Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 617
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 582 "Психоактивдүү заттарды колдонуунун кесепетинен психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарга Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде наркологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Психоактивдүү заттарды колдонуунун кесепетинен психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарга Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде наркологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускамада:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде психоактивдүү заттарга көз каранды (алкоголго, наркотик жана психотроптук заттарга психологиялык, физиологиялык көз каранды) болгон соттолгондорду төмөнкүдөй дарылашат:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 47 мекемесинин алдындагы борбордук оорукананын наркологиялык бөлүмүндө (мындан ары - наркологиялык бөлүм):
- мажбурлоо менен - соттун чечими менен медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары дайындалган, эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар үчүн;
- өз ыктыяры менен - түзөтүү мекемелеринин ооруканаларынын жана медициналык-санитардык бөлүктөрүнүн начальниктеринин же шприц алмаштыруучу пункттардын кызматкерлеринин жолдомолорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ЖАМК) чечимдери менен бекитилген көрсөтмөлөр боюнча, наркологиялык бөлүмдүн дарыгеринин консультациясынан кийин;
2) ЖАМКнын мекемелеринин реабилитациялык борборлорунда, медициналык-санитардык бөлүктөрүндө, алмаштыруучу опиоиддик терапия пункттарында - өз ыктыяры боюнча төмөнкү критерийлерди эске алуу менен: кайрылган адам психоактивдүү заттарга көз каранды болсо, терапиялык процесске тоскоол болуучу психикалык ооруларынын жоктугу.";
- 3, 8-10, 12 жана 17-пункттарындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "наркологиялык борбор" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "наркологиялык бөлүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы "наркологиялык борбордун реабилитация бөлүмүндө" деген сөздөр "наркология бөлүмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Наркологиялык бөлүмдө дарыланып жаткан, жаза өтөө режимин бузган соттолгондорго карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 379 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык тартиптик жаза чаралары колдонулат.";
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Дары-дармек менен дарылануу же реабилитациялоо курсунан өткөн, алмаштыруучу опиоиддик терапияны алып жаткан соттолгондордон медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын алып салуу жөнүндө сотко сунуштамалар наркология бөлүмүнүн врачтык комиссиясы берген медициналык корутундунун негизинде мекеменин администрациясы тарабынан киргизилет.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 696 "Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда медициналык жардам көрсөтүүнүн тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталышында жана 1-пунктундагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда медициналык жардам көрсөтүүнүн тартиби" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда медициналык жардам көрсөтүүнүн тартибинде:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелери";
- 1-пунктундагы "ушул Тартипке" деген сөздөр "ушул Эрежелерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 33-пункту "бекитилген жайларда" деген сөздөрдөн кийин "(жаза өтөөнүн катуу шарттарында)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 105-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"105. Психикасы бузулган адамдар "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 28-беренелерине ылайык жазык-аткаруу тутумунун мекемесинин медициналык бөлүгүндө же стационарында амбулатордук түрдө диспансердик байкоого алынат жана дарыланат.";
- 111 жана 112-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"111. Психиатриялык ырастоо "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-25-беренелерине ылайык жүргүзүлөт.
112. Психикасы бузулган адамдарга карата мажбурлап дарылоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 118-беренесине ылайык соттун чечими менен жүргүзүлөт.
Психоактивдүү заттарга көз карандылыктан жапа чеккен адамдарга карата мажбурлап дарылоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине ылайык жүргүзүлөт.";
117-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"117. Соттолгон адам ыктыярдуу дарылоодон баш тартса, мекеменин медициналык бөлүгүнүн начальниги, эки врач-психиатр-нарколог же врач-психиатр курамына кирген медициналык комиссия ага карата мажбурлап дарылоонун зарылдыгы жөнүндө медициналык корутунду чыгарат, анын негизинде жазык-аткаруу тутумунун мекемесинин администрациясы сотко медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштама киргизет.
Соттолгондорго карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 152 жана 153-беренелерине ылайык аткарылат.".
3. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрындагы N 106 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 617
( Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-июлундагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 582 "Психоактивдүү заттарды колдонуунун кесепетинен психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарга Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде наркологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Психоактивдүү заттарды колдонуунун кесепетинен психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарга Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде наркологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускамада:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде психоактивдүү заттарга көз каранды (алкоголго, наркотик жана психотроптук заттарга психологиялык, физиологиялык көз каранды) болгон соттолгондорду төмөнкүдөй дарылашат:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 47 мекемесинин алдындагы борбордук оорукананын наркологиялык бөлүмүндө (мындан ары - наркологиялык бөлүм):
- мажбурлоо менен - соттун чечими менен медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары дайындалган, эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар үчүн;
- өз ыктыяры менен - түзөтүү мекемелеринин ооруканаларынын жана медициналык-санитардык бөлүктөрүнүн начальниктеринин же шприц алмаштыруучу пункттардын кызматкерлеринин жолдомолорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ЖАМК) чечимдери менен бекитилген көрсөтмөлөр боюнча, наркологиялык бөлүмдүн дарыгеринин консультациясынан кийин;
2) ЖАМКнын мекемелеринин реабилитациялык борборлорунда, медициналык-санитардык бөлүктөрүндө, алмаштыруучу опиоиддик терапия пункттарында - өз ыктыяры боюнча төмөнкү критерийлерди эске алуу менен: кайрылган адам психоактивдүү заттарга көз каранды болсо, терапиялык процесске тоскоол болуучу психикалык ооруларынын жоктугу.";
- 3, 8-10, 12 жана 17-пункттарындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "наркологиялык борбор" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "наркологиялык бөлүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы "наркологиялык борбордун реабилитация бөлүмүндө" деген сөздөр "наркология бөлүмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Наркологиялык бөлүмдө дарыланып жаткан, жаза өтөө режимин бузган соттолгондорго карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 379 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык тартиптик жаза чаралары колдонулат.";
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Дары-дармек менен дарылануу же реабилитациялоо курсунан өткөн, алмаштыруучу опиоиддик терапияны алып жаткан соттолгондордон медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын алып салуу жөнүндө сотко сунуштамалар наркология бөлүмүнүн врачтык комиссиясы берген медициналык корутундунун негизинде мекеменин администрациясы тарабынан киргизилет.".
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-июлундагы № 429 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрындагы № 106 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |