Редакцияот 31.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 31-декабры № 641

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пробация чөйрөсүндөгү ишинин натыйжалуулугун баалоо методикасын бекитүү жөнүндө

 

"Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пробация чөйрөсүндөгү ишинин натыйжалуулугун баалоо методикасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев