Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-августу № 470
Юридикалык жактарды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулганын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 560, 2023 жылдын 29-декабрындагы №727 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 45-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жыйымдын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленсин:
1) ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) копшогондо, юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө - 200 сом;
- 1 жумуш күндүн ичинде - 2581 сом;
- 6 сааттын ичинде - 3581 сом;
- 3 сааттын ичинде - 4581 сом;
2) финансылык-кредиттик мекемелерди, коммерциялык эмес уюмдарды, ошондой эле финансылык-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө - 100 сом;
- 3 жумуш күндүн ичинде - 4281 сом;
- 1 жумуш күндүн ичинде - 5281 сом;
- 6 сааттын ичинде - 6481 сом;
3) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) ишинин токтотулганын мамлекеттик каттоо үчүн:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө - 200 сом;
- 3 жумуш күндүн ичинде - 3150 сом;
- 1 жумуш күндүн ичинде – 4250 сом;
- 6 сааттын ичинде – 4950 сом.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 560, 2023 жылдын 29-декабрындагы №727 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде) каралган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди (бааларды) түзүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте бекитилген баалардын прейскурантына ылайык алынат деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 18 «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2022-жылдын 25-августунда www.gov.kg сайтында жарыяланган
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |