Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| |
|
| 3-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна) |
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 , 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо текшерүүчү органдардын тизмегин алардын контролунда турган финансылык мекемелерди жана финансылык эмес категориядагы жактарды көрсөтүү менен аныктайт, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - ТИК/ККЛК) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү маселелери боюнча текшерүүчү органдардын милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын (укуктарын жана милдеттемелерин) аныктайт.
2. Текшерүүнүн максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын сактоосун камсыздоо;
2) ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга түрткү болуучу себептерди жана шарттарды айкындоо жана жоюу.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
2) контролдо турган жактар - тийиштүү текшерүүчү органдын контролу алдында (көзөмөлүндө) турган финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар;
3) текшерүүчү органдар - ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселелери боюнча тийиштүү контролунда турган жактардын ишине текшерүү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары;
4) тобокелдик - террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиги;
5) өз алдынча жөнгө салынуучу уюм - өндүрүлүүчү товарлардын (жумуштардын, тейлөөлөрдүн) тармагынын же рыногунун бирдейлик белгиси боюнча ишкердик субъектилерин бириктирген же кесипкөй иштин бир түрүнүн субъектилерин бириктирген ишкердикти өз алдынча жөнгө салуу максатында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм;
6) санкциялык тизмек - террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга алардын катышы бардыгы жөнүндө маалымат болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги;
7) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде аталган жеке жана юридикалык жактар.
8) жеке кабинет - маалыматтык ресурс, ал финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жайгаштырылат, пайдалануучулардын финансылык чалгындоо органы менен электрондук жана маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2023-жылдын 3-июлундагы № 331, 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2-глава. Текшерүүчү органдардын жана алардын контролунда турган жактардын тизмеги
4. Текшерүүчү органдар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
2) финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
3) байланыш чөйрөсүндөгү Кыргыч Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
4) байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
5) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
6) өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкү контролунда турган жактардын ишин текшерүүнү (инспектирлөөнү) жүзөгө ашырат:
1) коммерциялык банктар;
2) кредиттик бирликтер;
3) микрофинансылык уюмдар (микрокредиттик агенттиктер, микрокредиттик компаниялар, микрофинансылык компаниялар, адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер);
4) алмаштыруу бюролору;
5) электрондук акчаларды колдонуу менен эсептешүү системасынын операторлору;
6) төлөм уюмдары;
7) ссудалык-аманат турак жай-курулуш кассалары;
8) электрондук акчалардын эмитенттери жана агенттери (дистрибьюторлор).
9) виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы контролунда турган төмөнкү жактардын ишин текшерет:
1) лизингдик компаниялар (уюмдар);
2) күрөөканалар;
3) топтолмо пенсиялык фонддор;
4) оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар;
5) кайра камсыздандыруу уюмдары жана брокерлер;
6) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары (брокерлер, дилерлер, депозитарийлер, номиналды кармоочулар, баалуу кагаздардын көз карандысыз реестр кармоочулары, андеррайтерлер, инвестициялык фонддор, фонддук биржалар, инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча башкаруучу компаниялар, пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча башкаруучу компаниялар);
7) камсыздандыруу уюмдары (камсыздандыруучулар);
8) камсыздандыруу брокерлери;
9) товардык биржалар.
10) виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2023-жылдын 3-июлундагы № 331, 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган почта байланышынын ишканаларынын ишин текшерүүнү жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Байланыш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы почта байланышынын ишканаларынын ишин текшерүүнү жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Баалуу металлдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы баалуу металлдар жана таштар, алардан жасалган зер буюмдары, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктары менен операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактардын ишин текшерүүнү жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мамлекеттик жана менчик нотариустардын ишин текшерүүнү жүзөгө ашырат.
10. Өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдар төмөнкү контролунда турган жактардын ишин текшерүүнү жүзөгө ашырат:
1) ипотекалык компаниялар (уюмдар);
2) риэлторлор (агенттер, брокерлер, ортомчулар, кыймылсыз мүлктү сатуунун уюштуруучулары, кыймылсыз мүлктүн ишенимдүү башкаруучулары);
3) түзүлгөн контракттын негизинде өз кардарынын атынан же тапшырмасы боюнча операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүгө даярдоо же операцияны (бүтүмдү) жасоо боюнча кесиптик негизде кызмат көрсөтүүчү көз карандысыз юристтер (жеке ишкерлер), юридикалык компаниялар жана алардын кызматкерлери (юрисконсультанттар);
4) юридикалык жактарды түзүү же юридикалык жактарды башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жактар.
Өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдардын тизмеси финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.
11. Финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын тизмеси электрондук маалымат базасы түрүндө финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлөт жана жарыяланат.
3-глава. Текшерүүчү органдардын милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары (укуктары жана милдеттенмелери)
12. Текшерүүчү органдардын милдеттери жана функциялары ушул Жобонун 4-7 -главаларында жана алардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
13. Текшерүүчү органдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) контролунда турган жактардын ишин текшерүү боюнча функцияларын аткаруу үчүн керектүү маалыматтарды же документтерди контролунда турган жактардан суроого жана алууга;
2) ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселелери боюнча контролунда турган жактарга методологиялык, методикалык жардам берүү жана контролунда турган жактар менен кайра байланышты камсыздоого;
3) ТИК/ККЛК маселелери боюнча контролунда турган жактар үчүн окутуу иш-чараларын өткөрүүгө;
4) ТИК/ККЛК маселелери боюнча чет мамлекеттердин текшерүүчү органдары менен кызматташууну жана маалымат алмашууну жүзөгө ашырууга.
14. Текшерүүчү органдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) текшерүүнү жүзөгө ашыруу процессинде адамдын жана жарандын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыздоого;
2) идентификациялык маалыматтарын көрсөтүү менен контролунда турган жактардын тизмегин түзүүгө жана өз убагында жаңылоого, ошондой эле аны текшерүүчү органдын расмий сайтына жайгаштырууга;
3) уюмдаштыруучуну, арыз ээсин, ыйгарым укуктуу өкүлдү, уставдык капиталдын олуттуу үлүшүнө (акцияларына) (25% жогору) ээ катышуучуну (акционерлерди), соңку жыйынтыгында (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) юридикалык жактын менчик укугуна ээлик кылган же юридикалык жакты контролдогон жеке жакты (мындан ары - бенефициардык ээси) жана контролунда турган жактардын жетекчилигин соттуулугу, издөөдөгү адамдардын тизмесинде (улуттук жана эл аралык) жана Санкциялык тизмекте бар же жок экендигин текшерүүгө;
4) уюмдаштыруучунун, арыз ээсинин, ыйгарым укуктуу өкүлдүн, акциялардын олуттуу үлүшүнө ээ катышуучунун, бенефициар ээсинин жана контролунда турган жактардын жетекчилигинин идентификациялык маалыматтары издөөдөгү адамдардын тизмесинде (улуттук жана эл аралык) жана Санкциялык тизмекте каралган жактардын идентификациялык маалыматтары менен дал келген учурда Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына, укук коргоо органдарына жана улуттук коопсуздук органына бир жумуш күндүн ичинде маалымдоого, ошондой эле аларга каттоодон же лицензия берүүдөн баш тартууга;
5) ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселелери боюнча тийиштүү контролунда турган жактын ишине текшерүү жүргүзүүгө жана контролунда турган жактын ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактагандыгы жөнүндө маалыматтарды топтоого;
6) текшерүүчү органдардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролунда турган жактарга ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактабагандыгы үчүн таасир этүү чараларын (санкцияларды) колдонууга;
7) контролунда турган жактардын ишине текшерүү жүргүзүүдө терррористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктери жана типологиялары (схемалары) жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулардын типтүү түрлөрү жөнүндө маалыматтарды колдонууга;
8) контролунда турган жактар, финансылык чалгындоо органы, укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органы менен өз ара аракеттенүү процессинде алынган кызматтык, коммерциялык, банктык же мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтарды коргоонун жана сактоонун тийиштүү режимин камсыздоого.
9) тобокелдикке багытталган көзөмөлдү жүзөгө ашыруу максатында жеке кабинетти пайдалануу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Текшерүүнү жүзөгө ашыруудагы тобокелдикке багытталган мамиле
15. Текшерүүчү органдар тобокелдикке багытталган мамилени контролунда турган жактардын ишин текшерүүдө колдонушат.
Тобокелдикке багытталган ыкманын максаты тобокелдиктерди айкындоо, тобокелдиктерди башкаруу жана контроль алдында турган жактардын, биринчи кезекте жогорку тобокелдикке дуушар боло турган жактардын ишин текшерүү үчүн текшерүүчү органдардын болгон ресурстарын (адам, техникалык жана финансылык) кайра бөлүштүрүү болуп саналат.
16. Тобокелдикке багытталган мамилени колдонуу үчүн текшерүүчү органдар төмөнкүлөрдү камсыздайт:
1) тобокелдикке багытталган мамилени тобокелдиктерди түшүнүүнүн негизинде колдонууну;
2) төмөнкү негизги бөлүмчөлөрдөн турган тобокелдиктерди баалоо (баллдык система боюнча) критерийлерин иштеп чыгууну жана колдонууну:
а) өлкөлүк же географиялык тобокелдик (өлкөдө болгон тобокелдиктер);
б) контролунда турган жак менен байланышкан, тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктары боюнча текшерүүчү орган тарабынан аныкталган тобокелдик;
в) контролунда турган жактын иши же өнүмдөрү (кызмат көрсөтүүлөрү) менен байланышкан тобокелдик (активдердин көлөмү, кардардык база, көрсөтүлүүчү кызматтардын спектри жана механизми).
3) контролунда турган жактардын ишинде тобокелдиктерди баалоону жүргүзүүнү жана тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту түзүүнү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Тобокелдиктерди баалоонун критерийлери жагдайдын өрчүшүнө жана жаңы тобокелдиктер менен аярлуулуктардын пайда болушуна жараша дайыма кайрадан каралып турууга тийиш.
18. Тобокелдиктин даражасына жараша текшерүүчү орган текшерүүнү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгүн жана деңгээлин (жөнөкөйлөтүлгөн же тереңдетилген) аныктайт.
Текшерүүчү органдар контролунда турган жактардын ишин текшерүүнү жүзөгө ашырууда тобокелдикке багытталган мамилени колдонуу боюнча ички нускаманы иштеп чыгат жана бекитет.
5-глава. Текшерүүнү жүргүзүү тартиби
19. ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселелери боюнча контролунда турган жактардын ишин текшерүүнү жүзөгө ашыруу максатында текшерүүчү органдар өз компетенциясынын чегинде мониторинг (аралыктан контролдоону) жана (же) сыртка чыгып текшерүүнү же инспектирлөөнү жүргүзөт.
20. Контролунда турган жактардын ишине мониторинг (аралыктан контролдоону) жүргүзүү тартиби текшерүүчү орган тарабынан аныкталат.
21. Контролунда турган жактарды сыртка чыгып текшерүү же инспектирлөө жүргүзүү тартиби текшерүүлөрдү жүргүзүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары менен аныкталат.
Өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдар тийиштүү контролунда турган жактарды сыртка чыгып текшерүүнү же инспектирлөөнү өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдар тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырышат.
22. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарын аткаруу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн алкагында ушул Жобонун 7 жана 9-пункттарында аталган контролдо турган жактарды текшеришет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Текшерүүчү органдар мониторинг (аралыктан контролдоону) жана (же) сыртка чыгып текшерүү же инспектирлөөнүн жүрүшүндө жооптору жыйналган, ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде түзүлгөн суроолордун тизмегин колдонушат.
24. Мониторинг (аралыктан контролдоону) жана (же) сыртка чыгып текшерүүнү же инспектирлөөнүн жыйынтыктары боюнча ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурда, бузууну аныктаган кызмат адамы тарабынан эки түп нускада акт же протокол түзүлөт.
Актыда же протоколдо ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аныкталган бузуу бардыгы жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
Актыга же протоколго бузууну аныктаган кызмат адамы кол коюуга тийиш.
Актынын же протоколдун бир нускасы финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактын жетекчисине кол койдуруп алуу менен тапшырылат же финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактын жетекчиси ошол актыга же протоколго кол коюудан баш тарткан учурда почта байланышы аркылуу жиберилет.
Актынын же протоколдун экинчи нускасы текшерүүчү органдын жетекчисине жиберилет.
25. Текшерүүчү органдар ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларга жол берген жактарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени бузуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына, ошондой эле текшерүүчү органдардын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карап чыгышат.
26. Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча аныктаган ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулардын жоюлгандыгын текшерүү (мониторинг) текшерүүчү орган тарабынан белгиленген мөөнөттө контролдук текшерүү же аралыктан мониторинг жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
6-глава. Текшерүүчү органдардын финансылык чалгындоо органы менен өз ара аракеттенүүсү
27. Текшерүүчү органдардын ишин координациялоону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында иштөөчү Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Текшерүүчү органдар финансылык чалгындоо органы менен өз ара аракеттенүү үчүн жооптуу кызматчыны же түзүмдүк бөлүмдү аныктайт.
29. Текшерүүнү уюштуруу жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында текшерүүчү органдар финансылык чалгындоо органы менен кызматташууну төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырат:
1) жыл сайын, үстүдөгү жылдын 15-январынан кечиктирбестен, финансылык чалгындоо органы менен текшерүүгө жаткан маселелер тизмегин макулдашат;
2) текшерүү башталганга чейин он жумуш күн калганда текшерүүгө жаткан маселелер тизмегин берүү жөнүндө финансылык чалгындоо органына суроо-талап жиберет жана текшерүүнү жүргүзүү маалында финансылык чалгындоо органынын суроо-талабында аталган маселелер боюнча маалыматтарды жыйнашат;
3) эгер аныктаган бузуулар боюнча чечимди кабыл алуу бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органынын компетенциясына кирген болсо, ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурдан тартып үч жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жиберишет;
4) контролунда турган жактар тарабынан жүзөгө ашырылган операциялар (бүтүмдөр) террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышы мүмкүн деген шектенүүлөр келип чыкканда текшерүүчү органдар бул тууралуу билдирүүнү тезинен финансылык чалгындоо органына жиберишет;
5) ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылуу абалы жөнүндөгү маалыматтарды жана ушул чөйрөдөгү укук бузуулар (табылган учурда) жөнүндөгү маалыматтарды текшерүү бүткөн учурдан тартып он жумуш күндөн кечиктирбей финансылык чалгындоо органына жиберишет;
6) ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын тийиштүү контролунда турган жактар сактагандыгы жөнүндө жалпыланган маалыматтарды, анын ичинде аныкталган бузуулар жана аларды жоюу үчүн көрүлгөн чаралар жөнүндө статистикалык маалыматтарды (финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленген форма боюнча) квартал сайын финансылык чалгындоо органына беришет;
7) ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун финансылык чалгындоо органы менен макулдашышат.
30. Финансылык чалгындоо органы текшерүүчү органдарга ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын орой жана бир нече жолу бузгандыгы үчүн контролунда турган жактарды же алардын кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө, контролунда турган жактардын лицензияларын токтотуу же чакыртып алуу жөнүндө сунушу менен кайрылат.
Текшерүүчү органдар финансылык чалгындоо органынын кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына же лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарына ылайык контролунда турган жактарга карата тийиштүү чараларды көрүшөт жана көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүүнү же чараларды көрүүдөн баш тартуунун себебин негиздемеси менен финансылык чалгындоо органына жиберет.
7-глава. Корутунду жоболор
31. Текшерүүчү органдар текшерүүнү жүргүзүүнүн алкагында ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү финансылык чалгындоо органынын чечимин колдонушат.
32. Текшерүүчү органдар текшерүүнү жүзөгө ашыруучу түзүмдүк бөлүмдүн же айрым кызматчылардын:
1) текшерүүнү сапаттуу жана натыйжалуу жүргүзүү үчүн жеткиликтүү жана керектүү ресурстарга ээ болуусун;
2) тиешесиз таасирден же кийлигишүүдөн эркин болуусун камсыздоо үчүн оперативдүү көз карандысыздыкка жана өз алдынчалыкка ээ болуусун;
3) жогорку кесипкөй стандарттарды, анын ичинде купуялуулукка жана квалификацияны жогорулатууга карата стандарттарды колдоосун камсыздоого тийиш.