Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-марты N 138
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндө мониторингди жүзөгө ашырууну камсыздоо максатында жана "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун мониторинги жана индикаторлору жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Жободо аныкталган мөөнөттө милдеттерди ишке ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлиги Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө маалыматтарды жыйнап жана талдап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешке берүүнү камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр-жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | И. Чудинов |