Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-февралы № 51
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 105, 2023-жылдын 9-августундагы № 399, 2025-жылдын 18-июлундагы № 426 , 2025-жылдын 29-декабрындагы № 841, 2026-жылдын 27-февралындагы № 139, 2026-жылдын 31-мартындагы № 207 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелерине бирдиктүү мамилени камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11, 14, 24-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында конкурс өткөрүүнүн жана кадрлар резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарындагы кадрлар резервин түзүү тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;
3) Дайындоодо атайын адистик билимдердин жана көндүмдөрдүн болушун талап кылган Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызмат орундарынын тизмеги, 3-тиркемеге ылайык;
4) Кызматка алгачкы жолу алынган 35 жаштан ашкан адамдар дайындалуучу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызмат орундарынын тизмеги, 4-тиркемеге ылайык;
5) Конкурстук тандоосуз кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызмат орундарынын тизмеги, 5-тиркемеге ылайык;
6) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө контракттын типтүү формасы, 6-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 399 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин укук коргоо органдарынын кадрлар резервине киргизилген жарандарга ушул токтомдун ченемдери колдонула тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтом менен бекитилген контракттын типтүү формасынын негизинде иштин өзгөчөлүктөрүн жана кызмат өтөө шарттарын эске алуу менен контракттын формасын иштеп чыксын жана бекитсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 673 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетектөөчү курамынын кызмат орундарына иштөө үчүн конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тандап алуу конкурстук негизде жүргүзүлүүчү кызмат орундарынын тизмегин бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-мартындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 813 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-майындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-ноябрындагы № 776 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын карамагындагы кызматкерлерди бошотуунун убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-октябрындагы № 565 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясына) кирүү үчүн конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 3-февралынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-февралындагы № 23(3095) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
|
Дайындоодо атайын адистик билимдердин жана көндүмдөрдүн болушун талап кылган Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызмат орундарынын тизмеги
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 399 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда
1. Маалыматтык технологиялар тармагындагы адистердин кызмат орундары (IТ-адистер).
2. Медициналык кызматкерлердин кызмат орундары.
3. Теологдордун кызмат орундары.
4. Жардыруу техниктеринин кызмат орундары.
5. Басма сөз-кызматынын жетектөөчү курамынын кызмат орундары.
6. Котормочу жана лингвисттердин кызмат орундары.
2. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 399 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда
1. Маалыматтык технологиялар тармагындагы адистердин кызмат орундары (IТ-адистер).
2. Медициналык кызматкерлердин кызмат орундары.
3. Теологдордун кызмат орундары.
4. Басма сөз кызматынын жетектөөчү курамынын кызмат орундары.
5. Энергетика жаатындагы адистердин кызмат орундары.
6. Котормочу жана лингвисттердин кызмат орундары.
7. Психологдордун кызмат орундары.
4. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда
1. Маалыматтык технологиялар тармагындагы адистердин кызмат орундары (IТ-адистер).
2. Басма сөз кызматынын жетектөөчү курамынын кызмат орундары.
|
| 4-тиркеме |
Кызматка алгачкы жолу алынган 35 жаштан ашкан адамдар дайындалуучу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызмат орундарынын тизмеги
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 399, 2025-жылдын 18-июлундагы № 426 , 2025-жылдын 29-декабрындагы № 841 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда
1. Окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамынын кызмат орундары.
2. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 399 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда
1. Маалыматтык технологиялар тармагындагы адистердин кызмат орундары (IT-адистер).
Эскертүү. Орто жана улук жетектөөчү курамдын кызмат орундарына 35 жаштан жогору, бирок 40 жаштан жогору эмес, адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес эмгек стажы бар адамдар кабыл алынышы мүмкүн.
2. Медициналык кызматкерлердин кызмат орундары.
Эскертүү. Орто жана улук жетектөөчү курамдын кызмат орундарына 35 жаштан жогору, бирок 45 жаштан жогору эмес, адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес эмгек медициналык стажы бар адамдар кабыл алынышы мүмкүн.
Зарыл болгон учурда саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык медициналык персоналдын маянасы менен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык эмгек келишими боюнча орто жана улук жетектөөчү курамдагы кызмат орундарын ээлөөгө жол берилет.
3. Курулуш чөйрөсүндөгү адистердин кызмат орундары.
Эскертүү. Орто жана улук жетектөөчү курамдын кызмат орундарына 35 жаштан жогору, бирок 47 жаштан жогору эмес, курулуш жаатында 5 жылдан кем эмес стажы бар адамдар кабыл алынышы мүмкүн.
Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык эмгек келишими боюнча орто жана улук жетектөөчү курамдагы кызмат орундарын эркин жалданган персоналдын маянасы менен ээлөөгө жол берилет.
4. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда
1. Маалыматтык технологиялар тармагындагы адистердин кызмат орундары (IT-адистер).
2. Басма сөз кызматынын жетектөөчү курамынын кызмат орундары.
3. Төраганын кеңешчисинин кызмат орду.
|
| 5-тиркеме |
Конкурстук тандоосуз кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызмат орундарынын тизмеги
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 105, 2023-жылдын 9-августундагы № 399, 2025-жылдын 18-июлундагы № 426 , 2025-жылдын 29-декабрындагы № 841, 2026-жылдын 27-февралындагы № 139, 2026-жылдын 31-мартындагы № 207 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда
1. Маалыматтык технологиялар тармагындагы адистердин кызмат орундары (IТ-адистер).
2. Медициналык кызматкерлердин кызмат орундары.
3. Теологдордун кызмат орундары.
4. Жардыруу техниктеринин кызмат орундары.
5. Жашыруун ыкчам бөлүктөрүнүн жетектөөчү курамынын кызмат орундары.
6. Атайын багыттагы бөлүмдөрдүн жетектөөчү курамынын кызмат орундары.
7. Күзөт кызматынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын кызмат орундары.
8. Басма сөз-кызматынын жетектөөчү курамынын кызмат орундары.
9. Котормочу жана лингвисттердин кызмат орундары.
10. Министрдин кеңешчисинин, жардамчысынын кызмат орду.
11. Биологиялык жана геномдук-молекулярдык экспертиза жаатындагы адистердин кызмат орундары.
2. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 399 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда
1. Маалыматтык технологиялар тармагындагы адистердин кызмат орундары (IТ-адистер).
2. Медициналык кызматкерлердин кызмат орундары.
3. Теологдордун кызмат орундары.
4. Басма сөз кызматынын жетектөөчү курамынын кызмат орундары.
5. Атайын багыттагы бөлүмдөрдүн жетектөөчү курамынын кызмат орундары.
6. Төраганын жардамчысынын кызмат орду.
7. Катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын кызмат орундары.
8. Энергетика жаатындагы адистердин кызмат орундары.
9. Котормочу жана лингвисттердин кызмат орундары.
10. Психологдордун кызмат орундары.
11. Курулуш чөйрөсүндөгү адистердин кызмат орундары.
4. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда
1. Төраганын жардамчысынын кызмат орду.
2. Басма сөз кызматынын жетектөөчү курамынын кызмат орундары.
3. Кинология жана ветеринария тармагындагы жетектөөчү курамдын кызмат орундары.
4. Маалыматтык технологиялар тармагындагы адистердин кызмат орундары (IT-адистер).
5. Төраганын кеңешчисинин кызмат орду.
Эскертүү: Кызматка конкурстук тандоосу жок кабыл алынган жана кызмат орундарына дайындалган Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын кызматкерлеринин которулуусу, конкурстук тандоо каралган укук коргоо органынын башка кызмат орундарына, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына биринчи жолу кызматка кирүүнүн шарттарында жана тартибинде жүзөгө ашырылат.
|
| 6-тиркеме |
|
|
|
|
| Типтүү форма |
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө № ______ КОНТРАКТ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 399 токтомунун редакциясына ылайык)
_______________________________ |
| "___" _____________ 20__-ж. |
(контракт түзүлгөн жер) |
|
|
_____________________________________________________________________________________
(укук коргоо органынын аталышы)
_____________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________ атынан
(Ф.А.А., кызмат орду)
_____________________________________________________________________________________
(укук коргоо органы жөнүндө жобонун аталышы)
____________________________________________________________________________ негизинде иштеп жаткан, мындан ары "Жетекчи" жана Кыргыз Республикасынын жараны деп аталуучу
___________________________________________________________________________________,
(Ф.А.А.)
_____________________________________________________________________________________
(паспорттун сериясы, номери, берилген күнү, паспортту берген органдын аталышы)
мындан ары "Кызматкер" деп аталуучу, жалпы "Тараптар" деп аталуучулар Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө ушул контрактты төмөнкүдөй шарттарда түзүштү.
1. Контракттын предмети
1. Ушул Контракт кызматтык милдеттерге, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставына жана укук коргоо органдарынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, ошондой эле укук коргоо органынын ведомстволук актыларына ылайык Кызматкердин кызмат өтөөсүнүн шарттарын жөнгө салат.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
1. Кызматкер "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде каралган укуктарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга ээ.
2. Кызматкер төмөнкүлөргө милдеттенет:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын сактоого, кызматтык милдеттерди аткарууга байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, мыйзам алдындагы актыларын жана укук коргоо органынын ведомстволук актыларын жетекчиликке алууга;
2) кызматтык милдеттерди аткарууда жарандардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
3) кызматтык милдеттерин билүүгө жана аткарууга, укук коргоо органынын жетекчисинин, ыйгарым укуктуу жетекчилердин буйруктарын жана тескемелерин аткарууга. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ачык каршы келген буйрук же көрсөтмө алган учурда кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин жетекчиликке алууга милдеттүү;
4) кызматтык ыйгарым укуктарын кыянат пайдаланууга жол бербөөгө, укук коргоо органдарындагы кызматка байланышкан, мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоого, ошондой эле кызматтык этиканын талаптарын сактоого;
5) кызматтык маселелер боюнча өзүнүн түздөн-түз жетекчисине (башчысына), ал эми зарыл болгон учурда түздөн-түз жетекчисине (башчысына) билдирүү менен жогору турган жетекчиликке кайрылууга;
6) укук коргоо органынын кызматтык ички тартибинин эрежелерин сактоого;
7) окуялар, убактылуу эмгекке жарамсыздык жөнүндө жана кызматкердин өз кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу башка жагдайлар тууралуу түздөн-түз жетекчисине (башчысына) мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө билдирүүгө;
8) кызматтык милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик жана дене-бойлук даярдыгынын деңгээлин кармап турууга жана өркүндөтүүгө жана белгиленген тартипте квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо курстарынан, кесиптик окуудан өтүүгө жана (же) кошумча кесиптик билим алууга;
9) мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтарды, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон, анын ичинде жарандардын жеке жашоосуна тийиштүү болгон же алардын кадыр-баркына жана беделине шек келтирген маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;
10) мамлекеттик мүлктү сактоого;
11) кирешелерди жана мүлктү декларациялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери тууралуу маалыматтарды берүүгө;
12) чет мамлекеттин жарандыгын алууга же чет мамлекетте жашоо укугун алууга документтерди тапшыргандыгы, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу арыз бергендиги жөнүндө арыз берген күнү түздөн-түз жетекчисине (башчысына) билдирүүгө;
13) кызматтык милдеттерин аткарууда кызыкчылыктардын кагылышуу мүмкүндүгү же келип чыгуусу тууралуу түздөн-түз жетекчисине (башчысына) билдирүүгө жана мындай кагылышууну болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө;
14) төмөнкүлөрдү түздөн-түз жетекчисине (башчысына) токтоосуз билдирүүгө:
- аны же башка кызматкерлерди мыйзамдуулукту бузууга түрткөн ар бир учур жөнүндө же болбосо ушундай жасалган фактылар жөнүндө;
- Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган кылмыш иштери боюнча ал күбө, шектүү же айыпталуучу катары өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүнө жана сотторуна чакыруунун бардык фактылары жөнүндө;
- өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар жакын туугандарынын Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоюлбаса же алып салынбаса, ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюшкан топтордун, кылмыштуу коомдоштуктун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылса;
15) дене-бойлук даярдыгынын деңгээли боюнча укук коргоо органында кызмат өтөө талаптарына ылайык келүүгө жана дене-бойлук даярдыгынын деңгээли боюнча мезгилдүү текшерүүдөн өтүп турууга;
16) укук коргоо органында ээлеп турган кызмат ордуна карата талаптарга ылайык кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуу менен байланышкан шарттардагы аракеттерге атайын даярдыктан жана кесиптик жарамдуулукту мезгилдүү текшерүүдөн өткөрүүгө;
17) жыл сайын медициналык алдын ала кароодон өтүүгө. Ыйгарым укуктуу жетекчинин жолдомосу боюнча мас болуу (алкоголдук, баңгилик же башка токсиндик мас болуу) абалына карата медициналык күбөлөндүрүүдөн (текшерүүдөн) өтүүгө;
18) кызматтык милдеттеринин чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын белгиленген тартипте кароого;
19) ээлеп турган кызмат ордунун алкагында каралбаган милдеттерди "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте, укук коргоо органынын жетекчисинин/ыйгарым укуктуу жетекчинин чечими боюнча убактылуу аткарууга;
20) кесиптик кызматтык ишин коргоонун (эмгекти коргоонун) талаптарын билүүгө жана сактоого;
21) мамлекеттик жарандык кызматчынын кызматтык этикасынын талаптарын билүүгө жана сактоого;
22) кызматтык тартипти сактоого, кызматтык тартипти бузгандыгы, тартиптик жорук жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставына ылайык тартиптик жоопкерчиликке тартылууга.
3. Кызматкер кызматтык нускамалар, ченемдик укуктук актылар жана ушул Контракт менен белгиленген өзүнө жүктөлгөн функционалдык милдеттерин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
4. Жетекчи төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кызматкерден функциялык милдеттерин аткарууну, ошондой эле укук коргоо органынын кызматтык ички тартибинин эрежелерин сактоону талап кылууга;
2) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставында белгиленген тартипте кызматтык милдеттерин кынтыксыз жана натыйжалуу аткаргандыгы үчүн Кызматкерди сыйлоого;
3) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставында каралган учурларда Кызматкерди тартиптик жоопкерчиликке тартууга;
4) "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кызматкерди мөөнөтүнөн ашык иштөөгө жана дем алыш жана майрам күндөрү жумушка тартууга;
5) укук коргоо органы жөнүндө жободо каралган башка укуктарды ишке ашырууга;
5. Жетекчи төмөнкүлөргө милдеттенет:
1) Кызматкердин ишине коопсуз шарттарды түзүүгө жана анын функционалдык милдеттерин аткаруусу үчүн тийиштүү техникалык каражаттар менен камсыз кылууга;
2) Кызматкердин кесиптик даярдыгын, кайра даярдоосун камсыз кылууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууга.
3. Эмгек акы төлөө шарттары
Кызматкерди акчалай үлүш менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын эмгек акы төлөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
4. Кызматтык (жумуш) убакыттын жана эс алуу убактысынын режими
Кызматтык (жумуш) убакыттын жана эс алуу убактысынын режими, ошондой эле кезметтүүлүктүн графиги "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59, 60-беренелерине ылайык, укук коргоо органынын ишинин өзгөчөлүгүнө жараша укук коргоо органынын жетекчиси, ыйгарым укуктуу жетекчиси тарабынан аныкталат жана бекитилет.
5. Контрактты колдонууну өзгөртүү жана токтотуу
1. Контракттын колдонулушу "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 80-беренесинде каралган негиздер боюнча токтотулат.
2. Ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча Контракттын колдонулушун токтотуу Кызматкерди укук коргоо органында кызматтан бошотууга алып келет.
3. Ушул Контракттын шарттары Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Контрактты колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин өзгөртүлүшү мүмкүн.
Эгерде өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө жүргүзүлсө жана Тараптар кол койсо, юридикалык күчкө ээ болот.
4. Кызматкерди башка укук коргоо органына которуу жөнүндө буйрук чыккан күндөн тартып анын колдонуудагы контракты токтотулат жана милдеттүү түрдө жаңы кызмат орду боюнча түзүлөт.
5. Ушул Контракт мамлекеттик же расмий тилдерде 2 нускада, Тараптардын ар бири үчүн бирден нускада түзүлдү, бирдей юридикалык күчкө ээ.
6. Контракттын өзгөчө шарттары
1. Ушул Контракттын шарттарын сактабаган учурда Тараптар "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставына ылайык жоопкерчилик тартат.
2. Ушул Контракттын Тараптарынын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар соттук тартипте чечилет.
7. Тараптардын реквизиттери
Кызматкер |
| Жетекчи |
_____________________________________ |
| _____________________________________ |
_____________________________________ |
| _____________________________________ |
(Ф.А.А.) |
| (Ф.А.А.) |
_____________________________________ |
| _____________________________________ |
(паспорт, сериясы, №, ким берген) |
| (колу) |
_____________________________________ |
| _____________________________________ |
(колу) |
|
|
_____________________________________ |
| _____________________________________ |
М.О. |
|
|