Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 156 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы № 29
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 25-главасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Сынам жыйымынын ставкалары, 1-тиркемеге ылайык;
- Сынам жыйымын төлөөнүн тартиби, 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 8-февралындагы N 9 жарыяланды
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Сынам жыйымынын СТАВКАЛАРЫ
№ | Жумуштун аталышы | Чен бирдиги | Ставкалардын өлчөмү (сом менен) |
1 | Баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдарга жана башка буюмдарга сынам белгисин жана эн тамгасын коюу |
|
|
1.1 | Ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдөн түшүүчү зергердик буюмдар, анын ичинде оңдоодон (реставрациялоодон) кийин: |
|
|
| а) алтын, платина, палладий; | 1 даана | 17 |
| б) күмүш. | 1 даана | 12 |
| Саат корпустары: |
|
|
| а) алтын, платина, палладий; | 1 даана | 94 |
| б) күмүш | 1 даана | 44 |
1.2 | Чет өлкөлүк өндүрүштөн чыккан, чет өлкөдөн сатып алынган, мурда колдонулган жана жеке адамдардан же юридикалык жактардан түшкөн зергердик буюмдар: |
|
|
| а) алтын, платина, палладий; | 1 даана | 34 |
| б) күмүш. | 1 даана | 24 |
| Саат корпустары: |
|
|
| а) алтын, платина, палладий; | 1 даана | 114 |
| б) күмүш | 1 даана | 54 |
2 | Зергердик буюмдарда жана башка эритмелерде баалуу металлдардын камтылышын химиялык метод менен анализдөө | 1 анализ | 550 |