Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-декабры № 650/37-4
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия тууралуу жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын курамында:
жетинчи жана сегизинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
М.Абылгазиев |
| Т.Абдыгулов |
Тиркеме
"Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия тууралуу ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) максатын, милдеттерин жана ишин уюштурууну аныктайт.
2. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн жана өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өнүктүрүүгө жана алардын үлүшүн көбөйтүүгө өбөлгө түзүүчү рыноктун башка катышуучуларынын биргелешкен ишин координациялоону;
- сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгууну;
- Кыргыз Республикасында стипендияларды, пенсияларды, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнү, камсыздандыруу төлөмдөрүн, салык жана бажы төлөмдөрүн жыйноону, ошондой эле социалдык төлөмдөрдү (жөлөкпул, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү) накталай эмес формада төлөөгө этап-этабы менен өткөрүү боюнча иш-чаралардын аткарылышын контролдоону;
- Кыргыз Республикасынын уюмдарынын эмгек акыларын жана башка төлөмдөрүн накталай эмес формада төлөөгө которуу боюнча иш-чаралардын аткарылышын контролдоону.
3. Ведомстволор аралык комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Ведомстволор аралык комиссиянын максаты жана милдеттери
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин максаты Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн жана өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өнүктүрүүгө жана алардын үлүшүн көбөйтүүгө өбөлгө түзүүчү рыноктун башка катышуучуларынын иш-аракеттерин координациялоо жана жалпы милдеттерди аткарууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча иш-чаралардын мамлекеттик органдар тарабынан аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маселелерди кароо жана чечимдерди кабыл алуу;
- накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча иш-чараларды аткаруунун жүрүшүндө пайда болгон маселелерди жана проблемаларды чечүү боюнча сунуштарды кароо жана бекитүү;
- накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча иш-чаралардын аткарылышын контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө квартал сайын берүү үчүн накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет даярдоо.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын ыйгарым укуктары
6. Ведомстволор аралык комиссия жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн жыйындарында Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча иш-чараларды аткаруу маселелерине карата мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын, Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүн жана рыноктун башка катышуучуларын угууга;
- Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнөн Ведомстволор аралык комиссиянын иши үчүн зарыл болгон маалыматты суроого;
- накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууда кыйла натыйжалуу көмөк көрсөтүү максатында Ведомстволор аралык комиссия жумушчу топторду түзүшү мүмкүн. Жумушчу топтордун курамына тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, ошондой эле акционердик коомдордун, юридикалык жактардын бирикмеси түрүндөгү тармактык ассоциациялардын, коммерциялык банктардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери жана жетекчилери кириши мүмкүн;
- негизги максатты ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программанын бардык жооптуу аткаруучуларынын жана кошо аткаруучуларынын ишин жана өз ара аракеттенүүсүн координациялоого;
- негизги максатка жана милдеттерге натыйжалуу жетүү үчүн иш-чаралар планына зарыл болгон оңдоолорду киргизүүгө;
- Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдеринин аткарылышын контролдоого жана алардын аткарылбагандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилик чаралары жана даражасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүүгө;
- Ведомстволор аралык комиссиянын алдындагы максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди ишке ашырууга.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу
7. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйындары маселени кароо зарылчылыгына/маанилүүлүк даражасына жана мөөнөтүнө жараша өткөрүлөт.
8. Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна маселелер иш-чараларды аткаруу блогуна жараша жана белгилүү бир милдеттерди аткаруу үчүн жооптуу Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү/жумушчу топтор тарабынан киргизилет.
Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна маселелер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дарегине жазуу жүзүндө кайрылуу боюнча кайсыл болбосун министрлик, мамлекеттик комитет, административдик ведомство, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана рыноктун башка катышуучулары тарабынан демилгелениши мүмкүн.
9. Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизилүүчү материалдар катчы тарабынан даярдалат жана Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө аларды кароого чейин 5 (беш) жумуш күн мурда берилет. Бул материалдар зарылдыгына жараша Ведомстволор аралык комиссиянын тийиштүү жумушчу топторунда алдын ала талкууланышы мүмкүн.
10. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын төрага же анын орун басарларынын бири (макулдашуу боюнча) алып барат.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыкчам чара көрүүсүн жана/же чечим кабыл алуусун талап кылган жыйындарды өткөрөт. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы жок учурда, анын милдеттерин орун басарларынын бири аткарат (макулдашуу боюнча).
Каралуучу маселелерге жараша ар бир жыйын үчүн Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн курамынан жыйындын конкреттүү катышуучулары өзүнчө аныкталат. Каралуучу маселелерге жана зарылдыгына жараша Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынына Ведомстволор аралык комиссиянын тийиштүү жумушчу топторунун мүчөлөрү катыша алышат.
11. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны ага ушул жыйынга катышуу үчүн аныкталган мүчөлөрдүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу болуп саналат.
12. Маселелерди талкуулоо ачык формада өткөрүлөт. Чечимдер ушул жыйынга катышуу үчүн аныкталган Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
13. Жыйындын протоколу катчы тарабынан жыйын өткөрүлгөндөн кийин 5 (беш) жумуш күндүн ичинде таризделет, ага төрага же анын милдеттерин аткарып жаткан орун басары кол коёт. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйындарынын протоколдорунун көчүрмөлөрү катчыда сакталат. Жыйындардын протоколдорун сактоо мөөнөтү - туруктуу.
14. Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдеринин көчүрмөлөрү Ведомстволор аралык комиссиянын бардык мүчөлөрүнө берилет.
15. Ведомстволор аралык комиссиянын анын компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдери жооптуу аткаруучулардын аткаруусу үчүн милдеттүү.
16. Ведомстволор аралык комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому менен бекитилет.
17. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйындарын өткөрүүнү уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жүзөгө ашырат.
18. Ведомстволор аралык комиссиянын катчылыгынын функциясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлөт.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин кабыл алууну талап кылган маселелер боюнча Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте тийиштүү сунуштарды киргизет.
20. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзүнчө чечим чыгарганга чейин иштейт.".