Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 470 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы № 18
Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 45-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жыйымдын төмөнкүдөй ставкалары белгиленсин:
1) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн - бир эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
2) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик кайра каттоо үчүн - эсептик көрсөткүчтүн ставкасынын 50 пайыздык өлчөмүндө.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | М. Абылгазиев |