Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 661 токтомуна |
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту (мындан ары - Институт) Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүнүшү болуп саналат.
2. Институт өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Министрликтин чечимдерин жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Институт өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, ал мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштейт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
4. Институт өзүнүн компетенциясына кирген функцияларды өз алдынча аткарат. Институттун ишин Министрлик контролдойт.
5. Институттун юридикалык дареги: 720002, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106.
2. Институттун максаттары жана милдеттери
6. Институт экономикалык жана социалдык процесстерге илимий-изилдөө жана эмпирикалык талдоо, экономиканын секторлорундагы мамлекеттик жөнгө салуу саясатына жана реформаларга талдоо жүргүзүү максатында түзүлгөн.
7. Институттун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) колдонмо эконометрикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) өлкөнү региондук жана дүйнөлүк бирикмелерге интеграциялоо стратегиялары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
3) инклюзивдүү экономикалык өсүшкө багытталган экономиканын артыкчылыктуу багыттарын иштеп чыгуу;
4) мамлекеттик жөнгө салуу саясатын өркүндөтүү үчүн илимий-эмпирикалык сунуштарды иштеп чыгуу.
3. Институттун функциялары
8. Институт жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) экономиканын актуалдуу жана артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөө жана аналитикалык иштерин жүргүзөт, экономика чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу саясатынын ченемдик-техникалык негиздерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
2) улуттук экономиканын стратегиялык секторлору боюнча бөлүштүрүү менен макроэкономикалык көрсөткүчтөргө жана айрым экономика түзүүчү ишканалардын деңгээлинде иштин индикаторлоруна эконометрикалык интерпретациялоо берет;
3) ченемдик-укуктук актыларды, институттук жана натыйжалуу мамлекеттик экономикалык саясаттын рыноктук башка механизмдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
4) экономика тармактарын өнүктүрүү программаларынын долбоорлоруна сунуштарды иштеп чыгат, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан даярдалган экономика чөйрөсүндөгү концепциялардын, программалардын жана пландардын долбоорлору боюнча аналитикалык ишти жүргүзөт;
5) экономика секторлорун оптималдаштыруунун жана диверсификациялоонун варианттарын иштеп чыгат;
6) тең аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтөт, аларды илимий-изилдөө иштерин аткарууга тартат;
7) илимий эмгектерди басып чыгарат, илимий-техникалык маалыматтар банкын түзөт, илимий конференцияларды жана башка илимий-окуу иш-чараларын өткөрөт, илимий иштердин жыйынтыктарын камтыган басма продукцияларды таркатат, анын ичинде чет тилдерде жана (же) электрондук форматта;
8) жетекчиликтин тапшырмасы боюнча өндүрүштү жана илимди интеграциялоо боюнча сунуштарды жана аналитикалык маалымдамаларды даярдайт;
9) туруктуу экономикалык өнүктүрүү жаатында мамлекеттер аралык илимий-техникалык программаларга катышат;
10) Институттун интеллектуалдык менчик объекттерине болгон укуктарын жана илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларын коргойт;
11) илимий изилдөөлөрдү каржылоо боюнча конкурстарга катышат;
12) эл аралык жана чет элдик уюмдардын жана фонддордун каржылоосундагы техникалык жардам берүү боюнча программалардын алкагында илимий изилдөөлөрдү жана башка иштерди жүргүзүүгө катышат;
13) өз ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык, жеке жактар жана эл аралык уюмдар менен келишимдерди жана макулдашууларды түзөт.
4. Ишин уюштуруу
9. Институттун тийиштүү жылга иш пландары, Институттун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министри тарабынан бекитилет.
10. Институттун ишин Кыргыз Республикасынын Экономика министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
11. Директордун бир орун басары болот, ал Институттун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматынан бошотулат.
12. Институттун штаттык саны директор жана анын орун басарынан турган жетекчиликтен, ошондой эле келишимдик негизде жалданган эксперттерден (консультанттардан) турат.
Эксперттерди (консультанттарды) тандоо процесси эл аралык уюмдардын жол-жоболоруна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдерин сактоо менен жүргүзүлөт.
Эксперттерди (консультанттарды) кармоо эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттарынын эсебинен келишимдик негизде жүргүзүлөт (имараттын ижарасы, эмгек акы төлөө, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, транспорттук жана башка чыгымдар).
5. Институттун директорунун жана анын орун басарынын ыйгарым укуктары
13. Институттун директору:
1) Институттун ишин пландайт жана анын аткарылышын камсыздайт, Институтка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчиликти тартат;
2) Кыргыз Республикасынын Экономика министринин тейлөөчү орун басары менен макулдашуу боюнча эксперттерге (консультанттарга) техникалык тапшырманы бекитет;
3) Кыргыз Республикасынын Экономика министринин тейлөөчү орун басары менен макулдашуу боюнча Институттун эксперттери (консультанттары) менен жалдоо жана жоюу контракттары боюнча иштерди жүргүзөт;
4) Министрликке жыл сайын Институттун аткарган иштери жөнүндө отчетторду берет;
5) өзүнүн компетенциясынын чегинде Институттун директорунун орун басарына жана эксперттерге (консультанттарга) аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет;
6) Институттун ишин жетектөө боюнча башка ыйгарым укуктарды аткарат.
14. Институттун директору жок учурда анын милдеттерин Кыргыз Республикасынын Экономика министринин тейлөөчү орун басары менен макулдашуу боюнча расмий бланктарга кол коюу укугу менен директордун орун басары аткарат.
Директордун орун басары:
1) административдик-чарбалык иштерге жооптуу;
2) финансылык маселелерге жооптуу;
3) изилдөө иштеринин маалыматтык базасын түзөт.
6. Финансы-чарбалык иши
15. Институттун финансы-чарбалык иши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
16. Институттун директорун жана анын орун басарын кармоону каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен Министрлик үчүн каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
17. Институтту кармоо жана анын ишин жүргүзүү чыгымдарын каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
1) юридикалык жана жеке жактардан, эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде эл аралык уюмдардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алынган каражаттар;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржы булактарынан.
18. Институттун мүлкү оперативдик башкаруу укугунда ага бекитип берилет жана максаттуу багыты боюнча пайдаланылат.
19. Институттун каражаттарынын чыгымдалышы үчүн жоопкерчиликти Институттун директору тартат.
7. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу тартиби
20. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.
21. Институттун иши Министрликтин, сот органдарынын чечими, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча токтотулушу мүмкүн.
22. Институттун иши токтотулган учурда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.