Загрузка документа…
| 24-тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтомуна) |
"Ысык суу менен жабдуунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" жөнүндө САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕР ЖАНА ЧЕНЕМДЕР
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 25 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор жана колдонуу тармагы
1. "Ысык суу менен жабдуунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер (мындан ары - санитардык эрежелер) калк чарбалык-тиричиликтик муктаждыктарда пайдаланган борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системасында ысык суунун коопсуздугу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарды белгилейт.
2. Санитардык эрежелер жылуулук менен жабдуунун жабык жана ачык системаларында борборлоштурулган ысык суу менен жабдуунун долбоорлонуучу, курулуучу, реконструкциялануучу жана иштеп жаткан системаларына, ысык суу менен жабдуунун өзүнчө тармактарынын жылуулук менен жабдуу системаларына, ошондой эле эпидемиялык тобокелдиги жогору болгон баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан объекттерде (жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү, дарылоо-профилактикалык уюмдарында ж.б.) ысык суу менен жабдуунун автономиялуу системаларына карата колдонулат.
3. Санитардык эрежелер от, электр же гелиотермалдык ысытуу (үй ичиндеги жана батирлер боюнча) жергиликтүү ысык суу менен жабдуунун локалдык системаларына, ошондой эле гелиотермалдык сууну пайдаланган системаларга карата колдонулбайт.
4. Санитардык эрежелерди сактоо борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системасын эксплуатациялаган жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү болуп саналат.
5. Санитардык эрежелерди бузуу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын бузуулар боюнча иштерди жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык белгиленет.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
6. Ушул санитардык эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) бак - аккумулятор - суу топтоо үчүн сыйымдуулук;
2) жогору контагиоздук - өтө жугуштуу;
3) гелиотермалдык ысытуу - күн энергиясы менен ысытуу;
4) геотермалдык суу - жердин үстүңкү бетине түпкүрүнөн чыккан жогорку температурадагы жана өзгөчө химиялык курамы бар суу;
5) ысык суу менен жабдуу - турак үйлөрдү, уюмдарды атайын жабдуулар жана орнотмолордун комплекси менен тиричилик жана өндүрүштүк муктаждыктар үчүн ысык суу менен жабдуу;
6) деаэрация - анда эриген газдарды суудан жок кылуу;
7) жылуулук менен жабдуунун жабык системасы - жылуулук менен жабдуу системасы, мында ысык суу менен жабдуу үчүн суу, суу ысыткычтарда (бойлерлерде) ысытылат;
8) ингибирлөө - ар кандай химиялык реакциялардын жана жагымсыз процесстердин жүрүшүн басаңдатуучу же болтурбоочу процесс;
9) ингибитор - химиялык жана башка жагымсыз процесстерди токтотууга жөндөмдүү зат;
10) жылуулук менен жабдуунун ачык системасы - ысык суу менен жабдууга сууну түздөн-түз жылуулук тармактарынан алуу аркылуу жылуулук менен жабдуу системасы;
11) толуктап туруучу суу - жылуулук менен жабдуу системасынан суунун азайышын (сызылып чыгышын, бууланышын) толуктап турган суу;
12) ысык суу менен жабдуу тармактары - ысык сууну ташып келген түтүк өткөргүчтөр;
13) ысык суу менен жабдуу системасы - жабдуулардын комплекси: жылуулук булактары, суу ысытуучу аппаратура, суу ысыткычтар, сууну ташып келген түтүк өткөргүчтөр, суунун температурасын жөнгө салып жана контролдоп туруучу орнотмолор;
14) ысык суу менен жабдуунун өзүнчө тармактары бар жылуулук жабдуу системасы - жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын ортосунда байланыш болбогон учурда борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун суусун ысытуу;
15) жылуулук менен жабдуу - турак үйлөрдү, уюмдарды жылытуу, желдетүү, ысык суу аркылуу жылуулук менен камсыз кылуу;
16) ысык суу менен жабдуунун борборлоштурулган системасы - керектөөчүлөргө түтүк аркылуу берилүүчү жылуулук электр станцияларында сууну ысытуу системасы.
3-глава. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системаларына коюлуучу жалпы талаптар
7. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системаларына коюлуучу санитардык-эпидемиологиялык талаптар төмөнкүлөргө багытталган:
- ысык суунун эпидемиологиялык коопсуздугун, химиялык курамынын зыянсыздыгын жана жагымдуу органолептикалык касиеттерин камсыз кылууга;
- плюс 60 ºС төмөн болбогон температурада көбөйө турган вирустук жана бактериялык жогорку жугуштуу инфекциялык оорулардын козгогучтары менен ысык суунун булганышынын алдын-алууга;
- ысык суу менен жабдуу үчүн пайдаланууда сууда хлороформдун катышын минималдаштырууга;
- ысык суунун сапаты менен шартталган теринин жана тери астындагы клетчалардын оорусун алдын-алууга.
8. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системаларында төмөнкүлөрдү колдонууга тыюу салынат:
- адамдын ден соолугу үчүн зыяндуу болгон аралашмаларды бөлүп чыгарган материалдарды, реагенттерди жана жабдууларды;
- сымап толтурулган контролдук-өлчөөчү приборлорду;
- техникалык сууларды.
9. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системаларында механикалык жактан бышык, жылчыксыз, дат басууга туруктуу жана жылуулукту чыгарбаган касиеттери бар түтүктөр пайдаланылат.
10. Жылуулук менен жабдуу системасында колдонулган суу алуу жеринде ысык суунун температурасы плюс 60 ºС төмөн жана плюс 75 ºС жогору болбошу керек.
11. Керектөөчүдөгү ысык суунун сапаты жана коопсуздугу санитардык эрежелердин 39 жана 41-пункттарынын талаптарына жооп берүүгө тийиш.
12. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системасын тейлеген кызматкерлер, ошондой эле зыяндуу өндүрүштүк факторлордун таасирине кабылган адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 225 токтому менен бекитилген Кызматкерлерди ишке кирүүдө милдеттүү түрдө алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өткөрүү жөнүндө нускамага ылайык алдын ала (ишке кирүүдө) жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өтүп турушат.
4-глава. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системасын долбоорлоого, курууга, эксплуатациялоого коюлуучу талаптар
13. Ысык сууну чыгаруу жылуулук менен жабдуучу уюмдар тарабынан камсыз кылынат.
14. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу тармагы (мындан ары - тармактар) төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- жылуулук менен жабдуунун жабык системаларына кошулган;
- жылуулук менен жабдуунун ачык системаларына кошулган;
- өзүнчө тармактары менен борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системасы.
15. Долбоорлоодо борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системасын тандоо баштапкы суунун сапатын, техника-экономикалык негиздемесин, ысык суу менен жабдуу системасында эсептик жылуулук жүгүн эске алуу менен калктуу конуштун келечектерине жана иш жүзүндөгү өнүгүшүнүн планына ылайык жүргүзүлөт.
16. Жылуулук булагынан чыккан суу керектөөчүлөргө магистралдык, бөлүштүрүү (кварталдык) жана короодогу жылуулук тармактарынын жардамы менен жеткирилет.
17. Тармакты көрүстөндөрдүн, таштанды таштоочу жайлардын, мал көмүлгөн жерлердин, дыйканчылыктын сугат аянттары, ассенизация талаалары жана суунун булганышына потенциалдуу коркунуч келтирген башка объекттер аркылуу өткөрүүгө, ошондой эле канализация тармактары менен бирге жайгаштырууга тыюу салынат.
18. Тармактан булгануу булагына чейинки аралык ушул санитардык эрежелердин 1-таблицасына ылайык алынат.
1-таблица
Тармактан булгануу булагына чейинки аралык | |||
№ | Булгоочу булактар | Удаалаш өткөрүүдө горизонталь боюнча аралык (метрден кем эмес) | Удаалаш өткөрүүдө вертикаль боюнча аралык (метрден кем эмес) |
1 | Тиричилик жана өндүрүштүк канализация тармактары: жылуулук тармактарын каналдарда жана тоннелдерде өткөрүүдө (тоннелдин жана каналдын сырткы дубалынан) | 1,0 | 0,2 |
| диаметри 200 мм чейинки жылуулук тармактарын каналсыз өткөрүүдө | 1,5 | 0,4 |
| диаметри 200 мм ашкан жылуулук тармактарын каналсыз өткөрүүдө | 3,0 | 0,4 |
2 | Көрүстөндөр, таштанды таштоочу жайлар, мал көмүлгөн жерлер, сугат аянттары, химиялык жана биологиялык булгануу коркунучу менен шартталган башка объекттер: |
|
|
- кыртыш суулары жок болсо; | 10,0 |
| |
- кыртыш суулары жана чыпкалоочу кыртыш бар болсо | 50,0 |
| |
3 | Тазаланып туруучу жана жугунду төгүлүүчү чуңкурлар: |
|
|
- кыртыш суулары жок болсо; | 7,0 |
| |
- кыртыш суулары жана чыпкалоочу кыртыш бар болсо | 20,0 |
| |
19. Алдын ала оңдоо иштеринин мезгилинде ысык суу менен жабдуу системаларын өчүрүү авариялык учурлардан тышкары 15 суткадан ашпоого тийиш.
20. Ысык сууну керектөөчүлөргө узак убакытка (15 суткадан ашык) өчүрүүдө, пландык-алдын алуу иштерин жүргүзүүдө эксплуатациялоочу уюм түтүк өткөргүч тармактарында суунун болушун жана системада суунун айланып турушун камсыз кылат.
21. Капиталдык оңдоодон жана авариялык-калыбына келтирүү иштеринен кийин жаңы тармактар гидропневматикалык жактан жуулат жана андан ары дезинфекцияланат.
22. Ысык суу менен жабдуу системаларын жуу жана дезинфекциялоо аларды эксплуатациялаган, курган, реконструкциялаган же авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүргүзүлөт. Тармакты жуу жана дезинфекциялоонун натыйжалары акт менен таризделет.
23. Системаны дезинфекциялоо кеминде 6 сааттык контактта куб дециметрге (мындан ары - мг/куб. дм) 75-100 мг дозасында активдүү хлорду камтыган чарбалык-ичүүчү сууну толтуруу менен жүргүзүлөт.
24. Диаметри 200 мм жана узундугу бир километрге чейинки жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системаларын плюс 85-90 ºС төмөн болбогон температурадагы ысык суу менен жуудуруу аркылуу дезинфициялоого жол берилет.
25. Жуудуруу жана дезинфекциялоо лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжалары канааттандыраарлык болгон учурда аяктады деп эсептелет.
26. Хлордун калдыктары бар жуунду сууну төгүүчү жер ысык суу менен жабдуу системаларын эксплуатациялаган юридикалык жана жеке жактар тарабынан курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.
27. Тармакты эксплуатациялаган жана дезинфекциялаган жеке жана юридикалык жактар ушул санитардык эрежелерге ылайык тармакты дезинфекциялоо үчүн жоопкерчилик тартат.
28. Оңдоо иштерин жана дезинфекциялоо жүргүзүү мезгилинде керектөөчүлөр ысык суу менен жабдуу тармактарынан өчүрүлөт. Эпидемиялык жактан маанилүү объекттер (жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү, дарылоо-профилактикалык уюмдар) өздөрүнүн резервдик булактарынан ысык суу менен камсыз кылынат.
29. Жылуулук менен жабдуу жана жылуулук булактарында толуктап туруучу суунун запасын сактоо системаларында суунун чыгымдалышынын суткалык графигин теңдөө үчүн ысык суунун бак-аккумуляторлору орнотулат.
30. Ысык суу менен жабдуу системаларында бак-аккумуляторлордун конструкциясы авариялык кырдаалды жокко чыгарууну, бактын ичине сыртка чыгаруучу орнотмо аркылуу булганычтардын түшүшүн, ошондой эле бактын төмөнкү бөлүгүнөн жаан-чачындын ысык суу менен жабдуу тармагына түшүшүн жокко чыгарууну камсыз кылат.
31. Ысык суунун бак-аккумуляторлорун конуштуу кварталдарга жайгаштырууга тыюу салынат.
32. Жылуулук булактары турган аймактан сырткары жайгашкан бак-аккумулятор тосмо менен корголот. Бактардын тосмосунун бийиктиги кеминде 2,5 метр, резервуардын дубалынан берки аралык - кеминде 10 метр болууга тийиш. Бактарга бөтөн адамдардын киришине тыюу салынат.
33. Бак-аккумуляторлордун ички бети дат баспай турган, ден соолук үчүн зыяндуу эмес материалдардан жасалат.
5-глава. Ысык сууну стабилизациялык иштетүүгө коюлуучу талаптар
34. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системаларында сууну даярдоодо технологиялык процесстердин талаптарын эске алуу менен сууну атайын иштетүү (кеберленүүгө каршы, дат басууга каршы) колдонулат.
35. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системаларында дат басуу жана туздардын чөгүндү (кеберленүү) процесстерин ингибирлөө реагенттер менен жүргүзүлөт.
36. Иштетилген сууда реагенттердин курамына кирген заттардын камтылышы ичүүчү сууга гигиеналык ченемдерден ашпоого тийиш.
37. Суу менен жабдуу системаларында 0,5 мг/дм3 ашык санда экиваленттүү темирдин ионун камтыган жер алдындагы сууларды пайдаланууда ал суудан темир алдын ала чыгарылат.
38. Суу менен жабдуу системаларынын түтүк өткөргүчтөрүн жана жабдууларын дат басуудан коргоо үчүн төмөнкүлөр пайдаланылат:
- сууну деаэрациялоо;
- сууну силикаттык иштетүү;
- сууну цинктин комплексонаты (оксиэтилидендифосфон кислотасынын цинк тузу) жана ден соолук үчүн коопсуз химиялык башка реагенттер менен иштетүү.
39. Түтүк өткөргүчтөрдү дат басууга каршы каражаттар менен иштетүүдө төмөнкү талаптарды аткаруу керек:
- жылуулук менен жабдуунун ачык суу системаларында сууну деаэрациялоо кеминде 100 ºС температурада жүргүзүлөт;
- сууну иштеткенден кийин андагы цинк комплексонатынын 5,0 мг/дм3 ашпаган санда калышына жол берилет;
- түтүк өткөргүчтөгү сууга суюк натрий айнегин (натрий силикаты) куюу жолу менен жүргүзүлөт;
- иштетилген сууда диоксид кремнийге кайра эсептегенде силикаттын суммалык концентрациясы - кеминде 40 мг/дм3 ашпоосу керек.
40. Жылуулук берүү булактарында сууну кеберленүүгө каршы иштетүү үчүн төмөнкүлөр пайдаланылат:
- физикалык ыкмалар (сууну ультра үндүк жана магниттик иштетүү);
- химиялык ыкмалар (акиташ, сода-акиташ, коагуляциялоо менен сода-акиташ, кычкылдантуу, катиондоо ж.б.).
41. Жылуулук берүү булактарынын жана жылуулук тармактарынын жылчыксыздыгын контролдоо үчүн калкка алдын ала маалымат бергенден кийин флуоресцеинадинатрий тузун (уранин А) сууга кошууга уруксат берилет, мында суу алуу жерлеринде анын калган саны 0,0025 мг/дм3 ашпоого тийиш.
42. Сезондуу өчүрүү мезгилинде, оңдоодон жана жаңы жылуулук менен жабдуу системаларын кошуудан кийин ысык суунун сапатына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптардан жылуулук менен жабдуунун ачык системаларына кошулган борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системаларында түстүүлүк көрсөткүчтөрү боюнча плюс 70 ºС чейинки жана темирдин камтуусунун 1 мг/л чейинки деңгээлде уруксат берилет.
6-глава. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системасын контролдоо жана көзөмөлдөө
43. Суу менен жабдуу системасын эксплуатациялаган жеке жана юридикалык жактар системада ысык суунун коопсуздугуна өндүрүштүк контролдоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген "Санитардык эрежелердин сакталышына жана санитардык-эпидемияга каршы (алдын алуучу) иш-чаралардын аткарылышына өндүрүштүк контролдоону уюштуруу жана жүргүзүү" санитардык-эпидемиологиялык эрежелерине жана ченемдерине ылайык камсыз кылат.
44. Ысык суунун коопсуздугуна өндүрүштүк контролдоо төмөнкүлөрдө жүргүзүлөт:
1) жылуулук менен жабдуунун жабык системаларында:
- баштапкы суу келген жерлерде (суу түтүктөрүндө);
- суу ысыткычтан кийин;
2) жылуулук менен жабдуунун ачык системаларында:
- баштапкы суу келген жерлерде (суу түтүктөрүндө же суу булактарында);
- сууну даярдоодон кийин (сууну толуктап туруу);
- ысык суу менен жабдуу тармактарына берилер алдында;
3) ысык суу менен жабдуунун айрым тармактары менен жылуулук менен жабдуу системаларында:
- баштапкы суу келген жерлерде (суу түтүктөрүндө);
- суу ысыткычтан кийин.
45. Бөлүштүрүүчү тармактарда лабораториялык изилдөө үчүн ысык суунун сынамын алуу жаңы жылуулук менен жабдуу системаларын кошуудан, капиталдык оңдоодон, авариялык-калыбына келтирүүчү, профилактикалык иштерден кийин жана сезондуу өчүрүү мезгилинде жүргүзүлөт.
46. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системаларындагы суунун сапатына жана коопсуздугуна мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө суу бөлүштүрүүчү тармакка келгенге чейин жана бөлүштүрүүчү тармакта тандап алуу ыкмасы менен калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.