Загрузка документа…
|
| 26-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтомуна) |
"Коомдук дааратканаларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" жөнүндө САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕР ЖАНА ЧЕНЕМДЕР
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 25 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Колдонуу тармагы
1. Ушул "Коомдук дааратканаларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык эрежелер жана ченемдер (мындан ары - санитардык эрежелер) коомдук дааратканаларды жайгаштыруу, долбоорлоо, куруу жана күтүү боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарды белгилейт.
2. Санитардык эрежелер баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан долбоорлонуп, курулуп, реконструкцияланып жана иштеп жаткан объекттерге жайылтылат.
3. Жаңы коомдук дааратканаларды жайгаштыруу, долбоорлоо жана куруу, иштеп жаткандарын кеңейтүү, реконструкциялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу аталган объектти куруу долбооруна ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Ушул санитардык эрежелердин сакталышын Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролдойт.
5. Ушул санитардык эрежелерди бузуу үчүн жоопкерчилик бузуулар жөнүндө ишти жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
6. Ушул санитардык эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) даараткана - адамдын табигый муктаждыктарын чыгаруу үчүн жай (даарат ушатуу, дефекация жана антиперестальтика);
2) коомдук даараткана - көчөлөрдө, аянттарда, сейил бактарында, рекреациялык аймактарда жана башка коомдук жайларда, ошондой эле соода борборлорунун, кинотеатрлардын, стадиондордун, темир жол вокзалдарынын имараттарынын ичинде жайгашкан дааратканалар, аларды бардык жеке адамдар акы төлөп же акысыз негизде чектөөсүз пайдалана алышат. Коомдук дааратканаларга: чуңкурдуу даараткана, короодогу ажаткана, люфт-клозет, пудр-клозет, биотуалет кирет;
3) чуңкурдуу даараткана - калдыктардын кыртышка чыгуусунан ишенимдүү коргогон дубалдары менен чуңкурдуу даараткана, анда адамдын жашоо-турмушунун калдыктары чогулат;
4) короодогу ажаткана - герметикалык чуңкуру менен жеңил курулуштагы даараткана;
5) люфт-клозет - жер астындагы чуңкуру бар үй ичиндеги жылуу даараткана;
6) пудр-клозет - даараткана, анда фекалдык калдыктар күкүмдүү курам менен иштетилет жана компост пайда болгонго чейин кургак түрдө өз алдынча идиште (капкагы бар чайыр менен майланган ящик) сакталат;
7) биодаараткана - канализациясы жок көчмө даараткана, анын ичиндеги калдыктар атайын биологиялык кошумчалардын таасири менен чирип жок болот;
8) ички канализация - саркынды сууларды санитардык-техникалык шаймандардан жана технологиялык жабдуулардан калктуу конуштардын же өнөр жай ишканаларынын канализация тармактарына чыгарууну камсыздаган коргоочу конструкциялардын тышкы бети жана биринчи кароо кудугуна чейинки чыгаруулар менен чектелген түтүк өткөргүчтөрдүн жана орнотмолордун системасы;
9) саркынды суу - чарба-тиричилик жана өндүрүштүк иште пайдалангандан кийинки чыгуучу суу;
10) санитардык шаймандар - унитаздар, писсуарлар, жуунгучтар, ванна, душ поддондор, раковина, мойка.
3-глава. Коомдук дааратканаларды курууга аянтчаларды тандоо боюнча санитардык талаптар
7. Коомдук дааратканалар шаарды жана калктуу айыл конуштарын пландаштыруу жана куруу боюнча шаар куруу жана архитектура жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, ошондой эле ушул санитардык эрежелердин гигиеналык талаптарына ылайык жайгаштырылат.
8. Жаңы коомдук дааратканаларды курууга жана иштеп жаткандарын реконструкциялоого бөлүнгөн жер тилкелери ошол жердин рельефин, кыртыш сууларынын жайгашуу бийиктигин, табигый аэрацияны жана санитардык ажырымдарды эске алуу менен аныкталат.
4-глава. Коомдук дааратканаларды жайгаштыруу боюнча гигиеналык талаптар
9. Коомдук дааратканалар стационардык жана убактылуу (биодаараткана) болуп бөлүнөт.
10. Коомдук дааратканалар жайгаштырылуучу жерлер:
- аянттар, транспорттук магистралдар, жүргүнчүлөр көп жүргөн көчөлөр, автострадалар;
- аэровокзалдардын, темир жол станцияларынын имараттары;
- шаар сыртындагы жана шаардык сейил бактар, бульварлар;
- соода-рыноктук комплекстердин аймактары, соода борборлору, театрлар, кинотеатрлар, маданият үйлөрү, китепканалар, көргөзмө жарманкелери;
- стадиондор, пляждар, суу, спорттук курулмалар;
- май куюучу станциялар жана 25 машинадан ашык автомобиль токтоочу жайлар.
11. Коомдук дааратканалар төмөнкү жерлерге жайгаштырылат:
- өзүнчө турган имараттарга;
- курулган жана улай курулган имараттарга;
- коомдук имараттардын биринчи кабаттарына;
- көчмө автофургондорго;
- көчмө кабиналарга.
12. Шаарларда коомдук дааратканалардын тейлөө радиусу 500-700 метрден ашпоого тийиш.
13. Коомдук имараттардын жана курулмалардын ичиндеги (ачык спорттук курулмалардан сырткары) коомдук дааратканалар адамдар көп жүргөн эң алыскы жерден 75 метрден ашпаган аралыкта жайгашат.
14. Ачык спорттук курулмалардын (стадиондордун) аймактарындагы коомдук дааратканалар машыгуу боло турган жерден жана көрүүчүлөр үчүн трибуналардагы эң алыскы жерден 150 метрден ашпаган аралыкта жайгашат.
15. Адамдар көп жүргөн жана топтолгон жерлердеги коомдук дааратканалар турак жай жана коомдук имараттардан 50 метрден кем эмес аралыкта жана бири-биринен жетүү зонасы 500 метрден ашык эмес аралыкта жайгашат.
16. Аялдардын жана эркектердин дааратканаларындагы санитардык шаймандардын саны: 75 аялга 1 унитаз, 150 эркекке 1 унитаз жана 2 писсуар эсебинде алынат.
17. Автостанциялардагы, аэровокзалдардагы, темир жол станцияларындагы коомдук дааратканалар: 500 кишиге 1 тешик эсебинде орнотулат, 1 тешик үчүн 1 унитаз же 2 писсуар кабыл алынат.
18. Коомдук дааратканаларды турак жайларга, жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү, дарылоо-профилактикалык уюмдарына, соода объекттеринин жана коомдук тамактануу ишканаларынын жанына жайгаштырууга тыюу салынат.
5-глава. Коомдук дааратканалардын имараттарына жана жайларына карата гигиеналык талаптар
19. Коомдук дааратканалар жайгашкан жер жана ага баруучу жолдор күндүз жана түн ичинде көрүнүп тургудай атайын көрсөткүчтөр менен белгиленет.
20. Коомдук дааратканалардын аймагы көрктөндүрүлөт: асфальтталат же тротуардык плиткалар төшөлөт, жашылдандырылат жана жарык берилет.
21. Кресло-коляска колдонуп жүрүүчү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн коомдук дааратканаларда кеминде бир адистештирилген ажаткана кабиналары каралууга тийиш. Адистештирилген кабинанын өлчөмү: туурасы - 1,65 м, тереңдиги - 1,8 м. Даараткананын ичинде жүрүүгө коляскалар үчүн пандустар, унитазды жана жуугучтарды колдонууда таяныч үчүн тутка караштырылат.
22. Коомдук дааратканалардын имараты суу менен жабдуу, канализация, жылытуу, желдетүү жана жарык менен камсыздалат.
23. Канализациясы бар калктуу конуштарда коомдук дааратканалар борборлоштурулган канализация системасына кошулат.
24. Борборлоштурулган канализация системасы жок калктуу конуштарда люфт-клозет түрүндөгү өткөрбөс чуңкурдуу коомдук дааратканалар уюштурулат.
25. Люфт-клозеттер жылуулук же механикалык козгогучу бар желдеткич каналдар менен жабдылат.
26. Люфт-клозеттин чуңкуру герметикалык болот. Чуңкурдун түбү жана дубалдары бетондолот же калыңдыгы 0,5 метрден кем эмес тыгыз топурак катмарлуу кирпич, жыгач менен капталат. Кыш менен капталган чуңкурдун ички бети шыбалат, жыгач бөлүгү чайыр менен майланат. Чуңкурду тазалоо үчүн люктар эки кат капкак менен бекем жабылат.
27. Коомдук дааратканаларды иштетишкен юридикалык жана жеке жактар коомдук дааратканалардын чуңкурларын калдыктардан тазалоону жана андан соң адистештирилген (ассенизациялык) транспорт менен айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган атайын бөлүнгөн жерлерге ташууну уюштурат.
28. Коомдук дааратканалар тарткыч-сордурма же сордурма желдетүү системасы менен жабдылат. Сордурма желдетүү аба алмашууну беш мертебеден кем эмес, ал эми тарткыч желдетүү 2,5 мертебеден кем эмес камсыз кылат.
29. Коомдук имараттарда коомдук дааратканаларды жайгаштырууда башкы имараттын желдетүү системасы менен кошулбаган тарткыч-сордурма желдетүү караштырылат.
30. Коомдук даараткана табигый жана (же) жасалма жарыктандырылат, өз алдынча турган жер үстүндөгү дааратканалар үчүн жарык коэффициенти кеминде 1:8, санитардык-техника шаймандар орнотулган жерлердеги жергиликтүү жарыктандыруу кеминде 35 люксту түзөт.
31. Коомдук дааратканада төмөнкүдөй жайлардын топтому болууга тийиш:
- кирүүчү тамбур;
- нөөмөттүк персонал үчүн жай;
- жуунучу раковиналары бар шлюздар;
- эшиктери жабыла турган жеке кабиналар үчүн жай (кабиналардын ортосундагы тосмолордун бийиктиги кеминде 1,25 метр болууга тийиш);
- даараткана кабиналарынын кеңдиги кеминде 0,8 метр, тереңдиги кеминде 1,2 метр болууга тийиш;
- эркектер бөлүгүндө - писсуар үчүн жай;
- балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн өзүнчө кабиналар жана санитардык-техникалык жабдуулар;
- тазалоо шаймандарын сактоо үчүн жай же шкаф.
32. Жайлардын бийиктиги жер алдында жана улай курулган коомдук дааратканаларда 2,8 метрден, жер үстүндөгү жана өзүнчө курулган коомдук дааратканаларда 3,2 метрден кем болбоого тийиш.
33. Даараткана бөлмөсүнүн аянты 1 унитазга 2,5 квадрат метрди жана 1 писсуарга 1,5 квадрат метрди эске алуу менен эсептелет.
34. Даараткананын полу, дубалдары жана шыптары нымга туруктуу, адамдын ден соолугу үчүн коопсуз жуулуучу материалдар менен жасалууга тийиш. Даараткананын полу трапка карай жантаймага ээ болот.
35. Коомдук даараткананын кире бериши коомдук пайдалануудагы башка жайлардын кире беришинен өз алдынча болот.
36. Чатыры (бастырмасы) жок, экран-тосмолору орнотулган короодогу дааратканаларды жайгаштырууга жана пайдаланууга, чуңкурларды 2/3 көлөмдөн ашык толтурууга уруксат берилбейт.
6-глава. Коомдук дааратканалардын санитардык-техникалык жабдууларына жана санитардык-техникалык шаймандарына карата гигиеналык талаптар
37. Даараткана бөлмөлөрү унитаздар, писсуарлар, жуунучу раковиналар/жуунгучтар, электр сүлгүлөрү менен жабдылат. Кабиналарда сырткы кийим үчүн илгичтер, кирүүчүлөрдүн жеке буюмдары үчүн текчелер, калдыктар үчүн урналар же чакалар каралган.
38. Дааратканалардын жабдуулары бышык, оңой жуулган, жылмакай жана тайгалак эмес болуусу керек.
39. Коомдук дааратканалардын эркектер бөлүмүндө дубалга тагылган же полго орнотулган жекече писсуарлар караштырылат.
40. Вокзалдардын, стадиондордун, адамдар көп топтолгон имараттардын, базарлардын, оюн-зоок мекемелеринин коомдук дааратканаларында лотоктук писсуарларды, полго орнотулган унитаздарды же полго орнотулган чөйчөктөрдү колдонууга уруксат берилет.
41. Люфт-клозеттерде эмалданган чоюн куйгучтарды орнотууга жол берилет.
42. Коомдук дааратканалардын шлюздарында ысык жана муздак суусу менен жуунуучу раковиналар орнотулат.
Коомдук дааратканаларды иштетишкен юридикалык жана жеке жактар дааратканаларды самын жана даарат кагаздары менен камсыздашат.
7-глава. Биодааратканаларга карата санитардык-гигиеналык талаптар
43. Биодааратканалар маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлгөн аймактагы эл чогулган, суу түтүгүнө жана канализация системасына кошулууга мүмкүн болгон жерлерде жайгаштырылат.
44. Аз кубаттуулуктагы айрым объекттерди тейлөө үчүн шаардык коммуникацияларга кошулууга мүмкүн болбогон учурда объекттен 25 метрден жана турак жай жана коомдук имараттардан 50 метрден кем эмес аралыкта биодааратканаларды убактылуу орнотууга уруксат берилет.
45. Биодааратканалардын иштөө режими маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү мезгилине туш келет.
46. Биодааратканаларды жана көчмө биодаараткана кабиналарын жылдын жылуу мезгилинде пайдаланууга уруксат берилет.
47. Биодааратканаларда фекалий калдыктарын химиялык ажыратуу үчүн атайын реагенттер колдонулат. Коопсуздугун ырастоочу документтери жок реагентти колдонууга тыюу салынат.
48. Биодааратканалардын кабинасы табигый же жасалма жарыктандырылып, колду тазалоо үчүн бактерияга каршы нымдуу салфеткалар, даарат кагаздары, таштандылар үчүн урна менен камсыз болууга тийиш.
49. Биодааратканаларды адистештирилген уюм тейлейт. Биодааратканалардын калдыктарын биодааратканаларды тазалоо үчүн таза суусу бар идиштер менен жабдылган адистештирилген вакуумдук автомобиль чогултуп алып, төгүлүүчү пунктка ташып барат.
8-глава. Коомдук дааратканаларды күтүүгө карата санитардык талаптар
50. Даараткананын ичи жана анын жанаша аймагы тазалыкта сакталууга тийиш.
51. Коомдук дааратканаларды иштеткен адамдар күнүмдүк жана негизги тазалоону жүргүзүшөт.
52. Күнүмдүк тазалоодо тазалык жуучу каражаттарды колдонуу менен эртеден кечке чейин сакталып турат, бул учурда кирүүчүлөр үчүн даараткана жабылбайт.
53. Негизги тазалоо суткасына бир жолу жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен жүргүзүлөт, бул учурда кирүүчүлөр үчүн даараткана жабылат.
54. Негизги тазалоо учурунда дубалдар, кабиналардын тосмолору, эшиктер, батареялар, терезе текчеси, пол, санитардык шаймандар жуулат, даараткананын 5 метрге чейинки аралыктагы аймагы таштандылардан, жалбырактардан, кардан жана муздан тазаланат.
55. Тазалоо жана дезинфекциялоо коопсуздугун ырастоочу документтери болгон учурда дезинфекциялоочу каражаттар колдонулат.
56. Дезинфекциялоочу каражаттар дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу боюнча нускамаларга ылайык тазалануучу 1 квадрат метр аянтка жумушчу аралашманы чыгымдоо ченемине ылайык сарпталат.
57. Дезинфекциялоочу каражаттардын аралашмасы куюлган идиштер капкак менен жабылып, каражаттын аталышы, анын концентрациясы, максаты жана даярдалган күнү көрсөтүлгөн жазууга ээ болууга тийиш. Жарактуулук мөөнөтү өткөндөн кийин дезинфекциялоочу каражаттарды жана жумушчу аралашмаларды колдонууга тыюу салынат.
58. Раковиналар, эшиктердин туткалары сүртүү ыкмасында дезинфекциялоочу каражаттар менен тазаланат.
Унитаздар, полдогу чөйчөктөр, короодогу дааратканалар жана биодааратканалар чачыратуу жолу менен дезинфекцияланат.
59. Тазалоо үчүн маркаланган тазалоо шаймандары, щетка, чүпүрөк, дезинфекциялоочу жана жуучу каражаттар бөлүнөт, алар атайын бөлүнгөн жайда же шкафта сакталат.
60. Тазалоо иштери бүткөндөн кийин тазалоочу шаймандар дезинфекциялоочу аралашмага чылап коюу менен дезинфекцияланат. Дезинфекция аяктагандан кийин тазалоочу материал сууга чайкалат жана кургатылат.
61. Тейлөөчү персонал атайын кийим (халат, резина кол каптары, респиратор) жана бут кийим менен камсыз болот.
9-глава. Дезинфекциялоочу каражаттар менен иштөөдөгү коопсуздук
62. Дезинфекциялоочу каражаттарды атайын бөлүнгөн жерлерде, бекем жабылган идиштерде сактоо зарыл.
63. Дезинфекциялоочу жумушчу аралашмаларды даярдоодо дезинфекциялоочу каражаттардын териге жана көзгө түшүүсүнөн сактануу зарыл.
64. Дезинфекциялоочу каражаттар менен иштөөдө халат, резина кол каптары, коргоочу көз айнек жана респиратор кийилет.
Дезинфекциялоочу каражаттар менен иштеп бүткөндөн кийин бетти жана колду самындап жууш керек.
65. Каражат көзгө түшкөн учурда аны дароо аккан сууга жууп, натрий сульфацилдин 30%дык аралашмасын тамызуу керек.
Каражат териге түшкөн учурда аны суу менен көбүрөөк жууш керек.
Дем алуу органдарынын дүүлүгүү белгилери пайда болгондо таза абага чыгып, оозду суу менен чайкоо зарыл.
|
| "Коомдук дааратканаларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге карата 1-тиркеме |
Коомдук дааратканаларды тазалоо үчүн хлор камтылган дезинфекциялоочу жумушчу аралашманы даярдоо
1. Хлор акиташынын 10%дык негизги аралашмасын даярдоо:
- 25%дан кем эмес активдүү хлор камтылган 1 кг кургак хлор акиташы бир аз суу куюлган идиште орточо суюктуктагы абалда жыгач таяк менен аралаштырылып эритилет (аралашманын металл менен контагына жол берилбейт);
- эритилген масса 10 литрлик айнек бөтөлкөгө 10 литр суу менен кошо куюлуп, аралаштырылат жана 24 саатка тыныктырылат;
- тыныктырылган жана тундурулган аралашманын бөлүгү экинчи бөтөлкөгө куюлат.
Алынган 10%дык аралашма караңгы жерде беш суткадан ашпаган мөөнөттө капкагы бар идиште сакталат жана керектүү концентрациядагы жумушчу аралашманы даярдоо үчүн пайдаланылат.
Алсак, дааратканалардагы пол, дубалдар, раковиналар хлор акиташынын 0,5%дык аралашмасы менен (10%дык аралашманын 0,5 литри 10 литрге чейинки сууда эритилет), дааратканалардын унитаздары жана полдогу чөйчөктөрү хлор акиташынын 5%дык аралашмасы (хлор акиташынын 10%дык тундурулган аралашмасынын беш литри 10 литрге чейинки сууда эритилет) менен тазаланат.
2. Хлораминдин 0,5%дык аралашмасын даярдоо: 50 грамм хлорамин 10 литрге чейинки сууда 0,5% эритилет. Аралашма колдонуу алдында даярдалат.