Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-январындагы № 11 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти (мындан ары - Департамент) жөнүндө жобо Департаменттин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, анын максаттарын, милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктайт.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Токой агенттиги) ведомстволук бөлүнүшү болуп саналат, ал биотүрдүүлүктү сактоо, калыбына келтирүү, пайдалануу жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү иштерди жүзөгө ашырат.
3. Департамент юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү тартылган, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары (мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында бюджеттик, атайын жана депозиттик эсептери бар. Жеке менчик түрү - мамлекеттик.
4. Мамлекеттик мүлкү оперативдүү башкаруу укугунда Департаментке бекитип берилет.
5. Департамент өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Токой агенттигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
6. Департамент өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
7. Департаментти каржылоо бюджеттик каражаттардын, Токой агенттигинин бекитилген бюджетинин чектеринде, атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
8. Департаменттин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти" (кыскартылган аталышы - "БС ӨКЖАД");
- расмий тилде: "Департамент сохранения биоразнообразия и особо охраняемых природных территорий Государственного агентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики" (кыскартылган аталышы - "ДСБ ООПТ)").
9. Департаменттин юридикалык дареги: 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Горький көч., 142.
2. Департаменттин максаты жана милдеттери
10. Департаменттин ишинин негизги максаты биологиялык түрдүүлүктү (биотүрдүүлүктү) сактоо, калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (мындан ары - ӨКЖА) тармактарын туруктуу иштетүүнү жана өнүктүрүүнү камсыздоо болуп саналат.
11. Департаменттин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- биотүрдүүлүктү сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- ӨКЖА тармагын туруктуу иштетүү жана өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- биотүрдүүлүктүн ресурстарынын абалын баалоо, аларды талдоо жана өзгөрүшүн болжолдоо чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү;
- бардык жаратылыш объекттерин, комплекстерин, жана ӨКЖАдагы жаратылыш процесстерин жана кубулуштарын изилдөө;
- биотүрдүүлүктү сактоо, калыбына келтирүү жана ӨКЖА тармагын өнүктүрүү чөйрөсүндө улуттук жана эл аралык долбоорлорду жана программаларды, келишимдерди жана макулдашууларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча сунуштарды киргизүү;
- биологиялык жана ландшафттык түрдүүлүктү камсыздоо, ӨКЖА системасындагы экологиялык тең салмактуулукту колдоо;
- биотүрдүүлүк объекттерин сарамжалдуу пайдаланууга колдоо көрсөтүү;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, калктын жана башка кызыкдар жактардын биотүрдүүлүктүн абалы жана ӨКЖА субъекттеринин иши жөнүндө кабардар болуу деңгээлин жогорулатуу.
3. Департаменттин функциялары
12. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
а) тармактык саясат чөйрөсүндө:
- Токой агенттигине белгиленген тартипте төмөнкү маселелер боюнча сунуштарды жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка материалдарды киргизет:
биотүрдүүлүктү сактоону, калыбына келтирүүнү жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу чөйрөсүндө укуктук мамилелерди белгилөө;
ӨКЖАны түзүү, зонасын жана чек араларын аныктоо, аларды пайдалануу, категориясын өзгөртүү жана жоюу тартиби;
ӨКЖА тармагын жана жаратылыш объекттерин өнүктүрүү;
мамлекеттик, ведомстволук контролдоо жана мамлекеттик мониторинг жүргүзүү, ӨКЖАда белгиленген режимди сактоо;
ӨКЖАнын мамлекеттик кадастрын жүргүзүү;
ӨКЖАнын паспортун жана жаратылыштын жылнамасын жүргүзүү тартиби;
ӨКЖАнын аймагында жарандардын жүрүм-турум тартиби;
жаратылыш-корук иши;
жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин сактоо зоналарын, калыбына келтирүүчү участокторду, экологиялык коридорлор тармагын түзүү жана иштетүү режимин аныктоо;
биотүрдүүлүк объекттерин эсепке алуу, кадастрын жана мониторингин жүргүзүү шарттары, мөөнөттөрү жана тартиби;
мамлекеттик аңчылык күбөлүктөрүн эсепке алуу жана берүү эрежелери, шарттары жана тартиби;
жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөмдүн, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, козу карындарга жана мумие камтыган минералдык сырьего юридикалык жана жеке жактар тарабынан келтирилген зыян үчүн доонун (айыптын) өлчөмүн эсептөө үчүн тарифтердин ченемдери;
жаныбарлар дүйнөсүнүн ресурстарын атайын пайдаланууга лимит белгилөө жана квота бөлүштүрүү; аларды пайдаланууга чектөө киргизүү жана тыюу салуу;
ӨКЖА тармактарын иштетүү, биотүрдүүлүктү сактоо, калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча инвестицияларды, гранттык каражаттарды тартуу жана алдыңкы тажрыйбаны пайдалануу;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде биотүрдүүлүктү сактоо, ӨКЖА тармагын өнүктүрүү жана иштетүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты, улуттук жана эл аралык программаларды, долбоорлорду, макулдашуулардын жана келишимдерди иштеп чыгууну демилгелейт жана аларды жүзөгө ашырат;
- ӨКЖА субъекттеринин ишин уюштурат;
- башка кызыкдар жактар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Кызыл китебин белгиленген тартипте жүргүзүүгө катышат;
б) координациялоо жана башкаруу чөйрөсүндө:
- биотүрдүүлүктү сактоо, ӨКЖАны туруктуу иштетүү, жеке жактар тарабынан аларга баруу режимин сактоо, ӨКЖА субъекттеринин аймагында туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялайт;
- ӨКЖАдагы жаратылыш ресурстарына жана процесстерге илимий инфраструктураны жана аларга мониторинг жүргүзүү инфраструктурасын түзүүнү, тиешелүү аймактарда илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнү координациялайт;
- юридикалык жактардын (менчигинин түрүнө карабастан) төмөнкүлөр боюнча иштерин координациялайт:
биотүрдүүлүк объекттери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилгендер боюнча эсепке алуу, кадастрдык жана мониторингдик иштерди жүргүзүү;
коргоочу жана биотехникалык иш-чараларды пландоо, уюштуруу жана жүргүзүү;
жапайы жаныбарлар үчүн питомниктерди, реабилитациялык борборлорду ачуу жана иштетүү;
- төмөнкү маселелер боюнча жеке жактардын иштерин координациялайт:
мергенчи статусун алуу жана аң уулоо;
илбээсинге салынуучу жырткыч кушту жана башка жапайы жаныбарларды кармап багуу;
аң уулоого салынуучу иттер жана илбээсинге салынуучу жырткыч куштар менен салттуу жана улуттук мергенчилик түрлөрүн жүргүзүү;
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин жана алар байырлаган (жашаган) жана өскөн чөйрөнү коргоону уюштурат жана жүзөгө ашырат, биотүрдүүлүк объекттерине таасир тийгизген менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын жаратылыш коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча белгиленген тартипте чараларды көрөт;
- карамагына кирген аймактарда жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууну контролдоо постторун белгиленген тартипте уюштурат жана ишин координациялайт, алардын ишин жүргүзүүгө, анын ичинде атайын үйрөтүлгөн иттерди пайдалануу менен катышат;
- жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу фактыларын, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине, алардын байырлаган (жашаган) жана өскөн чөйрөсүнө зыян келтирген башка бейукук аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча мамлекеттик аңчылык контролдоо жана көзөмөлдөө ишин жүргүзгөн Департаменттин кызматкерлери, штаттан тышкаркы аңчылык инспекторлору, өндүрүштүк жана коомдук аңчылык контролдоо боюнча башка жактар тарабынан түзүлгөн материалдарды (протоколдорду, актыларды жана башка материалдарды) белгиленген тартипте карайт, күнөөлүү жактарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу; күнөөлүү жактарды белгиленген жоопкерчиликке тартуу, аларга административдик айып салуу үчүн доолорду берет, тиешелүү иштер боюнча материалдарды укук коргоо жана сот органдарына өткөрүп берет;
- аңчылык жерлерине жана ӨКЖАга таандык болгон аймактарда аңчылык жайгаштыруу иштерин координациялайт жана жүзөгө ашырууга катышат;
- ӨКЖА субъекттеринин аймагында токой ресурстарын сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу, токойлорду өрттөн, өз алдынча кыюудан, зыянкечтерден, ылаңдан коргоо боюнча иштерди уюштурууну жана жүргүзүүнү координациялайт;
в) жөнгө салуу чөйрөсүндө:
- ӨКЖА субъекттерин башкаруу пландарын бекитет;
- жайыттарды, токойлорду жана биотүрдүүлүктүн башка уруксат берилген ресурстарын пайдалануу, токой өстүрүү жана калыбына келтирүү, ӨКЖАда токой коргоо жана сактоо боюнча иш-чараларды аткаруу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат;
- аңчылык жерлеринде мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугун юридикалык жактар тарабынан алууга конкурс өткөрүүнү даярдайт жана уюштурат;
- мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү аңчылык пайдалануучулар тарабынан калыбына келтирүүчү (биотехникалык) жана коргоочу иш-чараларды жүргүзүү боюнча пландарын макулдашат;
- аңчылык пайдалануучуларды жапайы аң жаныбарларын уулоого мергенчилик карточкаларынын, жолдомолорунун бланктары жана олжолук барактар менен белгиленген тартипте камсыздайт;
- аң уулоонун жыйынтыгы боюнча толтурулган олжолук барактарды күбөлөндүрөт;
- мамлекеттик аңчылык күбөлүктөрдү, илбээсинге салынуучу жырткыч кушту жана башка жапайы жаныбарларын кармап багууга идентификациялык карталарды (паспортту), жаныбарлар дүйнөсүнүн ресурстарын жана мумие камтуучу минералдык сырьену атайын пайдаланууга уруксаттарды белгиленген тартипте берет (алып коёт, кайтарып берет, жоёт/жараксыз деп тааныйт);
- жаныбарлардын жугуштуу ылаңын аныктоо, пайда болушун алдын алуу жана жайылтуу боюнча ветеринардык-санитардык профилактикалык чараларды жана иш-чараларды мамлекеттик ветеринардык кызматтар (органдар) менен бирдикте уюштурат жана жүзөгө ашырат, аларды жоюу боюнча чараларды көрүүгө катышат;
г) колдоо көрсөтүү чөйрөсүндө:
- мамлекеттик маалыматтар базасын (биотүрдүүлүк, ӨКЖА тармагы, аңчылар, жаратылыш пайдалануу чөйрөсүндө мыйзам бузуулар жөнүндө) түзөт жана жүргүзөт, мындай маалыматтарды талдайт, тиешелүү маалыматтык материалдарды даярдайт жана басып чыгарат;
- ӨКЖАда токой ресурстарына мониторинг жүргүзүү боюнча иштерди аткарууга, токой фондун эсепке алууга, токой өстүрүүгө, токой кадастры үчүн маалыматтарды түзүүгө жана пайдаланууга колдоо көрсөтөт;
- жаратылыш жөнүндө билимдерди пропагандалоо жана жайылтуу боюнча иштерди жүргүзөт, биотүрдүүлүк ресурстарын коргоо, калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча конкурстарды, "Парктардын маршы" акциясын, көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды уюштурат жана өткөрөт;
- өзүнүн компетенциясынын алкагында биотүрдүүлүк ресурстарын коргоо, калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу, алардын абалын изилдөө; экологиялык маалыматты чогултуу жана белгиленген тартипте алмашуу чөйрөсүндө; Кыргыз Республикасынын атынан эл аралык деңгээлде чыгууда чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу программаларына катышат;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө көмөктөшүү жана чектеш функцияларды аткаруу үчүн мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен меморандумдарды, макулдашууларды түзөт, регламенттерди, көрсөтмөлөрдү иштеп чыгат;
- биотүрдүүлүк ресурстарын изилдөөгө, коргоого, калыбына келтирүүгө жана сарамжалдуу пайдаланууга багытталган меморандумдарды, макулдашууларды, келишимдерди чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен түзүү боюнча Токой агенттигине сунуштарды киргизет, Токой агенттигинин корутундусу жана тапшырмасы боюнча анын атынан жогоруда аталган документтерди түзүү боюнча функцияларды аткарат.
13. Департамент юридикалык жана жеке жактардан келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды карайт, ошондой эле анын компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүүгө катышат.
14. Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды, ошондой эле Токой агенттиги тарабынан өткөрүп берилген функцияларды аткарат.
4. Департаменттин укуктары жана милдеттенмелери
15. Департамент жүктөлгөн функцияларга ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин жана мумие камтуучу минералдык сырьену атайын пайдалануу үчүн, мамлекеттик аңчылык күбөлүктөрдү, илбээсинге салынуучу жырткыч кушту жана башка жапайы жаныбарларын кармап багууга идентификациялык карталарды (паспортторду) берүү үчүн, жаныбарларга чип (сөйкө) салуу, уруксат берүү бланктары, жолдомолор жана мергенчилик карточкалар үчүн белгиленген тартипте акы алууга;
- Департаменттин жана ӨКЖА субъекттеринин карамагында турган аймактарда биологиялык (калыбына келтирүүчү) иш-чараларды жүргүзүүгө;
- юридикалык жана жеке жактардын жаратылыш коргоо мыйзамдарын сактоону, аңчылык пайдалануучулардын аңчылык чарба жүргүзүү жөнүндөгү келишимдердин шарттарын сактоону белгиленген тартипте текшерүүгө;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коргоо, калыбына келтирүү (өстүрүү) жана пайдалануу чөйрөсүндө иштеген текшерүүгө алынган юридикалык жана жеке жактарга аныкталган кемчиликтерди жана бузууларды четтетүү жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- юридикалык жана жеке жактар тарабынан жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине жана алар байырлаган (жашаган) жана өскөн чөйрөгө зыян келтирүүчү Кыргыз Республикасынын жаратылыш коргоо мыйзамдарын бузуу фактыларын жана мыйзамга каршы башка иш-аракеттерди белгиленген тартипте алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга, бул маселелер боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарба субъекттери жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүгө;
- Токой агенттиги, Департамент тарабынан берилүүчү уруксат документтерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин органдарынын аңчылык ок атуучу куралды сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу укугуна берилүүчү уруксаттарды көрсөтүүнү талап кылууга жана текшерүү (документтердин бар экендигин жана алардын мыйзамдын негизинде берилгендигин тастыктоо үчүн) жүргүзүүгө;
- текшерүүгө алынган адамдардын транспорт каражаттарын, буюм-заттарын, кол жүгүн, багажын, аң уулоо, кармоо/чогултуу куралдарын, башка предметтерин, ошондой эле олжого алынган нерсесин белгиленген тартипте кароого;
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине жана алар байырлаган (жашаган) жана өскөн чөйрөгө зыян келтирүүчү жаратылыш коргоо мыйзамдарын бузуу фактылары жана мыйзамга каршы башка иш-аракеттер аныкталган учурда протоколдорду, актыларды жана башка материалдарды түзүүгө;
- жаратылыш коргоо мыйзамдарын бузган жактардан жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ресурстарын мыйзамсыз пайдалануу каражаттарын (курал, капкан, тор ж.б.), бул максатта колдонулган автотранспорт жана жүрүү үчүн башка каражаттарын белгиленген тартипте убактылуу алып коюуга жана аларды соттун чечими боюнча конфискациялоого;
- мыйзамсыз олжого алынган (сатып алынган) жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин же продукциясын, ошондой эле алардан жасалган буюмдарды юридикалык жана жеке жактардан белгиленген тартипте алып коюуга; аларды белгиленген тартипте пайдаланууга, сатууга же жок кылууга;
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине жана алар байырлаган (жашаган) жана өскөн чөйрөгө зыян келтирүүчү жаратылыш коргоо мыйзамдарын бузуу фактыларын жана мыйзамга каршы башка иш-аракеттерди аныктоонун жыйынтыгы боюнча мыйзам бузуучуларды белгиленген жоопкерчиликке тартуу максатында Департаменттин кызматкерлери жана башка жактар тарабынан түзүлгөн протоколдорду, актыларды жана башка материалдарды кабыл алууга;
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине жана алар байырлаган (жашаган) жана өскөн чөйрөгө зыян келтирүүчү жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу фактыларын жана мыйзамга каршы башка иш-аракеттерди аныктоонун жыйынтыгы боюнча өзүнүн компетенциясына ылайык протокол (акт) түзгөн жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдөрдө сый акы төлөөгө;
- аңчылык пайдалануучуларга, ошондой эле коомдук аңчылык контролдоо жүргүзүүчү жактарга өндүрүштүк аңчылык контролдоо уюштурууга жана жүргүзүүгө консультативдик жана практикалык колдоо көрсөтүүгө;
- өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты мамлекеттик органдардан, башка мекемелерден жана уюмдардан сурап алууга;
- Департаменттин жана ӨКЖА субъекттеринин карамагында турган аймактарда археологиялык эстеликтерди изилдөөгө, сактоого жана пайдаланууга көмөк көрсөтүүгө;
- ӨКЖА субъекттеринен токой аймагын жазында жана күзүндө ревизиялык айланып кароо, токой өстүрүү боюнча жазгы иштерди техникалык кабыл алуу, токой өсүмдүктөрүн жана питомниктерди инвентаризациялоо боюнча топтомо маалыматтарды, иштин жыйынтыгы менен түзүлгөн квартал сайынкы финансы-чарбалык отчетторду кабыл алууга;
- биотүрдүүлүк ресурстарына таасир тийгизген иш менен алектенген же иш-аракет кылган юридикалык жана жеке жактардан (анын ичинде чет өлкөлүк жактардан) укук ырастоочу жана уруксат берүүчү документтердин көчүрмөлөрүн, маалыматтарды, маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү, ошондой эле белгиленген отчеттуулукту аныкталган тартипте сурап алууга;
- өз алдынча, ошондой эле Токой агенттигинин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга;
- биотүрдүүлүк ресурстарын коргоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн, ошондой эле биотүрдүүлүк объекттерине жана алардын байырлаган/өскөн чөйрөсүнө таасир тийгизген иштин түрү менен алектенген юридикалык жактарга консультативдик жана методикалык жардам көрсөтүүгө;
- биотүрдүүлүк ресурстары жөнүндө билимдерди пропагандалоо жана жайылтуу боюнча иштерди жүргүзүүгө; Департаменттин компетенциясына таандык маселелер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана анын илимий институттарынын, башка илимий уюмдардын, жогорку окуу жайларынын кызматкерлерин, айрым адистерди (көз карандысыз эксперттерди), башка кызыкдар юридикалык жана жеке жактарды, анын ичинде чет өлкөлүк жактарды тейлеген чөйрөдө илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө тартууга (анын ичинде келишимдик негизде);
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин жана алар байырлаган (жашаган) жана өскөн чөйрөнү коргоо боюнча иштерге жеке жактарды ыктыярдуу негизде тартууга, штаттан тышкаркы инспекторлордун тармагын түзүүгө;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин кармоо жана өстүрүү боюнча адистештирилген питомниктерди (фермаларды) ачууга жана иштетүүгө колдоо көрсөтүүгө;
- көмөкчү чарбаларды ачууга жана өнүктүрүүгө.
16. Департаменттин кызматкерлери форма кийүүгө, кызматтык куралды жана атайын каражаттарды (транспорт, байланыш, кол кишен, резинадан жасалган союл, көздөн жаш агызуучу заттарды) сактоого, алып жүрүүгө, пайдаланууга жана колдонууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматтык милдеттерин аткарууда кара күч колдонууга укуктуу.
17. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык өзүнүн ишин аткарууга;
- юридикалык жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоону талап кылууга;
- өзүнүн ишине байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, калкка жана башка кызыкдар жактарга өз убагында жана ишенимдүү маалымат берүүгө.
18. Департаменттин кызмат адамдары функцияларын аткарууда мыйзамсыз иш-аракеттерге (аракетсиздикке) жол бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген жоопкерчилик тартат.
19. Департаменттин кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга жана милдеттерге ээ.
5. Департаменттин ишин уюштуруу
20. Департаментти директор башкарат, ал Токой агенттигинин директорунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
21. Департаменттин директорунун орун басары, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ӨКЖА субъекттеринин жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Токой агенттигинин директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат жана алардын кызматтык милдеттенмелери Токой агенттигинин буйругу менен бекитилет.
22. Департаменттин ишин Токой агенттиги контролдойт.
23. Департаменттин жана ӨКЖА субъекттеринин түзүмү жана штаттык саны Токой агенттигинин буйругу менен бекитилет.
24. Департаменттин ишин кароо жана маселелерди чечүү үчүн 5 адамдан турган Техникалык кеңеш түзүлөт. Департаменттин Техникалык кеңешинин жеке курамы жана Техникалык кеңеш жөнүндө жобо Токой агенттигинин буйругу менен бекитилет.
25. Департаменттин жана ӨКЖА субъекттеринин компетенциясына таандык болгон маселелерди чечүү, көйгөйлөрдү ар тараптуу талкуулоону камсыздоо жана аларды чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо, белгиленген ыйгарым укуктардын алкагында иш-чараларды аткаруу үчүн Департаментте жана ӨКЖА субъекттеринде техникалык жана башка кеңештер (илимий-техникалык, коомдук, редакциялык-басма ж.б.), жумушчу топтор, комиссиялар түзүлүшү мүмкүн. Кеңештердин, жумушчу топтордун, комиссиялардын жеке курамы, ошондой эле алар жөнүндө жоболор: Департамент боюнча - Токой агенттигинин буйруктары, ӨКЖА субъекттери боюнча - Департаменттин буйруктары менен бекитилет.
26. Департаменттин директору:
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ӨКЖА субъекттеринин ишин уюштурат жана жетектейт;
- Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды толук жана сапаттуу аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- өзүнүн компетенциясынын чектеринде буйруктарды чыгарат;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ӨКЖА субъекттеринин иш пландарын бекитет;
- ӨКЖА субъекттеринин символикасын жана башкаруу пландарын бекитет;
- Департаменттин Техникалык кеңешинин жыйындарын өткөрөт жана ӨКЖА субъекттеринин Техникалык кеңештеринин жыйындарына катышат;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрү жана ӨКЖА субъекттери жөнүндө жоболорду бекитет;
- Токой агенттигинин директору тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу кызматкерлерден тышкары Департаменттин кызматкерлеринин кызматтык милдеттенмелерин бекитет;
- Департаменттин жана ӨКЖА субъекттеринин түзүмүн, штаттык санын, кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасын Токой агенттигинин бекитүүсүнө берет;
- Токой агенттигинин директору ӨКЖА субъекттеринин жетекчилери тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу кызматкерлерден тышкары Департаменттин жана ӨКЖА субъекттеринин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумушка кабыл алат жана жумуштан бошотот;
- Департаменттин сыйлыктары жөнүндө жобону бекитет;
- Департаменттин сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алат;
- Департаменттин системасында иштеген мыкты кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин жана ведомстволордун сыйлыктары, ошондой эле Токой агенттигинин сыйлыктары жана төш белгилери менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө Токой агенттигинин жетекчилигине өтүнүч кат менен кайрылат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Департаменттин жана ӨКЖАнын кызматкерлерине тартиптик жаза чараларын көрөт;
- Токой агенттигинин директору тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу Департаменттин жана ӨКЖА субъекттеринин кызматкерлерине тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды Токой агенттигине киргизет;
- Департаменттин жана ӨКЖА субъекттеринин кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен түзүлгөн жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу жөнүндөгү протоколдорду (актыларды) жокко чыгарат;
- мамлекеттик органдарда, соттордо, башка мекемелерде жана уюмдарда Департаменттин атынан чыгат жана ӨКЖА субъекттеринин атынан чыгууда катышат;
- Департаменттин жана ӨКЖА субъекттеринин кызматкерлерин квалификациялык даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат;
- Департаменттин жана ӨКЖА субъекттеринин кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүүгө, эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга көмөктөшөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Токой агенттиги өткөрүп берген башка ыйгарым укуктарды аткарат.
27. Департаменттин директору жок учурда анын функцияларын орун басары аткарат.
6. Эсепке алуу жана отчеттуулук
28. Бухгалтердик, статистикалык эсепке алуу жана отчеттуулук Департамент тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
7. Департаментти кайра уюштуруу жана ишин токтотуу
29. Департаментти кайра атоо, өзгөртүп түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
30. Департаменттин иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.