Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-декабры № 662
Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдар жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча салыктык эмес кирешелерди башкарууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 24 жана 46-главаларына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөлөрдүн формасы (FORM STI-158), 1-тиркемеге ылайык;
- Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү тартиби (FORM STI-158), 2-тиркемеге ылайык;
- жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчеттун формасы (FORM STI-157), 3-тиркемеге ылайык;
- Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчетту толтуруу жана берүү тартиби (FORM STI-157), 4-тиркемеге ылайык.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
1-тиркеме
ФОРМА
FORM STI-158
Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча ЭСЕПТӨӨ
Тиркелген файлды караңыз.
2-тиркеме
Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү ТАРТИБИ FORM STI-158
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 24-главасына ылайык эсептелүүчү жана төлөнүүчү Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү (мындан ары - эсептөө) толтуруу жана берүү тартибин аныктайт.
2. Эсептөө капиталдык жана/же убактылуу имарат ээси тарабынан берилет.
3. Эсептөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлүктүү органдары тарабынан белгиленген мөөнөттө салыктык жана/же эсептик катталган жери боюнча салык органына берилет.
4. Эсептөө кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоо менен заказдык кат түрүндө почта аркылуу, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.
5. Эсептөө баруу тартибинде берилген учурда, эсептөө формасы эки нускада толтурулат, биринчи нуска салык органында калат, экинчи нуска салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылат.
6. Эсептөө почта аркылуу жиберилген учурда эсептөөнүн формасы бир нускада толтурулуп, кайра кабарлоосу бар заказдык кат менен салык органына жиберилет. Мында салык төлөөчү заказдык каттын жеткендиги тууралуу почта байланышынын кабарлоосун алат, ал эсептөөнүн берилгендигин ырастоо болуп саналат.
7. Электрондук документ түрүндөгү эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.
8. 001-уячада:
- эгерде эсептөө отчеттук мезгил үчүн биринчи жолу тапшырылып жатса, "X" түрүндөгү белги "алгачкы" уячасына коюлат;
- эгерде эсептөө мурда ушул эле отчеттук мезгил үчүн тапшырылган болсо, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, берилүүчү эсептөө оңдолсо, "X" түрүндөгү белги "такталган" уячасына коюлат;
- эгерде эсептөө салык төлөөчүнүн жоюлгандыгына байланыштуу берилип жатса, "X" түрүндөгү белги "жоюлуучу" уячасына коюлат;
2. I бөлүмдү толтуруу тартиби
9. 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.
10. 103-уячада салык төлөөчүнүн аты-жөнү же толук аталышы көрсөтүлөт.
11. 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык же эсептик катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
12. 107-уячада салык төлөөчүнү каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ИУЖК коду көрсөтүлөт.
13. 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.
14. 113-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл ж.б.) көрсөтүлөт.
15. 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча дареги (көчө, үй, офис, батир номери) көрсөтүлөт.
16. 115-уячада салык төлөөчүнүн телефон номери көрсөтүлөт.
17. 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
18. 201-уячада эсептөө берилип жаткан мезгилдин башталган күнү көрсөтүлөт (күнү, айы, жылы).
19. 202-уячада эсептөө берилип жаткан мезгилдин аяктаган күнү көрсөтүлөт (күнү, айы, жылы).
3. II бөлүмдү толтуруу тартиби
20. 301-уячада жумушчулардын саны көрсөтүлөт.
21. 302-уячада жумушчулардын саны боюнча ставка көрсөтүлөт.
22. 303-уячада жумушчулардын саны боюнча калктуу конуштун аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын суммасы көрсөтүлөт, ал 301 х 302 / 100% формуласы боюнча аныкталат.
23. 304-уячада жыйым төлөөчү үчүн бекитилип берилген имараттын аянты көрсөтүлөт.
24. 305-уячада имараттын аянты боюнча ставка көрсөтүлөт.
25. 306-уячада имараттын аянты боюнча калктуу конуштун таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын суммасы көрсөтүлөт, ал 304 х 305 / 100% формуласы боюнча аныкталат.
26. 307-уячада жумушчулардын саны жана имараттын аянты боюнча калктуу конуштун аймагынан ташттандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт, ал 303 + 306 формуласы боюнча аныкталат.
27. Отчеттун төмөнкү бөлүгүндө эсептөөгө кол койгон адамдын толук аты-жөнү (фамилиясы, аты, атасынын аты) көрсөтүлөт.
28. 901-уячада салык органы эсептөөнү кабыл алган дата көрсөтүлөт.
29. 902-уячада эсептөөнү кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.
3-тиркеме
ФОРМА
FORM STI-157
Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча ОТЧЕТ
Тиркелген файлды караңыз.
4-тиркеме
Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчетту толтуруу жана берүү ТАРТИБИ (FORM STI-157)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 46-главасына ылайык эсептелүүчү жана төлөнүүчү Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчетту (мындан ары - отчет) толтуруу жана берүү тартибин аныктайт.
2. Отчет казып алынуучу пайдалуу кендердин жайгашкан жери боюнча тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге жана региондорду өнүктүрүү фонддоруна жиберүү үчүн республикалык бюджетке чегерүүчү жана пайдалуу кендерин катталган жерине карабастан иштеп чыгуучу (казып алуучу) жеке жактар, жеке ишкерлер же юридикалык жактар тарабынан берилет.
3. Отчет салык органына отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейин салыктык жана/же эсептик катталган жери боюнча берилет.
4. Отчет кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоо менен заказдык кат түрүндө почта аркылуу, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.
5. Отчет баруу тартибинде берилген учурда, отчеттун формасы эки нускада толтурулат, биринчи нуска салык органында калат, экинчи нуска салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылат.
6. Отчет почта аркылуу жиберилген учурда, отчеттун формасы бир нускада толтурулуп, кайра кабарлоосу бар заказдык кат менен салык органына жиберилет. Мында салык төлөөчү заказдык каттын жеткендиги тууралуу почта байланышынын кабарлоосун алат, ал отчет берилгендигин ырастоо болуп саналат.
7. Электрондук документ түрүндөгү отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.
8. 001-уячада:
- эгерде отчет отчеттук мезгил үчүн биринчи жолу тапшырылып жатса, "X" түрүндөгү белги "алгачкы" уячасына коюлат;
- эгерде отчет мурда ушул эле отчеттук мезгил үчүн тапшырылган болсо, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, берилүүчү отчетто оңдолсо, "X" түрүндөгү белги "такталган" уячасына коюлат;
- эгерде, отчет салык төлөөчүнүн жоюлгандыгына байланыштуу берилип жатса, "X" түрүндөгү белги "жоюлуучу" уячасына коюлат;
2. I бөлүмдү толтуруу тартиби
9. 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.
10. 103-уячада салык төлөөчүнүн аты-жөнү же толук аталышы көрсөтүлөт.
11. 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык же эсептик катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
12. 107-уячада салык төлөөчүнү каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ИУЖК коду көрсөтүлөт.
13. 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.
14. 113-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт;
15. 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин жана батирдин номери) көрсөтүлөт;
16. 115-уячада салык төлөөчүнүн телефон номери көрсөтүлөт;
17. 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
18. 201-уячада отчет берилип жаткан мезгилдин башталган күнү көрсөтүлөт (күнү, айы, жылы).
19. 202-уячада отчет берилип жаткан мезгилдин аяктаган күнү көрсөтүлөт (күнү, айы, жылы).
3. II бөлүмдү толтуруу тартиби
20. 301-уячада кыйыр салыктарды эсепке албаганда, пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн акчанын көлөмү көрсөтүлөт.
21. 302-уячада жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн ставкасы көрсөтүлөт.
22. 303-уячада жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн суммасы көрсөтүлөт, ал 301 х 302 / 100% формуласы боюнча аныкталат.
23. Отчеттун төмөнкү бөлүгүндө отчетко кол койгон адамдын толук аты-жөнү (фамилиясы, аты, атасынын аты) көрсөтүлөт.
24. 901-уячада салык органы отчетту кабыл алган дата көрсөтүлөт.
25. 902-уячада отчетту кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.