Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-декабры № 661
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 413 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылга иш-чаралар планынын 18-пунктуна, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин штаттык санынын жана эмгек акы төлөө фондунун алкагында түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институтун түзүү менен байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерин белгиленген тартипте чечсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |