Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 617
( Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-июлундагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 582 "Психоактивдүү заттарды колдонуунун кесепетинен психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарга Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде наркологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Психоактивдүү заттарды колдонуунун кесепетинен психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарга Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде наркологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускамада:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде психоактивдүү заттарга көз каранды (алкоголго, наркотик жана психотроптук заттарга психологиялык, физиологиялык көз каранды) болгон соттолгондорду төмөнкүдөй дарылашат:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 47 мекемесинин алдындагы борбордук оорукананын наркологиялык бөлүмүндө (мындан ары - наркологиялык бөлүм):
- мажбурлоо менен - соттун чечими менен медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары дайындалган, эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар үчүн;
- өз ыктыяры менен - түзөтүү мекемелеринин ооруканаларынын жана медициналык-санитардык бөлүктөрүнүн начальниктеринин же шприц алмаштыруучу пункттардын кызматкерлеринин жолдомолорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ЖАМК) чечимдери менен бекитилген көрсөтмөлөр боюнча, наркологиялык бөлүмдүн дарыгеринин консультациясынан кийин;
2) ЖАМКнын мекемелеринин реабилитациялык борборлорунда, медициналык-санитардык бөлүктөрүндө, алмаштыруучу опиоиддик терапия пункттарында - өз ыктыяры боюнча төмөнкү критерийлерди эске алуу менен: кайрылган адам психоактивдүү заттарга көз каранды болсо, терапиялык процесске тоскоол болуучу психикалык ооруларынын жоктугу.";
- 3, 8-10, 12 жана 17-пункттарындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "наркологиялык борбор" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "наркологиялык бөлүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы "наркологиялык борбордун реабилитация бөлүмүндө" деген сөздөр "наркология бөлүмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Наркологиялык бөлүмдө дарыланып жаткан, жаза өтөө режимин бузган соттолгондорго карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 379 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык тартиптик жаза чаралары колдонулат.";
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Дары-дармек менен дарылануу же реабилитациялоо курсунан өткөн, алмаштыруучу опиоиддик терапияны алып жаткан соттолгондордон медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын алып салуу жөнүндө сотко сунуштамалар наркология бөлүмүнүн врачтык комиссиясы берген медициналык корутундунун негизинде мекеменин администрациясы тарабынан киргизилет.".
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-июлундагы № 429 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрындагы № 106 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |