Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомуна |
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлерин квалификацияларын милдеттүү жогорулатуудан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу программаларын түзүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлеринин квалификацияларын милдеттүү жогорулатуудан өткөрүүнү, ошондой эле баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлерине квалификацияларды милдеттүү жогорулатуудан өткөрүү жөнүндө маалыматтарды берүүнү жөнгө салат.
2-глава. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу программаларын түзүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү
2. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу программасы (мындан ары - Программа) жылына 40 академиялык сааттан кем эмес көлөмдөгү окутуу курсун камтыйт.
3. Программа өзүнө төмөнкүдөй элементтерди камтыйт:
- темалардын аталыштарын жана ар бир темада каралуучу суроолордун тизмесин;
- ар бир тема боюнча окутууга керектүү убакыттын көлөмүн;
- темалар боюнча бөлүштүрүү менен сунуш кылынган адабияттардын тизмесин жана баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тизмелерин.
4. Ушул Жобонун 2-пунктунда аталган Программага коюлуучу минималдуу талаптарды баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жыл сайын иштеп чыгат жана бекитет.
5. Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, ошондой эле IOSCOго киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен ар жыл сайын Программанын мазмуну кайра каралат.
6. Алдыдагы жылдын программасы алдыдагы жылдын 1-январына чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет жана анын расмий сайтына жарыяланат.
3-глава. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлеринин квалификацияларын милдеттүү жогорулатуудан өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөтү
7. Квалификациялык күбөлүгү бар баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун ар бир кызматкери квалификациялык күбөлүк алгандан кийинки жылдан тартып ар бир экинчи календарлык жылдын ичинде Программа боюнча окуудан өтүүгө милдеттүү.
8. Бекитилген программа боюнча баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлерин окутуу ушул Жобонун талаптарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сунуштаган жеке жана/же юридикалык жак (жактар) (мындан ары - окутуучу адам) тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
9. Окутуучу адамдарды тандап алуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган конкурстук тандап алууну уюштурат жана конкурстук комиссия түзөт.
10. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлерин сапаттуу жана уюшкандыкта окутууну камсыз кылуу максатында Программа боюнча курстарды өткөрүү укугуна окутуучу адамдарды конкурстук тандап алуу өткөрүлөт.
11. Конкурстук тандоого төмөнкүдөй критерийлерге шайкеш келген жеке жана юридикалык жактар киргизилет:
1) жеке жактар үчүн, төмөнкүлөрү болгондо:
- экономика же юридика адистиктери боюнча жогорку билими;
- аудит, бухгалтердик эсеп, финансылык талдоо, салык салуу же жарандык укук боюнча курстарды окууга үч жылдан кем эмес тажрыйбасы, конкурстук тандоого катышуу учуруна карата акыркы беш жылдын ичинде алынса;
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуучу программалардын мазмунуна ылайык иштелип чыккан лекциялардын тезистери жана практикалык тапшырмалары;
- курстарды окутуу (25-30дан кем эмес окутулуучу адамга) үчүн материалдык-техникалык базасы;
2) юридикалык жактар үчүн, төмөнкүлөрү болгондо:
- ушул Жобонун 11-пунктунун 1) пунктчасында аталган билими жана тажрыйбасы бар штаттагы же тартылган окутуучулар;
- Программалардын мазмунуна ылайык иштелип чыккан лекциялардын тезистери жана практикалык тапшырмалар;
- курстарды окутуу (25-30дан кем эмес окутулуучу адамга) үчүн материалдык-техникалык базасы.
12. Конкурстук тандоого катышуу үчүн окутулуучу адам ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди жана маалыматтарды берүүгө тийиш:
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык формада конкурска катышууга арызын;
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсүн - юридикалык жак үчүн;
- жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн, же окутуу ишине патентинин көчүрмөсүн - жеке жак үчүн;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;
- расмий тилде лекцияларынын тезистерин;
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык формада окутуучунун толтурулган анкетасын;
- окутуу курстарын (25-30дан кем эмес окутулуучу адамдарга) өткөрүү үчүн материалдык-техникалык базасынын бардыгы жөнүндө маалыматты.
Документтердин бүткүл пакети конвертке чапталган түрдө берилиши керек.
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган окутуучу адамды конкурстук тандоого киргизбей коюуга укуктуу, эгерде:
1) окутуучу адам ушул Жобонун 12-пунктунда аталган кайсы бир документти же маалыматты бербесе;
2) окутуучу адам өзү жөнүндө жана (же) өзүнүн иши жөнүндө туура эмес маалыматтарды, же болбосо документтерди берсе.
14. Окутуучу адамдарды конкурстук тандап алуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен конкурстук комиссия түзүлөт жана анын жеке курамы бекитилет.
15. Конкурстук комиссия ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынан дайындалуучу төраганы жана жооптуу катчыны жана башка мүчөлөрдү - Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар рыногунун маселелери боюнча жетектөөчү адистерди кошкондо бештен кем эмес мүчөдөн турат. Конкурска катышуучу адамдар менен жакын тууган же эмгек мамилелеринде болгон адамдар конкурстук комиссиянын мүчөсү боло албайт. Конкурстук комиссиянын жыйыны, эгерде ага мүчөлөрүнүн 2/3ү катышса, ал иштөөгө укуктуу болот.
16. Конкурстук комиссия төмөнкүлөргө милдеттүү:
- берилген документтерди баалоого;
- окутуучу адамды бекитүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуш кылууга;
- конкурстук тандоону өткөрүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтардын купуялуулугун сактоого.
17. Комиссиянын чечими жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын жыйыны жана анда кабыл алынган чечимдер протокол менен таризделет, катышкан мүчөлөр ага кол коюшат. Комиссиянын жыйынында талкууланган маселелерди жазып алуу үчүн жазуунун техникалык каражаттары колдонулушу мүмкүн.
18. Конкурстук тандап алуудан ийгиликтүү өткөн окутуучу адамды (адамдарды) сунуштоо жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын төрагасы бир жыл мөөнөткө бекитет.
19. Сунушталган окутуучулардын тизмеси стендге илинет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
20. Окутуучуларды конкурстук тандап алуу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көрсөткөн башка ар кандай кызматтар үчүн акы баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу курсун уюштуруу процессинде алынбайт.
Окутуучу курстар үчүн акы штатында ушул кызматкерлер турган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын эсебинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ыкма менен төлөнөт.
21. Окутуучу адам ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен Программага ылайык баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу курстарын уюштурууга жана окутуунун жыйынтыгында баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын кызматкерлерине квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөндүгүн ырастаган документ берүүгө милдеттүү.
22. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу өткөрүлгөн айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, окутуучу адамдар документтин номерин, Программанын бөлүмдөрүнө карата квалификацияны жогорулатуу боюнча угулган академиялык сааттардын санын, фамилиясын, аты-жөнүн, анын квалификациялык күбөлүктөрүнүн номерлерин көрсөтүү менен баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуучу курстан өткөндүгү жөнүндө баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлерине берилген документтер тууралуу маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга беришет. Маалыматтар кагазга басылган жана электрондук түрдө берилет.
23. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулаткандыктарын дайыма текшерип турууну уюштурат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкери квалификацияларды жогорулатуучу курстан өткөндүгү жөнүндө туура эмес маалыматты окутуучу адам берген учурда, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкеринин квалификацияларды жогорулатуучу курстан өткөндүгү жөнүндө документти берүү тууралуу окутуучу адамдын чечимин жокко чыгарууга укуктуу.
4-глава. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкеринин квалификациясын милдеттүү жогорулатуудан өткөндүгү жөнүндө маалыматтарды берүүсүнүн тартиби жана мөөнөтү
24. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга квалификациясын жогорулатуучу курстан өткөндүгүн ырастоочу документти кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбей берет.
25. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берген документтердин негизинде квалификацияны жыл сайын жогорулатуу жөнүндө талаптарды баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкеринин сактагандыгы тууралуу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлерине берилген квалификациялык күбөлүктөрдүн мамлекеттик реестрине белги коюлат.
26. Ушул Жобонун талаптарына ылайык ар бир экинчи календарлык жылдын ичинде квалификацияны жогорулатуу жөнүндө талаптар сакталбаган учурда баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкери Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтерди тартат.
|
| Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлерин квалификацияларын милдеттүү жогорулатуудан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы __________________________________ __________________________________ |
Конкурска катышууга АРЫЗ
________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
(аты-жөнүн же юридикалык жактын аталышын көрсөтүү керек)
жөнүндө тиркелген документтерди жана маалыматтарды кароону жана Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкеринин квалификациясын жогорулатуучу программага ылайык окутуучу курстардан өтүү укугуна конкурстук тандоого катышууга уруксат берүүңүздү өтүнөм.
Байланышуу маалыматтары (көрсөтүү керек):
Дарек: __________________________________________
Телефон: ________________________________________
Факс: ____________________________________________
Электрондук почта: _______________________________________
Тиркеме: ____________ барак.
|
| Колу: |
|
| Датасы: |
|
| Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлерин квалификацияларын милдеттүү жогорулатуудан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу боюнча курстардын окутуучусунун АНКЕТАСЫ
1. Аты-жөнү _____________________________________________________________________
2. Туулган датасы ________________________________________________________________
3. Жашаган жери, телефону ________________________________________________________
4. Билими: _______________________________________________________________________
(ЖОЖдун аталышы, бүткөн жылы, адистиги көрсөтүлөт)
5. Финансист (экономист) же юрист болуп иштеген иш стажы ____________________________
6. Кесиптик коомдук бирикмелерге мүчөлүгү __________________________________________
________________________________________________________________________________
7. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуучу курстан өткөн датасы жана кызмат көрсөтүүчү жери: __________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
8. Академиялык квалификациясынын даражасы, илимий даражасы:
________________________________________________________________________________
9. Акыркы 5 жылда ээлеген кызмат орду: ____________________________________________
________________________________________________________________________________
Колу: ___________________________________________________________________________
(Ыйгарым укуктуу өкүл)
Аты-жөнү _______________________________________________________________________
Кызмат орду: ____________________________________________________________________
Дареги: _________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________