Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме | |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 23 токтомуна |
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын карамагындагы кызматкерлерди бошотуунун УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу тартип Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын карамагындагы кызматкерлерди бошотуунун шарттарын аныктайт.
2. Ушул Убактылуу тартип Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин аттестацияланган курамындагы кызматкерлерине жайылтылат.
3. Кызматкер кадрлардын карамагына "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкүдөй негиздер боюнча киргизилет:
1) уюштуруу-штаттык иш-чаралары өткөрүлсө;
2) жазык-аткаруу тутумунун органы же мекемеси жоюлса;
3) кызматкердин мурда ээлеген кызмат орду калыбына келтирилсе;
4) аны башка кызмат ордуна дайындоо мүмкүн болбосо;
5) Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин тартиптик уставына ылайык кызмат ордунан бошотулса;
6) башка укук коргоо органдарынан жана аскер түзүмдөрүнөн которулса;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында кызмат өтөө, иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин.
2-глава. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын карамагынан кызматкерлерди бошотуунун шарттары
4. Кызматкердин кадрлардын карамагында болуу мөөнөтү 4 айдан ашпоосу керек, мында анын ооруган же кезектеги жана кошумча өргүүдөгү мезгили эсептелбейт.
5. Кызматкерди кадрлар карамагына киргизүү жөнүндө буйрук кабарлоо журналына кол койдуруу менен жарыяланат, журналдын формасы жазык-аткаруу тутумунун борбордук органынын чечими менен аныкталат, андан кийин кызматкерге жогоруда аталган буйруктун көчүрмөсү берилет.
Кызматкер кабарлоо журналына кол коюудан баш тартса же жогоруда аталган буйрук менен таанышууга келбесе, жазык-аткаруу тутумунун борбордук органынын кадр кызматы акт түзөт, анын формасы жазык-аткаруу тутумунун борбордук органынын чечими менен аныкталат, анын көчүрмөсү кызматкердин жашаган жерине жөнөтүлөт.
6. Ушул Убактылуу тартиптин 5-пунктуна ылайык кадрлардын карамагына киргизүү жөнүндө буйрук менен кызматкерди тааныштыруу, ошол эле мезгилде ушул Убактылуу тартиптин 4-пунктунда белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин ал жазык-аткаруу тутумунун органдарынан бошотулаары жөнүндө кабарлоо болуп эсептелет.
7. Ушул Убактылуу тартиптин 4-пунктунда белгиленген мөөнөттүн ичинде жазык-аткаруу тутумунун борбордук органынын кадр кызматы кызматкерге кадрлардын карамагына киргизилгенге чейин ээлеп турган кызматына бирдей кызмат ордун эки жолу сунуштайт, ушул Убактылуу тартиптин 3-пунктунун 4-6-пунктчаларында каралган учурлардан тышкары.
Бирдей кызмат орду болбосо, кадрлардын карамагындагы кызматкерге төмөн турган кызмат орду сунушталышы мүмкүн.
Кадрлардын карамагындагы кызматкердин сунушталган кызматтан ар бир жолку баш тартуусунда жазык-аткаруу тутумунун борбордук органынын кадр кызматы ага кызматтан бошотулаары тууралуу кабарлайт жана жазык-аткаруу тутумунун борбордук органынын чечими менен бекитилген формадагы акт түзөт, анын көчүрмөсү жогоруда аталган кызматкерге берилет.
8. Кызматкердин ушул Убактылуу тартиптин 7-пунктунда белгиленген, сунушталган кызматтардан баш тартуусу ушул Убактылуу тартиптин 4-пунктунда каралган мөөнөттөн ашык жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын карамагында жүрүүсүнө негиз болуп эсептелбейт, аталган мөөнөт аяктагандан кийин жазык-аткаруу тутумунун борбордук органы жогоруда аталган кызматкерди бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат.