Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 3-мартындагы
N 138 токтому менен
бекитилген
I. Жалпы жоболор
II. Мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун баалоо
III. Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо критерийлери
IV. Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун баалоо көрсөткүчтөрү
V. Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээли
VI. Республикалык жана аймактык (жергиликтүү) деңгээлдеги маалыматты жыйноо, азык-түлүк коопсуздугунун индикаторлорунун мониторинги үчүн жооптуу органдар
VII. Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалыматтарды жыйноого жооптуу органдар
VIII. Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун негизги индикаторлорун аныктоо методикасы
Ушул Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун мониторинги жана индикаторлору жөнүндө Жобо (мындан ары - Жобо) республиканын эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын, экономикалык жана социалдык туруктуулугун сактоонун маанилүү шарты катары республикадагы жана региондордогу азык-түлүк коопсуздугунун абалын башкаруу максатында иштелип чыккан.
I. Жалпы жоболор
1. Республикадагы жана региондордогу азык-түлүк коопсуздугунун абалынын мониторингин жүзөгө ашыруу үчүн ушул Жобо менен мониторингдин системасы, көрсөткүчтөрдүн тизмелери, маалыматтарды жыйноонун, иштеп чыгуунун жана талдоонун тартиби белгиленет.
2. Азык-түлүк коопсуздугунун абалынын мониторинги республиканын экономикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык жана тактикалык планын ишке ашыруу этаптарына, мамлекеттик отчеттуулукка ылайык келет, Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун абалын аныктоочу көрсөткүчтөрдү камтыйт.
Бул тизмеге төмөнкү көрсөткүчтөр кирет:
- республиканын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээли жөнүндө;
- региондорго карата улуттук азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн негизги тамак-аш азыктарынын өндүрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте бекитилген керектөөлөрдүн физиологиялык жана минималдык ченемдерине ылайык республиканын калкынын (анын ичинде региондорго карата) азык-түлүккө керектөөсүнүн деңгээли жөнүндө;
- азык-түлүктүк ички рыноктун көлөмдөрү, негизги тамак-аш азыктары боюнча өздүк өндүрүштүн жана республикадагы импорттун деңгээли жөнүндө;
- өндүрүлгөн продукцияны улуттук валютанын бирдигинде эсептөө менен айыл чарбалык өндүрүүчүлөрдү колдоонун деңгээли жөнүндө;
- азык-түлүк рынокторун өнүктүрүү жана алардын калкты азык-түлүк менен камсыздоого тийгизген таасири жөнүндө;
- калктын тамак-аш азыктарын сатып алууга чыгымдары жөнүндө.
II. Мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун баалоо
3. Азык-түлүк коопсуздугу - Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалы, мында республиканын азык-түлүк жаатындагы көз карандысыздыгы камсыз кылынат жана тамак-аш азыктарын керектөөнүн белгиленген минималдуу ченемдерине ылайык калк үчүн азык-түлүктүн физикалык жана экономикалык жактан жеткиликтүүлүгүнө кепилдик берилет.
Азык-түлүк кризиси - Кыргыз Республикасынын бардык же көпчүлүк аймактарында тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдуу ченемдерине ылайык калкты негизги тамак-аш азыктары менен камсыздоо коркунучта болгон абал жана бул коркунуч мамлекеттик жөнгө салуу чараларын колдонуу менен гана жоюлушу мүмкүн.
4. Азык-түлүк коопсуздугу төмөнкү абалдар менен мүнөздөлөт:
өнөкөт азык-түлүк көз карандылыгы - акча бар туруп, азык-түлүктүн тартыш болушу же акчанын тартыштыгында азык-түлүктүн бар болушу, мында азык-түлүктү зарыл болгон санда сатып алуу же өндүрүү мүмкүн болбогондугунун айынан тамак-аш азыктарын керектөө жыл бою туруктуу жетишсиз бойдон калат;
убактылуу азык-түлүк көз карандылыгы (кооптуу абал) - тамак-аш азыктарына болгон баанын өсүүсү, түшүмсүздүктүн же кирешенин деңгээлинин төмөндөшүнүн себебинен азык-түлүктүн жетиштүүлүгүнүн туруктуулугунун мезгил-мезгили менен бузулуусу;
потенциалдуу азык-түлүк көз карандылыгы - айыл чарба жана азык-түлүк рынокторунун коньюнктураларынын начарлоосуна алып келүүчү тышкы кризистерге жана толкундоолорго мамлекеттин алсыздыгы, дүйнөлүк атаандаштардын соода согуштары жана ушул сыяктуулар.
5. Азык-түлүк көз карандылыгы агроөнөр-жай өндүрүшүнүн натыйжалуулугунун төмөн болуусунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн. Ошону менен бирге, азык-түлүктөгү кооптуу абал эгер ал өздүк максаттуу (монокультура) болсо, продукциянын тартыштыгынан эле эмес, ал тургай экспорттоодон, ошондой эле улуттук валютанын туруксуз курсунда тышкы карызды төлөө боюнча милдеттенмелердин көбөйүп кеткенинен келип чыгат.
6. Азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү төмөнкүлөр аркылуу чечилет:
- азык-түлүк менен жабдууну жакшы тамактануу үчүн жетиштүү деңгээлде кармап туруу;
- импортко болгон көз карандылыкты жоюу жана продукцияны өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо.
7. Мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугунун даражасы үч деңгээл боюнча бааланат:
- оптималдуу (жетишерлик) - 15-20 пайыз - экспорт, 15-20 пайыз импорт, 80-85 пайыздын чегинде өздүк өндүрүштүн эсебинен ички азык-түлүк рыногун камсыздоо үчүн жетиштүү болгон ресурстардын балансы.
- жетишерлик эмес - азык-түлүктүн 60 пайыздан ашыгы, бирок 80 пайыздан азыраагы өздүк өндүрүштүн эсебинен камсыз кылынуучу өндүрүш деңгээли.
- кооптуу - андан ары импортко көз карандылык пайда болуучу өндүрүштүн деңгээли, мында ички азык-түлүк рыногунун балансы өздүк өндүрүштүн эсебинен 60 пайыздын чегинде камсыз кылынууга тийиш.
8. Тамактануунун физиологиялык ченемдери - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан илимий негизделип жана бекитилип, ден соолугу чың адамдардын зарыл болгон заттарды жана кубаттуулукту керектөөсүн толук канааттандырган тамак-аш заттарын жана кубаттуулукту керектөөнүн ченемдери.
9. Тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдуу ченемдери - тамактануудагы керектөөнү камсыздоо үчүн зарыл болгон сандагы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген тамак-аш азыктарын керектөө ченемдери.
10. Азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн негизги азыктар болуп төмөнкүлөр аныкталган:
- нан жана нан азыктары;
- картөшкө;
- мөмө жана жер-жемиштер;
- жашылча жана бакча өсүмдүктөрү;
- кант;
- өсүмдүк майы;
- сүт жана сүт азыктары;
- эт жана эт азыктары;
- жумуртка.
III. Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо критерийлери
11. Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо критерийлери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) тамак-аш рационундагы компоненттерди жана кубаттуулукту физиологиялык керектөөлөрүн канааттандыруу даражасы төмөнкүлөр менен аныкталат:
- тандалган ар бир азыкты өндүрүү жана керектөө боюнча туура статистикалык маалыматтары бар калктын тамактануу түзүмүн чагылдыруучу азыктардын тизмеси менен;
- бир жанга азыктын ар бир түрү боюнча эсептегенде республиканы азык-түлүк менен камсыздоо деңгээлин баалоо менен;
2) ата мекендик өндүрүштүн тамак-аш азыктары жана импорттолуп келген тамак-аш азыктарынын коопсуздуктун көрсөткүчтөрүнө ылайык келиши төмөнкүлөр менен аныкталат:
- продукциянын сапаттык көрсөткүчтөрүн баалоо менен;
- импорттук продукциялардын сапаттык көрсөткүчтөрүн Кыргыз Республикасынын стандарттарынын талаптарына ылайык келүүсүн талдоо менен;
3) азык-түлүк ресурстарынын жана рационалдуу тамактануусу үчүн каражаттардын калктын ар кандай категориялары үчүн физикалык жана экономикалык жеткиликтүүлүгү төмөнкүлөрдү билдирет.
Тамак-аш азыктарынын физикалык жеткиликтүүлүгү - калктын керектөөсүн канааттандыруу үчүн тамак-аш азыктарынын жетиштүү көлөмдө керектөөчү жерлерге үзгүлтүксүз берилип туруусу.
Тамак-аш азыктарынын экономикалык жеткиликтүүлүгү - иш жүзүндөгү керектөөнүн түзүмүндө, баалардын системасында, кирешелердин, социалдык жөлөк пулдардын деңгээлинде тамак-аш азыктарын керектөө ченемдерине ылайык тамак-аш азыктарын калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгү.
Калктын айрым топторунун кирешелеринин жиктелип бөлүнүшүнүн тереңдегендигинин айынан экономикалык жеткиликтүүлүктү бир катар жеткиликтүүлүктүн жеке коэффициенттери менен толуктоо зарыл, алар калктын ар кандай кирешеси бар топтору боюнча эсептелет.
Тамак-ашка кеткен чыгымдарынын үлүштөрү боюнча калк төмөндөгү топторго бөлүнөт:
I топ - кирешеси 70 пайызга чейин;
II топ - кирешеси 60 пайызга чейин;
III топ - кирешеси 50 пайызга чейин;
IV топ - кирешеси 35 пайызга чейин.
4) республиканы азык-түлүк менен жабдуунун жана агроөнөр-жай комплексин ресурстук камсыздоонун импорттук жеткирүүлөргө болгон көз карандылыгынын даражасы.
Жашоо үчүн маанилүү тамак-аш азыктарын импорттук жеткирүүчүлөргө болгон өлкөнүн көз карандысыздыгынын параметрлери болуп керектөөдөгү төмөнкү үлүштүк көрсөткүчү эсептелет. Азык-түлүк көйгөйлөрү 1996-жылдын 17-ноябрында жогорку деңгээлдеги бүткүл дүйнөлүк жолугушууда кабыл алынган Рим декларациясына ылайык алынган азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттемелерине ылайык азык-түлүк коопсуздугунун сунуш кылынган деңгээли жалпы керектөөдө импорттолгон продукция көлөмү 16 пайыздан ашпаган көлөмдү түзөт.
Азык-түлүк импортуна карата азык-түлүк коопсуздугунун кооптуу чеги 40-50 пайыз болуп эсептелет;
5) ченемдик керектөөлөргө ылайык стратегиялык жана ыкчам азык-түлүк запастарынын көлөмү.
Мамлекеттин стратегиялык резервдеринин жетиштүүлүгү мамлекеттик материалдык резервдик запастарынын деңгээлинин калкты негизги тамак-аш азыктары менен 90 күндөн кем эмес камсыздоо мүмкүнчүлүгү менен аныкталат.
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык тамак-аш азыктарынын сапатын, калориялуулугун жана коопсуздугун продукциянын сапаты боюнча Кыргыз мамлекеттик стандарттын ченемдик талаптарына ылайык камсыздоо менен негизги тамак-аш азыктарын сатып алууда мамлекеттик бюджеттин каржылоо мүмкүнчүлүгү.
IV. Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун баалоо көрсөткүчтөрү
12. Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун баалоо үчүн эки типтеги көрсөткүчтөр эсептелет:
- стратегиялык алдын алуу максаты үчүн пайдаланылуучу көрсөткүчтөр - калыптанып жаткан коркунучтарды жана алардын келечекте ишке ашуусунун потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо;
- тактикалык алдын-алуу үчүн пайдаланылуучу көрсөткүчтөр - пайда болгон коркунучтардын кесепеттерин өлчөө.
13. Стратегиялык мониторинг азык-түлүк коопсуздугунун абалын баалоочу артыкчылыктуу метод болуп эсептелет, анткени анын көрсөткүчтөрү коркунучту толук калыптана элегинде аныктоого, саясаттын варианттарынын спектрин кеңейтүүгө жана анын куралдарын тандоого мүмкүнчүлүк берет, себеби коркунучту алдын алуу жолу менен эртерээк жоюу, коркунучтун кесепеттерин жоюуга караганда натыйжалуу. Көрсөткүчтөрдү тандоо алдыга коюлган максаттарга жана зарыл болгон статистикалык маалыматты алуунун мүмкүнчүлүгүнө жараша ар бир конкреттүү учурда ишке ашат.
14. Улуттук деңгээлдеги азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо дан, кант, өсүмдүк майы, сүт жана эт азыктары сыяктуу азыктар менен камсыздоо артыкчылыктуу болуп эсептелет. Жогоруда көрсөтүлгөн ар бир азык боюнча керектөөнү канааттандыруу дайыма мамлекеттик органдардын контролунда туруп, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көзөмөлгө алынууга тийиш.
Картөшкө, жашылчалар, мөмөлөр, жемиштер, жумурткалар көпчүлүк учурда өз алдынча камсыздоонун региондук деңгээлиндеги азыктарга кирет. Ошону менен бирге булардын ар бирине тигил же бул региондо артыкчылыктуу маани берилиши мүмкүн.
1-таблица
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Көрсөткүч │ Нормативдин болушу │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│ 1. Стратегиялык мониторингдин көрсөткүчтөрү ("айгай" индикатору) │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│Импорттолуучу товарлардын өсүү │Ата-мекендик өндүрүштүн өсүү │
│темптери жана көлөмдөрү │темпинен жогору │
│ │ │
│Улуттук рыноктогу импорттук │16-20%дан жогору │
│товарлардын үлүшү │ │
│ │ │
│Ата мекендик товарларды сатуу │Жок │
│көлөмдөрүнүн динамикасы │ │
│ │ │
│Өздүк өндүрүш көлөмдөрүнүн │Жок │
│динамикасы │ │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│ 2. Тактикалык мониторингдин көрсөткүчтөрү │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│Сандык көрсөткүчтөр: │ │
│Республиканы өздүк өндүрүштөгү │Өлкөгө керектелүүчү жалпы көлөмдүн│
│азык-түлүк менен, анын ичинде │75-80 пайызынан төмөн болбошу │
│жашоо үчүн маанилүү тамак-аш │керек │
│азыктары менен өзүн-өзү камсыздоо │ │
│деңгээли │ │
│ │ │
│Азык-түлүктүн, анын ичинде жашоо │Өлкөгө керектелүүчү жалпы көлөмдүн│
│үчүн маанилүү тамак-аш азыктарын │20-25 пайызынан жогору болбошу │
│импорттук жеткирүүдөн көз │керек │
│карандылыктын деңгээли │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│Сапаттык көрсөткүчтөр: │ │
│Негизги тамак-аш азыктарын │Керектөөнүн минималдуу ченемдери │
│керектөө деңгээли жана динамикасы │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│Калктын айрым топторунун жалпы │ │
│чыгымдарындагы азык-түлүккө болгон│ │
│чыгымдардын үлүшү │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│Азыктардын аймактык │ │
│жеткиликтүүлүгү (түрдүү │ │
│региондордо бирдей товарларга │ │
│болгон чекене баалардын деңгээлин │ │
│салыштыруу жолу менен өлчөнгөн) │ │
15. Эң маалыматтуу көрсөткүчтөр болуп, азык-түлүк коопсуздугунун сапаттык жана сандык тарабын мүнөздөгөн көрсөткүчтөр берилет:
- ар бир жанга азык-түлүк керектөөсүнүн иш жүзүндөгү деңгээли;
- импорттук азык-түлүктү жеткирүүгө болгон көз карандылыктын деңгээли;
- республиканын азык-түлүк менен, анын ичинде негизги тамак-аш азыктары менен өзүн-өзү камсыздоонун деңгээли.
V. Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээли
16. Республикада азык-түлүк менен камсыздоону чечүү үчүн төмөнкү классификация боюнча кыйла жогорку деңгээлдерге жетишүүгө багытталган сапаттык параметрлерди көтөрүү каралат:
биринчи деңгээл - бир суткага орточо алганда бир жанга 1800-2300 килокалориялык керектөө, мунун өзү өнөкөт ачкачылыкты жеңүү жана калктын көбөйүүсүн калыбына келтирүүнүн шарттарын түзүү үчүн жетиштүү болуп эсептелет;
экинчи деңгээл - бир суткага орточо алганда бир жанга 2300-2800 килокалориялык керектөө эпизоддук ачкачылык да болбой турган жана элдин туруктуу өсүүсүн камсыздаган азык-түлүк ресурстарынын көлөмдөрүнө жетишүүнү мүнөздөйт;
үчүнчү деңгээл - бир суткага орточо алганда бир жанга 2800-3600 килокалориялык керектөө. Бул азык-түлүк ресурстары теңдештирилбесе дагы тамак-аш рационунун элементтери боюнча туруктуу керектөөнү канааттандырууга жетиштүү экендигин билдирет;
төртүнчү деңгээл - белок, витаминдер жана башка маанилүү компоненттер боюнча милдеттүү түрдө теңдештирүүдө энергетикалык баалуулугу боюнча тамак-аш азык-түлүктөрүн жетиштүү керектөө;
бешинчи деңгээл - теңдештирилген, экологиялык жактан таза азыктарды гана эмес, калктын саламаттыгын жакшыртууга өбөлгө түзүүчү азыктарды бир жанга орточо алынгандагы керектөө;
алтынчы деңгээл - теңдештирилген, экологиялык жактан таза, калктын саламаттыгын жакшыртууга өбөлгө түзүүчү азыктардын бир жанга орточо алгандагы керектөөсүн гана эмес, анын бардык социалдык топтор тарабынан керектелгендигин билдирет;
азык-түлүк менен камсыздоонун жетинчи деңгээли адамдын табиятын өркүндөтүүгө, анын активдүү жашоосун узартууга мүмкүндүк бере турган тамактануунун түзүмүн мүнөздөйт.
17. Азык-түлүк коопсуздугу региондук (жергиликтүү) деңгээлде төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча бааланат:
- региондорго карата жалпысынан бардык калк үчүн бир жылдык мезгилде негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн деңгээли;
- региондордогу калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн абалы;
- тиешелүү региондогу айыл чарба продукциясынын, чийки заттын жана азыктарынын өндүрүшү жана анын динамикасы;
- ата-мекендик жана импорттук продукцияга азык-түлүк рыногундагы баалардын динамикасы;
- азык-түлүк рыногунун инфраструктурасынын абалы жана ар кандай каналдар (кайра иштетүүчү уюмдар, менчик соода тармактары жана башка каналдар) боюнча продукцияны сатуу өлчөмдөрү;
- айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу боюнча алакалашкан бирикмелердин болушу жана иш аракети;
- айыл чарба азык-түлүктөрүнүн сапаты жана аны контролдоочу уюмдардын ишмердүүлүгү.
Региондун азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыздоосунун жана анын продукциясын сыртка чыгаруусунун мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо үчүн ар бир жанга эсептелген продукцияны өндүрүүнүн коэффициенти республика боюнча ошол эле көрсөткүчкө карата эсептелет. Ар бир жанга эсептелген продукциянын коэффициенти бирдиктен ашып кеткен аймак анын экспортеру болушу мүмкүн. Бирдиктен төмөн коэффициент болгон учурда бул продукцияны алып келүү зарыл.
Сыртка чыгаруу мүмкүнчүлүгү продукциянын аталган түрүн региондо керектөө деңгээли боюнча көрсөткүч менен аныкталат.
18. Региондогу калктын бардык топторунун сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн абалын алардын киреше булактары боюнча көзөмөлдөө зарыл. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин классификациясына ылайык аларга төмөнкүлөр кирет:
- ар бир жанга орточо айлык киреше;
- белгиленген орточо айлык пенсия;
- чегерилген орточо айлык эмгек акы.
Рынок шарттарында калк топторунун кирешелеринин жиктелип бөлүнүшүнүн өсүп баратканына байланыштуу (өтө көп жана өтө аз камсыз болгон топтордун үй-бүлө мүчөсүнө эсептелген кирешелердин катышы) региондордо азык-түлүк менен камсыздоо мезгил-мезгили менен мониторингди жүзөгө ашырууну талап кылат.
2-таблица
┌────────────────────────────────────┬──────────┬─────────────────────┐
│ Берилүүчү маалыматтар │ Маалымат │Жооптуу министрликтер│
│ │ берүүнүн │ жана ведомстволор │
│ │мезгилдери│ │
├────────────────────────────────────┼──────────┼─────────────────────┤
│1. Кыргыз Республикасындагы (анын │Квартал │Айылсуучарбамин, │
│ичинде региондор боюнча) азык-түлүк │сайын │облустук мамлекеттик │
│өндүрүшүнүн зарыл болгон жана иш │ │администрациялар жана│
│жүзүндөгү деңгээлдеринин балансы │ │Бишкек, Ош │
│ │ │шаарларынын мэриялары│
├────────────────────────────────────┼──────────┼─────────────────────┤
│2. Өндүрүлгөн продукцияны улуттук │Жарым │Айылсуучарбамин │
│валютанын бирдигине эсептегенде │жылдык │ │
│айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоонун │ │ │
│деңгээлин эске алуу менен, Кыргыз │ │ │
│Республикасындагы агро өнөр-жай │ │ │
│комплексинин (айыл чарба │ │ │
│тармактарына карата) өнүгүү абалы │ │ │
├────────────────────────────────────┼──────────┼─────────────────────┤
│3. Региондорго карата │Жарым │Айылсуучарбамин, │
│экспорттук-импорттук операцияларды │жылдык │Мамбажыком, │
│эске алуу менен азык-түлүк │ │Улутстатком │
│коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн│ │(макулдашуу боюнча), │
│негизги азыктар боюнча ички │ │облустук мамлекеттик │
│азык-түлүк рыногунун көлөмдөрүнүн │ │администрациялар жана│
│көрсөткүчтөрү │ │Бишкек, Ош │
│ │ │шаарларынын мэриялары│
├────────────────────────────────────┼──────────┼─────────────────────┤
│4. Өздүк өндүрүштүн эсебинен негизги│Квартал │Айылсуучарбамин, │
│тамак-аш азыктары менен камсыз │сайын │Экономсоодамин │
│болуусу жана ички рыноктун керектөө │ │ │
│көлөмүндөгү негизги азыктардын │ │ │
│импортунун үлүшү │ │ │
├────────────────────────────────────┼──────────┼─────────────────────┤
│5. Азыктардын экономикалык │Жылдык │Экономсоодамин, │
│жеткиликтүүлүгү │ │Эмгексоцмин, │
│ │ │Улутстатком │
│ │ │(макулдашуу боюнча) │
├────────────────────────────────────┼──────────┼─────────────────────┤
│6. Региондорго карата негизги │Квартал │Улутстатком │
│тамак-аш азыктарынын республика │сайын │(макулдашуу боюнча), │
│боюнча иш жүзүндөгү керектелүүсү бир│ │Айылсуучарбамин │
│жанга, кг/жыл. │ │ │
│Тамак-аш азыктарынын негизги түрлөрү│ │ │
│боюнча азык-түлүк көз карандысыздыгы│ │ │
├────────────────────────────────────┼──────────┼─────────────────────┤
│7. Кыргыз Республикасындагы │Жылдык │Улутстатком │
│азык-түлүк коопсуздугунун │ │(макулдашуу боюнча), │
│деңгээлдеринин (улуттук, региондук, │ │Айылсуучарбамин, │
│(жергиликтүү), калктын социалдык │ │Эмгексоцмин, │
│топторунун жана үй чарбалардын) │ │Финмин, │
│эсеби: │ │облустук мамлекеттик │
│- тамак-аш азыктарына болгон │ │администрациялар жана│
│ физиологиялык керектөөнүн │ │Бишкек, Ош │
│ даражасы; │ │шаарларынын мэриялары│
│- тамак-аш азыктарынын коопсуздук │ │ │
│ көрсөткүчтөрүнө ылайык келиши; │ │ │
│- азык-түлүктүн физикалык жана │ │ │
│ экономикалык жеткиликтүүлүгү; │ │ │
│- азык-түлүк рыногунун импорттук │ │ │
│ жеткирүүлөрдөн көз карандылыгы; │ │ │
│- керектөөнүн ченемдерине ылайык │ │ │
│ азык-түлүк запастарын түзүү үчүн │ │ │
│ бюджеттин камсыздалуу даражасы │ │ │
├────────────────────────────────────┼──────────┼─────────────────────┤
│8. Мамлекеттин азык-түлүк │Квартал │Айылсуучарбамин │
│коопсуздугунун даражасын аныктоо │сайын │ │
│(оптималдуу, жетишерлик эмес, │ │ │
│кооптуу) │ │ │
├────────────────────────────────────┼──────────┼─────────────────────┤
│9. Калктын айрым топторунун │Жарым │Улутстатком │
│жалпы чыгымдарындагы азык-түлүккө │жылдык │(макулдашуу боюнча), │
│болгон чыгымдарынын үлүшү │ │Эмгексоцмин │
├────────────────────────────────────┼──────────┼─────────────────────┤
│10. Азык-түлүктүн түрлөрү боюнча │Ай сайын │Экономсоодамин │
│орточо экспорттук баалар │ │ │
├────────────────────────────────────┼──────────┼─────────────────────┤
│11. Тамактануу түзүмүнүн жогорку │Жылдык │Саламаттык сактоо │
│деңгээлдерине жетүү максатында │ │министрлиги, │
│керектелүүчү продукциянын сапаттык │ │Айылсуучарбамин │
│параметрлеринин өзгөрүү │ │ │
│динамикасынын мониторинги: │ │ │
│- биринчи деңгээл - 1800-2300 ккал.;│ │ │
│- экинчи деңгээл - 2300-2800 ккал.; │ │ │
│- үчүнчү деңгээл - 2800-3600 ккал. │ │ │
└────────────────────────────────────┴──────────┴─────────────────────┘
19. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигине өз компетенцияларына ылайык азык-түлүк коопсуздугунун индикаторлорунун мониторингинин жана талдоосунун жыйынтыктары боюнча маалымат даярдап, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин беришет.
20. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлиги берилген маалыматтардын негизинде азык-түлүк коопсуздугунун абалына жалпы талдоо жүргүзөт жана отчеттук мезгилден кийинки айдын 10на чейин азык-түлүк коопсуздугу боюнча жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешине берет.
21. Бул методика (система) Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун негизги индикаторлорун аныктоо максатында иштелип чыкты.
22. Кыргыз Республикасынын (региондордун) азык-түлүк коопсуздугунун абалын мүнөздөгөн индикаторлор тамак-аш азыктарынын төмөндөгү негизги топтору боюнча эсептелет: нан жана нан азыктары, картөшкө, мөмө жана жемиштер, жашылчалар жана бакча өсүмдүктөрү, кант, өсүмдүк майы, сүт жана сүт азыктары, эт жана эт азыктары, жумуртка.
23. Азык-түлүк коопсуздугунун индикаторлору болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) адамдын рационунун суткалык кубаттуулугу, ал бир сутканын ичинде адам керектей турган азыктын айрым түрлөрүнүн массасынын бирдигинин жана алардын энергетикалык баалуулугунун көбөйтүндүсү катары аныкталат, ал төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Р = Е МiЦi,
мында:
Р - адамдын суткалык рационунун энергетикалык баалуулугу;
i - тамак-аш азык-түлүгүнүн түрү;
Mi - бир адам керектеген 1-азыктын массасы;
Цi - i-азыктын массасынын бирдигинин энергетикалык баалуулугу.
Акыркы чектеги (босого) критерий суткасына 2500 ккал. түзөт, мында суткалык рациондун 55 пайызы малдын майынан жасалган азыктарды керектөөнүн эсебинен камсыз болууга тийиш.
Бул индикатор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ар бир жылдык негизде эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигине берилет;
2) азыктын негизги түрлөрү менен адамдын рационун камсыздоо, ал айрым бир азыкты накта керектөө менен анын минималдуу ченеминин катышы катары аныкталат:
Сф
С = ----,
Ср
мында:
С - айрым бир азыкты керектөөнүн жетиштүүлүгүнүн индикатору;
Сф - бир жылга бир адамдын айрым азыкты иш жүзүндө керектөөсү;
Ср - бир жылга бир адамдын айрым азыкты керектөөсүнүн минималдуу ченеми.
Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык-демографиялык топтору үчүн тамак-аш азыктарын керектөөсүнүн минималдуу ченеми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет.
Бул индикатор Кыргыз Республикасын Улуттук статистикалык комитети тарабынан ар бир жылдык негизде эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигине берилет;
3) мамлекеттик азык-түлүк резервиндеги эгиндин запастарынын жетиштүүлүгү, ал мамлекеттик азык-түлүк резервиндеги азык-түлүк эгиндин көлөмдөрү менен керектөөнүн минималдуу ченемдерине ылайык данга эсептелген калктын нанды жана нан азыктарын ички керектөөсүнүн көлөмдөрүнүн катышы катары аныкталат:
Н
З = --- х 100%,
Х
мында:
З - дан азык-түлүгүнүн ресурстары менен камсыздоо индикатору;
Н - мамлекеттик материалдык резервдеги азык-түлүк дандын болушу;
X - Кыргыз Республикасындагы минималдуу керектөө ченемдерине ылайык данга эсептеген нандын жана нан азыктарынын орточо жылдык ички керектөөсү.
Белгиленген көрсөткүчтүн акыркы чектеги (босого) критерийи болуп анын калктын социалдык жактан аялуу катмарынын 90 күндүк керектөөсүн камтыган 25 пайыздык деңгээл эсептелет.
Бул индикатор Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан ар бир кварталдык негизде эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигине берилет;
4) азыктардын экономикалык жеткиликтүүлүгү, ал үй чарбаларынын жыйынды чыгымдарынын жалпы жыйынтыгында тамак-ашка кеткен биргелешкен чыгымдардын үлүшү катары аныкталат:
Вп
Дэ = ----,
Вс
мында:
Дэ - азыктардын экономикалык жеткиликтүүлүгүнүн индикатору;
Вп - калктын бир жылга тамак-ашка кете турган чыгымдары;
Вс - калктын бир жылга жыйынды чыгымдары.
Белгиленген көрсөткүчтүн акыркы чектеги (босого) критерийи болуп анын 63,96 пайыздык деңгээли эсептелет.
Бул индикатор Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети тарабынан биргелешип ар жылдык негизде эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигине берилет;
5) социалдык топтор боюнча тамак-ашка чыгымдардын дифференциясы, ал динамикада көзөмөлдөнөт жана көп кирешелүү үй чарбаларынын 20 пайызынын тамак-ашынын наркы менен аз кирешелүү үй чарбаларынын 20 пайызынын тамак-ашынын наркынын катышы катары эсептелет:
Dmax
D = ------,
Dmin
мында:
D - тамак-ашка болгон дифференциациянын индикатору;
Dmax - көп кирешелүү үй чарбаларынын 20 пайызынын керектелген азыктарынын наркынын көрсөткүчү;
Dmin - аз кирешелүү үй чарбаларынын 20 пайызынын керектелген азыктарынын наркынын көрсөткүчү.
Бул индикатор Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети менен биргеликте ар жылдык негизде эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигине берилет;
6) айрым азыктардын ички рыногунун сыйымдуулугу, ал динамикада көзөмөлдөнөт жана белгилүү бир азыкты керектөө менен калктын орточо жылдык санынын көбөйтүндүсү катары натуралдык көрсөткүчтө аныкталат:
Еi = ФiЧ,
мында:
Е - i-азыктын ички рыногунун сыйымдуулугу;
Фi - i-азыктын бир жанга орточо жылдык керектөөсү (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча);
Ч - калктын орточо жылдык саны.
Бул индикатор Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук сатистикалык комитети менен биргеликте ар жылдык негизде эсептелет;
7) айрым азык боюнча азык-түлүктүк көз карандысыздык, ал натуралык көрсөткүчтөрү айрым азыктын импортунун көлөмү менен анын ички рыногунун сыйымдуулугунун катышы катары аныкталат:
Ii
Пi = ---- x 100%,
Ei
мында:
Пi - i-азыктын азык-түлүк импортунун үлүшү;
Ii - i-азыктын импорту;
Ei - i-азыктын ички рыногунун сыйымдуулугу.
Белгиленген көрсөткүч үчүн акыркы чектеги (босого) критерийи болуп анын 20 пайыздык деңгээли эсептелет.
Бул индикатор Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен биргеликте ар бир кварталдык негизде эсептелет.
8) Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк өндүрүшүнүн зарыл жана накта деңгээлдеринин балансы, ал проценттик катыштагы минималдык жана иш жүзүндө керектөө ченемдерине ылайык, өндүрүштүн накта деңгээлинин өндүрүштүн зарыл болгон деңгээлине карата катышы катары төмөндөгү формула боюнча эсептелет:
Ii
Пi = ---- x 100%,
Ei
мында:
Пi - i-азыктын өндүрүшүнүн зарыл болгон жана иш жүзүндөгү деңгээлдеринин коэффициенти;
Ii - i-азыктын өндүрүшүнүн зарыл болгон деңгээли (керектөөнүн керектүү жана иш жүзүндөгү деңгээлинде);
Ei - i-азыкты өндүрүүнүн иш жүзүндөгү деңгээли.
Бул индикатор Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети менен биргеликте жылдык негизде эсептелет;
9) калктын социалдык жактан аялуу катмарына негизги тамак-аш азыктарын сатып алууну жана жеткирүүнү каржылоого Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин мүмкүнчүлүгү. Каржылоонун иш жүзүндөгү деңгээлинин пайыздык катыштагы зарыл болгон (пландык) деңгээлине катышы катары эсептелет.
Бул индикатор Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте жарым жылдык негизде эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигине берилет.
10) тамак-аш азыктарынын сапатынын, калориясынын жана коопсуздугунун Кыргыз Республикасындагы колдонуудагы ченемдик талаптарына туура келүүсү.
Бул пункт боюнча маалымат Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигинин Мамлекеттик ветеринария департаментинин органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология институту тарабынан берилет.