Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомуна |
Квалификациялуу инвесторлор жана квалификациялуу инвесторлордун гана сатып алышы үчүн арналган баалуу кагаздар жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Квалификациялуу инвесторлор жана квалификациялуу инвесторлордун гана сатып алышы үчүн арналган баалуу кагаздар жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) баалуу кагаздар рыногунун квалификациялуу инвестору деп таанылган жак ылайык келүүгө тийиш болгон талаптарды, ошондой эле квалификациялуу инвестор үчүн гана арналган инвестициялык активдерди жүгүртүүгө чектөөлөрдү белгилейт.
2. Ушул Жобого ылайык квалификациялуу инвестордун статусун ыйгаруу ушундай статус алган адамга башка инвесторлорго салыштырмалуу эч кандай артыкчылык бербейт жана андагы баардык зарыл болгон билимдерди жана компетенцияларды таанууну билдирет, андай билимдердин жана компетенциялардын болушу ага аң сезимдүү түрдө жана мүмкүн болгон опурталдарды эске алуу менен квалификациялуу инвесторлордун гана сатып алышы үчүн чыгарылган баалуу кагаздарга өзүнүн каражаттарын инвестициялоого мүмкүндүк берет.
2-глава. Квалификациялуу инвестор деп таануунун тартиби
3. Резидент эмес адамды баалуу кагаздар рыногунда квалификациялуу инвестор деп таануу инвестор менен мамиле түзүүдө, ошондой эле баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кардары болуп саналган инвестордун кызыкчылыгында ушул Жобо күчүнө кирген күнгө карата квалификациялуу инвесторлор үчүн гана арналган инвестициялык активдер менен бүтүмдөрдү жасоодо баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Адамдын резидент эмес экендигин аныктоо үчүн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу кардарды идентификациялоонун жүрүшүндө алынган маалыматтарды "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде контрагенттерди жана/же кардарларды идентификациялоо боюнча милдеттенмелерди аткаруу тартибинде пайдаланат.
5. Резидент эмес адамды квалификациялуу инвестор деп таануу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу тарабынан квалификациялуу инвестор деп таануу жөнүндө чечим түрүндө белгиленет, ал баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталууга тийиш болгон кардар жөнүндө документтер жана маалыматтар менен бирге баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу тарабынан сакталат.
6. Төмөндө саналган негиздердин бирөө эле болгон учурда адамга - резидентке ушул Жободо белгиленген тартипте квалификациялуу инвестордун статусу ыйгарылышы мүмкүн:
- банк иши, баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү, же болбосо камсыздандыруу чөйрөсүндөгү иштин ар кандай түрүнө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген лицензиясы болсо;
- жеке адамда белгиленген үлгүдөгү аттестат менен ырасталган жогорку экономикалык билими жана банк иши, баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндө, же болбосо камсыздандыруу чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болсо;
- ошол адам ээлик кылган баалуу кагаздардын жалпы рыноктук же баланстык наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 30000 минималдык эсептик көрсөткүчтөн кем эмести түзсө;
- ошол адам ээлик кылган, квалификациялуу инвестордун сатып алышы үчүн гана арналган баалуу кагаздардын жалпы рыноктук же баланстык наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 10000 минималдык эсептик көрсөткүчтөн кем эмести түзсө;
- адам квалификациялуу инвесторлор гана сатып алышы үчүн арналган баалуу кагаздарды чыгарган эмитенттин инвестициялык декларациясы менен макулдукка (ушул Жобого тиркеме) кол койсо, бул учурда мындай баалуу кагаздарды сатып алууга ошол адам салууга тийиш болгон каражаттын өлчөмү 10000 минималдык эсептик көрсөткүчтөн кем эмести түзүшү керек;
- адам акыркы жана катары менен 12 айда баалуу кагаздар менен 10дон кем эмес бүтүмдөрдү жасаса, бул учурда мындай бүтүмдөрдүн жалпы суммасы 30000 минималдык эсептик көрсөткүчтөн кем эмести түзсө, ал белгиленген тартипте мындай бүтүмдөрдү каттаган адам, же болбосо мындай бүтүмдү жүзөгө ашырган брокер тарабынан ырасталууга тийиш.
7. Бүтүмдөрдү жасоо үчүн институттук же жеке инвестор баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна берген бир жолку акча каражаттарынын көлөмүн аныктоо үчүн ушул Жобо күчүнө кирген учурдан тартып берилген акча каражаттарынын тиешелүү бир жолку көлөмү эске алынат.
8. Квалификациялуу инвестор деп таануу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу квалификациялуу инвестор деп таануу жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып эки жыл бою жарактуу болот.
3-глава. Квалификациялуу инвестор үчүн арналган баалуу кагаздардын жүгүртүлүшүн чектөө
9. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысында, баалуу кагазды чыгаруу жөнүндө чечимде, аны ачык сунуш кылуунун шарттарында же проспектиде баалуу кагаздар квалификациялуу инвестор үчүн гана арналат деп каралса, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары мындай баалуу кагаздарды квалификациялуу инвестордун гана сатып алуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.
10. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу квалификациялуу инвестор болуп саналбаган инвестордун алдында квалификациялуу инвестор болуп саналбаган инвестордун кызыкчылыгында баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу тарабынан сатып алынган, квалификациялуу инвестор үчүн арналган баалуу кагаздардын рыноктук наркын төмөндөтүүнүн натыйжасында инвестордо келип чыккан зыян үчүн жоопкерчилик тартат.
Эгерде баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу инвестор өзү жөнүндө билдирген жалган маалыматтардын же баалуу кагаздар рыногунун башка кесипкөй катышуучусунун анын кызыкчылыгына аракеттенүүсүнүн негизинде инвесторду квалификациялуу деп тааныса ушул пунктта каралган жоопкерчилик келип чыкпайт.
11. Эгерде инвестор квалификациялуу инвестор болбосо, же квалификациялуу инвестор статусун жоготсо, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу мындай инвестор үчүн инвесторго таандык (же анын пайдасына ишенимдүү башкарууда турган) квалификациялуу инвесторлор үчүн арналган баалуу кагаздар менен аларды ажыратуу же тындыруу боюнча операцияларды гана жүргүзүүгө укуктуу.
12. Квалификациялуу инвестор үчүн арналган баалуу кагаздарды мураска алуу, ошондой эле жубайлар ажырашканда бирге иштеп тапкан мүлктөрдү бөлүштүрүүнүн натыйжасында, жоюлуп жаткан уюмдун мүлктөрүн бөлүштүрүүнүн натыйжасында аларды сатып алуу жана күрөөнүн предметин өндүрүп алууга айландыруунун жүрүшүндө күрөөнүн предметин өзүнө калтыруу чектелбейт.
|
| Квалификациялуу инвесторлор жана квалификациялуу инвесторлордун гана сатып алышы үчүн арналган баалуу кагаздар жөнүндө жобого тиркеме |
Квалификациялуу инвесторлордун гана сатып алышы үчүн арналган баалуу кагаздарды чыгарууну эмитенттин инвестициялык декларациясына МАКУЛДУК
_________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы/жеке адамдын аты-жөнү)
__________________________________________________________________________ атынан,
төмөнкүнүн негизде аракеттенген ____________________________________________________,
(юридикалык жак гана толтурат)
инвестициялык декларация менен ___________________________________________________
_________________________________________________________________________________
(эмитенттин аталышы жана баалуу кагаздардын түрү көрсөтүлөт)
таанышканымды ырастайм жана аталган баалуу кагаздарга инвестицияларды кооптуулуктар коштоп жүрөрүнө түшүнөмүн, аларды баалоо жана аларды кабыл алуу биздин компаниянын/менин жоопкерчилигим болуп саналат.
_________________________________________________________________________________
(кереги жогу чийилет)
Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк:
_________________________________________________________________________________
Жеке адам үчүн паспорт:
_________________________________________________________________________________
(сериясы, номери, берилген датасы, ким тарабынан берилген)
Колу _______________________________
Датасы _____________________________
М.О.