Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомуна |
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерлерин дайындоого (шайлоого) макулдук берүүнүн жана макулдукту чакыртып алуунун тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жобо
1. Ушул Жобо баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерлерин дайындоого (шайлоого) баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) макулдук берүүсүнүн жана макулдукту чакыртып алуусунун тартибин, ошондой эле макулдук алуу үчүн керектүү документтердин тизмесин белгилейт.
2-глава. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерлери
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууга тийиш баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерлеринин тизмеси баалуу кагаздар рыногунун чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздар рыногунун чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга шайкеш келген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкеринин кызмат ордуна талапкерди дайындоого (шайлоого) макулдук берет (мындан ары - макулдашуу).
4. Баалуу кагаздардын кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерлери ушул Жобонун 3-главасында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
3-глава. Баалуу кагаздардын кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерлерине коюлуучу негизги квалификациялык талаптар
5. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерлери жогорку билимдүү, экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча финансылык чөйрөдөгү иш тажрыйбасы жана стажы болууга тийиш.
6. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерлеринин белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталган жогорку билими болууга тийиш.
Башкы бухгалтер болуп иштөөгө орто-атайын билими барларга уруксат берилет, бирок адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу милдеттүү түрдө эске алынат.
7. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерлеринин иш стажына жана тажрыйбасына коюлуучу квалификациялык талаптар:
- директорлор кеңешинин жетекчисинин жана мүчөлөрүнүн финансы чөйрөсүндөгү экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча иш стажы 3 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчи кызматтарда 2 жылдан кем эмес болууга тийиш. Чарбалык ишти жүргүзүүгө байланыштуу жумушу иш тажрыйбасына (стажына) кирбейт;
- аткаруу органынын жетекчисинин (аткаруу органынын функциясын өзү аткарган адамдын) жана мүчөлөрүнүн финансы чөйрөсүндөгү экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы, же финансылык-кредиттик мекемелерде 3 жылдан кем эмес иш стажы болууга тийиш. Чарбалык ишти жүргүзүүгө байланыштуу жумушу иш тажрыйбасына (стажына) кирбейт;
- башкы бухгалтердин же жалгыз бухгалтердин финансы чөйрөсүндөгү экономикалык же финансылык маселелер боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы, же финансылык-кредиттик мекемелерде бухгалтердик кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы болууга тийиш. Чарбалык ишти жүргүзүүгө байланыштуу жумушу иш тажрыйбасына (стажына) кирбейт;
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун бир же бир нече түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишин координациялаган жана/же контролдогон, баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй ишин жүргүзгөн жана кардарлар менен түзүлгөн ар кандай келишимдерге, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана/же кардарларга берилүүчү маалыматка, анын ичинде кардарлар менен түзүлгөн келишимдерде жана ченемдик укуктук актыларда каралган ар түрлүү отчетторго, ошондой эле баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кардарларынын эсебиндеги активдердин кыймылын жана калдыктарын салыштырууну ырастаган документтерге кол коюу укугу бар анын обочолуу бөлүктөрүнүн жетекчилерин жана алардын бухгалтерлерин кошпогондо, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун башка жетекчилеринин финансы чөйрөсүндөгү экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы, же финансылык-кредиттик мекемелерде 3 жылдан кем эмес иш стажы болууга тийиш. Чарбалык ишти жүргүзүүгө байланыштуу жумушу иш тажрыйбасына (стажына) кирбейт.
4-глава. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерлерине коюлуучу чектөөлөр
8. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкери болуп төмөнкүлөр дайындалбайт (шайланбайт), эгерде алар:
- ушул Жобонун 7-пунктунда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келбесе;
- мыйзамда белгиленген тартипте жабылбаган же алынып салынбаган экономика чөйрөсүндөгү жасаган кылмыштары үчүн соттолгон болсо;
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкери кызмат ордуна документтерди берүүнүн алдында бир жылдын ичинде финансылык рыноктогу иш менен байланышкан укук бузууну жасагандыгы үчүн бузуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылса;
- мурда уюмдун директорлор кеңешинин же ушул уюмдун аткаруу органынын мүчөсү (төрагасы) болуп турганда кудуретсиз деп таанылган, же консервацияланган, санацияланган, же мажбурланып жоюлган уюмдун жетекчи кызматкери болсо. Ушул шарттар мындай уюмда аталган окуялардын бири келип чыкканга чейин бир жылдан ашуун жана ал келип чыккандан кийин 3 жылдын ичинде иштеген жетекчи кызматкерлерге карата да колдонулат;
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун, же башка финансылык уюмдун жетекчи кызматкеринин кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) макулдугун чакыртып алуу жол-жобосу колдонулса. Аталган талап жетекчи кызматкердин кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) макулдукту чакыртып алуу жөнүндө чечимди кабыл алгандан кийин акыркы 12 ай ичинде колдонулат.
5-глава. Документтерди кабыл алуу
9. Ушул Жобонун 2-пунктуна ылайык баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу ар бир талапкер боюнча (өзүнчө) макулдашуу жөнүндө катты төмөнкүдөй документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бериши керек:
- талапкерди шайлоо жөнүндө чечимди кабыл алган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун чогулушунун (жыйынынын) протоколун;
- жогорку билими жөнүндө дипломду;
- кесиптик орто билими жөнүндө дипломду (башкы бухгалтер үчүн);
- талапкердин өздүк күбөлүгүн;
- эмгек китепчесин;
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык белгиленген форма боюнча талапкердин анкетасынын түп нускасын.
10. Макулдашуу жол-жобосунан өткөн жетекчи кызматкерлердин курамы өзгөрүлгөндө баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу жаңы жетекчи кызматкерди шайлаган (дайындаган) учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде өзгөрүүлөр жөнүндө билдирмени ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү. Шайлоо (дайындоо) болгон учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде жаңы талапкерди макулдашуу жөнүндө кат жогоруда аталган документтерди тиркөө менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
11. Анкетанын пункттарында камтылган маалыматтар өзгөрүлгөндө, макулдашуудан өткөн жетекчи кызматкерлер бул тууралуу өзгөрүү болгондон кийин 10 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү (жазуу жүзүндө).
12. Документтер мамлекеттик же расмий тилдерде берилет.
6-глава. Документтерди кароо
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түшкөн документтер анкетанын толук толтурулушу жана талапкерлердин белгиленген талаптарга ылайык келүүсү боюнча 3 жумуш күндүн ичинде каралат.
14. Кароого документтердин толук эмес пакети берилсе, же алар ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе, толуктап иштеп чыгуу үчүн кайтаруунун себебин көрсөтүү менен 5 жумуш күндүн ичинде документтер расмий кайтарылып берилет.
15. Ушул Жобонун бардык талаптары аткарылганда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул Жобонун 7-пунктунда каралган кызмат ордуна талапкердин ылайыктуулугу жөнүндө чечимди 30 календардык күндүн ичинде кабыл алат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган талапкерлери аны менен макулдашылган Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерлеринин реестрин жүргүзөт.
16. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна чечим кабыл алынган учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө маалымдалат.
17. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун аткаруу органынын жетекчиси 45 календардык күндөн ашуун жумушта болбогон мезгилде, анын милдетин аткаруу жетекчинин кызмат ордун ээлөөгө дайындалган акыркы жылдын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдашуу жол-жобосунан өткөн кызматкерлерге гана жүктөлөт.
18. Эгерде баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматын ээлеген адам жок болгон мезгилде акыркы жылдын ичинде макулдашуудан өтпөгөн талапкер кызмат орун ээлөөгө сунушталса, анда талапкер кызматкер кызматка киргенге чейин белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдашуу жол-жобосунан өтүүгө тийиш.
19. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун башкы бухгалтери же жалгыз бухгалтери 45 календардык күндөн ашуун жумушта болбогон мезгилде, анын кызмат ордун ээлей турган адам ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында макулдашуу жол-жобосунан өтүүгө тийиш. Башкы бухгалтердин же жалгыз бухгалтердин кызмат ордун ээлей турган талапкердин тиешелүү документтери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кызматка дайындалгандан кийин 45 календардык күндөн кечиктирилбей берилүүгө тийиш.
20. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызмат адамдары тарабынан ишенимсиз, толук эмес маалыматтар берилгени, ошондой эле маалыматтар атайылап бурмаланганы жана өз учурунда берилбегени ашкереленген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
21. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкеринин кызматына дайындоо (шайлоо) тууралуу берилген макулдугун төмөнкүдөй негиздер боюнча чакыртып алууга укуктуу:
1) макулдук берүүнүн негизин түзгөн маалыматтар ишенимсиз деп таанылганда;
2) жетекчи кызматкер тиешелүү кызмат ордун ээлеген (акыркы он эки календардык айдын ичинде) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерине ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан санкциялар системалуу (акыркы он эки календардык айдын ичинде үч жана андан ашуун) колдонулганда;
3) алынбаган же жабылбаган соттуулугу болгондо;
4) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерин дайындоого (шайлоого) берген макулдугун чакыртып алуу, ошол жетекчи кызматкерге мурда берилген макулдукту (макулдуктарды) чакыртып алуу үчүн негиз болот.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкеринин кызматына дайындоого (шайлоого) берилген макулдугун чакыртып алган учурда жумуш берүүчү бул адам менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга, же эмгек келишими жок болсо, ошол жетекчи кызматкердин ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
7-глава. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерине баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун сотко чейин даттануу тартиби
22. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алган чечимдерге макул болбогон учурларда баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилген Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссиясынын регламентинде белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссиясынын тиешелүү чечимин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна карата чечим кабыл алган күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбей даттанууга укуктуу.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссиясы баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун арызын кароого милдеттүү жана кабыл алган чечими тууралуу арыз түшкөн күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө билдириши керек, буга арызды кароонун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүчтү арыз ээси берген учурлар кирбейт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссиясынын чечимине макул болбогон учурда баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу бул чечимге Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген сот тартибинде даттанууга укуктуу.
|
| Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерлерин дайындоого (шайлоого) макулдук берүүнүн жана макулдукту чакыртып алуунун тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Кызматты ээлөө укугуна жана макулдук берүүгө талапкердин АНКЕТАСЫ
1. Фамилиясы _________________________________________________________________
Аты _________________________________________________________________________
Атасынын аты _________________________________________________________________
2. Сунуш кылынган позицияны көрсөтүңүз _________________________________________
______________________________________________________________________________
(кызмат орду, уюмдун аталышы)
______________________________________________________________________________
3. Эгерде фамилияны алмаштырсаңыз, качан, кайсы себептен алмаштырганын көрсөтүңүз:
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
4. Туулган жери, күнү, айы _______________________________________________________
5. Улуту ______________________________________________________________________
6. Жарандыгы (эгерде өзгөртүлсө, качан, кайсы себептен өзгөртүлгөнүн көрсөтүңүз)
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
7. Паспорттун маалыматы, сериясы: __________________ номери: _____________________
берилген күнү ________________________ ким берген _______________________________
8. Жашаган жери (катталган жери):
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
9. Билими: ____________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
10. Илимий даражасы, илимий наамы, качан ыйгарылган, дипломдордун номерлери
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
11. Эмгектик иши башталгандан тартып аткарган жумушу (анын ичинде жогорку жана атайын орто окуу жайларында окуганы, аскердик кызмат өтөөсү, жумуш айкалыштырып иштегени, ишкердик иши, ж.б.у.с.). Ушул пунктту толтурууда мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ошол убактагы аталыштарын атоо керек:
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
12. Сиз жана Сиздин жакын туугандарыңыз соттолду беле, качан жана эмне үчүн
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
13. Үйүңүздүн дареги жана телефонуңуздун номери:
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
14. Сизге, кайсы бир өлкөдө маанилүү катышуучу катары Сиз менен байланыштуу компанияга:
- укук бузуу жана/же кылмыш үчүн айып коюлду беле:
______________________________________________________________________________
(ооба/жок)
- тартиптик жаза-чара колдонулду беле:
______________________________________________________________________________
(ооба/жок)
Эгерде колдонулса, укук коргоо органы тарабынан коюлган айыптоонун, өкүм чыгаруунун дыкат сүрөттөмөсүн укук коргоо органынын аталышын, ар кандай мамлекеттик орган тарабынан коюлган айыптоону же тартиптик жаза чараларын көрсөтүү менен териштирүүлөрдүн жыйынтыктарын, соттун чечимин айтып бериңиз:
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
15. Сизге карата кайсы бир кесиптик иш менен иштөөгө тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынды беле, көрсөтүңүз. Тыюу салынса түшүндүрмө бериңиз.
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
Мен, _________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
анкетада берилген жогорудагы маалымат ишенимдүү жана толук экенин жана менин билимиме, анкетадагы суроолордо көрсөтүлгөн маалыматтарга жараша берилгенин ырастаймын. Мен атайылап бурмалаган, жашырып койгон болсом, бул мага сунуш кылынган кызмат орунга макулдук бербөө үчүн негиз болорун жана мыйзамдарга ылайык жооп тартууга алып келерин түшүнөм.
Толтурулган күн 20__-жылдын "__" ________________
Колу: ________________________