Загрузка документа…
|
| 25-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтомуна) |
"Ультра кызгылт көк нурлануу методу менен ичүүчү сууну зыянсыздандыруу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" жөнүндө САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕР ЖАНА ЧЕНЕМДЕР
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 25 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор жана колдонуу тармагы
1. Ушул санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер (мындан ары - санитардык эрежелер) ультра кызгылт көк нурлануу методу менен ичүүчү сууну зыянсыздандырууга, зыянсыздандыруунун керектүү даражасын кепилдеген ультра кызгылт көк нурлануу дозасынын чоңдугуна, ультра кызгылт көк жабдууларга жана суу даярдоонун технологиялык схемасындагы алардын жайгашуучу ордуна, ультра кызгылт көк жабдууларды тейлеген персоналдын эмгегинин коопсуз шартын камсыздоочу иш-чараларга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарды белгилейт.
2. Санитардык эрежелер баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан чарбалык-ичүү багытында долбоорлонуп, курулуп, реконструкцияланып жана иштеп жаткан объекттерге (мындан ары - объекттер) карата колдонулат.
3. Санитардык эрежелер ичүүчү суу менен жабдуу системасына мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүргүзүүдө, ошондой эле сууну зыянсыздандыруу үчүн ультра кызгылт көк жабдууларды долбоорлоодо, эксплуатацияга тапшырууда жана эксплуатациялоодо алардын ишин өндүрүштүк контролдоо үчүн колдонууга арналган.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
4. Ушул санитардык эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
- биоциддик нурлануу - толкундун узундугу 205-315 (нм) болгон ультра кызгылт көк диапазондогу электромагниттик нурлануу;
- нурлануунун биоциддик таасири - биоциддик нурлануунун таасири астында эң жөнөкөйлөрдүн цисттеринин жана гельминттердин жумурткаларынын өлүшү;
- ультра кызгылт көк лампалардын иштөө убактысы - ультра кызгылт көк лампалар жумушчу абалда болгон убакыт (саат);
- нурлантуу убактысы - ультра кызгылт көк нурлантуу аркылуу зыянсыздандыруу жүргөн убакыт (сек.);
- биоциддик эффект - биоциддик нурлантуунун таасирине сандык баа берүү (эң жөнөкөйлөрдүн өлгөн цисттеринин жана (же) гельминттердин өлгөн жумурткаларынын санынын жашоого жөндөмдүү патогендердин баштапкы санына карата катышы (%);
- ультра кызгылт көк нурлантуунун датчиги-кабылдагычы - зыянсыздандыруу камерасында ультра кызгылт көк нурлануунун ургаалдуулугун өлчөөчү түзүлүш;
- ультра кызгылт көк нурлануунун дозасы - ультра кызгылт көк нурлантуунун зыянсыздоочу таасиринин өлчөмү (мДж/с кв.м);
- нурлануунун ургаалдуулугу - нурдун агымынын үстүңкү беттин аянтына карата катышы (мВт/с кв.м);
- зыянсыздандыруу камерасы - сууну зыянсыздандыруу процесси жүргөн ультра кызгылт көк түзүлүштүн негизги элементи;
- ультра кызгылт көк нурдун булагы - спектринде биоциддик нурлануу бар жарык энергиясынын жасалма булагы;
- кварц кап - суунун ультра кызгылт көк лампага түздөн-түз тийишинен тосуучу жана анын жылуулук режимин турукташтырып туруучу түзүлүш;
- сиңирип алуу коэффициенти - ультра кызгылт көк нурдун түшүп турган агымынын 1 см калыңдыктагы суунун катмары сиңирип алган ультра кызгылт көк нурлануунун агымына карата катышы;
- ультра кызгылт көк нурдун булагынын кубаты - ультра кызгылт көк диапазондогу нурлантуу булагынын жалпы жарык энергиясы (Вт);
- ультра кызгылт көк лампанын чагылдыргычы - нурдун агымын керектүү багытта көбөйтүүчү атайын каптоо (түзүлүш);
- мите агенттер, мите патогендер - ичеги-карындын мите ооруларын козгогучтардын (протозооздордун, гельминтоздордун) пропагативдик стадиясы - ичеги-карындагы патогендүү эң жөнөкөйлөрдүн цисттери жана ооцисттери, гельминттердин жумурткалары жана курттары (экз.);
- суунун чыгымы - убакыт бирдигинде камера аркылуу агып өткөн суунун көлөмү (куб.м3/с);
- ультра кызгылт көк лампалардын ресурсу - лампалардын паспортунда көрсөтүлгөн, алмаштырганга чейинки иштөөчү убактысы (саат);
- ультра кызгылт көк түзүлүш - сууну ультра кызгылт көк нурлантуу менен зыянсыздандыруучу түзүлүш;
- ультра кызгылт көк нурлантуу - толкунунун узундугу 10-400 нм (нм) болгон жана фотондордун энергиясы 12,4-3,1 электрон-вольтко барабар электромагниттүү нур.
3-глава. Сууну ультра кызгылт көк нурлантуу менен зыянсыздандыруу ыкмасы
5. Сууну даярдоо технологиясында толкунунун узундугу 205тен 315 нм чейинки ультра кызгылт көк нурлантуу менен сууну зыянсыздандыруу ыкмасы колдонулат.
6. Ичүүчү сууну ультра кызгылт көк нурлантуу менен зыянсыздандыруу ыкмасынын сууну тазалоонун башка ыкмаларына салыштырганда төмөнкүдөй бир топ артыкчылыктары бар:
- коопсуз технология;
- сууну зыянсыздандыруунун реагентсиз ыкмасы;
- сууну зыянсыздандырууга убакыттын аз коротулушу;
- ультра кызгылт көк нурлануу менен зыянсыздандырылгандан кийин суунун гигиеналык касиеттеринин сакталып калышы;
- ультра кызгылт көк нурлануунун дозасын жогорулатуу суунун гигиеналык касиеттерин өзгөртпөйт жана коштонду продуктулардын пайда болушуна алып келбейт.
7. 250-270 нм диапазондо ультра кызгылт көк нурлануу суудагы мите оорулардын козгогучтарынан башка ар кандай микроорганизмдерге, анын ичинде бактерияларга, вирустарга жана грибдерге, ичеги-карындагы патогендүү эң жөнөкөйлөрдүн цисттерине жана ооцисттерине, гельминттердин жумурткаларына максимум бактерициддик таасир тийгизет.
8. Ультра кызгылт көк нурлануунун зыянсыздандыруучу таасири микроорганизмдердин клеткаларындагы дезорибонуклеин кислотанын жана рибонуклеин кислотасынын молекулаларынын кайта калыбына келбегидей бузулушуна негизделген.
9. Ультра кызгылт көк нурлануу менен сууну зыянсыздандыруу даражасы зыянсыздандыруу процессине таасир тийгизүүчү төмөнкүдөй факторлорго жараша болот:
- ультра кызгылт көк нурлануу булагынын кубаттуулугуна;
- зыянсыздандырылуучу суунун ультра кызгылт көк нурланууну сиңирип алышына;
- ультра кызгылт көк нурлануунун таасири менен ар кандай микроорганизмдердин өлүшүнө.
10. Сууну зыянсыздандыруу боюнча жабдыктарда ультра кызгылт көк нурлануу булагы катары сымаптын буусу жана инерттик газдардын аралашмасы менен толтурулган, төмөнкү жана жогорку басым режиминде иштеген, чагылдыргычы жана коргоочу кварц каптары бар газ-разряддык лампалар колдонулат.
11. Коргоочу кварц каптары бар ультра кызгылт көк лампалар чөгөрүлүп нурлантуучу түзүлүштөрдө колдонулат.
12. Коргоочу каптар кварц айнектен жасалат жана лампалардын температуралык режимин турукташтырууга арналган.
13. Коргоочу каптардагы лампалар бардык тарабынан агып өтүүчү суунун агымына жайгаштырылат.
14. Эксплуатациялоо процессинде ультра кызгылт көк лампалардын кварц каптарынын сырткы бетинде бактерициддик нурлануунун натыйжасын азайткан тунмалар пайда болот.
15. Кварц каптардын үстүңкү бетинен тунмаларды тазалоо үчүн адамдын ден соолугу үчүн коопсуз болгон реагенттер колдонулат.
16. Ультра кызгылт көк зыянсыздандыруучу түзүлүштөр зыянсыздандырылуучу суунун бүткүл көлөмүнө нурдун дозасынын бирдей бөлүштүрүлүшүн камсыз кылат. Нурлануунун бирдей болушуна түзүлүштөгү суунун агымынын жогорку ылдамдыгынын эсебинен жетишилет.
17. Ультра кызгылт көк нурлардын сууга өтүшү аларды суу жана эритилген же суунун ичинде калкып жүргөн абалдагы заттардын сиңирип алышы менен коштолот.
18. Суунун сиңирип алуу жөндөмү сиңирип алуу коэффициенти менен мүнөздөлөт, анын цифра менен көрсөтүлүшү 1 см калыңдыктагы суу катмары сиңирип алган бактерициддик нурлануунун үлүшүн билдирет.
19. Суу менен камсыздоочу жер үстүндөгү булактардагы табигый суунун сиңирип алуу коэффициенттери 0,2ден 0,6га чейин өзгөрүп турат. Суу менен жабдуунун жер алдындагы булактарындагы суунун сиңирүү коэффициенттери - 0,05тен 0,2ге чейин.
20. Нурлануунун бирдей шартында микроорганизмдердин ар кандай түрлөрү ультра кызгылт көк нурланууга карата сезгичтиги ар башка даражада болот.
21. Микроорганизмдердин айрым түрлөрүнүн 99,9% чейин инактивациялоо үчүн зарыл болгон нурлануунун дозасынын чоңдугу ушул санитардык эреженин таблицасында көрсөтүлгөн.
Таблица
Микроорганизмдердин ар кандай түрлөрүнүн ультра кызгылт көк нурланууга салыштырмалуу сезгичтиги
№ | Микроорганизмдердин түрлөрү | Нурлануунун микроорганизмдерди өлтүрүү үчүн керектүү дозасы (мДж/ см2) 99,9% |
1 | Shigella flexneri (Флекснер шигелла) | 5,2 |
2 | Shigella dysenteriae (дизентерия шигелла) | 8,8 |
3 | Salrnonella paratyphi (паратифтин сальмонелласы) | 6,1 |
4 | Salmonella typhi (тифтин сальмонелласы) | 7,5 |
5 | Proteus vulgaris (протей) | 7,8 |
6 | Stahylococcus aureus (стафилоккок) | 7,8 |
7 | Escherichia coli (ичеги таякчасы) | 6,0 |
8 | Virus poliomyelitis (полиомиелит вирусу) | 6,0 |
9 | Vibrio cholerae (холеранын вибриону) | 6,5 |
10 | Salmonella enteritidis (ичегинин сальмонелласы) | 7,6 |
11 | Mycobacteruirn tuberculosis (туберкулездун таякчасы) | 10,0 |
12 | Pseudomonas aeruginosa (көк ириң таякчасы) | 10,5 |
13 | Virus hepatitis A (вирустуу гепатит А) | 11,0 |
22. Ичүүчү суунун паразитологиялык көрсөткүчтөрү (лямбли цисттери жана криптоспориддик ооцисттер боюнча) эпидемиологиялык коопсуздугуна 40-45 мДж/кв. дозадагы ультра кызгылт көк нурлануу менен зыянсыздандырганда жетишилет.
23. Ушул санитардык эрежелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын эреже бузуулар жөнүндө иштерди жөнгө салуучу мыйзамдары менен аныкталат.
4-глава. Ультра кызгылт көк нурланууну пайдаланып суу даярдоонун технологиялык схемасын тандоо
24. Ультра кызгылт көк нурланууну пайдалануу менен суу даярдоонун технологиялык схемасын долбоорлоочу уюм суу менен жабдуу шарттарын талдоонун негизинде тандайт (суунун түсү, органикалык жана органикалык эмес заттар канча экендиги, бөлүштүрүү тармагынын техникалык абалы).
25. Ичүүчү сууну алуу технологиясында ультра кызгылт көк нурлануу менен зыянсыздандыруу ичүүчү сууну зыянсыздандыруунун баштапкы жана акыркы этаптарында пайдаланылат.
26. Ультра кызгылт көк нурланууну пайдалануу менен суу даярдоонун технологиялык схемасы ар бир конкреттүү суу булагы үчүн аны баштапкы зыянсыздандыруу этабында атайын технологиялык изилдөөлөрдүн негизинде белгиленет.
27. Ультра кызгылт көк нурланууну пайдалануу менен сууну баштапкы зыянсыздандыруу, суунун түстүүлүгү 50 градуска чейин, ылайлуулугу 30 мг/л чейин, темирдин катышы 5,0 мг/л чейин болсо, коли-индекси - 10000 ашпаганда колдонулат.
28. Ультра кызгылт көк түзүлүштүн тибин тандоо иштетилүүчү суунун максималдуу сарпталышын, суунун ультра кызгылт көк нурду сиңирип алышынын максималдуу коэффициентин, суунун бактериялар менен булгануу деңгээлин, ультра кызгылт көк технологияны тажрыйбалык-технологиялык сыноонун натыйжаларын (баштапкы зыянсыздандыруу этабында), ден соолук үчүн коопсуздугун жана зыянсыздыгын ырастаган документтерди эске алуу менен жүргүзүлөт.
29. Ультра кызгылт көк түзүлүштүн паспортунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- нурлануунун натыйжалуу дозасы жана анын суунун сарпталышына көз карандылыгы;
- натыйжалуу доза камсыз кылынышы үчүн суунун сиңирүүчү максималдуу коэффициенти;
- суунун максималдуу жана минималдуу чыгымы;
- зыянсыздандыруу камерасынын өлчөмү;
- ультра кызгылт көк лампалардын ресурстары.
30. Ультра кызгылт көк түзүлүштөрдүн ишенимдүүлүгү төмөнкүлөрдүн болушу менен бааланат:
- зыянсыздандыруу камерасында ультра кызгылт көк нурлануунун ургаалдуулугун өлчөөчү датчиктердин;
- ультра кызгылт көк нурлануу белгиленген минималдуу дозадан азайып кеткенде үн жана жарык сигналдарынын берилишин кепилдеген автоматика системасы;
- лампалардын иштеген убактысын эсептегичтер жана алардын оң абалынын индикаторлору;
- түзүлүштү ажыратпастан жана демонтаж кылбастан тазалоо процессин жүргүзүүгө мүмкүндүк берген кварц каптарды механикалык же химиялык жол менен тазалоо системасы.
31. Тейлөөчү персоналды ультра кызгылт көк нурлануунун жагымсыз таасиринен коргоо ультра кызгылт көк түзүлүштүн ультра кызгылт көк нурдун зыянсыздандыруучу камерадан сыртка чыкпоосун кепилдеген конструкциясы менен камсыз кылынат.
5-глава. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен жабдуучу системаларда ультра кызгылт көк түзүлүштөрдү эксплуатациялоого санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл
32. Ультра кызгылт көк түзүлүштөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл төмөнкүлөргө карата ишке ашырылат:
- ичүүчү сууну зыянсыздандыруунун натыйжалуулугуна;
- эксплуатациялоо процессинде, жаңы ультра кызгылт көк түзүлүштөрдү эксплуатацияга киргизүүдө же аларды оңдогондон кийин ультра кызгылт көк түзүлүштөрдү жана аларга суу келүүчү түтүктөрдү дезинфекциялоо режими сакталышына;
- ультра кызгылт көк түзүлүштөрдү эксплуатациялоо процессинде технологиялык контролдун эрежесинин сакталышына;
- ультра кызгылт көк түзүлүштөрдү тейлеген персоналдын эмгегинин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын сакталышына;
- ультра кызгылт көк лампаларды жыйноого жана утилдештирүүгө.
33. Ультра кызгылт көк түзүлүштөрдү эксплуатацияга киргизээрде, лампаларды алмаштыраарда жана иш узак мезгил токтоп турганда зыянсыздандыруучу камералар жана суу келүүчү түтүктөр 75 мг/л активдүү хлордуу сууда 5-6 саат бою туруп тазаланат.
34. Ультра кызгылт көк түзүлүштөрдүн ишинин натыйжалуулугу "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык көрсөткүчтөр боюнча, нурлантуудан кийин сыноого алынган сууну бактериологиялык талдоонун жыйынтыгы менен ырасталат.
35. Ультра кызгылт көк түзүлүштөрдү эксплуатациялоо процессин технологиялык контролдоо системасына төмөнкүлөрдү контролдоо кирет:
- ультра кызгылт көк нурлануунун дозасын;
- ультра кызгылт көк лампалардын иштетилген убактысын эске алуу менен ресурсту;
- ультра кызгылт көк лампалардын оңдугун;
- абадагы озондун канча экендигин.
36. Нурлануу дозасына контроль зыянсыздандыруу камерасындагы бактерициддик нурлантуунун ургаалдуулугун, суунун анда болуу убактысын эске алуу менен жасалат жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:
D = E Î t,
мында
D - нурлануунун дозасы, мДж/см2;
Е - бактерициддик нурлануунун минималдуу ургаалдуулугу, мВт/см2;
T - суунун зыянсыздандыруу камерасында болушунун орточо убактысы, с.
37. Бактерициддик нурлануунун ургаалдуулугу толкундун узундугу 220-280 нм болгон бактерициддик нурланууну өлчөөчү атайын датчиктер менен өлчөнөт.
38. Суунун зыянсыздандыруу камерасында болушунун орточо убактысы төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында
t - суунун зыянсыздандыруу камерасында болушунун убактысы, с;
S - зыянсыздандыруу камерасынын туурасынан кесилиши, см;
L - зыянсыздандыруу камерасынын узундугу, см;
Q - суунун өтүшү, м3/саат;
278 - бирдиктердин өлчөмүн кайра эсептөө коэффициенти.
39. Ультра кызгылт көк түзүлүш аркылуу канча суунун өткөнү өткөн сууну эсептегич менен контролдонот.
40. Зыянсыздандыруу камерасынын өлчөмү (узундугу жана туурасынан кесилиши) паспортто өндүрүшчү тарабынан көрсөтүлөт.
41. Лампалардын ресурсу ультра кызгылт көк лампалардын иштөө убактысын эсептегичтин көрсөткүчтөрү боюнча контролдонот.
42. Ультра кызгылт көк лампалардын оңдугу лампалардын оңдугунун индикаторлору менен контролдонот.
43. Аткарылуучу иштер ультра кызгылт көк түзүлүштөрдүн конкреттүү тиби үчүн эксплуатациялоо боюнча нускамаларга ылайык жүргүзүлөт, ал кварц каптарды мезгил-мезгили менен тазалоону жана өз ресурсун иштеп бүткөндөн кийин же бузулганда ультра кызгылт көк лампаларды өз убагында алмаштырууну камтыйт.
44. Ультра кызгылт көк лампалардын кварц каптарын тазалоо бактерициддик нурлануунун ургаалдуулугунун датчиктеринин көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүргүзүлөт.
45. Иштерди жүргүзүү, бузуктарды каттоо, анын ичинде лампаларды алмаштыруу ультра кызгылт көк түзүлүштөрдү эксплуатациялоо журналына жазылат.
46. Тейлөөчү персоналдын эмгегинин коопсуздугун контролдоо төмөнкүдөй камсыздалат:
- ультра кызгылт көк түзүлүштөрдүн колдонулуучу тибинин паспортунда көрсөтүлгөн коопсуздук эрежелерин сактоо менен;
- иштебей калган ультра кызгылт көк түзүлүштөрдү туура сактоо менен;
- аптечканын болушу менен;
- ультра кызгылт көк түзүлүштөр менен иштеген адамдарга коопсуздуктун ыкмалары боюнча жекече инструктаж өтүү менен;
- ультра кызгылт көк түзүлүштөр турган жайда абадагы озондун концентрациясын аныктоо менен (концентрация жумушчу зонадагы абада озондун гигиеналык ченемине ылайык келүүгө тийиш (0,03 мг/м3 ашык эмес).
47. Жекече инструктаж өтүүнүн жана жумушчу зонадагы абада озондун канча экендигинин жыйынтыктары эксплуатациялоочу уюмдун жооптуу адамы тарабынан коопсуздуктун ыкмалары боюнча журналга жазылат.