Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-декабры № 656
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча эсеп-фактураларга серияларды жана номерлерди ыйгаруу тартибинде:
- 14-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди экинчи ирет жана андан кийинки ыйгаруу ушул Тартипке ылайык салык салынуучу субъект берген Арыздын негизинде, мурда ыйгарылган сериялары жана номерлери менен КНСтин колдонулбаган эсеп-фактураларын эске алып, үч жолку орточо айлык керектөөдөн ашпаган санда салык органы тарабынан жүргүзүлөт.
Салык салынуучу субъекттин КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди экинчи ирет жана андан кийинки ыйгаруу, алар тарабынан КНС боюнча ай сайын салык отчёттору үзгүлтүксүз берилип турган шартта жүргүзүлөт.";
- 48-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"48. КНСтин эсеп-фактурасы окшош маалыматтарды камтыган эки нускадагы 1 баракта таризделет. Түп нусканын биринчи нускасы сатып алуучуга берилет, түп нусканын экинчи нускасы сатуучуда (жеткирүүчүдө) калат.
КНСтин эсеп-фактурасынын "Жеткирүү" бөлүмүндө толтурулган саптардын саны КНСтин эсеп-фактурасынын бекитилген формасындагы саптарынын санынан ашып кетсе, салык салынуучу субъект салык органы тарабынан ушул салык салынуучу субъектке ыйгарылган башка номери жана сериясы менен КНСтин эсеп-фактурасынын башка бланкын тариздейт.";
- 50-пунктунун 7-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"Эгерде кызмат көрсөтүү акысы бир эле учурда накталай жана накталай эмес формада төлөнсө, КНСтин эсеп-фактурасынын "төлөө формасы" 403-уячасында төлөө формасынын экөөсү тең көрсөтүлөт.
Бекер жеткирилген учурда (кайрымдуулук максатында жеткирүү жана/же бухгалтердик эсептин эрежелерине ылайык алардын эсептик наркы "нөлдүк" деп кабыл алынган товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу), КНСтин эсеп-фактурасынын бланкынын 403-уячасында "Бекер жеткирүү" жазуусу жүргүзүлөт.";
- 64-пунктунда:
- биринчи абзацы "тариздөө" деген сөздөн кийин "жалпы жыйынды маанилерди бир сапта көрсөтүү менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пунктчасында "терминал жана банкоматтар" деген сөздөр "терминал жана/же банкоматтар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 64-1-пункт менен толукталсын:
"64-1. Сатуудан салыктын түрдүү ставкаларын колдонуу менен бир сатып алуучуга товарларды, жумуштарды жана кызматтарды жеткирүү/аткаруу/көрсөтүү учурунда, салык салынуучу субъект ушул Тартиптин 48-пунктунун талаптарын сактоо менен КНСтин эсеп-фактурасынын бир комплектин тариздейт.";
- жогоруда аталган Тартиптин 1 жана 2-тиркемелери ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
жогоруда аталган токтомдун 2-7-тиркемелери ушул токтомдун 3-8-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин, бирок расмий жарыяланган айдан кийинки айдын 1инен эрте эмес күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 29-январындагы N 6 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
1-тиркеме
|
| "КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгаруу тартибине 1-тиркеме |
КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгарууга салык салынуучу субъекттин АРЫЗЫ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
2-тиркеме
|
| "КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгаруу тартибине 2-тиркеме |
Салык салынуучу жеткирүүлөр боюнча жазып берилген (таризделген) КНСтин эсеп-фактуралары жөнүндө МААЛЫМАТТАР
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
3-тиркеме
КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
4-тиркеме
КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
5-тиркеме
КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ (суу менен камсыз кылуу жана/же канализация)
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
6-тиркеме
КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ (электр байланышы)
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
7-тиркеме
КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ (жылуулук энергиясы)
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
8-тиркеме
КНСтин ЭСЕП-ФАКТУРАСЫ (электр энергиясы)
Графикалык көчүрмөнү караңыз.