Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 156 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 29 токтомуна) |
Сынам жыйымын төлөөнүн ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Зергердик буюмдарга сынам белгисин, эн тамгасын коюу жана анализдөө үчүн сынам жыйымы баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын аймагында аталган баалуулуктар менен операцияларды жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен сынам жыйымынын белгиленген ставкаларына ылайык алынат.
2. Сынам жыйымы республикалык бюджеттин кирешесине киргизилет.
3. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгисиз эритиндиден жасалган буюмдун курамын аныктоодо сынам жыйымы төмөнкүдөй алынат:
- сары түстүү буюмдар үчүн - алтын буюм катары;
- ак түстүү буюмдар үчүн - күмүш буюм катары;
- боз түстүү буюмдар үчүн - платина буюму катары.
4. Деталдары ар кандай куймалардан даярдалган алтын, күмүш, платина же палладий буюмдарына сынам белгисин жана эн тамгасын коюуда сынам жыйымы негизги сынамдык эн тамга салынуучу металл үчүн белгиленген ставканын эки эсе өлчөмүндө алынат.
5. Жеке адамдардан же юридикалык жактардан 10дон 50 граммга чейинки салмактагы буюмдар берилсе, сынам жыйымынын ставкасы эки эсе өлчөмүндө, салмагы 50 граммдан ашык болсо - 4 эсе өлчөмүндө көбөйтүлөт.
6. Жеке адамдарга же юридикалык жактарга сынам белгисин жана эн тамгасын коюунун тез мөөнөттө аткарылышы үчүн сынам жыйымынын ставкалары эки эсеге көбөйтүлөт.
7. Эгерде сынам белгисин, эн тамгасын коюу жана анализдөө үчүн берилген буюм белгиленген сынамга жетпегендигинен улам ага эн тамгасы коюлбаса, сынам жыйымы буюмдун ээсине кайтарылып берилбейт.
8. Сынам белгисин жана эн тамгасын коюу үчүн берилген баалуу металлдардан жасалган буюмдар 6 айдын аралыгында талап кылынбаса, анда мындай буюмдар Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө мыйзамдарына ылайык Баалуулуктарды мамлекеттик сактоочу жайга өткөрүлүүгө тийиш.
2. Сынам жыйымын төлөөнүн мөөнөттөрү
9. Сынам жыйымын төлөөнүн мөөнөттөрү буюмдарды сынам белгисин жана эн тамгасын коюуга кабыл алууда аткарылуучу жумуштун көлөмүн эске алуу менен сынам белгисин жана эн тамгасын коюуга берилген зергердик жана башка баалуу металлдардан жасалган буюмдардын санына жараша ыйгарым укуктуу органдын жооптуу кызматкери тарабынан бирден бешке чейинки жумуш күнгө белгиленет:
1) 1ден 1000 буюмга чейин төлөө мөөнөтү - бир күн;
2) 1001ден 2000 буюмга чейин төлөө мөөнөтү - эки күн;
3) 2001ден 3000 буюмга чейин төлөө мөөнөтү - үч күн;
4) 3001ден 4000 буюмга чейин төлөө мөөнөтү - төрт күн;
5) 4001ден 5000 буюмга чейин төлөө мөөнөтү - беш күн.