Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-июну № 367
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 515, 2019-жылдын 16-январындагы № 10 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун механизмдерин алдын ала иштеп чыгуу жана технологияларын сыноо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-апрелиндеги № 256 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Токой тармагын өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 515 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттик:
- Кыргыз Республикасынын токой секторунун абалын изилдеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун негизги багыттарын иштеп чыгуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзсүн;
- токой тармагын реформалоонун негизги багыттарын иштеп чыгуу процессиндеги өз ара аракеттенүү жана анын ачыктыгын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Консультациялык-координациялык кеңешти уюштурсун;
- эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларынын тизмегин алардын ишин изилдөө жана токойлорду башкаруунун жаңы ыкмаларын сыноо аркылуу токой секторун реформалоонун негизги багыттарын иштеп чыгуу үчүн аныктасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чараларды жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча:
2016-жылдын 20-февралына чейин токой тармагындагы учурдагы кырдаалдын анализин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин;
2021-жылдын 30-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун маселелери боюнча сунуштарды берсин;
- эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларын финансылоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине тиешелүү жылдык республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
3-1. Эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлерине сыйлыктын өлчөмүн эсептөөнүн жана дем берүү фондун түзүүнүн убактылуу тартиби 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 515 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 23-июнунда N 58 жарыяланды
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Т.Сариев |