Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 641 токтомуна |
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пробация чөйрөсүндөгү ишинин натыйжалуулугун баалоо МЕТОДИКАСЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Методика пробация чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышынын натыйжалуулугун аныктоо максатында алардын ишин баалоо тартибин белгилейт.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын пробация чөйрөсүндөгү ишинин натыйжалуулугун баалоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик пробация органы жана анын аймактын бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылат.
3. Баалоо объектиси болуп жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана пробация чөйрөсүндөгү башка укуктук ченемдик актыларын жүзөгө ашыруудагы иши эсептелет.
4. Иштин натыйжалуулугун баалоо үчүн маалымат булагы болуп "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу менен байланышкан жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын маалыматтары эсептелет.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жылдын жыйынтыгы менен төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) райондук деңгээлде - аймактык пробация органы тарабынан ушул Методиканын 4-пунктунда белгиленген маалыматты чогултуу аркылуу. Ишти баалоо 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт. Баалоонун жыйынтыктары "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык пробация боюнча кеңештин кароосуна жиберилет. Пробация боюнча кеңеш аталган жыйынтыктарды карап чыгып, ал жыйынтыктарды бекитүү жөнүндө чечим чыгарат;
2) республикалык деңгээлде - пробация боюнча кеңештер тарабынан ишти баалоонун бекитилген жыйынтыктарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик пробация органына (кагаз жүзүндө жана электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдө) отчёттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин жөнөтүү аркылуу.
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик пробация органы тарабынан ушул Методиканын 5-пунктунда көрсөтүлгөн пробация боюнча кеңештин чечимин алгандан кийин 10 жумуш күндүн аралыгында тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт жана андан ары жыйынтыктары:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына жөнөтүлөт.
2-глава. Баалоо көрсөткүчтөрү
7. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү башкаруунун аткаруучу органдарынын пробациялык ишин баалоо көрсөткүчтөрү ушул Методиканын 1-таблицасында берилди.
Баалоо көрсөткүчүнүн сандык маанисин жана квалификациялык бааны аныктоо ушул Методиканын 2-таблицасына ылайык ишке ашат.
1-таблица
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын пробациялык ишин баалоо көрсөткүчтөрү
| Көрсөткүч | Жалпыланган индикатор | Балл |
1 | Пробация боюнча кеңештин планынын аткарылган иш-чараларынын саны | Пробация боюнча кеңештин планынын иш-чараларынын санынын 60 пайызынан кем эмес | 20 |
2 | Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык социалдык жөлөк пул, пенсия жана компенсация катталган пробация кардарларынын саны | Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык социалдык жөлөк пулга, пенсияга жана компенсацияга муктаж пробация кардарларынын санынын 50 пайызынан кем эмес | 10 |
3 | Жумушка орношкон пробация кардарларынын саны | Жумушка орношууга муктаж пробация кардарларынын санынын 50 пайызынан кем эмес | 10 |
4 | Реабилитациялоо борборлоруна (социалдык жатаканалар) жайгаштырылган пробация кардарларынын саны | Реабилитациялоо борборлоруна (социалдык жатаканалар) жайгаштырууга муктаж пробация кардарларынын санынын 50 пайызынан кем эмес | 10 |
5 | Билим алып жаткан пробация кардарларынын саны | Билим алууга муктаж пробация кардарларынын санынын 50 пайызынан кем эмес | 10 |
6 | Жоголгон күбөлүктөрүн жана документтерин калыбына келтирген пробация кардарларынын саны | Жоголгон күбөлүктөрүн жана документтерин калыбына келтирүүгө муктаж пробация кардарларынын санынын 50 пайызынан кем эмес | 10 |
7 | Республикалык бюджеттен каржылоо болгон учурда пробация кардарларын жайгаштыруу үчүн түзүлгөн жана иштеп жаткан реабилитациялоо борборлорунун (социалдык жатаканалардын) саны | Пробация кардарларын жайгаштыруу үчүн иштеп жаткан бир же андан ашык реабилитациялоо борбору (социалдык жатакана) | 30 |
Мүмкүн болгон максималдуу баа | 100 | ||
2-таблица
Баалоо көрсөткүчүнүн сандык мааниси жана баанын квалификациясы
Баалоо көрсөткүчүнүн сандык мааниси | Баанын квалификациясы |
100 балл | Эң жакшы |
60-70 балл | Жакшы |
40 балл | Канааттандырарлык |
40 баллдан аз | Канааттандырарлык эмес |
3-глава. Баалоону жүргүзүү жана эсептөө
8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик пробация органы жана анын аймактык бөлүмдөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан ушул Методиканын 1-таблицасында каралган көрсөткүчтөрдүн иш жүзүндө аткарылышын анализдөөнүн негизинде баалайт.
9. Жалпыланган индикатордун иш жүзүндөгү маанисинин эсеби пайыздык жана сандык катышта жүргүзүлөт.
1) ушул Методиканын 1-таблицасынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жалпыланган индикатордун иш жүзүндөгү маанисинин пайыздык эсеби төмөнкүчө жүргүзүлөт.
Пробация боюнча кеңеш тарабынан иштелип чыккан пробация ишин жүзөгө ашыруу жана өнүктүрүү боюнча жылдык пландагы 100%ды түзгөн иш-чаралардын жалпы санынан аткарылган иш-чаралардын иш жүзүндөгү мааниси чыгарылат. Эгерде аткарылган иш-чаралардын жалпыланган индикаторунун иш жүзүндөгү мааниси 60% же андан жогору болгон учурда иш-чаранын жыйынтыгы аткарылды деп эсептелинет жана 20 баллга бааланат. Аткарылган иш-чаралардын жалпыланган индикаторунун иш жүзүндөгү мааниси 60%дан төмөн болгон учурда - 0 баллга бааланат;
2) ушул Методиканын 1-таблицасынын 2-6-пункттары боюнча 100%ды түзгөн тийиштүү кызматтарды көрсөтүү зарыл болгон пробация кардарларынын жалпы санынан бул кызматтар көрсөтүлгөн пробация кардарларынын иш жүзүндөгү саны чыгарылат. Эгер тиешелүү кызмат көрсөтүлгөн пробация кардарларынын жалпыланган индикаторунун иш жүзүндөгү мааниси 50% же андан жогору болгон учурда иш-чаранын жыйынтыгы аткарылды деп эсептелинет жана 10 баллга бааланат. Аталган индикатордун иш жүзүндөгү мааниси 50%дан төмөн болгон учурда - 0 баллга бааланат;
3) ушул Методиканын 1-таблицасынын 7-пунктунда белгиленген көрсөткүчтүн сандык катыштагы эсеби жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аймагындагы көрсөтүлгөн реабилитациялоо борборунун бир же андан ашык саны иштеген учурда 30 баллга бааланат. Реабилитациялоо борборлору жок болгон учурда - 0 баллга бааланат.
10. Ушул Методиканын 2-таблицасында көрсөтүлгөн баалоо көрсөткүчүнүн сандык мааниси ушул Методиканын 1-таблицасында белгиленген көрсөткүчтөрдүн иш жүзүндөгү баллын кошуу жолу менен алынат.
Ушул Методиканын 2-таблицасына ылайык баалоо көрсөткүчүнүн алынган сандык маанисине жараша объектке квалификациялык баа берилет.