Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-январы № 10
Токой ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 367 "Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
3-пунктунун төртүнчү абзацындагы "2017-жылдын 31-декабрына чейин" деген сөздөр "2021-жылдын 30-сентябрына чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлерине сыйлыктын өлчөмүн эсептөөнүн жана дем берүү фондун түзүүнүн убактылуу тартибинде:
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын фонду токой чарбасынын атайын эсебине түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлөт.";
- 8-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- отчеттук квартал үчүн ушул Убактылуу тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттардын көлөмүнүн 30%ынан;".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |