге чейин белгиленген тартипте аскердик комиссариаттын архивине сактоого берилет.
Пенсия алып жаткан аскерге милдеттүүлөргө - алардын өлгөн күнүнө чейин. Бул мөөнөттөрдүн аякташы менен өздүк делолор белгиленген тартипте акт боюнча жок кылынат.
Бул адамдардын жашаган жери өзгөргөндө, аларды каттоого алган аскердик комиссариаттарынын суроосу боюнча гана өздүк делолор жиберилет.
37. Мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларын аскердик каттоого алууда алардан жазма буйруктар алынат.
(экинчи абзацы КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(үчүнчү абзацы КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Альтернативдик кызматтын кызматчыларын аскердик каттоого коюу альтернативдик кызматтын кызматчылары запаска бошотулганы жөнүндө аскер комиссарынын буйругу чыккандан кийин жүргүзүлөт.
Альтернативдик кызматтын кызматчыларына кызматынын белгиленген мөөнөттү бүткөнү боюнча же мөөнөтүнөн мурда запаска бошотулган кызматчыларга аскердик билеттери берилет.
39. Запаска киргизилген чакырылуучуларды аскердик каттоого коюу каттоо карталардын жана чакыруучу комиссиясынын протоколдор китебинин көчүрмөсүнүн негизинде жүргүзүлөт.
Ушул документтердин негизинде чакырылуучуларга аскердик билеттер, каттоо, алфавиттик жана каттоо-кызматтык карталар таризделет.
40. Медициналык окуу жайларда медициналык адистигинин багыты боюнча даярдыкты алган аялдарды аскердик каттоого алуу жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.
Аскердик каттоого кабыл алынган аялдарга аскердик билеттер, каттоо, алфавиттик жана каттоо-кызматтык карточкалары паспорттордун жана дипломдордун, ошондой эле аскердик кызматка жарамдуулугу жөнүндө медициналык комиссиянын жыйынтыгынын негизинде таризделет.
41. Эркинен ажыратылган жерлерден бошотулган жана жазанын башка түрлөрүн өтөп келген жарандарды аскердик каттоого тургузуу аларды медициналык күбөлөндүрүүдөн кийин таризделет.
Бул жарандарды аскердик каттоого тургузуу үчүн негиз болуп паспорт жана түзөтүүчү мекемелерден бошотулгандыгы жөнүндө маалымкат саналат.
Жарандын паспорту жок болгон учурда, паспортту алуу үчүн ички иштер органдарынын паспорттук бөлүмүнөн берилүүчү карточкасынын көчүрмөсү (№ 1 формасы) тиркелет.
Соттолгондордун аскер комиссариатында сакталган аскердик билеттери аскердик билетти каттоо китебинде аскерге милдеттүүлөрдүн колу коюлган соң берилет.
Эркинен ажыратылган жерлерден бошонгон жана жазанын башка түрлөрүн өтөп келгенден кийин аскерге милдеттүүлөрдүн жашаган жери өзгөргөн учурда, алар аскер комиссариаттар тарабынан жаңы жашаган жери боюнча убактылуу каттоого алынат.
Бул адамдарга, алар мурда аскердик каттоодо турган жердеги аскер комиссариаттарынан аскердик билеттери же каттоо карточкаларынын көчүрмөлөрү суралат. Аскер комиссариаттарынан аскердик билеттерди алгандан кийин бул адамдар туруктуу аскердик каттоого кабыл алынат.
42. Чакырылуу курагындагы жарандарга жана эркинен ажыратылган жерлерден бошонуп келген, дарыгердик комиссиялар тарабынан аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп табылган адамдарга каттоо карточкалар жана аскердик билеттер гана таризделет.
§7. Запастагы прапорщиктерди, старшиналарды, сержанттарды жана жоокерлерди убактылуу каттоого алуу
43. Убактылуу аскердик каттоого алуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
а) аскердик билеттери башка аскердик комиссариаттарында сакталган аскерге милдеттүүлөр жаңы жашаган жерине келгенде (Кыргыз Республикасынан тышкары жерлерден келгенде, эркинен ажыратылган жерлерден бошонгондо жана жазанын башка түрлөрүн өтөп бүтүп келгенде);
б) аскер комиссариатына алардын өздүк делолору түшкөнгө чейин өздүк күбөлүгү бар, запаска бошогондон кийин келген аскер кызматчылары;
в) аскерге милдеттүүлөр жаңы жашаган жерине келгенде аскердик билеттерин жоготкондо.
Убактылуу каттоого алынган адамдарга туруктуу аскердик каттоого тургузганга чейин өзүнчө картотекада сакталуучу алфавиттик карточкалар гана толтурулат.
44. Убактылуу аскердик каттоого алынган аскерге милдеттүүлөргө жети күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен каттоо-аскердик документтерди же запаста тургандыгын жана аскердик, альтернативдик кызматтарды же чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик жыйындарды өткөндүгүн тастыктаган маалыматтарды жиберүү жөнүндө тиешелүү аскер комиссариаттарына же аскер бөлүктөрүнө суроолор жиберилет.
Суроолорду алган аскер комиссариаттар, аскердик бөлүктөр жети күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен тиешелүү аскердик комиссариаттарына аскердик билет, каттоо карточкасынын көчүрмөсүн жиберишет же керектүү маалыматтарды билдиришет.
Убактылуу каттоого алынган адамдардын таандыгын аныктаган жана алардын ким экендигин белгилеген суроолор боюнча бардык кат алышуулар, аскердик билеттерди берүүнү тактаган документтер менен ведомосттор делосуна чогуу көктөлөт.
§8. Прапорщиктерди, старшиналарды, сержанттарды жана жоокерлерди аскердик каттоодон чыгаруу
45. Прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана жоокерлер аскердик каттоодон төмөнкү учурларда чыгарылат:
а) башка райондорго дайыма жашай турган жерине же бара турган жерине кеткенде;
б) жакынкы чет мамлекеттерге дайыма жашай турган жерге кеткенде;
в) ички иштер, улуттук коопсуздук жана мамлекеттик күзөт органдарына штаттык кызматка киргенде;
г) аскердик наамынан ажыратылбай, эркинен ажыратылып соттолгондо.
46. Башка райондорго же жакынкы чет мамлекеттерге дайыма жашай турган жерге кеткен запастагы прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана жоокерлер жеке өздөрү келип, каттоо карточкасын (№ 7 формасы) же үй китебин көрсөткөндө гана аскердик каттоодон чыгарылат.
Аскердик каттоодон чыгарууну тариздөөдө аскердик билеттерде, каттоо карточкаларында же үй китебинде чыгарылгандыгы жөнүндө белги коюлат. Каттоо карточкасында аскердик каттоодон чыгарылгандыгы жөнүндө белги коюлат, андан соң ал картотеканын тиешелүү бөлүмүнө салынат.
47. Ички иштер, улуттук коопсуздук жана мамлекеттик күзөт органдарына штаттык кызматтарына киргизилген запастагы прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана жоокерлер аскердик каттоодон чыгарылат жана көрсөтүлгөн органдарда алардын кызмат өтөө мезгилинде атайын каттоого берилет.
Ушул аскерге милдеттүүлөрдү аскердик каттоодон чыгарууну тариздөө үчүн негиз болуп көрсөтүлгөн органдардын өтүнүчү эсептелет, аларга аты жазылган тизмелер жана аларда көрсөтүлгөн аскер кызматчыларынын аскердик билеттери тиркелет.
Каттоо карточкасында аскердик каттоодон чыгарылгандыгы жөнүндө белги коюлат, андан соң ал картотеканын тиешелүү бөлүмүнө салынат.
48. Эркинен ажыратууга соттолгон запастагы прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана жоокерлер сот органдарынын маалыматтарынын негизинде аскердик каттоодон чыгарылат. Маалыматтар менен бирге аскер комиссариатына соттолгондордун аскердик билеттери жиберилет. Аскер комиссариаттары көрсөтүлгөн маалыматтарды жана аскердик билеттерди алган соң, соттолгондордун каттоо карточкаларында жана аскердик билеттеринде аскердик каттоодон чыгарылгандыгы жөнүндө белги коюшат. Айы-күнү жана жаза чараларынын көрсөтмөсү бар каттоо карточкалары каттоодон чыгарылгандардын картотекасына салынат, ал эми аскердик билеттер аскердик билеттерди каттоо китеби боюнча эсепке алынат.
9. Запастагы прапорщиктерди, старшиналарды, сержанттарды жана жоокерлерди аскердик каттоодон чыгаруу
49. Төмөнкү прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана жоокерлер аскердик каттоодон чыгарылат:
а) дарыгерлер комиссиялары тарабынан аскердик каттоодон алуу менен аскердик кызматка жараксыз деп табылганда;
б) контракт боюнча аскердик кызматка чакырылганда;
в) офицердик курамдын аскердик наамдарын алганда;
г) запаста туруунун чектүү жашына жеткенде;
д) алыскы чет өлкөлөргө дайым жашоого кеткенде;
е) каза болгондо.
Ден соолугунун абалы боюнча аскердик каттоодон алуу менен аскердик кызматка жараксыз деп табылган запастагы прапорщиктерди, сержанттарды жана жоокерлерди аскердик каттоодон алуу дарыгердик комиссиялардын токтомдорунун негизинде жүргүзүлөт.
Аскердик каттоодон алуу менен аскердик кызматка жараксыз деген белгиси бар бул адамдардын каттоо карточкалары, аскердик каттоодон алынгандардын картотекасында сакталат.
Контракт боюнча аскер кызматына чакырылган запастагы прапорщиктерди, старшиналарды, сержанттарды жана жоокерлерди аскердик каттоодон чыгаруу аскер комиссарынын буйругунун негизинде ишке ашат.
Офицердик курамга аттестацияланган запастагы прапорщиктерди, старшиналарды, сержанттарды жана жоокерлерди аскердик каттоодон чыгаруу аларга биринчи офицердик наамы берилгенден кийин жүргүзүлөт. Аскердик билети, аларга каттоо жана алфавиттик карточкалары белгиленген тартипте жок кылынат.
Запаста туруунун чектүү жашына жеткен запастагы прапорщиктерди, старшиналарды, сержанттарды жана жоокерлерди аскердик каттоодон чыгаруу аскерге милдеттүүлөрдүн запаста туруусунун чектүү жашына жеткен жылдан кийинки январь-февраль айларынын ичинде жүргүзүлөт. Бул адамдардын каттоодон алынгандыгы жөнүндө белгиси менен каттоо карточкалары аскердик каттоодон алынгандардын картотекасында сакталат.
50. Алыскы чет өлкөлөргө дайым жашай турган жерине кеткен запастагы прапорщиктерди, старшиналарды, сержанттарды жана жоокерлерди аскердик каттоодон чыгаруу аскер комиссарынын атына жазылган арыздын жана ички иштер органдарынын виза бөлүмүнүн маалыматынын негизинде жүргүзүлөт.
Бул аскерге милдеттүүлөрдү аскердик каттоодон чыгарууда аскердик билеттери алынат да, ал эми аларга ички иштер органдарынын виза бөлүмүнө берүү үчүн маалымкат берилет.
Запастагы көрсөтүлгөн аскерге милдеттүүлөрдүн аскердик билеттери белгиленген тартипте жок кылынат.
Бул адамдардын каттоодон алынгандыгы жана кайсы жерге кеткенин көрсөтүү жөнүндө белгиси менен аскердик каттоодон алынгандардын картотекасында сакталат.
51. Каза болгон запастагы прапорщиктерди, старшиналарды, сержанттарды жана жоокерлерди аскердик каттоодон чыгаруу жарандык абалдын актыларын катто органдарынын (ЖАКО) жазуу түрүндөгү маалыматынын же каза болгону жөнүндө күбөлүктүн негизинде жүргүзүлөт.
Каза болгондордун аскердик билеттери жана алфавиттик карточкалары белгиленген тартипте жок кылынат, ал эми каза болгон айы-күнү жөнүндө белгиси менен каттоо карточкалары аскердик каттоодон алынгандардын картотекасында сакталат.
3-глава Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аскердик каттоону жүргүзүү тартиби
52. Аскерге милдеттүүлөрдү, альтернативдик кызматтын кызматчыларын аскердик каттоо алардын жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Аскерге милдеттүүлөрдү каттоо алгачкы каттоо карточкалары боюнча, ал эми чакырылуучуларга, альтернативдик кызматтын кызматчыларына тизме боюнча жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аскерге милдеттүүлөрдү, чакырылуучуларды, альтернативдик кызматтын кызматчыларынын алгачкы каттоо жүргүзүүчү негизги каттоо-аскердик документтери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) аскерге милдеттүүлөр үчүн - аскердик билет же убактылуу күбөлүк (аскердик билеттин ордуна);
б) чакырылуучулар үчүн - аскердик каттоого тургузуу жөнүндө күбөлүк;
в) (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
г) альтернативдик кызматтын кызматчылары үчүн - альтернативдик кызматтын кызматчыларынын күбөлүгү.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
55. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого алууда жана аларды каттоодон чыгарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөрдү кылдат текшерүүгө милдеттүү:
а) көрсөтүлгөн аскердик билеттердин (күбөлүктөрдүн) өз нускасы жана алардын ээсине чыныгы таандыгын, аскердик билеттердеги чапталган сүрөттөрдүн бекемдигин жана алардын аскерге милдеттүүлөрдүн келбети паспортундагы сүрөтү менен окшоштугун;
б) аскердик билеттерде бардык барактардын барын жана алардын билеттеги 1-барагында көрсөтүлгөн сериясы жана номерлеринин дал келгенин, жасалмаларды же эскертүүсүз оңдоолорду, мөөрлөрдүн даана коюлушун;
в) аскердик билетте каттоо-кызматтык карточкалардын бардыгын, андагы жазуулардын толуктугун жана ылайыктуу болуусун;
г) аскердик-каттоо белгилеринин аныктамасынын тууралыгы;
д) мурда жашаган жери боюнча аскерге милдеттүүлөрдү аскердик каттоодон чыгаруу жөнүндө белгилердин бар экенин жана аларды өз убагында каттоого кабыл алуу үчүн келгенин, каттоого алуу жана чыгаруу жөнүндө штамптардын ылайыктуулугун.
Аскердик билеттерде жана каттоо-кызматтык карточкаларында ар түрдүү айырмаларды, жазуулардын так эместиги же жасалмалуулугу, аскердик каттоодон чыгарылгандыгы жөнүндө белгилердин, ээлеринин сүрөттөрү же кээ бир барактары аскердик билетте жок болсо, аларды аскер комиссариаттарына жиберишет.
56. Аскерге милдеттүүлөрдүн алгачкы каттоо карточкалары төрт бөлүмдөн турган картотекада алфавиттик тартипте сакталат:
- запастагы генералдарга жана офицерлерге алгачкы каттоо карточкалары;
- запастагы прапорщиктерге, старшиналарга жана сержанттарга алгачкы каттоо карточкалары;
- аскерге милдеттүү аялдарга алгачкы каттоо карточкалары;
- аскердик каттоодон алынган жана чыгарылган аскерге милдеттүүлөргө алгачкы каттоо карточкалары.
Мобилизациялык жазма буйруктары бар аскерге милдеттүүлөрдүн алгачкы каттоо карточкаларынын 1-3-бөлүмдөрүндө өзүнчө бөлүнүп жана командалар боюнча салынат.
57. Аскерге милдеттүүлөрдү, чакырылуучуларды, альтернативдик кызматтын кызматчыларын алгачкы каттоо маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) тейлеген аймакка дайыма жашаганы же үч айдан ашык убактылуу жашоого келген аскерге милдеттүүлөрдү, чакырылуучуларды, альтернативдик кызматтын кызматчыларын аскердик каттоого алуу;
б) башка жерге дайыма же үч айдан ашык убактылуу жашоого кеткен аскерге милдеттүүлөрдү, чакырылуучуларды, альтернативдик кызматтын кызматчыларын аскердик каттоодон чыгаруу;
в) тейлөө аймагында дайыма же убактылуу жашаган жана аскердик каттоодо турбаган аскерге милдеттүүлөрдү, ошондой эле алгачкы аскердик каттоону өтпөгөндөрдү табуу.
Табылган аскерге милдеттүүлөрдү аскердик каттоого алуу, ал эми аскердик каттоонун алгачкы каттоосун өтпөгөн жарандарды аскер комиссариаттарына жиберүү;
г) аскер комиссариатынын талабы боюнча аскерге милдеттүүлөрдү, чакырылуучуларды, альтернативдик кызматтын кызматчыларын аскердик комиссариатка аларды чакыруу жөнүндө кабарлоо жана көрсөтүлгөн мөөнөттө өз убагында келүүсүн камсыздоо;
д) тиешелүү аймакта жайгашкан бардык юридикалык жактардын каттоосун жүргүзүү. Алардын аскердик-каттоо ишине тутумдук контролдоо жана аскерге милдеттүүлөргө биринчи каттоо карточкаларынын каттоо маалыматтарын, өздүк карточкалары (№ Т-2 формасы) менен каттоодо турган чакырылуучулардын тизмелерин, альтернативдик кызматтын кызматчыларын бир жылда бир жолудан кем эмес текшерүү;
е) алгачкы каттоо карточкаларына аскерге милдеттүүлөрдүн, чакырылуучулардын, альтернативдик кызматтын кызматчыларынын билимине, иштеген жерине, үй-бүлөлүк абалына жана даректерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бардык өзгөрүүлөр жөнүндө ай сайын аскер комиссариатына маалымдоо;
ж) бир жылда бир жолудан кем эмес аскерге милдеттүүлөрдүн биринчи каттоо карточкаларынын, альтернативдик кызматтын чакырылуучуларынын, кызматчыларынын тизмесинин маалыматтарын үй китеби менен (каттоо карточкалары), ошондой эле чыныгы жашоосун ар бир үйдү кыдырып текшерүү жолу менен салыштыруу. Ушул эле мөөнөттө текшерилген алгачкы каттоо карточкаларын жана тизмелерди аскердик комиссариатындагы каттоо маалыматтары менен салыштыруу;
з) алгачкы аскердик каттоого таандык жаш уландардын тизмесин түзүү жана жыл сайын ноябрь айында аскердик комиссариатка көрсөтүү;
к) аскердик каттоо боюнча жарандардын милдеттерин түшүндүрүү жана аскердик каттоонун белгиленген эрежелеринин алар тарабынан сакталышына контролдук кылуу. Аскердик каттоонун эрежелерин бузган жарандарга протоколдорду түзүү жана аларды Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн аскердик комиссариаттарга көрсөтүү;
л) тейлеген аймакта аскердик каттоонун абалы жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына билдирүү.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы N 52, 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
58. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында алгачкы аскердик каттоонун жүргүзүлүшүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана тиешелүү аскер комиссариаттары контролдойт.
4-глава Юридикалык жактардын аскердик каттоону жүргүзүү тартиби
59. Юридикалык жактардын аскерге милдеттүүлөрдү, чакырылуучуларды жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын каттоосу төмөнкү максатта жүргүзүлөт:
- Мыйзамдын белгиленген талаптарынын жана аскердик каттоо эрежелеринин жарандар тарабынан сакталышына контролду камсыздоо;
- мобилизация мезгилинде жана согуш убагында аскерге милдеттүүлөрдү брондоону өз убагында тариздөө;
- мобилизация боюнча чакырылууга тийиштүү адистерди алмаштыруу үчүн керектүү кадрларды күн мурдатан даярдоо;
- коргоо жана мобилизациялык иш чараларды камсыздоо жана өткөрүү.
60. Аскерге милдеттүүлөрдү, чакырылуучуларды жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын каттоо өздүк карточкасы (№ Т-2 формасы) боюнча "аскердик каттоо жөнүндө маалымат" бөлүмүндө жүргүзүлөт.
61. Юридикалык жактын администрациясы төмөнкүлөргө милдетүү:
а) ушул ишкананын бардык аскерге милдеттүүлөрүнүн, чакырылуучулардын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларынын каттоосунун толуктугун жана сапаттуулугун камсыздоо.
Ушуга байланыштуу уюмдун жетекчиси өзүнүн буйругу менен жарандарды аскердик каттоону жүргүзүү жана брондоо үчүн жооптуу кызматкерлерди дайындайт же мындай жоопкерчиликти кадр кызматына жүктөйт;
б) жарандарды жумушка (окууга) кабыл алууда алардын каттоо-аскердик документтерин бардыгын текшерүү жана алардын аскердик каттоодо турганын белгилөө. Аскердик каттоодо турбаган аскерге милдеттүүлөр, чакырылуучулар жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарында аскердик каттоого тургандан кийин гана жумушка (окууга) алынат.
в) жумушчулардын, кызматчылардын жана окугандардын аскердик билеттериндеги, аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүктөрүн, альтернативдик кызматтын кызматчыларынын күбөлүктөрүндөгү жазуулар менен өздүк карточкаларын системалык салыштыруу жана аскер комиссариатынын каттоо маалыматтары менен салыштыруу үчүн аскердик комиссариаттарына бир жылда бир жолудан кем эмес бул карточкаларды көрсөтүү;
г) аскерге милдеттүүлөрдүн, чакырылуучулардын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларынын үй-бүлөлүк абалында, жалпы билиминде жана техникалык даярдыгында өзгөрүүсүн системалык каттоону ишке ашыруу, бул өзгөрүүлөрдү алардын өздүк карточкаларына киргизүү жана алар жөнүндө тиешелүү аскер комиссариаттарына маалымдоо;
г-1) аскердик каттоо документтеринде аныкталган айтылбаган оңдоолор, так эместиктер жана жасалмалоолор, барактардын санынын толук эместиги тууралуу, ошондой эле жарандардын аскердик каттоо, мобилизациялык даярдык жана мобилизациялоо чөйрөсүндөгү милдеттерин аткарбаган учурлар жөнүндө аскер комиссариаттарына маалымдоо;
д) мобилизация мезгилинде жана согуш убагында аскерге милдеттүүлөрдү өз убагында брондоону тариздөө;
е) зарыл учурда аскерге милдеттүүлөрдүн, чакырылуучулардын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларынын каттоо-аскердик документтери тил кат менен кабыл алуу жана каттоо документтери менен маалыматтарды салыштыруу үчүн аскер комиссариатына көрсөтүү;
ж) жыл сайын ноябрь айында алгачкы аскердик каттоого турууга тийиш болгон жаш уландардын тизмесин тиешелүү аскер комиссариатына берүү;
з) 7 күндүк мөөнөттүн ичинде кайрадан жумушка (окууга) алынган же жумуштан кеткен (окуу жайдан чыгарылган) аскерге милдеттүүлөр, чакырылуучулар жана альтернативдик кызматтын кызматчылары жөнүндө аскер комиссариаттарына маалымдоо;
и) аскер комиссариатынын талабы боюнча аскерге милдеттүүлөрдүн, аскерге чакырылуучулардын жана альтернативдик кызматтын кызматчылардын аскер комиссариатына чакырылуусу жөнүндө кабарлоо жана белгиленген мөөнөттө өз убагында келүүсүн камсыздоо;
к) аскерге милдеттүүлөр, чакырылуучулар жана альтернативдик кызматтын кызматчылары арасында Мыйзамдын талаптарынын сакталышы боюнча системалык түрдө түшүндүрүү ишин жүргүзүү.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
62. Юридикалык жактарда иштеген аскерге милдеттүүлөрдүн, чакырылуучулардын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларынын өздүк карточкаларынын "аскердик каттоо жөнүндө маалыматтар" бөлүмүндө толтурулуучу негизги аскердик-каттоо документтер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) аскерге милдеттүүлөр үчүн - аскердик билет же аскердик билеттин ордуна берилүүчү убактылуу күбөлүк;
б) чакырылуучулар үчүн - аскердик каттоого тургандыгы жөнүндө күбөлүк;
в) альтернативдик кызматтын кызматчылары үчүн - альтернативдик кызматтын кызматчысынын күбөлүгү.
63. Куралдуу Күчтөрдүн запасында туруусунун чектүү жашына жеткен адамдардын өздүк карточкаларында аскер комиссариатынын көрсөтүүсү боюнча 1-январдан кийин аскердик каттоо жөнүндө маалымат чийилет жана "аскердик каттоодон жашы боюнча чыгарылган" деп белгиленет.
64. Аскерге милдеттүүлөрдүн, чакырылуучулардын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларынын өздүк карточкалары өзүнчө картотекада алфавиттик тартипте катуу сакталат, ал беш бөлүмгө бөлүнөт:
- запастагы генералдардын жана офицерлердин өздүк карточкалары;
- запастагы жоокерлердин, сержанттардын, старшиналардын жана прапорщиктердин өздүк карточкалары;
- аскерге милдеттүү аялдардын өздүк карточкалары;
- чакырылуучулардын өздүк карточкалары;
- альтернативдик кызматтын кызматчыларынын өздүк карточкалары.
Мобилизация боюнча жана согуш убагында чакырылуудан мөөнөттүү калтырууга укугу бар аскерге милдеттүүлөрдүн өздүк карточкалары ар бир бөлүмдө өзүнчө бөлүп коюлат.
Жашы же ден соолугунун абалы боюнча аскердик каттоодон чыгарылган адамдардын өздүк карточкалары жалпы картотекада өзүнчө сакталат.
5-глава Аскердик каттоонун документтери
65. Жарандарга аскердик каттоо жүргүзүү тартибин уюштуруу маселелери боюнча жетектөөчү документтерди, ошондой эле тиешелүү каттоо жана отчеттун бланкаларын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыгат жана министрликтерге, ведомстволорго, республикалык жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына таратып берет, алар ушул документтер жана бланкалар менен ведомстволук юридикалык жактарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын камсыз кылат.
66. Аскердик билеттин, аскердик каттоого туруу жөнүндө күбөлүктөрдүн, альтернативдик кызматтын кызматчыларынын күбөлүктөрүнүн, убактылуу күбөлүктөрдүн (аскердик билеттин ордуна берилүүчү) бланктарын, идентификациялык аскердик күбөлүктөрдү, ошондой эле согуш убагындагы жана мобилизация боюнча аскерге чакырууну кийинки мөөнөткө калтыруу жөнүндө күбөлүктүн бланктарын, атайын аскердик каттоого аскерге милдеттүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабарлоо барактарын коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган даярдайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 токтомунун редакцияларына ылайык)
67. Аскердик билеттерди, идентификациялык аскердик күбөлүктөрдү, убактылуу күбөлүктөрдү (аскердик билеттин ордуна), альтернативдик кызматтын кызматчыларынын күбөлүктөрүн, берүү коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
Аскерге милдеттүүлөрдүн күнөөсү боюнча жоголгон же жараксыз абалга келген жогоруда аталган документтердин көчүрмөсүн берүү Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылгандан кийин жүргүзүлөт.
Аскердик билеттерди, идентификациялык аскердик күбөлүктөрдү, убактылуу күбөлүктөрдү (аскердик билеттин ордуна), аскердик каттоого тургандыгы жөнүндө күбөлүктү, альтернативдик кызматтагы кызматкерлердин, даярдоо жана берүү тартибин Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 578, 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6-глава Жалпы мамлекеттик аскердик каттоо системасын калкты каттоо органдары тарабынан камсыздалышы
(Главанын аталышы КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
68. Тиешелүү аскер комиссариатынан аскердик каттоого тургузуу же чыгаруу жөнүндө маалыматтарды жарандар жашаган жери боюнча бергенде, Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоону (каттоодон чыгарууну) калкты каттоо органдары жүргүзүүгө милдеттүү.
Бул максатта калкты каттоо органдарынын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жарандардын каттоо-аскердик документтеринде, каттоо карточкаларында (№ 7 форма) же үй китептеринде аскердик каттоого тургузуу жөнүндө же аскердик каттоодон чыгаруу жөнүндө белгилердин бардыгын текшеришет;
- аскердик каттоого турууга милдеттүү, бирок турбаган жарандарды тиешелүү аскер комиссариаттарына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аскердик каттоого тургузуу үчүн жиберишет;
- аскердик каттоого турбаган жарандар жөнүндө маалыматтарды 7 күндүк мөөнөттүн ичинде тиешелүү аскер комиссариаттарына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберишет.
(Алтынчы абзац КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 332 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 332, 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
61-глава. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан чет өлкөдө жашаган аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоону жүргүзүү
(Глава КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
681. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары үч айдан ашык мөөнөткө же туруктуу жашоо үчүн чыгуучу Кыргыз Республикасынын чакыруу курагындагы жарандары жана аскерге милдеттүүлөрү аскердик каттоодон чыгуу үчүн аскердик каттоодо турган жери боюнча аскер комиссариатына кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары үч айдан ашык мөөнөткө чыгып кеткен чакыруу курагындагы жарандар жана аскерге милдеттүүлөр келген убактан тартып он беш күндүн ичинде өзү жүргөн мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде (мындан ары - чет өлкөдөгү мекеме) аскердик каттоого тура алышат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
682 Туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн чакыруу курагындагы жарандар жана аскерге милдеттүүлөр аскердик каттоого туруу үчүн өзү жүргөн мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерине кайрылганда төмөнкүлөрдү берет:
а) белгиленген формадагы арызды (1-тиркеме);
б) ксерокөчүрмөсүн тиркөө менен Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун;
в) ксерокөчүрмөсүн тиркөө менен аскердик билетин же аскердик каттоо күбөлүгүн (алар бар болсо);
г) 3x4 өлчөмүндөгү ак фондогу эки түстүү сүрөттү.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
683. Эгерде жаран Кыргыз Республикасында аскердик каттоодон чыгарылбаса, анда аскердик каттоого туруу үчүн өзү жүргөн мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине кайрылганда төмөнкү документтерди берет:
а) Кыргыз Республикасында аскердик каттоодо турган аскер комиссариатын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасында аскердик каттоодон чыгаруу тууралуу арызды (2-тиркеме);
б) эки нускада толтурулган белгиленген формадагы каттоо карточкасын;
в) ксерокөчүрмөсүн тиркөө менен Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун;
г) ксерокөчүрмөсүн тиркөө менен аскердик билетин же аскердик каттоо күбөлүгүн;
д) 3x4 өлчөмүндөгү ак фондогу эки түстүү сүрөттү.
Кыргыз Республикасында аскердик каттоодон чыгаруу жөнүндө арыздагы жарандын колу консул тарабынан күбөлөндүрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
684. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси арызды, каттоо карточкасынын бир нускасын, паспорттун, аскердик билеттин (же аскердик каттоо күбөлүгүнүн) жазылган жана мөөрлөр басылган бардык барактарынын ксерокөчүрмөлөрү менен, тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу жана башкаруу боюнча ишти жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын консулдук кызматы аркылуу коргоо маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органына жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
685. Коргоо маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу жана башкаруу боюнча ишти жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынан сурамды алган учурдан тартып бир айлык мөөнөттө аскердик каттоодон убактылуу чыгарат же арыз ээсин белгиленген тартипте аскердик каттоодон чыгарат, бул тууралуу Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине, Кыргыз Республикасынын тышкы саясий иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын консулдук кызматына кабарлайт (3-тиркеме).
Билдирүүгө аскердик-каттоо документтеринен көчүрмөлөр тиркелет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
686. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызмат адамы алынган билдирүүдөн кийин аскерге милдеттүүлөргө жана чакырылуучуларга 64-пунктка ылайык өздүк карточкаларды толтурат, ошондой эле ушул Жобонун 4-главасына ылайык чет өлкөдө жүргөн жарандарды аскердик каттоону жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызмат адамы чет өлкөдө жүргөн жарандар Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинде аскердик каттоого коюлгандыгы тууралуу тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу жана башкаруу боюнча ишти жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын консулдук кызматы аркылуу коргоо маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органына билдирет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава Аскердик каттоо боюнча жарандардын милдеттери
69. Аскердик каттоого алынуучу жарандар төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) жашаган жери боюнча аскер комиссариатында, ал эми аскер комиссариаты жок калктуу пунктунда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында аскердик каттоодо турууга;
б) жашаган жери же убактылуу жашаган жери боюнча аскердик каттоону жүргүзгөн аскер комиссариатына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген убакта жана чакырылган (чакыруу кагазы) жерге келүүгө. Өзү менен кошо каттоо-аскердик документтерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана бар болсо айдоочунун күбөлүгүн алууга;
в) Куралдуу Күчтөрдөгү аскердик кызматтан запаска бошотулганда, өз убагында жашаган жери боюнча аскер комиссариатына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына аскердик каттоого туруу үчүн келүүгө;
г) үй-бүлөлүк абалынын, билиминин, ден соолугунун абалынын (майып болгонун), иштеген жерин же кызматын, жашаган жеринин өзгөргөндүгү жөнүндө маалыматтарды жашаган жери боюнча 7 күндүк мөөнөттө аскер комиссариатына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына маалымдоого;
д) жаңы жашаган жерге же убактылуу бар турган жерге кетип жатканда аскердик каттоодон чыгууга. Жаңы жашай турган жерине келгенде же убактылуу жашай турган жерине келгенде 7 күндүн ичинде аскердик каттоого турууга;
е) аскердик билетти, убактылуу күбөлүгүн (аскердик билеттин ордуна), аскердик каттоого тургузуу жөнүндөгү күбөлүгүн, альтернативдик кызматтагы кызматчысынын күбөлүгүн, этияттык менен сактоого. Жогорудагы документтерди жоготкон учурда жоголгондордун ордуна документтерди алуу жөнүндө маселени чечүү үчүн бир жумалык убакыттын ичинде аскердик комиссариатка же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайрылууга.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
70. Аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон жарандар чакырууну өткөрүү мезгилинде жашаган жеринен кетип жатса, бул жөнүндө аскердик комиссариатка же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына маалымдоого милдеттүү.
71. Мобилизациялык жазма буйрук алгандар же аскер комиссариатынын чакыруу кагазын алгандар андагы талаптарды аткарууга милдеттүү.
Мобилизация мезгилинде жана согуш убагында жарандардын жашаган жеринен же убактылуу болгон жеринен чыгуусу жарандардын жазуу түрүндөгү арызы боюнча аскер комиссарынын уруксаты менен жүргүзүлөт.
72. Аскердик каттоого туруу же аскердик каттоодон чыгуу үчүн жарандар аскердик каттоону ишке ашырган аскердик комиссариатка же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына милдеттүү түрдө өзү келүүгө тийиш.
8-глава Аскердик каттоо боюнча милдеттерди аткарбагандыгы үчүн жарандардын жана кызмат адамдардын жоопкерчилиги
73. Аскердик каттоонун тартибин бузгандыгы үчүн күнөөлүү жарандар жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.