Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 803 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 540
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
"Бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын программалык камсыздоону өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пунктундагы "2020" деген цифралар "2021" деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 2019 жана 2020-жылдары "Бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын толуктап иштеп чыгууда система 2021-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын карамагына өткөрүлүп бериле турганына жана "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасына интеграцияланышына байланыштуу өзүнүн аракеттерин милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен макулдашсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 18-октябрындагы N 87 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |