Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы № 25
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-1-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи-жыйырма сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
- "Ысык суу менен жабдуунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер, 24-тиркемеге ылайык;
- "Ультра кызгылт көк нурлануу методу менен ичүүчү сууну зыянсыздандыруу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер, 25-тиркемеге ылайык;
- "Коомдук дааратканаларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер, 26-тиркемеге ылайык;
- "Сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн пайдаланылган материалдардын, реагенттердин, жабдуулардын коопсуздугу боюнча гигиеналык талаптар" жөнүндө санитардык эрежелер жана гигиеналык ченемдер, 27-тиркемеге ылайык;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 24-27-тиркемелер менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 8-февралындагы N 9 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
"Ысык суу менен жабдуунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" жөнүндө САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕР ЖАНА ЧЕНЕМДЕР
1-глава. Жалпы жоболор жана колдонуу тармагы
1. "Ысык суу менен жабдуунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер (мындан ары - санитардык эрежелер) калк чарбалык-тиричиликтик муктаждыктарда пайдаланган борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системасында ысык суунун коопсуздугу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарды белгилейт.
2. Санитардык эрежелер жылуулук менен жабдуунун жабык жана ачык системаларында борборлоштурулган ысык суу менен жабдуунун долбоорлонуучу, курулуучу, реконструкциялануучу жана иштеп жаткан системаларына, ысык суу менен жабдуунун өзүнчө тармактарынын жылуулук менен жабдуу системаларына, ошондой эле эпидемиялык тобокелдиги жогору болгон баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан объекттерде (жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү, дарылоо-профилактикалык уюмдарында ж.б.) ысык суу менен жабдуунун автономиялуу системаларына карата колдонулат.
3. Санитардык эрежелер от, электр же гелиотермалдык ысытуу (үй ичиндеги жана батирлер боюнча) жергиликтүү ысык суу менен жабдуунун локалдык системаларына, ошондой эле гелиотермалдык сууну пайдаланган системаларга карата колдонулбайт.
4. Санитардык эрежелерди сактоо борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системасын эксплуатациялаган жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү болуп саналат.
5. Санитардык эрежелерди бузуу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын бузуулар боюнча иштерди жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык белгиленет.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
6. Ушул санитардык эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) бак - аккумулятор - суу топтоо үчүн сыйымдуулук;
2) жогору контагиоздук - өтө жугуштуу;
3) гелиотермалдык ысытуу - күн энергиясы менен ысытуу;
4) геотермалдык суу - жердин үстүңкү бетине түпкүрүнөн чыккан жогорку температурадагы жана өзгөчө химиялык курамы бар суу;
5) ысык суу менен жабдуу - турак үйлөрдү, уюмдарды атайын жабдуулар жана орнотмолордун комплекси менен тиричилик жана өндүрүштүк муктаждыктар үчүн ысык суу менен жабдуу;
6) деаэрация - анда эриген газдарды суудан жок кылуу;
7) жылуулук менен жабдуунун жабык системасы - жылуулук менен жабдуу системасы, мында ысык суу менен жабдуу үчүн суу, суу ысыткычтарда (бойлерлерде) ысытылат;
8) ингибирлөө - ар кандай химиялык реакциялардын жана жагымсыз процесстердин жүрүшүн басаңдатуучу же болтурбоочу процесс;
9) ингибитор - химиялык жана башка жагымсыз процесстерди токтотууга жөндөмдүү зат;
10) жылуулук менен жабдуунун ачык системасы - ысык суу менен жабдууга сууну түздөн-түз жылуулук тармактарынан алуу аркылуу жылуулук менен жабдуу системасы;
11) толуктап туруучу суу - жылуулук менен жабдуу системасынан суунун азайышын (сызылып чыгышын, бууланышын) толуктап турган суу;
12) ысык суу менен жабдуу тармактары - ысык сууну ташып келген түтүк өткөргүчтөр;
13) ысык суу менен жабдуу системасы - жабдуулардын комплекси: жылуулук булактары, суу ысытуучу аппаратура, суу ысыткычтар, сууну ташып келген түтүк өткөргүчтөр, суунун температурасын жөнгө салып жана контролдоп туруучу орнотмолор;
14) ысык суу менен жабдуунун өзүнчө тармактары бар жылуулук жабдуу системасы - жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын ортосунда байланыш болбогон учурда борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун суусун ысытуу;
15) жылуулук менен жабдуу - турак үйлөрдү, уюмдарды жылытуу, желдетүү, ысык суу аркылуу жылуулук менен камсыз кылуу;
16) ысык суу менен жабдуунун борборлоштурулган системасы - керектөөчүлөргө түтүк аркылуу берилүүчү жылуулук электр станцияларында сууну ысытуу системасы.
3-глава. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системаларына коюлуучу жалпы талаптар
7. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системаларына коюлуучу санитардык-эпидемиологиялык талаптар төмөнкүлөргө багытталган:
- ысык суунун эпидемиологиялык коопсуздугун, химиялык курамынын зыянсыздыгын жана жагымдуу органолептикалык касиеттерин камсыз кылууга;
- плюс 60 ºС төмөн болбогон температурада көбөйө турган вирустук жана бактериялык жогорку жугуштуу инфекциялык оорулардын козгогучтары менен ысык суунун булганышынын алдын-алууга;
- ысык суу менен жабдуу үчүн пайдаланууда сууда хлороформдун катышын минималдаштырууга;
- ысык суунун сапаты менен шартталган теринин жана тери астындагы клетчалардын оорусун алдын-алууга.
8. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системаларында төмөнкүлөрдү колдонууга тыюу салынат:
- адамдын ден соолугу үчүн зыяндуу болгон аралашмаларды бөлүп чыгарган материалдарды, реагенттерди жана жабдууларды;
- сымап толтурулган контролдук-өлчөөчү приборлорду;
- техникалык сууларды.
9. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системаларында механикалык жактан бышык, жылчыксыз, дат басууга туруктуу жана жылуулукту чыгарбаган касиеттери бар түтүктөр пайдаланылат.
10. Жылуулук менен жабдуу системасында колдонулган суу алуу жеринде ысык суунун температурасы плюс 60 ºС төмөн жана плюс 75 ºС жогору болбошу керек.
11. Керектөөчүдөгү ысык суунун сапаты жана коопсуздугу санитардык эрежелердин 39 жана 41-пункттарынын талаптарына жооп берүүгө тийиш.
12. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системасын тейлеген кызматкерлер, ошондой эле зыяндуу өндүрүштүк факторлордун таасирине кабылган адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 225 токтому менен бекитилген Кызматкерлерди ишке кирүүдө милдеттүү түрдө алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өткөрүү жөнүндө нускамага ылайык алдын ала (ишке кирүүдө) жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өтүп турушат.
4-глава. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системасын долбоорлоого, курууга, эксплуатациялоого коюлуучу талаптар
13. Ысык сууну чыгаруу жылуулук менен жабдуучу уюмдар тарабынан камсыз кылынат.
14. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу тармагы (мындан ары - тармактар) төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- жылуулук менен жабдуунун жабык системаларына кошулган;
- жылуулук менен жабдуунун ачык системаларына кошулган;
- өзүнчө тармактары менен борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системасы.
15. Долбоорлоодо борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системасын тандоо баштапкы суунун сапатын, техника-экономикалык негиздемесин, ысык суу менен жабдуу системасында эсептик жылуулук жүгүн эске алуу менен калктуу конуштун келечектерине жана иш жүзүндөгү өнүгүшүнүн планына ылайык жүргүзүлөт.
16. Жылуулук булагынан чыккан суу керектөөчүлөргө магистралдык, бөлүштүрүү (кварталдык) жана короодогу жылуулук тармактарынын жардамы менен жеткирилет.
17. Тармакты көрүстөндөрдүн, таштанды таштоочу жайлардын, мал көмүлгөн жерлердин, дыйканчылыктын сугат аянттары, ассенизация талаалары жана суунун булганышына потенциалдуу коркунуч келтирген башка объекттер аркылуу өткөрүүгө, ошондой эле канализация тармактары менен бирге жайгаштырууга тыюу салынат.
18. Тармактан булгануу булагына чейинки аралык ушул санитардык эрежелердин 1-таблицасына ылайык алынат.
1-таблица
Тармактан булгануу булагына чейинки аралык | |||
№ | Булгоочу булактар | Удаалаш өткөрүүдө горизонталь боюнча аралык (метрден кем эмес) | Удаалаш өткөрүүдө вертикаль боюнча аралык (метрден кем эмес) |
1 | Тиричилик жана өндүрүштүк канализация тармактары: жылуулук тармактарын каналдарда жана тоннелдерде өткөрүүдө (тоннелдин жана каналдын сырткы дубалынан) | 1,0 | 0,2 |
| диаметри 200 мм чейинки жылуулук тармактарын каналсыз өткөрүүдө | 1,5 | 0,4 |
| диаметри 200 мм ашкан жылуулук тармактарын каналсыз өткөрүүдө | 3,0 | 0,4 |
2 | Көрүстөндөр, таштанды таштоочу жайлар, мал көмүлгөн жерлер, сугат аянттары, химиялык жана биологиялык булгануу коркунучу менен шартталган башка объекттер: |
|
|
- кыртыш суулары жок болсо; | 10,0 |
| |
- кыртыш суулары жана чыпкалоочу кыртыш бар болсо | 50,0 |
| |
3 | Тазаланып туруучу жана жугунду төгүлүүчү чуңкурлар: |
|
|
- кыртыш суулары жок болсо; | 7,0 |
| |
- кыртыш суулары жана чыпкалоочу кыртыш бар болсо | 20,0 |
| |
19. Алдын ала оңдоо иштеринин мезгилинде ысык суу менен жабдуу системаларын өчүрүү авариялык учурлардан тышкары 15 суткадан ашпоого тийиш.
20. Ысык сууну керектөөчүлөргө узак убакытка (15 суткадан ашык) өчүрүүдө, пландык-алдын алуу иштерин жүргүзүүдө эксплуатациялоочу уюм түтүк өткөргүч тармактарында суунун болушун жана системада суунун айланып турушун камсыз кылат.
21. Капиталдык оңдоодон жана авариялык-калыбына келтирүү иштеринен кийин жаңы тармактар гидропневматикалык жактан жуулат жана андан ары дезинфекцияланат.
22. Ысык суу менен жабдуу системаларын жуу жана дезинфекциялоо аларды эксплуатациялаган, курган, реконструкциялаган же авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүргүзүлөт. Тармакты жуу жана дезинфекциялоонун натыйжалары акт менен таризделет.
23. Системаны дезинфекциялоо кеминде 6 сааттык контактта куб дециметрге (мындан ары - мг/куб. дм) 75-100 мг дозасында активдүү хлорду камтыган чарбалык-ичүүчү сууну толтуруу менен жүргүзүлөт.
24. Диаметри 200 мм жана узундугу бир километрге чейинки жылуулук жана ысык суу менен жабдуу системаларын плюс 85-90 ºС төмөн болбогон температурадагы ысык суу менен жуудуруу аркылуу дезинфициялоого жол берилет.
25. Жуудуруу жана дезинфекциялоо лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжалары канааттандыраарлык болгон учурда аяктады деп эсептелет.
26. Хлордун калдыктары бар жуунду сууну төгүүчү жер ысык суу менен жабдуу системаларын эксплуатациялаган юридикалык жана жеке жактар тарабынан курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.
27. Тармакты эксплуатациялаган жана дезинфекциялаган жеке жана юридикалык жактар ушул санитардык эрежелерге ылайык тармакты дезинфекциялоо үчүн жоопкерчилик тартат.
28. Оңдоо иштерин жана дезинфекциялоо жүргүзүү мезгилинде керектөөчүлөр ысык суу менен жабдуу тармактарынан өчүрүлөт. Эпидемиялык жактан маанилүү объекттер (жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү, дарылоо-профилактикалык уюмдар) өздөрүнүн резервдик булактарынан ысык суу менен камсыз кылынат.
29. Жылуулук менен жабдуу жана жылуулук булактарында толуктап туруучу суунун запасын сактоо системаларында суунун чыгымдалышынын суткалык графигин теңдөө үчүн ысык суунун бак-аккумуляторлору орнотулат.
30. Ысык суу менен жабдуу системаларында бак-аккумуляторлордун конструкциясы авариялык кырдаалды жокко чыгарууну, бактын ичине сыртка чыгаруучу орнотмо аркылуу булганычтардын түшүшүн, ошондой эле бактын төмөнкү бөлүгүнөн жаан-чачындын ысык суу менен жабдуу тармагына түшүшүн жокко чыгарууну камсыз кылат.
31. Ысык суунун бак-аккумуляторлорун конуштуу кварталдарга жайгаштырууга тыюу салынат.
32. Жылуулук булактары турган аймактан сырткары жайгашкан бак-аккумулятор тосмо менен корголот. Бактардын тосмосунун бийиктиги кеминде 2,5 метр, резервуардын дубалынан берки аралык - кеминде 10 метр болууга тийиш. Бактарга бөтөн адамдардын киришине тыюу салынат.
33. Бак-аккумуляторлордун ички бети дат баспай турган, ден соолук үчүн зыяндуу эмес материалдардан жасалат.
5-глава. Ысык сууну стабилизациялык иштетүүгө коюлуучу талаптар
34. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системаларында сууну даярдоодо технологиялык процесстердин талаптарын эске алуу менен сууну атайын иштетүү (кеберленүүгө каршы, дат басууга каршы) колдонулат.
35. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системаларында дат басуу жана туздардын чөгүндү (кеберленүү) процесстерин ингибирлөө реагенттер менен жүргүзүлөт.
36. Иштетилген сууда реагенттердин курамына кирген заттардын камтылышы ичүүчү сууга гигиеналык ченемдерден ашпоого тийиш.
37. Суу менен жабдуу системаларында 0,5 мг/дм3 ашык санда экиваленттүү темирдин ионун камтыган жер алдындагы сууларды пайдаланууда ал суудан темир алдын ала чыгарылат.
38. Суу менен жабдуу системаларынын түтүк өткөргүчтөрүн жана жабдууларын дат басуудан коргоо үчүн төмөнкүлөр пайдаланылат:
- сууну деаэрациялоо;
- сууну силикаттык иштетүү;
- сууну цинктин комплексонаты (оксиэтилидендифосфон кислотасынын цинк тузу) жана ден соолук үчүн коопсуз химиялык башка реагенттер менен иштетүү.
39. Түтүк өткөргүчтөрдү дат басууга каршы каражаттар менен иштетүүдө төмөнкү талаптарды аткаруу керек:
- жылуулук менен жабдуунун ачык суу системаларында сууну деаэрациялоо кеминде 100 ºС температурада жүргүзүлөт;
- сууну иштеткенден кийин андагы цинк комплексонатынын 5,0 мг/дм3 ашпаган санда калышына жол берилет;
- түтүк өткөргүчтөгү сууга суюк натрий айнегин (натрий силикаты) куюу жолу менен жүргүзүлөт;
- иштетилген сууда диоксид кремнийге кайра эсептегенде силикаттын суммалык концентрациясы - кеминде 40 мг/дм3 ашпоосу керек.
40. Жылуулук берүү булактарында сууну кеберленүүгө каршы иштетүү үчүн төмөнкүлөр пайдаланылат:
- физикалык ыкмалар (сууну ультра үндүк жана магниттик иштетүү);
- химиялык ыкмалар (акиташ, сода-акиташ, коагуляциялоо менен сода-акиташ, кычкылдантуу, катиондоо ж.б.).
41. Жылуулук берүү булактарынын жана жылуулук тармактарынын жылчыксыздыгын контролдоо үчүн калкка алдын ала маалымат бергенден кийин флуоресцеинадинатрий тузун (уранин А) сууга кошууга уруксат берилет, мында суу алуу жерлеринде анын калган саны 0,0025 мг/дм3 ашпоого тийиш.
42. Сезондуу өчүрүү мезгилинде, оңдоодон жана жаңы жылуулук менен жабдуу системаларын кошуудан кийин ысык суунун сапатына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптардан жылуулук менен жабдуунун ачык системаларына кошулган борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системаларында түстүүлүк көрсөткүчтөрү боюнча плюс 70 ºС чейинки жана темирдин камтуусунун 1 мг/л чейинки деңгээлде уруксат берилет.
6-глава. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системасын контролдоо жана көзөмөлдөө
43. Суу менен жабдуу системасын эксплуатациялаган жеке жана юридикалык жактар системада ысык суунун коопсуздугуна өндүрүштүк контролдоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген "Санитардык эрежелердин сакталышына жана санитардык-эпидемияга каршы (алдын алуучу) иш-чаралардын аткарылышына өндүрүштүк контролдоону уюштуруу жана жүргүзүү" санитардык-эпидемиологиялык эрежелерине жана ченемдерине ылайык камсыз кылат.
44. Ысык суунун коопсуздугуна өндүрүштүк контролдоо төмөнкүлөрдө жүргүзүлөт:
1) жылуулук менен жабдуунун жабык системаларында:
- баштапкы суу келген жерлерде (суу түтүктөрүндө);
- суу ысыткычтан кийин;
2) жылуулук менен жабдуунун ачык системаларында:
- баштапкы суу келген жерлерде (суу түтүктөрүндө же суу булактарында);
- сууну даярдоодон кийин (сууну толуктап туруу);
- ысык суу менен жабдуу тармактарына берилер алдында;
3) ысык суу менен жабдуунун айрым тармактары менен жылуулук менен жабдуу системаларында:
- баштапкы суу келген жерлерде (суу түтүктөрүндө);
- суу ысыткычтан кийин.
45. Бөлүштүрүүчү тармактарда лабораториялык изилдөө үчүн ысык суунун сынамын алуу жаңы жылуулук менен жабдуу системаларын кошуудан, капиталдык оңдоодон, авариялык-калыбына келтирүүчү, профилактикалык иштерден кийин жана сезондуу өчүрүү мезгилинде жүргүзүлөт.
46. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу системаларындагы суунун сапатына жана коопсуздугуна мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө суу бөлүштүрүүчү тармакка келгенге чейин жана бөлүштүрүүчү тармакта тандап алуу ыкмасы менен калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
|
|
"Ультра кызгылт көк нурлануу методу менен ичүүчү сууну зыянсыздандыруу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" жөнүндө САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕР ЖАНА ЧЕНЕМДЕР
1-глава. Жалпы жоболор жана колдонуу тармагы
1. Ушул санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер (мындан ары - санитардык эрежелер) ультра кызгылт көк нурлануу методу менен ичүүчү сууну зыянсыздандырууга, зыянсыздандыруунун керектүү даражасын кепилдеген ультра кызгылт көк нурлануу дозасынын чоңдугуна, ультра кызгылт көк жабдууларга жана суу даярдоонун технологиялык схемасындагы алардын жайгашуучу ордуна, ультра кызгылт көк жабдууларды тейлеген персоналдын эмгегинин коопсуз шартын камсыздоочу иш-чараларга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарды белгилейт.
2. Санитардык эрежелер баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан чарбалык-ичүү багытында долбоорлонуп, курулуп, реконструкцияланып жана иштеп жаткан объекттерге (мындан ары - объекттер) карата колдонулат.
3. Санитардык эрежелер ичүүчү суу менен жабдуу системасына мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүргүзүүдө, ошондой эле сууну зыянсыздандыруу үчүн ультра кызгылт көк жабдууларды долбоорлоодо, эксплуатацияга тапшырууда жана эксплуатациялоодо алардын ишин өндүрүштүк контролдоо үчүн колдонууга арналган.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
4. Ушул санитардык эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
- биоциддик нурлануу - толкундун узундугу 205-315 (нм) болгон ультра кызгылт көк диапазондогу электромагниттик нурлануу;
- нурлануунун биоциддик таасири - биоциддик нурлануунун таасири астында эң жөнөкөйлөрдүн цисттеринин жана гельминттердин жумурткаларынын өлүшү;
- ультра кызгылт көк лампалардын иштөө убактысы - ультра кызгылт көк лампалар жумушчу абалда болгон убакыт (саат);
- нурлантуу убактысы - ультра кызгылт көк нурлантуу аркылуу зыянсыздандыруу жүргөн убакыт (сек.);
- биоциддик эффект - биоциддик нурлантуунун таасирине сандык баа берүү (эң жөнөкөйлөрдүн өлгөн цисттеринин жана (же) гельминттердин өлгөн жумурткаларынын санынын жашоого жөндөмдүү патогендердин баштапкы санына карата катышы (%);
- ультра кызгылт көк нурлантуунун датчиги-кабылдагычы-зыянсыздандыруу камерасында ультра кызгылт көк нурлануунун ургаалдуулугун өлчөөчү түзүлүш;
- ультра кызгылт көк нурлануунун дозасы - ультра кызгылт көк нурлантуунун зыянсыздоочу таасиринин өлчөмү (мДж/с кв.м);
- нурлануунун ургаалдуулугу - нурдун агымынын үстүңкү беттин аянтына карата катышы (мВт/с кв.м);
- зыянсыздандыруу камерасы - сууну зыянсыздандыруу процесси жүргөн ультра кызгылт көк түзүлүштүн негизги элементи;
- ультра кызгылт көк нурдун булагы - спектринде биоциддик нурлануу бар жарык энергиясынын жасалма булагы;
- кварц кап - суунун ультра кызгылт көк лампага түздөн-түз тийишинен тосуучу жана анын жылуулук режимин турукташтырып туруучу түзүлүш;
- сиңирип алуу коэффициенти - ультра кызгылт көк нурдун түшүп турган агымынын 1 см калыңдыктагы суунун катмары сиңирип алган ультра кызгылт көк нурлануунун агымына карата катышы;
- ультра кызгылт көк нурдун булагынын кубаты - ультра кызгылт көк диапазондогу нурлантуу булагынын жалпы жарык энергиясы (Вт);
- ультра кызгылт көк лампанын чагылдыргычы - нурдун агымын керектүү багытта көбөйтүүчү атайын каптоо (түзүлүш);
- мите агенттер, мите патогендер - ичеги-карындын мите ооруларын козгогучтардын (протозооздордун, гельминтоздордун) пропагативдик стадиясы - ичеги-карындагы патогендүү эң жөнөкөйлөрдүн цисттери жана ооцисттери, гельминттердин жумурткалары жана курттары (экз.);
- суунун чыгымы - убакыт бирдигинде камера аркылуу агып өткөн суунун көлөмү (куб.м3/с);
- ультра кызгылт көк лампалардын ресурсу - лампалардын паспортунда көрсөтүлгөн, алмаштырганга чейинки иштөөчү убактысы (саат);
- ультра кызгылт көк түзүлүш - сууну ультра кызгылт көк нурлантуу менен зыянсыздандыруучу түзүлүш;
- ультра кызгылт көк нурлантуу - толкунунун узундугу 10-400 нм (нм) болгон жана фотондордун энергиясы 12,4-3,1 электрон-вольтко барабар электромагниттүү нур.
3-глава. Сууну ультра кызгылт көк нурлантуу менен зыянсыздандыруу ыкмасы
5. Сууну даярдоо технологиясында толкунунун узундугу 205тен 315 нм чейинки ультра кызгылт көк нурлантуу менен сууну зыянсыздандыруу ыкмасы колдонулат.
6. Ичүүчү сууну ультра кызгылт көк нурлантуу менен зыянсыздандыруу ыкмасынын сууну тазалоонун башка ыкмаларына салыштырганда төмөнкүдөй бир топ артыкчылыктары бар:
- коопсуз технология;
- сууну зыянсыздандыруунун реагентсиз ыкмасы;
- сууну зыянсыздандырууга убакыттын аз коротулушу;
- ультра кызгылт көк нурлануу менен зыянсыздандырылгандан кийин суунун гигиеналык касиеттеринин сакталып калышы;
- ультра кызгылт көк нурлануунун дозасын жогорулатуу суунун гигиеналык касиеттерин өзгөртпөйт жана коштонду продуктулардын пайда болушуна алып келбейт.
7. 250-270 нм диапазондо ультра кызгылт көк нурлануу суудагы мите оорулардын козгогучтарынан башка ар кандай микроорганизмдерге, анын ичинде бактерияларга, вирустарга жана грибдерге, ичеги-карындагы патогендүү эң жөнөкөйлөрдүн цисттерине жана ооцисттерине, гельминттердин жумурткаларына максимум бактерициддик таасир тийгизет.
8. Ультра кызгылт көк нурлануунун зыянсыздандыруучу таасири микроорганизмдердин клеткаларындагы дезорибонуклеин кислотанын жана рибонуклеин кислотасынын молекулаларынын кайта калыбына келбегидей бузулушуна негизделген.
9. Ультра кызгылт көк нурлануу менен сууну зыянсыздандыруу даражасы зыянсыздандыруу процессине таасир тийгизүүчү төмөнкүдөй факторлорго жараша болот:
- ультра кызгылт көк нурлануу булагынын кубаттуулугуна;
- зыянсыздандырылуучу суунун ультра кызгылт көк нурланууну сиңирип алышына;
- ультра кызгылт көк нурлануунун таасири менен ар кандай микроорганизмдердин өлүшүнө.
10. Сууну зыянсыздандыруу боюнча жабдыктарда ультра кызгылт көк нурлануу булагы катары сымаптын буусу жана инерттик газдардын аралашмасы менен толтурулган, төмөнкү жана жогорку басым режиминде иштеген, чагылдыргычы жана коргоочу кварц каптары бар газ-разряддык лампалар колдонулат.
11. Коргоочу кварц каптары бар ультра кызгылт көк лампалар чөгөрүлүп нурлантуучу түзүлүштөрдө колдонулат.
12. Коргоочу каптар кварц айнектен жасалат жана лампалардын температуралык режимин турукташтырууга арналган.
13. Коргоочу каптардагы лампалар бардык тарабынан агып өтүүчү суунун агымына жайгаштырылат.
14. Эксплуатациялоо процессинде ультра кызгылт көк лампалардын кварц каптарынын сырткы бетинде бактерициддик нурлануунун натыйжасын азайткан тунмалар пайда болот.
15. Кварц каптардын үстүңкү бетинен тунмаларды тазалоо үчүн адамдын ден соолугу үчүн коопсуз болгон реагенттер колдонулат.
16. Ультра кызгылт көк зыянсыздандыруучу түзүлүштөр зыянсыздандырылуучу суунун бүткүл көлөмүнө нурдун дозасынын бирдей бөлүштүрүлүшүн камсыз кылат. Нурлануунун бирдей болушуна түзүлүштөгү суунун агымынын жогорку ылдамдыгынын эсебинен жетишилет.
17. Ультра кызгылт көк нурлардын сууга өтүшү аларды суу жана эритилген же суунун ичинде калкып жүргөн абалдагы заттардын сиңирип алышы менен коштолот.
18. Суунун сиңирип алуу жөндөмү сиңирип алуу коэффициенти менен мүнөздөлөт, анын цифра менен көрсөтүлүшү 1 см калыңдыктагы суу катмары сиңирип алган бактерициддик нурлануунун үлүшүн билдирет.
19. Суу менен камсыздоочу жер үстүндөгү булактардагы табигый суунун сиңирип алуу коэффициенттери 0,2ден 0,6га чейин өзгөрүп турат. Суу менен жабдуунун жер алдындагы булактарындагы суунун сиңирүү коэффициенттери - 0,05тен 0,2ге чейин.
20. Нурлануунун бирдей шартында микроорганизмдердин ар кандай түрлөрү ультра кызгылт көк нурланууга карата сезгичтиги ар башка даражада болот.
21. Микроорганизмдердин айрым түрлөрүнүн 99,9% чейин инактивациялоо үчүн зарыл болгон нурлануунун дозасынын чоңдугу ушул санитардык эреженин таблицасында көрсөтүлгөн.
Таблица
Микроорганизмдердин ар кандай түрлөрүнүн ультра кызгылт көк нурланууга салыштырмалуу сезгичтиги
№ | Микроорганизмдердин түрлөрү | Нурлануунун микроорганизмдерди өлтүрүү үчүн керектүү дозасы (мДж/ см2) 99,9% |
1 | Shigella flexneri (Флекснер шигелла) | 5,2 |
2 | Shigella dysenteriae (дизентерия шигелла) | 8,8 |
3 | Salrnonella paratyphi (паратифтин сальмонелласы) | 6,1 |
4 | Salmonella typhi (тифтин сальмонелласы) | 7,5 |
5 | Proteus vulgaris (протей) | 7,8 |
6 | Stahylococcus aureus (стафилоккок) | 7,8 |
7 | Escherichia coli (ичеги таякчасы) | 6,0 |
8 | Virus poliomyelitis (полиомиелит вирусу) | 6,0 |
9 | Vibrio cholerae (холеранын вибриону) | 6,5 |
10 | Salmonella enteritidis (ичегинин сальмонелласы) | 7,6 |
11 | Mycobacteruirn tuberculosis (туберкулездун таякчасы) | 10,0 |
12 | Pseudomonas aeruginosa (көк ириң таякчасы) | 10,5 |
13 | Virus hepatitis A (вирустуу гепатит А) | 11,0 |
22. Ичүүчү суунун паразитологиялык көрсөткүчтөрү (лямбли цисттери жана криптоспориддик ооцисттер боюнча) эпидемиологиялык коопсуздугуна 40-45 мДж/кв. дозадагы ультра кызгылт көк нурлануу менен зыянсыздандырганда жетишилет.
23. Ушул санитардык эрежелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын эреже бузуулар жөнүндө иштерди жөнгө салуучу мыйзамдары менен аныкталат.
4-глава. Ультра кызгылт көк нурланууну пайдаланып суу даярдоонун технологиялык схемасын тандоо
24. Ультра кызгылт көк нурланууну пайдалануу менен суу даярдоонун технологиялык схемасын долбоорлоочу уюм суу менен жабдуу шарттарын талдоонун негизинде тандайт (суунун түсү, органикалык жана органикалык эмес заттар канча экендиги, бөлүштүрүү тармагынын техникалык абалы).
25. Ичүүчү сууну алуу технологиясында ультра кызгылт көк нурлануу менен зыянсыздандыруу ичүүчү сууну зыянсыздандыруунун баштапкы жана акыркы этаптарында пайдаланылат.
26. Ультра кызгылт көк нурланууну пайдалануу менен суу даярдоонун технологиялык схемасы ар бир конкреттүү суу булагы үчүн аны баштапкы зыянсыздандыруу этабында атайын технологиялык изилдөөлөрдүн негизинде белгиленет.
27. Ультра кызгылт көк нурланууну пайдалануу менен сууну баштапкы зыянсыздандыруу, суунун түстүүлүгү 50 градуска чейин, ылайлуулугу 30 мг/л чейин, темирдин катышы 5,0 мг/л чейин болсо, коли-индекси - 10000 ашпаганда колдонулат.
28. Ультра кызгылт көк түзүлүштүн тибин тандоо иштетилүүчү суунун максималдуу сарпталышын, суунун ультра кызгылт көк нурду сиңирип алышынын максималдуу коэффициентин, суунун бактериялар менен булгануу деңгээлин, ультра кызгылт көк технологияны тажрыйбалык-технологиялык сыноонун натыйжаларын (баштапкы зыянсыздандыруу этабында), ден соолук үчүн коопсуздугун жана зыянсыздыгын ырастаган документтерди эске алуу менен жүргүзүлөт.
29. Ультра кызгылт көк түзүлүштүн паспортунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- нурлануунун натыйжалуу дозасы жана анын суунун сарпталышына көз карандылыгы;
- натыйжалуу доза камсыз кылынышы үчүн суунун сиңирүүчү максималдуу коэффициенти;
- суунун максималдуу жана минималдуу чыгымы;
- зыянсыздандыруу камерасынын өлчөмү;
- ультра кызгылт көк лампалардын ресурстары.
30. Ультра кызгылт көк түзүлүштөрдүн ишенимдүүлүгү төмөнкүлөрдүн болушу менен бааланат:
- зыянсыздандыруу камерасында ультра кызгылт көк нурлануунун ургаалдуулугун өлчөөчү датчиктердин;
- ультра кызгылт көк нурлануу белгиленген минималдуу дозадан азайып кеткенде үн жана жарык сигналдарынын берилишин кепилдеген автоматика системасы;
- лампалардын иштеген убактысын эсептегичтер жана алардын оң абалынын индикаторлору;
- түзүлүштү ажыратпастан жана демонтаж кылбастан тазалоо процессин жүргүзүүгө мүмкүндүк берген кварц каптарды механикалык же химиялык жол менен тазалоо системасы.
31. Тейлөөчү персоналды ультра кызгылт көк нурлануунун жагымсыз таасиринен коргоо ультра кызгылт көк түзүлүштүн ультра кызгылт көк нурдун зыянсыздандыруучу камерадан сыртка чыкпоосун кепилдеген конструкциясы менен камсыз кылынат.
5-глава. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен жабдуучу системаларда ультра кызгылт көк түзүлүштөрдү эксплуатациялоого санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл
32. Ультра кызгылт көк түзүлүштөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл төмөнкүлөргө карата ишке ашырылат:
- ичүүчү сууну зыянсыздандыруунун натыйжалуулугуна;
- эксплуатациялоо процессинде, жаңы ультра кызгылт көк түзүлүштөрдү эксплуатацияга киргизүүдө же аларды оңдогондон кийин ультра кызгылт көк түзүлүштөрдү жана аларга суу келүүчү түтүктөрдү дезинфекциялоо режими сакталышына;
- ультра кызгылт көк түзүлүштөрдү эксплуатациялоо процессинде технологиялык контролдун эрежесинин сакталышына;
- ультра кызгылт көк түзүлүштөрдү тейлеген персоналдын эмгегинин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын сакталышына;
- ультра кызгылт көк лампаларды жыйноого жана утилдештирүүгө.
33. Ультра кызгылт көк түзүлүштөрдү эксплуатацияга киргизээрде, лампаларды алмаштыраарда жана иш узак мезгил токтоп турганда зыянсыздандыруучу камералар жана суу келүүчү түтүктөр 75 мг/л активдүү хлордуу сууда 5-6 саат бою туруп тазаланат.
34. Ультра кызгылт көк түзүлүштөрдүн ишинин натыйжалуулугу "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык көрсөткүчтөр боюнча, нурлантуудан кийин сыноого алынган сууну бактериологиялык талдоонун жыйынтыгы менен ырасталат.
35. Ультра кызгылт көк түзүлүштөрдү эксплуатациялоо процессин технологиялык контролдоо системасына төмөнкүлөрдү контролдоо кирет:
- ультра кызгылт көк нурлануунун дозасын;
- ультра кызгылт көк лампалардын иштетилген убактысын эске алуу менен ресурсту;
- ультра кызгылт көк лампалардын оңдугун;
- абадагы озондун канча экендигин.
36. Нурлануу дозасына контроль зыянсыздандыруу камерасындагы бактерициддик нурлантуунун ургаалдуулугун, суунун анда болуу убактысын эске алуу менен жасалат жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:
D = E Î t,
мында
D - нурлануунун дозасы, мДж/см2;
Е - бактерициддик нурлануунун минималдуу ургаалдуулугу, мВт/см2;
T - суунун зыянсыздандыруу камерасында болушунун орточо убактысы, с.
37. Бактерициддик нурлануунун ургаалдуулугу толкундун узундугу 220-280 нм болгон бактерициддик нурланууну өлчөөчү атайын датчиктер менен өлчөнөт.
38. Суунун зыянсыздандыруу камерасында болушунун орточо убактысы төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында
t - суунун зыянсыздандыруу камерасында болушунун убактысы, с;
S - зыянсыздандыруу камерасынын туурасынан кесилиши, см;
L - зыянсыздандыруу камерасынын узундугу, см;
Q - суунун өтүшү, м3/саат;
278 - бирдиктердин өлчөмүн кайра эсептөө коэффициенти.
39. Ультра кызгылт көк түзүлүш аркылуу канча суунун өткөнү өткөн сууну эсептегич менен контролдонот.
40. Зыянсыздандыруу камерасынын өлчөмү (узундугу жана туурасынан кесилиши) паспортто өндүрүшчү тарабынан көрсөтүлөт.
41. Лампалардын ресурсу ультра кызгылт көк лампалардын иштөө убактысын эсептегичтин көрсөткүчтөрү боюнча контролдонот.
42. Ультра кызгылт көк лампалардын оңдугу лампалардын оңдугунун индикаторлору менен контролдонот.
43. Аткарылуучу иштер ультра кызгылт көк түзүлүштөрдүн конкреттүү тиби үчүн эксплуатациялоо боюнча нускамаларга ылайык жүргүзүлөт, ал кварц каптарды мезгил-мезгили менен тазалоону жана өз ресурсун иштеп бүткөндөн кийин же бузулганда ультра кызгылт көк лампаларды өз убагында алмаштырууну камтыйт.
44. Ультра кызгылт көк лампалардын кварц каптарын тазалоо бактерициддик нурлануунун ургаалдуулугунун датчиктеринин көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүргүзүлөт.
45. Иштерди жүргүзүү, бузуктарды каттоо, анын ичинде лампаларды алмаштыруу ультра кызгылт көк түзүлүштөрдү эксплуатациялоо журналына жазылат.
46. Тейлөөчү персоналдын эмгегинин коопсуздугун контролдоо төмөнкүдөй камсыздалат:
- ультра кызгылт көк түзүлүштөрдүн колдонулуучу тибинин паспортунда көрсөтүлгөн коопсуздук эрежелерин сактоо менен;
- иштебей калган ультра кызгылт көк түзүлүштөрдү туура сактоо менен;
- аптечканын болушу менен;
- ультра кызгылт көк түзүлүштөр менен иштеген адамдарга коопсуздуктун ыкмалары боюнча жекече инструктаж өтүү менен;
- ультра кызгылт көк түзүлүштөр турган жайда абадагы озондун концентрациясын аныктоо менен (концентрация жумушчу зонадагы абада озондун гигиеналык ченемине ылайык келүүгө тийиш (0,03 мг/м3 ашык эмес).
47. Жекече инструктаж өтүүнүн жана жумушчу зонадагы абада озондун канча экендигинин жыйынтыктары эксплуатациялоочу уюмдун жооптуу адамы тарабынан коопсуздуктун ыкмалары боюнча журналга жазылат.
|
|
"Коомдук дааратканаларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" жөнүндө САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕР ЖАНА ЧЕНЕМДЕР
1-глава. Колдонуу тармагы
1. Ушул "Коомдук дааратканаларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык эрежелер жана ченемдер (мындан ары - санитардык эрежелер) коомдук дааратканаларды жайгаштыруу, долбоорлоо, куруу жана күтүү боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарды белгилейт.
2. Санитардык эрежелер баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан долбоорлонуп, курулуп, реконструкцияланып жана иштеп жаткан объекттерге жайылтылат.
3. Жаңы коомдук дааратканаларды жайгаштыруу, долбоорлоо жана куруу, иштеп жаткандарын кеңейтүү, реконструкциялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу аталган объектти куруу долбооруна ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Ушул санитардык эрежелердин сакталышын Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролдойт.
5. Ушул санитардык эрежелерди бузуу үчүн жоопкерчилик бузуулар жөнүндө ишти жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
6. Ушул санитардык эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) даараткана - адамдын табигый муктаждыктарын чыгаруу үчүн жай (даарат ушатуу, дефекация жана антиперестальтика);
2) коомдук даараткана - көчөлөрдө, аянттарда, сейил бактарында, рекреациялык аймактарда жана башка коомдук жайларда, ошондой эле соода борборлорунун, кинотеатрлардын, стадиондордун, темир жол вокзалдарынын имараттарынын ичинде жайгашкан дааратканалар, аларды бардык жеке адамдар акы төлөп же акысыз негизде чектөөсүз пайдалана алышат. Коомдук дааратканаларга: чуңкурдуу даараткана, короодогу ажаткана, люфт-клозет, пудр-клозет, биотуалет кирет;
3) чуңкурдуу даараткана - калдыктардын кыртышка чыгуусунан ишенимдүү коргогон дубалдары менен чуңкурдуу даараткана, анда адамдын жашоо-турмушунун калдыктары чогулат;
4) короодогу ажаткана - герметикалык чуңкуру менен жеңил курулуштагы даараткана;
5) люфт-клозет - жер астындагы чуңкуру бар үй ичиндеги жылуу даараткана;
6) пудр-клозет - даараткана, анда фекалдык калдыктар күкүмдүү курам менен иштетилет жана компост пайда болгонго чейин кургак түрдө өз алдынча идиште (капкагы бар чайыр менен майланган ящик) сакталат;
7) биодаараткана - канализациясы жок көчмө даараткана, анын ичиндеги калдыктар атайын биологиялык кошумчалардын таасири менен чирип жок болот;
8) ички канализация - саркынды сууларды санитардык-техникалык шаймандардан жана технологиялык жабдуулардан калктуу конуштардын же өнөр жай ишканаларынын канализация тармактарына чыгарууну камсыздаган коргоочу конструкциялардын тышкы бети жана биринчи кароо кудугуна чейинки чыгаруулар менен чектелген түтүк өткөргүчтөрдүн жана орнотмолордун системасы;
9) саркынды суу - чарба-тиричилик жана өндүрүштүк иште пайдалангандан кийинки чыгуучу суу;
10) санитардык шаймандар - унитаздар, писсуарлар, жуунгучтар, ванна, душ поддондор, раковина, мойка.
3-глава. Коомдук дааратканаларды курууга аянтчаларды тандоо боюнча санитардык талаптар
7. Коомдук дааратканалар шаарды жана калктуу айыл конуштарын пландаштыруу жана куруу боюнча шаар куруу жана архитектура жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, ошондой эле ушул санитардык эрежелердин гигиеналык талаптарына ылайык жайгаштырылат.
8. Жаңы коомдук дааратканаларды курууга жана иштеп жаткандарын реконструкциялоого бөлүнгөн жер тилкелери ошол жердин рельефин, кыртыш сууларынын жайгашуу бийиктигин, табигый аэрацияны жана санитардык ажырымдарды эске алуу менен аныкталат.
4-глава. Коомдук дааратканаларды жайгаштыруу боюнча гигиеналык талаптар
9. Коомдук дааратканалар стационардык жана убактылуу (биодаараткана) болуп бөлүнөт.
10. Коомдук дааратканалар жайгаштырылуучу жерлер:
- аянттар, транспорттук магистралдар, жүргүнчүлөр көп жүргөн көчөлөр, автострадалар;
- аэровокзалдардын, темир жол станцияларынын имараттары;
- шаар сыртындагы жана шаардык сейил бактар, бульварлар;
- соода-рыноктук комплекстердин аймактары, соода борборлору, театрлар, кинотеатрлар, маданият үйлөрү, китепканалар, көргөзмө жарманкелери;
- стадиондор, пляждар, суу, спорттук курулмалар;
- май куюучу станциялар жана 25 машинадан ашык автомобиль токтоочу жайлар.
11. Коомдук дааратканалар төмөнкү жерлерге жайгаштырылат:
- өзүнчө турган имараттарга;
- курулган жана улай курулган имараттарга;
- коомдук имараттардын биринчи кабаттарына;
- көчмө автофургондорго;
- көчмө кабиналарга.
12. Шаарларда коомдук дааратканалардын тейлөө радиусу 500-700 метрден ашпоого тийиш.
13. Коомдук имараттардын жана курулмалардын ичиндеги (ачык спорттук курулмалардан сырткары) коомдук дааратканалар адамдар көп жүргөн эң алыскы жерден 75 метрден ашпаган аралыкта жайгашат.
14. Ачык спорттук курулмалардын (стадиондордун) аймактарындагы коомдук дааратканалар машыгуу боло турган жерден жана көрүүчүлөр үчүн трибуналардагы эң алыскы жерден 150 метрден ашпаган аралыкта жайгашат.
15. Адамдар көп жүргөн жана топтолгон жерлердеги коомдук дааратканалар турак жай жана коомдук имараттардан 50 метрден кем эмес аралыкта жана бири-биринен жетүү зонасы 500 метрден ашык эмес аралыкта жайгашат.
16. Аялдардын жана эркектердин дааратканаларындагы санитардык шаймандардын саны: 75 аялга 1 унитаз, 150 эркекке 1 унитаз жана 2 писсуар эсебинде алынат.
17. Автостанциялардагы, аэровокзалдардагы, темир жол станцияларындагы коомдук дааратканалар: 500 кишиге 1 тешик эсебинде орнотулат, 1 тешик үчүн 1 унитаз же 2 писсуар кабыл алынат.
18. Коомдук дааратканаларды турак жайларга, жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү, дарылоо-профилактикалык уюмдарына, соода объекттеринин жана коомдук тамактануу ишканаларынын жанына жайгаштырууга тыюу салынат.
5-глава. Коомдук дааратканалардын имараттарына жана жайларына карата гигиеналык талаптар
19. Коомдук дааратканалар жайгашкан жер жана ага баруучу жолдор күндүз жана түн ичинде көрүнүп тургудай атайын көрсөткүчтөр менен белгиленет.
20. Коомдук дааратканалардын аймагы көрктөндүрүлөт: асфальтталат же тротуардык плиткалар төшөлөт, жашылдандырылат жана жарык берилет.
21. Кресло-коляска колдонуп жүрүүчү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн коомдук дааратканаларда кеминде бир адистештирилген ажаткана кабиналары каралууга тийиш. Адистештирилген кабинанын өлчөмү: туурасы - 1,65 м, тереңдиги - 1,8 м. Даараткананын ичинде жүрүүгө коляскалар үчүн пандустар, унитазды жана жуугучтарды колдонууда таяныч үчүн тутка караштырылат.
22. Коомдук дааратканалардын имараты суу менен жабдуу, канализация, жылытуу, желдетүү жана жарык менен камсыздалат.
23. Канализациясы бар калктуу конуштарда коомдук дааратканалар борборлоштурулган канализация системасына кошулат.
24. Борборлоштурулган канализация системасы жок калктуу конуштарда люфт-клозет түрүндөгү өткөрбөс чуңкурдуу коомдук дааратканалар уюштурулат.
25. Люфт-клозеттер жылуулук же механикалык козгогучу бар желдеткич каналдар менен жабдылат.
26. Люфт-клозеттин чуңкуру герметикалык болот. Чуңкурдун түбү жана дубалдары бетондолот же калыңдыгы 0,5 метрден кем эмес тыгыз топурак катмарлуу кирпич, жыгач менен капталат. Кыш менен капталган чуңкурдун ички бети шыбалат, жыгач бөлүгү чайыр менен майланат. Чуңкурду тазалоо үчүн люктар эки кат капкак менен бекем жабылат.
27. Коомдук дааратканаларды иштетишкен юридикалык жана жеке жактар коомдук дааратканалардын чуңкурларын калдыктардан тазалоону жана андан соң адистештирилген (ассенизациялык) транспорт менен айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган атайын бөлүнгөн жерлерге ташууну уюштурат.
28. Коомдук дааратканалар тарткыч-сордурма же сордурма желдетүү системасы менен жабдылат. Сордурма желдетүү аба алмашууну беш мертебеден кем эмес, ал эми тарткыч желдетүү 2,5 мертебеден кем эмес камсыз кылат.
29. Коомдук имараттарда коомдук дааратканаларды жайгаштырууда башкы имараттын желдетүү системасы менен кошулбаган тарткыч-сордурма желдетүү караштырылат.
30. Коомдук даараткана табигый жана (же) жасалма жарыктандырылат, өз алдынча турган жер үстүндөгү дааратканалар үчүн жарык коэффициенти кеминде 1:8, санитардык-техника шаймандар орнотулган жерлердеги жергиликтүү жарыктандыруу кеминде 35 люксту түзөт.
31. Коомдук дааратканада төмөнкүдөй жайлардын топтому болууга тийиш:
- кирүүчү тамбур;
- нөөмөттүк персонал үчүн жай;
- жуунучу раковиналары бар шлюздар;
- эшиктери жабыла турган жеке кабиналар үчүн жай (кабиналардын ортосундагы тосмолордун бийиктиги кеминде 1,25 метр болууга тийиш);
- даараткана кабиналарынын кеңдиги кеминде 0,8 метр, тереңдиги кеминде 1,2 метр болууга тийиш;
- эркектер бөлүгүндө - писсуар үчүн жай;
- балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн өзүнчө кабиналар жана санитардык-техникалык жабдуулар;
- тазалоо шаймандарын сактоо үчүн жай же шкаф.
32. Жайлардын бийиктиги жер алдында жана улай курулган коомдук дааратканаларда 2,8 метрден, жер үстүндөгү жана өзүнчө курулган коомдук дааратканаларда 3,2 метрден кем болбоого тийиш.
33. Даараткана бөлмөсүнүн аянты 1 унитазга 2,5 квадрат метрди жана 1 писсуарга 1,5 квадрат метрди эске алуу менен эсептелет.
34. Даараткананын полу, дубалдары жана шыптары нымга туруктуу, адамдын ден соолугу үчүн коопсуз жуулуучу материалдар менен жасалууга тийиш. Даараткананын полу трапка карай жантаймага ээ болот.
35. Коомдук даараткананын кире бериши коомдук пайдалануудагы башка жайлардын кире беришинен өз алдынча болот.
36. Чатыры (бастырмасы) жок, экран-тосмолору орнотулган короодогу дааратканаларды жайгаштырууга жана пайдаланууга, чуңкурларды 2/3 көлөмдөн ашык толтурууга уруксат берилбейт.
6-глава. Коомдук дааратканалардын санитардык-техникалык жабдууларына жана санитардык-техникалык шаймандарына карата гигиеналык талаптар
37. Даараткана бөлмөлөрү унитаздар, писсуарлар, жуунучу раковиналар/жуунгучтар, электр сүлгүлөрү менен жабдылат. Кабиналарда сырткы кийим үчүн илгичтер, кирүүчүлөрдүн жеке буюмдары үчүн текчелер, калдыктар үчүн урналар же чакалар каралган.
38. Дааратканалардын жабдуулары бышык, оңой жуулган, жылмакай жана тайгалак эмес болуусу керек.
39. Коомдук дааратканалардын эркектер бөлүмүндө дубалга тагылган же полго орнотулган жекече писсуарлар караштырылат.
40. Вокзалдардын, стадиондордун, адамдар көп топтолгон имараттардын, базарлардын, оюн-зоок мекемелеринин коомдук дааратканаларында лотоктук писсуарларды, полго орнотулган унитаздарды же полго орнотулган чөйчөктөрдү колдонууга уруксат берилет.
41. Люфт-клозеттерде эмалданган чоюн куйгучтарды орнотууга жол берилет.
42. Коомдук дааратканалардын шлюздарында ысык жана муздак суусу менен жуунуучу раковиналар орнотулат.
Коомдук дааратканаларды иштетишкен юридикалык жана жеке жактар дааратканаларды самын жана даарат кагаздары менен камсыздашат.
7-глава. Биодааратканаларга карата санитардык-гигиеналык талаптар
43. Биодааратканалар маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлгөн аймактагы эл чогулган, суу түтүгүнө жана канализация системасына кошулууга мүмкүн болгон жерлерде жайгаштырылат.
44. Аз кубаттуулуктагы айрым объекттерди тейлөө үчүн шаардык коммуникацияларга кошулууга мүмкүн болбогон учурда объекттен 25 метрден жана турак жай жана коомдук имараттардан 50 метрден кем эмес аралыкта биодааратканаларды убактылуу орнотууга уруксат берилет.
45. Биодааратканалардын иштөө режими маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү мезгилине туш келет.
46. Биодааратканаларды жана көчмө биодаараткана кабиналарын жылдын жылуу мезгилинде пайдаланууга уруксат берилет.
47. Биодааратканаларда фекалий калдыктарын химиялык ажыратуу үчүн атайын реагенттер колдонулат. Коопсуздугун ырастоочу документтери жок реагентти колдонууга тыюу салынат.
48. Биодааратканалардын кабинасы табигый же жасалма жарыктандырылып, колду тазалоо үчүн бактерияга каршы нымдуу салфеткалар, даарат кагаздары, таштандылар үчүн урна менен камсыз болууга тийиш.
49. Биодааратканаларды адистештирилген уюм тейлейт. Биодааратканалардын калдыктарын биодааратканаларды тазалоо үчүн таза суусу бар идиштер менен жабдылган адистештирилген вакуумдук автомобиль чогултуп алып, төгүлүүчү пунктка ташып барат.
8-глава. Коомдук дааратканаларды күтүүгө карата санитардык талаптар
50. Даараткананын ичи жана анын жанаша аймагы тазалыкта сакталууга тийиш.
51. Коомдук дааратканаларды иштеткен адамдар күнүмдүк жана негизги тазалоону жүргүзүшөт.
52. Күнүмдүк тазалоодо тазалык жуучу каражаттарды колдонуу менен эртеден кечке чейин сакталып турат, бул учурда кирүүчүлөр үчүн даараткана жабылбайт.
53. Негизги тазалоо суткасына бир жолу жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен жүргүзүлөт, бул учурда кирүүчүлөр үчүн даараткана жабылат.
54. Негизги тазалоо учурунда дубалдар, кабиналардын тосмолору, эшиктер, батареялар, терезе текчеси, пол, санитардык шаймандар жуулат, даараткананын 5 метрге чейинки аралыктагы аймагы таштандылардан, жалбырактардан, кардан жана муздан тазаланат.
55. Тазалоо жана дезинфекциялоо коопсуздугун ырастоочу документтери болгон учурда дезинфекциялоочу каражаттар колдонулат.
56. Дезинфекциялоочу каражаттар дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу боюнча нускамаларга ылайык тазалануучу 1 квадрат метр аянтка жумушчу аралашманы чыгымдоо ченемине ылайык сарпталат.
57. Дезинфекциялоочу каражаттардын аралашмасы куюлган идиштер капкак менен жабылып, каражаттын аталышы, анын концентрациясы, максаты жана даярдалган күнү көрсөтүлгөн жазууга ээ болууга тийиш. Жарактуулук мөөнөтү өткөндөн кийин дезинфекциялоочу каражаттарды жана жумушчу аралашмаларды колдонууга тыюу салынат.
58. Раковиналар, эшиктердин туткалары сүртүү ыкмасында дезинфекциялоочу каражаттар менен тазаланат.
Унитаздар, полдогу чөйчөктөр, короодогу дааратканалар жана биодааратканалар чачыратуу жолу менен дезинфекцияланат.
59. Тазалоо үчүн маркаланган тазалоо шаймандары, щетка, чүпүрөк, дезинфекциялоочу жана жуучу каражаттар бөлүнөт, алар атайын бөлүнгөн жайда же шкафта сакталат.
60. Тазалоо иштери бүткөндөн кийин тазалоочу шаймандар дезинфекциялоочу аралашмага чылап коюу менен дезинфекцияланат. Дезинфекция аяктагандан кийин тазалоочу материал сууга чайкалат жана кургатылат.
61. Тейлөөчү персонал атайын кийим (халат, резина кол каптары, респиратор) жана бут кийим менен камсыз болот.
9-глава. Дезинфекциялоочу каражаттар менен иштөөдөгү коопсуздук
62. Дезинфекциялоочу каражаттарды атайын бөлүнгөн жерлерде, бекем жабылган идиштерде сактоо зарыл.
63. Дезинфекциялоочу жумушчу аралашмаларды даярдоодо дезинфекциялоочу каражаттардын териге жана көзгө түшүүсүнөн сактануу зарыл.
64. Дезинфекциялоочу каражаттар менен иштөөдө халат, резина кол каптары, коргоочу көз айнек жана респиратор кийилет.
Дезинфекциялоочу каражаттар менен иштеп бүткөндөн кийин бетти жана колду самындап жууш керек.
65. Каражат көзгө түшкөн учурда аны дароо аккан сууга жууп, натрий сульфацилдин 30%дык аралашмасын тамызуу керек.
Каражат териге түшкөн учурда аны суу менен көбүрөөк жууш керек.
Дем алуу органдарынын дүүлүгүү белгилери пайда болгондо таза абага чыгып, оозду суу менен чайкоо зарыл.
|
| "Коомдук дааратканаларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге карата 1-тиркеме |
Коомдук дааратканаларды тазалоо үчүн хлор камтылган дезинфекциялоочу жумушчу аралашманы даярдоо
1. Хлор акиташынын 10%дык негизги аралашмасын даярдоо:
- 25%дан кем эмес активдүү хлор камтылган 1 кг кургак хлор акиташы бир аз суу куюлган идиште орточо суюктуктагы абалда жыгач таяк менен аралаштырылып эритилет (аралашманын металл менен контагына жол берилбейт);
- эритилген масса 10 литрлик айнек бөтөлкөгө 10 литр суу менен кошо куюлуп, аралаштырылат жана 24 саатка тыныктырылат;
- тыныктырылган жана тундурулган аралашманын бөлүгү экинчи бөтөлкөгө куюлат.
Алынган 10%дык аралашма караңгы жерде беш суткадан ашпаган мөөнөттө капкагы бар идиште сакталат жана керектүү концентрациядагы жумушчу аралашманы даярдоо үчүн пайдаланылат.
Алсак, дааратканалардагы пол, дубалдар, раковиналар хлор акиташынын 0,5%дык аралашмасы менен (10%дык аралашманын 0,5 литри 10 литрге чейинки сууда эритилет), дааратканалардын унитаздары жана полдогу чөйчөктөрү хлор акиташынын 5%дык аралашмасы (хлор акиташынын 10%дык тундурулган аралашмасынын беш литри 10 литрге чейинки сууда эритилет) менен тазаланат.
2. Хлораминдин 0,5%дык аралашмасын даярдоо: 50 грамм хлорамин 10 литрге чейинки сууда 0,5% эритилет. Аралашма колдонуу алдында даярдалат.
|
|
"Сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн пайдаланган материалдардын, реагенттердин, жабдуулардын коопсуздугуна карата гигиеналык талаптар" жөнүндө САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕР ЖАНА ЧЕНЕМДЕР
1-глава. Колдонуу тармагы жана жалпы жоболор
1. Ушул санитардык эрежелер жана гигиеналык ченемдер (мындан ары - санитардык эрежелер) чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системаларында сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн пайдаланган материалдардын, реагенттердин, жабдуулардын коопсуздугуна карата гигиеналык талаптарды белгилейт.
2. Санитардык эрежелер долбоорлонуп, курулуп, реконструкцияланып жана иштеп жаткан суу менен камсыздоо системаларына (мындан ары - суу менен камсыздоо), ушул санитардык эрежелер күчүнө киргенге чейин долбоорлоо, реконструкциясы жана курулушу башталган объекттерди кошпогондо, алардын баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан жайылтылат.
3. Санитардык эрежелер иши сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн пайдаланган материалдарды, реагенттерди, жабдууларды чыгаруу жана эксплуатациялоо менен байланышкан жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдар үчүн арналат.
4. Ушул санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик бузуулар жөнүндө ишти жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
5. Ушул санитардык эрежелерде төмөнкүдөй негизги терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) сууну тазалоо - суудан булгоочу химиялык заттарды, биологиялык булгагычтарды, салмактуу катуу бөлүкчөлөрдү жана газдарды алып салуу процесси;
2) сууну даярдоо - табигый суу булактарынан келген суунун сапатын санитардык-гигиеналык жана технологиялык талаптарга ылайык келтирүү үчүн иштетүү;
3) теридеги резорбциялык таасири - химиялык уулу заттардын териден канга өтүүчү таасири,
4) маркировкалоо - товарды андан ары идентификациялоо (билүү), анын касиеттерин жана мүнөздөмөсүн көрсөтүү үчүн ага шарттуу белгилерди, тамгаларды, сандарды, графикалык белгилерди же жазууларды түшүрүү;
5) химиялык заттардын миграциясы - химиялык заттардын суу ичинде орун которуштуруусу;
6) модификатор - башка заттын курамына киргизилген зат, реагент же алынган продуктунун касиетин өзгөртүү максатындагы аралашма;
7) мутагендүүлүк - физикалык, химиялык же биологиялык агенттин тигил же бул белгилердин өзгөрүшүнө алып келген материалдын структурасын өзгөрткөн жөндөмү;
8) реагенттер - химиялык реакцияга жигердүү катышкан заттар;
9) химиялык заттардын трансформациясы - химиялык заттардын айлана-чөйрөдөгү кайра түзүлүүсү;
10) фильтрация - тийиштүү чыпка аркылуу өткөрүү жолу менен суюктуктан же газдан катуу бөлүкчөлөрдү бөлүп алуу процесси.
3-глава. Суу менен камсыздоо системаларында колдонуучу материалдардын, реагенттердин, жабдуулардын коопсуздугуна гигиеналык талаптар
6. Суу менен камсыздоо системасында материалдардын, реагенттердин, жабдуулардын ар кандай түрлөрү колдонулат. Сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн ушул санитардык эрежелердин 1-тиркемесинде келтирилген материалдар, реагенттер, жабдуулар колдонулат.
7. Суу менен камсыздоо системасы үчүн пайдаланган материалдар, реагенттер жана жабдуулар:
- адамдын ден соолугуна жана айлана чөйрөдөгү объекттерге (суу объекттерине, кыртышка, абага, тамак-аш азыктарына, турак жайга) зыяндуу таасир көрсөтпөөгө;
- суунун органолептикалык касиеттерин начарлатпоого;
- сууга гигиеналык ченемдерден ашып кеткен концентрацияларда кошулмалардын кирип кетишине жол бербөөгө;
- гигиеналык ченемдерден ашып кеткен концентрацияларда кошулмаларды жана/же трансформация продуктуларын түзбөөгө;
- сууда микрофлоранын биологиялык өсүшүнө жана өнүгүшүнө көмөк көрсөтпөөгө;
- колдонуу процессинде кызматкерлердин ден соолугуна зыяндуу таасир тийгизбөөгө тийиш.
8. Сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн колдонулган материалдарды, реагенттерди, жабдууларды пайдаланууда кошумча химиялык компоненттердин, аралашмалардын жана трансформация продуктуларынын суудагы камтылышы ушул санитардык эрежелердин 7-тиркемеси менен регламенттелет.
9. Суу менен камсыздоо системаларында ичүүчү сууда микрофлоранын өсүшүнө жана өнүгүшүнө дем берген материалдарды колдонууга тыюу салынат.
10 Суу менен камсыздоо системаларында экинчи жолу пайдаланылган ресурстардан жасалган материалдарды жана өндүрүштүн калдыктарын пайдаланууга тыюу салынат.
4-глава. Суу менен камсыздоо системаларында колдонулган материалдардын, реагенттердин, жабдуулардын коопсуздугуна гигиеналык баа берүү
11. Суу менен камсыздоо системаларында колдонулган материалдарга жана реагенттерге гигиеналык баа берүү аккредитацияланган лабораторияларда жүргүзүлгөн санитардык-гигиеналык, токсикологиялык, физикалык-химиялык изилдөөлөрдүн натыйжаларына жана адам үчүн алардын коопсуздугун жана зыянсыздыгын ырастаган документтерге негизделет.
12. Суу менен камсыздоо системаларында колдонулган материалдардын жана реагенттердин коопсуздугуна гигиеналык баа берүү үчүн төмөнкүлөр колдонулат:
- ушул санитардык эрежелердин 2-тиркемесине ылайык суу менен камсыздоо системаларында, анын ичинде фильтрация үчүн колдонулган материалдардан суу вытяжкасынын көрсөткүчтөрү;
- ушул санитардык эрежелердин 3-тиркемесине ылайык ысык суу менен камсыздоонун ачык системаларында колдонулган реагенттер үчүн көрсөткүчтөр;
- ушул санитардык эрежелердин 4-тиркемесине ылайык сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн колдонулган синтетикалык полиэлектролиттерге (флокулянттарга, альгициддерге) карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар;
- ушул санитардык эрежелердин 5-тиркемесине ылайык заттардын (реагенттин) химиялык классына жараша сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн колдонулган реагенттер үчүн көрсөткүчтөр;
- ушул санитардык эрежелердин 6-тиркемесине ылайык сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн колдонулган, изилденген материалдардан, реагенттерден, жабдуулардан алынган суу вытяжкасынын органолептикалык жана физикалык-химиялык көрсөткүчтөрүнүн гигиеналык ченемдери;
- ушул санитардык эрежелердин 7-тиркемесине ылайык суу менен камсыздоодо колдонулган материалдардан жана реагенттерден чыккан зыяндуу химиялык заттардын миграциясын контролдоо үчүн сууда камтылган химиялык заттардын гигиеналык ченемдери.
13. Конструкциялык жана чыпкалоочу материалдардын, ошондой эле суу менен камсыздоо системасында колдонулган ички каптагычтардын коопсуздугуна гигиеналык баа берүү үчүн төмөнкүдөй критерийлер колдонулат:
- органолептикалык (20 °С жана 60 °С суу вытяжкасынын жыты жана даамы, анын көбүктөнүшү, түсү, тунмасы);
- физикалык-химиялык (рН, перманганаттык кычкылдануу);
- суу вытяжкасында кооптуулуктун 1 жана 2-класстагы бирикмелеринин концентрациясы ушул санитардык эрежелердин 7-тиркемесине ылайык жол берилген концентрациянын чеги (мындан ары - ЖКЧ) гигиеналык ченемдин 1/2 чоңдугунан ашпоого тийиш. Суу вытяжкасында токсиндүү таасиринин бир багыттуу механизми менен мүнөздөлгөн коптуулуктун 1 жана 2-класстагы эки жана андан ашык заттары табылган учурда, алардын ар биринин тийиштүү гигиеналык ченемге карата концентрациясынын катыштык суммасы бирдиктен ашпоого тийиш;
- суу вытяжкасында кооптуулуктун 3 жана 4-класстагы бирикмелеринин концентрациясы ушул санитардык эрежелердин 7-тиркемесине ылайык гигиеналык ченемдин чоңдугунан ашпоого тийиш.
14. Суу менен камсыздоо системаларында колдонулган материалдардан, реагенттерден жана жабдуулардан алынган сууга миграцияланган химиялык заттардын камтылышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген "Чарбалык-ичүүчү жана маданий-тиричиликтик суу пайдалануунун суу объекттериндеги суудагы химиялык заттардын жол берилген концентрациясынын чеги" гигиеналык ченемдерде белгиленгенден ашпоого тийиш.
15. Сууну даярдоонун жаңы технологияларынын (жабдуулардын) коопсуздугуна баа берүүдө гигиеналык коопсуздуктун критерийлерине кошумча төмөнкүлөр кирет:
- суу вытяжкаларынын жалпы токсиндүү таасиринин жоктугу;
- суу вытяжкаларында терини дүүлүктүрүүчү таасирдин жоктугу;
- суу вытяжкаларынын аллергендик таасиринин жоктугу;
- суу вытяжкаларынын мутагендик натыйжасынын жоктугу.
16. Суу менен камсыздоодо реагент катары кооптуулуктун 3-4-класстагы (сууну дезинфекциялоо каражаттарынан тышкары) бирикмелерди колдонууга уруксат берилет.
17. Кооптуулуктун 2-классына кирген реагенттерди жылуулук менен камсыздоонун жабык системаларында, жүгүртмө суу менен камсыздоодо технологиялык жактан зарыл концентрацияларда колдонууга жол берилет, мында аларды суу объекттерине төккөн учурларда, ошол сууларда реагенттердин гигиеналык ченемдери сакталышы керек.
18. Сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн колдонулган жабдуулардын иштешинен чыккан ызы-чуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген "Жумушчу орунда, турак үйлөрдүн, коомдук имараттардын жайларында жана турак жай курулушунун аймагындагы ызы-чуу" санитардык эрежелери жана ченемдерине ылайык ченемге салынган чоңдугунан ашпоого тийиш.
5-глава. Суу менен камсыздоо системаларында колдонулган материалдардын, реагенттердин, жабдуулардын гигиеналык коопсуздугунун критерийлери
19. Суу менен камсыздоо системаларында колдонулган материалдардын, реагенттердин, жабдуулардын гигиеналык коопсуздугу органолептикалык жана физикалык-химиялык көрсөткүчтөр боюнча, суу вытяжкаларынын жалпы токсиндик, терини дүүлүктүрүүчү, теринин резорбциялык, аллергендик жана мутагендик натыйжасынын жоктугу боюнча бааланат.
20. Колдонулган материалдардан алынган суунун сапатынын көрсөткүчтөрү (жыты, түсү, киргилдиги, жаан-чачындардын болушу, көбүктөнүшү, суутектин көрсөткүчү (РН), суу вытяжкаларында кычкылданышы) ушул санитардык эрежелердин 6-тиркемесинде белгиленген гигиеналык көрсөткүчтөрдүн маанисине шайкеш келиши керек.
21. Изилденген материалдардын суу вытяжкаларында химиялык заттардын камтылышы ушул санитардык эрежелердин 7-тиркемесинде белгиленген гигиеналык көрсөткүчтөрдөн ашпоого тийиш.
6-глава. Материалдарды, реагенттерди, жабдууларды даярдоого жана маркировкалоого карата гигиеналык талаптар
22. Суу менен камсыздоо системаларында колдонулган материалдар, реагенттер жана жабдуулар ченемдик-техникалык документацияга, рецептурага жана техникалык регламенттерге ылайык даярдалат.
23. Материалдар жана алардан жасалган буюмдар маркировкаланат. Маркировкада чыгарган-ишкананын аталышы жана жайгашкан жери, чыгарылып жаткан продукциянын ченемдик техникалык документациясы, даярдалган күнү көрсөтүлөт.
24. Чыгаруучу ишкананын даярдалган продукциясынын ар бир партиясы колдонуу боюнча нускама менен коштолот, анда материалдын толук аталышы, аны колдонуу жааты жана колдонуунун конкреттүү шарттары көрсөтүлөт.
25. Суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялаган жеке жана юридикалык жактар ичүүчү суунун коопсуздугун өндүрүштүк контролдоону камсыздайт, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген "Санитардык эрежелердин сакталышына жана санитардык-эпидемияга каршы (алдын алуучу) иш-чаралардын аткарылышына өндүрүштүк контролдоону уюштуруу жана жүргүзүү" санитардык эрежелерге ылайык сууну даярдоодо колдонулган реагенттердин дозасын аныктоону камсыз кылат.
|
| "Сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн пайдаланган материалдардын, реагенттердин, жабдуулардын коопсуздугуна карата гигиеналык талаптар" санитардык эрежелерине жана гигиеналык ченемдерине 1-тиркеме |
Сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн колдонулган материалдардын, реагенттердин, жабдуулардын түрлөрү
1. Сууга кошулуучу реагенттер (коагулянттар, полиэлектролиттер (флокулянттар, альгициддер), кеберленүүгө каршы, дат басууга каршы каражаттар, стабилизаторлор).
2. Көмөкчү жабдуулар жана конструкциялык материалдар (түтүктөр, бириктирүүчү арматуралар, чорголор, сууну сактоо жана ташуу үчүн полимердик, металлдан жасалган идиштер, изоляциялык материалдар, төшөмөлөр, суу ысыткычтар, электролиз орнотмолору ж.б.).
3. Жабдуулардын үстүңкү бетин иштетүү үчүн колдонулган материалдар жана сууда болуучу конструкциялык материалдар (лактар, боектор, эмалдар, герметиктер, майлагычтар, дат басууга каршы каражаттар, резиналар, полимер материалдары).
4. Чыпкалоочу бүртүктүү материалдар, сорбенттер жана табигый жана жасалма мембраналар (кум, шагыл, цеолиттер, керамзиттер, шунгизиттер, клиноптилолиттер, көмүр, ионду алмаштыруучу чайыр, полимер мембраналар).
|
| "Сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн пайдаланган материалдардын, реагенттердин, жабдуулардын коопсуздугуна карата гигиеналык талаптар" санитардык эрежелерине жана гигиеналык ченемдерине 2-тиркеме |
Суу менен камсыздоо системасында колдонулган материалдардан, анын ичинде чыпкалоочу материалдардан алынган суу вытяжкаларындагы контролдук көрсөткүчтөр
№ | Материалдардын аталыштары | Контролдук көрсөткүчтөр |
| Полимер материалдары |
|
1 | Полиэтилен (ПЭВД, ПЭНД), полипропилен, этилен, полибутилен, полиизобутилен менен пропилендин сополимери, полиолефиндин негизиндеги комбинацияланган материалдар | Формальдегид; |
метил спирти; | ||
бутил спирт; | ||
изобутил спирти; | ||
ацетальдегид; | ||
этилацетат; | ||
ацетон; | ||
2 | Полистирол пластиктери | |
2.1 | Полистирол (блоктук, суспензиялык, бышык) | стирол; |
метил спирти; | ||
формальдегид; | ||
2.2 | Акрилонитрил менен стиролдун сополимери | стирол; |
акрилонитрил; | ||
формальдегид; | ||
2.3 | Метилметакрилат менен стиролдун сополимери | стирол; |
метилметакрилат; | ||
метил спирти; | ||
формальдегид; | ||
2.4 | Метилметакрилат жана акрилонитрил менен стиролдун сополимери | стирол; |
метилметакрилат; | ||
акрилонитрил; | ||
метил спирти; | ||
формальдегид; | ||
2.5 | Альфа-метилстирол менен стиролдун сополимери | стирол; |
альфа-метилстирол; | ||
дибутилфталат; | ||
2.6 | Бутадиен менен стиролдун сополимери | стирол; |
метил спирти; | ||
бутил спирти; | ||
ацетальдегид; | ||
2.7 | Көбүктөткөн полистиролдор | стирол; |
метил спирти; | ||
формальдегид; | ||
бензол; | ||
толуол; | ||
3 | Поливинилхлориддик пластиктер | |
3.1 | Катуу поливинилхлорид | хлордуу винил; |
ацетальдегид; | ||
метил спирти; | ||
бутил спирти; | ||
цинк; | ||
3.2 | Пластификацияланган поливинилхлорид, катуу поливинилхлорид үчүн көрсөтүлгөн көрсөткүчтөргө карата кошумча аныктоо керек | диоктилфталат; |
дибутилфталат; | ||
4 | Винилацетаттын жана андан чыгарылгандардын | формальдегид; |
| негизиндеги полимерлер: поливинилацетат, поливинил спирти, дибутилмалеинат менен винилацетаттын сополимердик дисперсиясы | ацетальдегид; |
5 | Полиакрилаттар | акрилонитрил; |
|
| метилакрилат; |
|
| метилметакрилат; |
|
| бутилакрилат; |
6 | Полиорганосилоксандар (силикондор) | формальдегид; |
|
| ацетальдегид; |
|
| фенол; |
|
| метил спирти; |
7 | Полиамиддер |
|
7.1 | Полиамид 6 (поликапроамид, капрон) | Е-капролактам; |
|
| фенол; |
|
| бензол; |
7.2 | Полиамид 66 (полигексаметиленадипамид, нейлон) | гексаметилендиамин; |
|
| метил спирти; |
|
| бензол; |
7.3 | Полиамид 610 (полигексаметиленсебацинамид) | гексаметилендиамин; |
|
| метил спирти; |
|
| бензол; |
8 | Полиуретандар | этиленгликоль; |
|
| формальдегид; |
|
| ацетальдегид; |
|
| метил спирти; |
9 | Полиэфирлер |
|
9.1 | полиэтиленоксид | формальдегид; |
|
| ацетальдегид; |
9.2 | полипропиленоксид | метилацетат; |
|
| ацетон; |
|
| формальдегид; |
|
| ацетальдегид; |
9.3 | политетраметиленоксид | пропил спирти; |
|
| формальдегид; |
|
| ацетальдегид; |
9.4 | полифенилоксид | фенол; |
|
| формальдегид; |
|
| метил спирти; |
9.5 | полиэтилентетрафталат жана терефталевдик кислотанын негизиндеги сополимерлер | ацетальдегид; |
|
| этиленгликоль; |
|
| диметилтерефталат; |
|
| формальдегид; |
|
| метил спирти; |
9.6 | поликарбонат | фенол; |
|
| метиленхлорид (дихлорметан); |
9.7 | полисульфон | бензол; |
|
| фенол; |
9.8 | полифениленсульфид | фенол; |
ацетальдегид; | ||
метил спирти; | ||
бор; | ||
9.9 | байланыштыргыч катары пайдаланууда: | |
1 | Фенолформальдегиддик чайыр | фенол; формальдегид; |
2 | Кремний органикалык чайыр | формальдегид; |
метил спирти; | ||
бутил спирти; | ||
фенол; | ||
3 | Эпоксиддик чайыр | эпихлоргидрин; |
фенол; | ||
формальдегид; | ||
2. Фторопласттар | ||
1 | фторопласт-3, фторопласт-4, тефлон | фтор-ион (суммардык); |
формальдегид; | ||
дибутилфталат; | ||
3. Пластмассалар | ||
1 | Фенолальдегиддик чайырдын негизиндеги пластмасса (фенопласттар) | формальдегид; |
ацетальдегид; | ||
фенол; | ||
4. Полиформальдегид | ||
1 | Полиформальдегид | формальдегид; |
ацетальдегид; | ||
5. Аминопласттар | ||
1 | пресстелген карбамиддик жана меламиноформальдегиддик масса) | формальдегид; |
6. Эпоксиддик чайырынын негизиндеги полимер материалдары | ||
1 | Эпоксиддик чайырынын негизиндеги полимер материалдары | эпихлоргидрин; |
фенол; | ||
дифенилолпропан; | ||
формальдегид; | ||
7. Иономердик чайыр | ||
1 | Иономердик чайыр, анын ичинде серлин | формальдегид; |
ацетальдегид; | ||
метил спирти; | ||
цинк; | ||
8. Целлюлоза | ||
1 | Целлюлоза | этилацетат; |
формальдегид; | ||
бензол; | ||
ацетон; | ||
9. Картон | ||
1 | Фильтрлөөчү картон | этилацетат; |
ацетальдегид; | ||
метил спирти; | ||
формальдегид; | ||
коргошун; | ||
цинк; | ||
мышьяк; | ||
хром (Cr3+); | ||
хром (Cr6+); | ||
кадмий; | ||
цинк; | ||
2 | Диатомит кошулмасы менен (кошумча) | алюминий; |
кремний; | ||
темир; | ||
марганец | ||
10. Керамикалык буюмдар | ||
1 | Керамикалык буюмдар | бор; |
цинк; | ||
алюминий; | ||
кадмий; | ||
марганец; | ||
хром (Cr3+); | ||
хром (Cr6+); | ||
кобальт; | ||
жез; | ||
хром; | ||
коргошун | ||
11. Фильтрлөөчү органикалык эмес материалдар | ||
1 | Кизельгурлар | кремний; |
алюминий; | ||
темир; | ||
кадмий; | ||
коргошун; | ||
цинк; | ||
жез | ||
12. Металлдар, эритмелер | ||
1 | Чоюн | темир; |
хром (Cr3+); | ||
хром (Cr6+); | ||
никель; | ||
жез; | ||
кадмий; | ||
коргошун; | ||
цинк | ||
|
| марганец; |
|
| алюминий; |
2 | Болот | темир; |
|
| марганец; |
|
| хром (Cr3+); |
|
| хром (Cr6+); |
|
| никель; |
|
| жез; |
|
| кремний; |
|
| кадмий; |
|
| коргошун; |
|
| цинк; |
|
| алюминий; |
|
| молибден (молибден болоту); |
|
| титан (титан болоту үчүн); |
|
| ванадий (титан болоту үчүн); |
|
| вольфрам (вольфрам болоту үчүн); |
|
| ниобий (ниобий болоту үчүн) |
3 | Жез | жез; |
|
| мышьяк; |
|
| темир; |
|
| никель; |
|
| коргошун; |
|
| сурьма; |
|
| кадмий; |
|
| цинк |
4 | Латунь | жез; |
|
| цинк; |
|
| темир; |
|
| коргошун; |
|
| алюминий; |
|
| марганец; |
|
| никель; |
|
| кремний; |
|
| кадмий; |
|
| калай |
5 | Коло | жез; |
|
| цинк; |
|
| никель; |
|
| коргошун; |
|
| алюминий; |
|
| темир; |
|
| марганец; |
|
| кадмий; |
|
| калай |
6 | Никель эритмелери | никель; |
|
| кремний; |
|
| марганец; |
|
| алюминий; |
|
| хром (Cr3+); |
|
| хром (Cr6+); |
|
| жез; |
|
| темир; |
|
| кадмий; |
|
| коргошун; |
|
| цинк |
7 | Цинк жана анын эритмелери | цинк; |
|
| коргошун; |
|
| темир; |
|
| кадмий; |
|
| жез; |
|
| марганец |
8 | Техникалык титан | титан; |
|
| темир; |
|
| кремний; |
|
| цинк; |
|
| коргошун; |
|
| кадмий; |
|
| жез |
6.9 | Титан эритмелери | титан; |
|
| алюминий; |
|
| цинк; |
|
| коргошун; |
|
| кадмий; |
|
| жез |
|
| "Сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн пайдаланган материалдардын, реагенттердин, жабдуулардын коопсуздугуна карата гигиеналык талаптар" санитардык эрежелерине жана гигиеналык ченемдерине 3-тиркеме |
Ысык суу менен камсыздоонун ачык системаларында колдонулган реагенттер үчүн контролдук көрсөткүчтөр
№№ | Продукттун (реагенттин) химиялык классы | Контролдук көрсөткүчтөр |
1 | Алкиламинофосфондук кислоталардын негизиндеги реагенттер | Жыты; |
даамы; | ||
түсү; | ||
киргилдиги; | ||
суутектин көрсөткүчү; | ||
перманганаттык кычкылданышы; | ||
алюминий; | ||
темир; | ||
кадмий; | ||
кобальт; | ||
жез; | ||
никель; | ||
сымап; | ||
коргошун; | ||
формальдегид; | ||
жалпы хром; | ||
цинк | ||
2 | Оксиэтилидендифосфондук кислоталардын негизиндеги реагенттер (ОЭДФК) | Жыты; |
даамы; | ||
түсү; | ||
киргилдиги; | ||
суутектин көрсөткүчү; | ||
перманганаттык кычкылданышы; | ||
алюминий; | ||
темир; | ||
кадмий; | ||
кобальт; | ||
марганец; | ||
жез; | ||
никель; | ||
сымап; | ||
коргошун; | ||
жалпы хром; | ||
цинк. |
|
| "Сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн пайдаланган материалдардын, реагенттердин, жабдуулардын коопсуздугуна карата гигиеналык талаптар" санитардык эрежелерине жана гигиеналык ченемдерине 4-тиркеме |
Сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн колдонулган синтетикалык полиэлектролиттерге (флокулянттарга, альгициддерге) карата САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ТАЛАПТАР
№№ | Продукттун (реагенттин) химиялык классы | Контролдук көрсөткүчтөр | Продукттагы ченем, мг/кг |
1 | Полиакриламиддер (ПАА) | Жыты | - |
Даамы | - | ||
Түсү | - | ||
Киргилдиги | - | ||
Суутектин көрсөткүчү | - | ||
Перманганаттык кычкылданышы | - | ||
Акриламид | < 250 | ||
Акрил кислотасы | 9500 | ||
2 | Полиаминдер (полиЭПИ-ДМА) | Жыты | - |
Даамы | - | ||
Түсү | - | ||
Киргилдиги | - | ||
Суутектин көрсөткүчү | - | ||
Перманганаттык кычкылданышы | - | ||
Эпихлоргидрин | 20 | ||
Диметиламин | 2000 | ||
1,3-дихлор-2-пропанол | 1000 | ||
3 | ПолиДАДМАХ | Жыты | - |
Даамы | - | ||
Түсү | - | ||
Киргилдиги | - | ||
Суутектин көрсөткүчү | - | ||
Перманганаттык кычкылданышы | - | ||
ДАДМАХ (диаллилдиметиламмоний хлорид) | < 0,5% | ||
4 | Алкил С_10-16 бензилдиметиламиний хлорид | Жыты | - |
Даамы | - | ||
Түсү | - | ||
Киргилдиги | - | ||
Суутектин көрсөткүчү | - | ||
Перманганаттык кычкылданышы | - | ||
Бензилхлорид | - | ||
5 | Алкил С_17-20 бензилдиметиламиний хлорид | Жыты | - |
Даамы | - | ||
Түсү | - | ||
Киргилдиги | - | ||
Суутектин көрсөткүчү | - | ||
Перманганаттык кычкылданышы | - | ||
Бензилхлорид | - | ||
6 | Альфа-Алкил С_18-20-омега- оксиметиленди (оксиэтан-1,2-диил) диэтилментанаминий бензолсульфат | Жыты | - |
Даамы | - | ||
Түсү | - | ||
Киргилдиги | - | ||
Суутектин көрсөткүчү | - | ||
Перманганаттык кычкылданышы | - | ||
Бензилхлорид | - |
|
| "Сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн пайдаланган материалдардын, реагенттердин, жабдуулардын коопсуздугуна карата гигиеналык талаптар" санитардык эрежелерине жана гигиеналык ченемдерине 5-тиркеме |
Продукттун (реагенттин) химиялык классына жараша сууну тазалоо жана сууну даярдоодо колдонулган реагенттер үчүн контролдук көрсөткүчтөр
№№ | Продукттун (реагенттин) химиялык классы | Контролдук көрсөткүчтөр |
1 | Алюминийдин негизиндеги реагенттер | Жыты; |
даамы; | ||
түсү; | ||
киргилдиги; | ||
суутектин көрсөткүчү; | ||
перманганаттык кычкылданышы; | ||
алюминий; | ||
бор; | ||
темир; | ||
кадмий; | ||
кобальт; | ||
литий; | ||
магний; | ||
марганец; | ||
жез; | ||
молибден; | ||
мышьяк; | ||
никель; | ||
сымап; | ||
коргошун; | ||
жалпы хром; | ||
цинк | ||
2 | Аммиактын негизиндеги реагенттер | Жыты; |
даамы; | ||
түсү; | ||
киргилдиги; | ||
суутектин көрсөткүчү; | ||
перманганаттык кычкылданышы; | ||
аммиак; | ||
алюминий; | ||
бор; | ||
темир; | ||
кадмий; | ||
литий; | ||
жез; | ||
мышьяк; | ||
никель; | ||
сымап; | ||
коргошун; | ||
жалпы хром; | ||
цинк | ||
3 | Темир хлоридинин негизиндеги реагенттер | Жыты; |
даамы; | ||
түсү; | ||
киргилдиги; | ||
суутектин көрсөткүчү; | ||
перманганаттык кычкылданышы; | ||
алюминий; | ||
бор; | ||
темир; | ||
кадмий; | ||
литий; | ||
марганец; | ||
жез; | ||
мышьяк; | ||
никель; | ||
сымап; | ||
коргошун; | ||
жалпы хром; | ||
цинк | ||
4 | Күкүрт кислотасынын негизиндеги реагенттер | Жыты; |
даамы; | ||
түсү; | ||
киргилдиги; | ||
суутектин көрсөткүчү; | ||
перманганаттык кычкылданышы; | ||
сульфат ион; | ||
алюминий; | ||
бор; | ||
темир; | ||
кадмий; | ||
литий; | ||
марганец; | ||
жез; | ||
никель; | ||
сымап; | ||
коргошун; | ||
жалпы хром; | ||
цинк |
|
| "Сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн пайдаланган материалдардын, реагенттердин, жабдуулардын коопсуздугуна карата гигиеналык талаптар" санитардык эрежелерине жана гигиеналык ченемдерине 6-тиркеме |
Сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн колдонулган изилденген материалдардан, реагенттерден, жабдуулардан алынган суу вытяжкаларынын органолептикалык жана физикалык-химиялык көрсөткүчтөрүнүн гигиеналык ченемдери
№№ | Көрсөткүчтөрдүн аталыштары | Гигиеналык ченемдердин чоңдугу |
1 | Органолептикалык: | |
| жыты | 2 баллдан ашык эмес |
| түсү | 20 градустан ашык эмес |
| киргилдиги | формазин боюнча киргилдиги 2,6 бирдиктен ашык эмес же коалин боюнча киргилдиктин бирдиги 1,5 мг/л |
| жаан-чачындын болушу | жок |
| көбүктөнүү | ири көбүктүн туруктуулугунун жоктугу, цилиндрдин беттеринде майда көбүктөрдүн бийиктиги 1 мм ашпайт |
2 | Физикалык-химиялык: |
|
| Суутектин көрсөткүчү (рН) | 6-9 чегинде |
| Перманганаттык кычкылдануунун чоңдугу | 5,0 мг/л ашпайт |
|
| "Сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн пайдаланган материалдардын, реагенттердин, жабдуулардын коопсуздугуна карата гигиеналык талаптар" санитардык эрежелерине жана гигиеналык ченемдерине 7-тиркеме |
Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо практикасында колдонулган материалдардан жана реагенттерден зыяндуу химиялык заттардын миграциясын контролдоо үчүн сууда камтылган химиялык заттардын гигиеналык ченемдери
№№ | Заттардын аталышы | Ченемдер (ЖКЧ), мг/л ашык эмес | Зыяндуулук көрсөткүчү | Кооптуулук классы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
I. | 1. Жалпыланган көрсөткүчтөр | |||
1 | Жалпы минерализациясы (кургак калдыгы) | 1000 | ||
2 | Жалпы катуулугу | 7,0 (мг-экв./л) | ||
3 | Мунай заттары, жалпы | 0,1 | ||
4 | Үстүртөн-активдүү заттар (ПАВ), анионактивдүү | 0,5 | ||
II. | 2. Органикалык эмес заттар | |||
1 | 1. Элементтер, катиондор | |||
5 | Алюминий (Al3+) | 0,5 | с.-т. | 2 |
6 | Аммиак (азот боюнча) | 2,0 | с.-т. | 3 |
7 | Барий (Ba2+) | 0,7 | с.-т. | 2 |
8 | Бериллий (Be2+) | 0,0002 | с.-т. | 1 |
9 | Бор (B, жалпы) | 0,5 | с.-т. | 2 |
10 | Ванадий | 0,1 | с.-т. | 3 |
11 | Висмут | 0,1 | с.-т. | 2 |
12 | Вольфрам | 0,05 | с.-т. | 2 |
13 | Темир (Fe, жалпы) | 0,3 | орг. | 3 |
14 | Кадмий (Cd, жалпы) | 0,001 | с.-т. | 2 |
15 | Кобальт | 0,1 | с.-т. | 2 |
16 | Кремний | 10,0 | с.-т. | 2 |
17 | Литий | 0,03 | с.-т. | 2 |
18 | Марганец (Mn, жалпы) | 0,1 | орг. | 3 |
19 | Жез (Cu, жалпы) | 1,0 | орг. | 3 |
20 | Молибден (Мо, жалпы) | 0,25 | с.-т. | 2 |
21 | Мышьяк (As, жалпы) | 0,05 | с.-т. | 2 |
22 | Натрий | 200,0 | с.-т. | 2 |
23 | Никель (Ni, жалпы) | 0,1 | с.-т. | 3 |
24 | Ниобий (Nb) | 0,01 | с.-т. | 2 |
25 | Сымап (Hg, жалпы) | 0,0005 | с.-т. | 1 |
26 | Коргошун (Pb, жалпы) | 0,03 | с.-т. | 2 |
27 | Селен (Se, жалпы) | 0,01 | с.-т. | 2 |
28 | Күмүш | 0,05 | с.-т. | 2 |
29 | Стронций (Sr2+) | 7,0 | с.-т. | 2 |
30 | Сурьма | 0,05 | с.-т. | 2 |
31 | Таллий | 0,0001 | с.-т. | 1 |
32 | Титан | 0,1 | жалпы | 3 |
33 | Фосфор элементардуу | 0,0001 | с.-т. | 1 |
34 | Хром (Cr6+) | 0,05 | с.-т. | 3 |
35 | Хром (Cr3+) | 0,5 | с.-т. | 3 |
36 | Цинк (Zn2+) | 5,0 | орг. | 3 |
2 | Аниондор | |||
37 | Бромид-ион | 0,2 | с.-т. | 2 |
38 | Гексанитрокобальтиат-ион | 1,0 | с.-т. | 2 |
39 | Гидросульфид-ион | 3,0 | с.-т. | 2 |
40 | Нитраттар (по NO3(-)) | 45 | с.-т. | 3 |
41 | Нитрит-ион | 3,0 | орг. | 2 |
42 | Суутек өтө кычкылы (суутектин пероксиди) | 0,1 | с.-т. | 2 |
43 | Персульфат-ион | 0,5 | с.-т. | 2 |
44 | Перхлорат-ион | 5,0 | с.-т. | 2 |
45 | Полифосфаттар (по РO4(3-)) | 3,5 | орг. | 3 |
46 | Күкүрт суутек (суутектин сульфиди) | 0,003 | орг. жыты | 4 |
47 | Сульфаттар (SO4(2-)) | 500 | орг. | 4 |
48 | Хлорат-ион | 20,0 | орг. | 3 |
49 | Роданид-ион | 0,1 | с.-т. | 2 |
50 | Ферроцианид-ион | 1,25 | с.-т. | 2 |
51 | Фториддер (F(-)) | 1,5 | с.-т. | 2 |
52 | Хлориддер (Сl(-)) | 350 | орг. | 4 |
53 | Хлорит-ион | 0,2 | с.-т. | 3 |
54 | Цианиддер (CN(-)) | 0,07 | орг. | 3 |
II | 3. Органикалык заттар | |||
55 | Акриламид (пропенамид, акрил кислотасы, амид) | 0,0001 | с.-т. | 1 |
56 | Акрил кислотасы | 0,5 | с.-т. | 2 |
57 | Акрилонитрил | 2,0 | с.-т. | 2 |
58 | Ацетальдегид | 0,2 | орг. жыты | 4 |
59 | Ацетон (пропан-2-он) | 2,2 | жалпы | 3 |
60 | Ацетофенон | 0,1 | с.-т | 3 |
61 | Бензальдегид | 0,003 | орг. жыты | 4 |
62 | Бенз(а)пирен | 0,00001 | с.-т. | 1 |
63 | Бензилхлорид | 0,001 | с.-т. | 2 |
64 | Бензол | 0,01 | с.-т. | 2 |
65 | Бутадиен (дивинил) | 0,05 | орг. жыты | 4 |
66 | Бутилакрилат (акрил кислотасынын бутилэфири) | 0,01 | орг. даамы | 4 |
67 | Бутилацетат | 0,1 | жалпы | 4 |
68 | Винилацетат | 0,2 | с.-т. | 2 |
69 | Винил хлордуу (винилхлорид, хлорэтилен) | 0,005 | с.-т. | 1 |
70 | Гексаметилендиамин (1,6-диаминогексан) | 0,01 | с.-т. | 2 |
71 | Гидрохинон (1,4-диоксибензол) | 0,2 | орг. түсү | 4 |
72 | Диаллилдиметиламмо-ний хлорид (ДАДМАХ) | 0,1 | с.-т. | 3 |
73 | Дибутилфталат | 0,2 | жалпы | 3 |
74 | Диметиламин | 0,1 | с.-т. | 2 |
75 | Диметилтерефталат | 1,5 | орг. жыты | 4 |
76 | Диметилфталат | 0,3 | с.-т. | 3 |
77 | Диоктилфталат | 1,6 | с.-т. | 3 |
78 | Дихлорбензол | 0,002 | орг. жыты | 3 |
79 | Дихлорметан (метиленхлорид, хлордуу метилен) | 0,02 | орг. жыты | 3 |
80 | 1,3-дихлор-2-пропанол | 1,0 | орг. жыты | 3 |
81 | Дифенилолпропан (4,4"-изопропилидендифенол) | 0,01 | орг. даамы | 4 |
82 | Дициклопентадиен | 0,015 | орг. жыты | 4 |
84 | Диэтилентриамин | 0,2 | орг. жыты | 4 |
85 | Диэтилфталат | 3,0 | с.-т. | 3 |
86 | Изопрен | 0,005 | орг. жыты | 4 |
87 | Изопропилбензол (кумол) | 0,1 | орг. жыты | 3 |
88 | Е-капролактам | 1,0 | жалпы | 4 |
89 | Каптакс (2-меркаптобензтиазол) | 5,0 | орг. жыты | 4 |
90 | Ксилол (диметилбензол) | 0,05 | орг. жыты | 3 |
91 | Метилакрилат (метилдик метакрил кислотасынын эфири) | 0,02 | орг. жыты | 4 |
92 | Метилацетат | 0,1 | с.-т | 3 |
93 | Метилметакрилат (метилдик метакрил кислотасынын эфири) | 0,01 | с.-т | 2 |
94 | альфа-метилстирол ((1-метилвинил) бензол) | 0,1 | орг. даамы | 3 |
95 | Бутил спирти (бутан-1-ол, пропилкарбинол) | 0,1 | с.-т. | 2 |
96 | Изобутил спирти | 0,15 | с.-т. | 2 |
97 | Изопропил спирти | 0,25 | орг. жыты | 4 |
98 | Метил спирти (метанол) | 3,0 | с.-т. | 2 |
99 | Пропил спирти | 0,25 | орг. даамы | 4 |
100 | Стирол (винилбензол) | 0,02 | орг. жыты | 3 |
101 | Тиурам Д (тетраметилтиурам-дисульфид) | 1,0 | с.-т. | 2 |
102 | Толуол (метилбензол) | 0,5 | орг. жыты | 4 |
103 | Триметиламин | 0,05 | орг. жыты | 4 |
104 | Триэтаноламин | 1,0 | орг. даамы | 4 |
105 | Фенол (гидроксибензол) | 0,001 | орг. жыты | 4 |
106 | Формальдегид (метаналь) | 0,05 | с.-т. | 2 |
107 | Хлорбензол | 0,02 | с.-т. | 3 |
108 | Эпихлоргидрин (1-хлор-2,3-эпоксипропан) | 0,0001 | с.-т. | 1 |
109 | Этилацетат | 0,2 | с.-т. | 2 |
110 | Этилбензол | 0,002 | орг. жыты | 4 |
111 | Этилендиамин (1,2- диаминоэтан) | 0,2 | орг. жыты | 4 |
112 | Этиленгликоль (этан-1,2-диол) | 1,0 | с.-т | 3 |
Эскертүү:
1) санитардык-токсикологиялык көрсөткүч (с.-т.) адамдын организмине зыяндуу таасирди мүнөздөйт;
2) жалпы санитардык көрсөткүч (жалпы) сууда аз токсиндүү жана токсиндүү эмес бирикмелер бар экендигин мүнөздөйт;
3) органолептикалык көрсөткүчтөр (орг., орг.даамы, орг.жыты) суунун даамын, жытын, түсүн өзгөртүү касиетин мүнөздөйт.".