Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 10-марты № 87
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 181, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11, 2021-жылдын 13-августундагы № 131 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4357-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрт коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жобо, 3-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 131 токтомунун редакциясына ылайык)
2. КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык бөлүк күчүн жоготту)
3. КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык бөлүк күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;ф
- кайра түзүлгөн юридикалык жактарды өткөрүп берүү актыларын бекитсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизсин.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 536 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу борбору жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-декабрындагы № 699 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 219 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 484 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 648 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-майындагы № 220 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 491 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасы
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 131 токтомунун редакциясына ылайык)