Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна) |
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2022-жылдын 18-августундагы № 463 , 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - ТИК/ККЛК) маселелери боюнча, ошондой эле экстремисттик ишти каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү (мындан ары - ЭИК/МККТКК) маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин координациялык-кеңешүүчү органы болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди (мындан ары - эл аралык келишимдер) жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Комиссиянын максаты жана милдеттери
3. Комиссиянын максаты ТИК/ККЛК чөйрөсүндө, ошондой эле ЭИК/МККТКК чөйрөсүндө көрүлүүчү чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
4. Комиссиянын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) террористтик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү (мындан ары - тобокелдиктерди баалоо) жөнүндө чечимдерди кабыл алуу, тобокелдиктерге баалоо жүргүзүү боюнча көрүлүүчү чараларды координациялоо, ошондой эле тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетторду жактыруу жана жарыялоо тууралуу чечимдерди кабыл алуу;
2) тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктары жөнүндө отчёттордун негизинде иштелип чыккан ТИК/МККТК/ККЛК боюнча мамлекеттик стратегияны (саясатты) даярдоо, жаңылоо, бекитүү жана ишке ашырылышын мониторингдөө боюнча иштерди уюштуруу;
3) ТИК/ККЛК жана ЭИК/МККТКК чөйрөсүндө иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле кызыкдар мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жана ишин координациялоону (саясий жана ыкчам деңгээлдерде) камсыздоо;
4) ТИК/ККЛК жана ЭИК/МККТКК системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоону жана карап чыгууну уюштуруу;
5) ТИК/ККЛК чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоону жана карап чыгууну уюштуруу;
6) ТИК/ККЛК чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын маалыматтарын угуу;
7) ТИК/МККТК/ККЛК чөйрөсүндө эл аралык кызматташтык маселелери боюнча макулдашылган позицияны иштеп чыгуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Комиссиянын ыйгарым укуктары
5. Өз милдеттерин аткаруу максатында Комиссия төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:
1) ТИК/ККЛК жана ЭИК/МККТКК чөйрөсүндө кызыкдар мамлекеттик органдарды уюштурууну, координациялоону жана өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо үчүн керектүү чечимдерди кабыл алууга;
2) зарыл учурда Комиссиянын ишинин алкагында маалыматтарды жана документтерди өз убагында даярдоо үчүн жумушчу топторду түзүүгө, анын ичинде көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды тартуу менен, ошондой эле кызыкдар мамлекеттик органдардын сунуштамалары боюнча бул топтордун милдеттеринин курамын жана иш тартибин аныктоого;
3) мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү уюштурууга, анын ичинде Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды жана документтерди алардан белгиленген тартипте сурап алууга жана бул органдардын, бирикмелердин жана уюмдардын кызмат адамдарын (жетекчилеринин макулдугу боюнча) Комиссиянын ишине катышуу үчүн чакырууга;
4) зарыл учурда Комиссиянын курамына кирбеген мамлекеттик бийликтин органдарынын жана жеке сектордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңитилген жыйындарды өткөрүүгө, ошондой эле Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча атайын ведомстволор аралык семинарларды жана кеңешмелерди уюштурууга;
5) өз жыйындарында Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин органдарынын жетекчилерин жана жеке сектордун өкүлдөрүн угууга;
6) ТИК/ККЛК жана ЭИК/МККТКК системасынын натыйжалуулугун кезектеги мониторингдөө максатында маалыматтык-аналитикалык жана методикалык материалдарды даярдоону уюштурууга;
7) белгиленген тартипте киргизүү үчүн ТИК/ККЛК маселелери боюнча сунуштарды жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун карап чыгууга;
8) финансылык чалгындоо органынын сунушунун негизинде чаралар (санкциялар) көрүлүп жаткан жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегин бекитүүгө;
9) Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары
6. Комиссиянын төрагасы:
1) Комиссиянын ишин жалпы жетектейт жана Комиссияга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) финансылык чалгындоо органынын төрагасынын сунушу боюнча Комиссиянын жыйынынын күн тартибин бекитет;
3) Комиссиянын жыйындарында төрагалык кылат жана Комиссиянын чечимдерине кол коёт;
4) Комиссиянын мүчөлөрүнүн сунушу боюнча Комиссиянын жумушчу топторунун милдеттерин, иштөө тартибин жана курамын бекитет;
5) Комиссиянын мүчөлөрүнүн макулдугу боюнча Комиссиянын иш планын бекитет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Комиссиянын мүчөлөрү:
1) Комиссиянын төрагасына Комиссиянын иш планы, Комиссиянын жыйынынын күн тартиби жана Комиссиянын жыйындарында маселелерди талкуулоо тартиби боюнча сунуштарды беришет;
2) Комиссиянын жыйындарына материалдарды даярдоого катышат;
3) Комиссиянын жыйындарына катышат жана каралуучу маселелерди талкуулоого жана чечимдерди иштеп чыгууга катышат;
4) жүйөлүү себептерден улам Комиссиянын жыйынына катышууга мүмкүн болбогон учурда Комиссиянын төрагасына же Комиссиянын төрагасынын орун басарына Комиссиянын жыйынына эки күн калганда кабарлайт;
5) зарыл болгон учурда Комиссиянын жыйынынын күн тартибинин маселелери боюнча өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө Комиссиянын төрагасына жана финансылык чалгындоо органына жиберет.
8. Комиссиянын баардык мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
9. Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет. Жооптуу катчы финансылык чалгындоо органынын компетенттүү кызматчыларынын арасынан Комиссиянын чечими менен дайындалат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Комиссиянын жыйындары
10. Комиссия өз ишин туруктуу негизде, Комиссиянын кызыкдар мүчөлөрүнүн сунуштарынын негизинде түзүлгөн жана Комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилген иш планга ылайык жүзөгө ашырат.
11. Комиссиянын жыйындары зарылдыгына жараша Комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын же болбосо Комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин демилгеси боюнча өткөрүлөт.
Комиссиянын курамына кирбеген мамлекеттик бийлик органдарынын жана жеке сектордун өкүлдөрү Комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын чакыруусу боюнча Комиссиянын жыйынына катышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-августундагы № 463 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Комиссиянын жыйындары эгер аларга Комиссиянын мүчөлөрүнүн жана (же) Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жарымынан көбү катышса чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат.
Комиссиянын жыйынына катышууга мүмкүн болбогон учурда, Комиссиянын мүчөлөрү өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн (мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарынан төмөн болбогон) жиберүүгө тийиш.
Зарыл болгон учурда Комиссиянын жыйындары дистанциялык (онлайн) режимде өткөрүлүшү мүмкүн. Комиссиянын жыйындарын дистанциялык (онлайн) режимде өткөрүү тартиби Комиссия тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-августундагы № 463 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Комиссиянын жыйындарын Комиссиянын төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда Комиссиянын төрагасынын орун басары өткөрөт.
14. Комиссиянын чечимдери жыйында катышып отурган Комиссиянын мүчөлөрүнүн жана (же) Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тең болуп калган учурда жыйынга төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
6-глава. Комиссиянын ишин уюштуруу
15. Комиссиянын ишин финансылык чалгындоо органы камсыз кылат, ал:
1) Комиссиянын жыйындарын даярдоону уюштурат;
2) Комиссиянын иш планынын долбоорлорун, анын жыйындарынын күн тартиптерин даярдоону камсыздайт, чакырылган жактардын тизмесин түзөт, Комиссиянын жыйындарына карата материалдарды жана чечимдердин долбоорлорун даярдоону уюштурат;
3) Комиссиянын жыйыны өтө турган күн, орду жана убактысы жөнүндө жана Комиссиянын жыйынынын күн тартибине киргизилген маселелер жөнүндө Комиссиянын жыйыны өтө турган күнгө чейин үч жумуш күндөн кечиктирбей Комиссиянын мүчөлөрүнө маалымдайт;
4) Комиссиянын чечимдеринин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт.
16. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү жана өкүлдөрү Комиссиянын курамына кирген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары финансылык чалгындоо органына ушул Жобонун 15-пунктунда аталган иш-чараларды аткарууда жардам беришет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Комиссиянын курамына кирбеген мамлекеттик бийликтин органдарынын жана жеке сектордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген жыйындарды өткөрүүдө Комиссиянын жыйыны өтө турган дата, жери, убактысы жана Комиссиянын жыйынынын күн тартибине киргизилген маселелер жөнүндө маалыматтар Комиссиянын жыйынын өткөрүү күнүнө чейин үч жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө тийиштүү мамлекеттик бийликтин органдарына жана жеке секторго жеткирилет.
18. Комиссиянын иш планына ылайык өкүлдөрү Комиссиянын курамына кирген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Комиссиянын жыйынына материалдарды даярдоо үчүн керектүү болгон маалыматтарды жазуу жүзүндө Комиссиянын жыйынын өткөрүү күнүнө чейин он беш жумуш күндөн кечиктирбей берүүгө тийиш.
19. Комиссиянын чечими Комиссиянын төрагасы же жыйында төрагалык кылган анын орун басары жана Комиссиянын жооптуу катчысы кол койгон протокол менен таризделет.
Карап чыгуунун жана чечимдерди кабыл алуунун жүрүшүндө Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан айтылган өзгөчө ой пикирлер милдеттүү түрдө протоколго киргизилет же протоколго тиркелет.
20. Комиссиянын жыйындарынын протоколдорунун көчүрмөлөрү же протоколдорунан көчүрүлгөн бөлүктөрү үч жумуш күндөн кечиктирилбей Комиссиянын мүчөлөрүнө жана башка кызыкдар мамлекеттик органдарга жана уюмдарга жиберилет.
21. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Комиссиянын протоколдорун карап чыгышат жана белгиленген мөөнөттө өз компетенцияларына ылайык чараларды көрүшөт. Комиссиянын протоколуна ылайык тийиштүү чаралар көрүлбөгөн учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары аткарылбаган себебин көрсөтүү менен бул жөнүндө финансылык чалгындоо органына маалымдашат.