Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 18-августу № 463
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Террористтик жана экстремисттик ишти, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия жөнүндө жободо:
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Комиссиянын жыйындары зарылдыгына жараша Комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын же болбосо Комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин демилгеси боюнча өткөрүлөт.
Комиссиянын курамына кирбеген мамлекеттик бийлик органдарынын жана жеке сектордун өкүлдөрү Комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын чакыруусу боюнча Комиссиянын жыйынына катышат.";
- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Зарыл болгон учурда Комиссиянын жыйындары дистанциялык (онлайн) режимде өткөрүлүшү мүмкүн. Комиссиянын жыйындарын дистанциялык (онлайн) режимде өткөрүү тартиби Комиссия тарабынан аныкталат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
| "1-тиркеме |
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы, Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча).".