Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-июлу, № 331
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункттун 3-пунктчасындагы "байланыш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 9-пунктча менен толукталсын:
"9) виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр.";
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:
"10) виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр.";
- 7-пункттагы "Байланыш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) контролунда турган жактардын ишинде тобокелдиктерди баалоону жүргүзүүнү жана тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту түзүүнү.";
- 22-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөр "Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Финансылык чалгындоо органынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункттагы "жазык ишин тергөөнүн жүрүшүндө" деген сөздөр "фактыны айкындоонун жана тергөөнүн жүрүшүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Ыкчам талдоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо финансылык чалгындоо органынын буйругу менен бекитилет.";
- 37-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"37. Жалпыланган материал (маалымат) ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат жана сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналбайт, далил катарында кызмат кылбайт жана кылмыш ишине тиркелбейт.
Улуттук коопсуздук органдары жалпыланган материалдын (маалыматтын) негизинде контрчалгындоо иш-чараларын жүзөгө ашырууга укуктуу.
Жалпыланган материалдын (маалыматтын) негизинде ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүчү органдар ыкчам текшерүүнү жүргүзүшөт. Аны өткөрүү фактысы милдеттүү түрдө катталууга тийиш.";
- төмөнкүдөй редакциядагы 99-пункт менен толукталсын:
"99. "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык төмөнкү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары аларга жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырышат:
1) финансылык чалгындоо органы жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдардын арасында террористтик ишти каржылоо тобокелдиктерин азайтуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзөт;
2) юстиция органдары өз компетенциясынын чегинде:
- коммерциялык эмес уюм тарабынан мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтердин мазмунун мыйзамдарга ылайык келишин текшерет;
- юридикалык жактардын уюштуруучуларын, жетекчилерин, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, коммерциялык эмес уюмдун арыз берүүчүлөрүн жана жетекчи органдарынын мүчөлөрүн изделип жаткан адамдардын тизмегинде (улуттук жана эл аралык), Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинде жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегинде бар экендигин текшерет;
- белгиленген учурларда коммерциялык эмес уюмду каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат;
- коммерциялык эмес уюмдун каттоо делосун сактоону жүзөгө ашырат;
3) салык кызматынын органдары "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарында каралган ченемдердин сактоо маселелери боюнча жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдардын ишин контролдоону жүзөгө ашырат;
4) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдардын (диний уюмдардын) "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган ченемдердин сактоо маселелери боюнча ишин контролдоону жүзөгө ашырат;
5) финансылык чалгындоо органы, юстиция органдары, салык кызматынын органдары, дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган ченемдерди бузгандыгы үчүн натыйжалуу, пропорционалдуу жана бөгөт коюучу санкцияларын колдонууну жүзөгө ашырат;
6) финансылык чалгындоо органы, улуттук коопсуздук органдары жана ички иштер органдары өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде коммерциялык эмес уюмдарды террористтик ишти каржылоодо пайдалануу фактыларын аныктоо, бөгөт коюу жана тергөө үчүн маалыматтарды чогултууну жүзөгө ашырат;
7) финансылык чалгындоо органы террористтик ишти жүзөгө ашырууга же террористтик ишти каржылоого катышкан коммерциялык эмес уюмдарга карата эл аралык суроо-талаптарга жоопторду берүүнү камсыз кылат.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө жободо:
- 2-пункттун 1-пунктчасындагы "жазаларды аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган," деген сөздөр алып салынсын;
- 22-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 23-пункттагы "Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары менен макулдашылып" деген сөздөр алып салынсын;
- 46-пункттагы "экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдары" деген сөздөр "укук коргоо органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 63-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 64-пункттагы "Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары менен макулдашылып" деген сөздөр алып салынсын;
- 70-пункт төмөнкүдөй редакциясында баяндалсын:
"70. Жазаларды аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана пробация боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз компетенцияларынын чегинде кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы үчүн кылмыш жазасын өтөгөн жеке жак жөнүндө жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы үчүн соттолгон пробациянын кардары жөнүндө маалыматты ушул жак жазасын өтөп бүткөн датадан жана пробацияны колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен финансылык чалгындоо органына жиберишет.";
- 71-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу, тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүндүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби жөнүндө жободо:
- 11-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Бул тескеме тиешелүү Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын, улуттук коопсуздук органынын, прокуратура органынын же чет мамлекеттин компетенттүү органынын жазуу жүзүндөгү жообунун негизинде операцияны (бүтүмдү) токтото туруу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.";
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин электрондук маалымат базасы жөнүндө жободо:
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Юридикалык жактын бенефициардык ээси жөнүндө маалымат түзүлгөн датасынан тартып ушул юридикалык жактын катталган (жайгашкан) жеринде беш жылдан кем эмес сакталат.";
- 16-пункт "маалыматтардын" деген сөздөн кийин "ай сайын" деген сөздөр менен толукталсын;
6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
- 12-пунктта:
1-пунктчада:
"каалаган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө" деген сөздөр "операциялар (бүтүмдөр) тууралуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пунктчасы менен толукталсын:
"1-1) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен иш мамилелерди түзүүдө жана (же) операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонуу;";
- 13, 14-пункттардагы "12-пунктунда" деген сөздөр "12-пунктунун 2-6-пунктчаларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ички контролдоо программасына коюлуучу жалпы талаптар жөнүндө жободо:
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ресурстарды бөлүштүрүү жана тобокелдиктерди азайтуу максатында кардарлар, өлкөлөр, продуктылар, кызматтар, операциялар (бүтүмдөр) жана жеткирүү каналдары боюнча өздөрүнүн тобокелдиктерин баалоого, аныктоого, документтештирүүгө жана дайыма жаңыртууга милдеттүү.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар:
- тобокелдиктин жогорку деңгээли аныкталганда тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча кеңейтилген чараларды көрөт;
- тобокелдиктин төмөнкү деңгээли аныкталганда тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн чараларды көрөт.
Террористтик ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жүзөгө ашыруу боюнча шектенүүлөр болгондо тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн чараларды колдонууга жол берилбейт.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар жаңы финансылык продуктуларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды, ошондой эле жаңы механизмдерди же өнүгүп келе жаткан технологияларды пайдалануу менен иштеп жаткан же жаңы финансылык продуктулар үчүн жаңы ишкердик тажрыйбаларды иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоого жана баалоого милдеттүү. Бул баалоо жогоруда көрсөтүлгөн продуктыларды, кызматтарды, технологияларды жана ишкердик практиканы киргизүүгө же колдонууга чейин жүргүзүлүүгө тийиш.";
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи, үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ТИК/ККЛК чөйрөсүндө ички контролдоо программасын жана башка башка ички укуктук актыларды колдонууга мониторинг жүргүзүүгө жана зарыл болгон учурда аларды кеңейтүүгө милдеттүү.
Агенттерди пайдаланган төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык ички контролдук программаларын колдонууну камсыз кылышат жана алардын аткарышына контролдукту жүзөгө ашырышат.";
- 52-пунктта:
биринчи абзац "филиалдары менен өкүлчүлүктөрүнүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле туунду жана көз каранды коомдорунун" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзац "филиалдары менен өкүлчүлүктөрү" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле туунду жана көз каранды коомдору" деген сөздөр менен толукталсын;
- 53-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"53. Кардарды талаптагыдай текшерүү жана тобокелдиктерди башкаруу максатында корпоративдик (топтук) программалардын алкагында финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын негизги (башкы) коомунун (кеңсесинин), филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн, туунду жана көз каранды коомдорунун ортосундагы кардарлар, бенефициардык ээлер, эсептер, операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө, анын ичинде шектүү операциялар (бүтүмдөр) боюнча билдирүүлөр, тобокелдиктер жана типологиялар жөнүндө маалымат алмашуу камсыздалат.
Корпоративдик (топтук) программалардын алкагында ички контролдоо программаларынын талаптарын (кардарды талаптагыдай текшерүү, маалыматтарды сактоо ж.б.) ишке ашыруу маселелери боюнча топтун деңгээлинде көз карандысыз аудит жана контроль жүзөгө ашырылат жана тобокелдиктерди баалоонун натыйжалары боюнча аныкталган тобокелдиктерди азайтуу боюнча чаралар колдонулат.";
- 54-пункт "филиалдары менен өкүлчүлүктөрү" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле туунду жана көз каранды коомдору" деген сөздөр менен толукталсын;
8) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункттун 1-пунктчасындагы "улуттук" деген сөз алып салынсын;
- 3-пунктта:
2-пунктчадагы "70000" деген цифралар "1000000" деген цифраларга алмаштырылсын;
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) 100000 сом же чет өлкө валютасындагы эквивалентине барабар же андан ашкан суммада бир жолку электрондук акча которууну жүргүзүүдө же виртуалдык активдер менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашырууда;";
- 6-пунктта:
1-пунктчадагы "100000" деген цифралар "1000000" деген цифраларга алмаштырылсын;
2-пунктчада:
а) "1000" деген цифралар "10000" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи, үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Бир жолку операцияны (бүтүмдү) же бир нече өз ара байланышкан бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоодо же баалуу металлдарды жана асыл таштарды, алардан жасалган зергер буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын белгиленген чектик суммаларга чейин сатууда же сатып алууда кардардын инсандыгын күбөлөндүргөн документтин негизинде кардардын инсандыгын аныктоо, кардардын Санкциялык тизмектерде жана Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде бардыгын же жоктугун текшерүү жана жасалган операцияларын (бүтүмдөрүн) каттоо жүргүзүлөт.
Кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо төмөнкү тобокелдиктеги бир жолку операцияны (бүтүмдү) же төмөнкү тобокелдиктеги бир нече өз ара байланышкан бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) ишке ашырган учурда жүргүзүлбөйт. Төмөнкү тобокелдиктеги бир жолку операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.";
- 7-пункттун экинчи абзацындагы "70000" деген цифралар "100000" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Ушул Жобонун 3-пунктунун 3-пунктчасында белгиленген суммадан ашпаган суммага бир жолку электрондук акча которуу же виртуалдык активдерди которууда ушул Жобонун 12-главасында каралган ченемдер сакталууга тийиш. Бир жолку электрондук акча которууну же виртуалдык активдерди которууну жүргүзүүдө кардардын жана бенефициардык ээсинин анкетасы толтурулбайт.";
- 12-пунктта:
5-пунктчадагы "үзгүлтүксүз жаңылап туруу, бирок жылына бир жолудан кем эмес" деген сөздөр "тобокелдикке багытталган ыкманы колдонуу менен үзгүлтүксүз жаңылап туруу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-пунктча "ишине жетекчилик кылган аткаруучу органдан" деген сөздөрдөн кийин "же болбосо аткаруу органынын мүчөлөрүнүн биринен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген эмитенттин же коммерциялык банктардын талаптары боюнча жана коомдук офертанын негизинде электрондук түзмөктөрдүн (уюктук телефондор, смартфондор жана башка электрондук түзмөктөр) жардамы менен алыстан/аралыктан ачылган электрондук капчыкты кармоочу же банк эсебинин ээси, электрондук капчыктарды жана банк эсептерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык идентификациялоого жатат.";
- 20-пункт "Электрондук капчыктын кармоочусун" деген сөздөрдөн кийин "же алыскы жол менен ачылган банк эсебинин ээсин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 30-пункт "Электрондук капчыктын кармоочусун" деген сөздөрдөн кийин "же алыскы жол менен ачылган банк эсебинин ээсин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 37-пунктта:
"24-пунктунда" деген сөздөр "24 жана 25-пункттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар бенефициардык ээсин верификациялоодо (юридикалык түзүм болуп саналган кардарларга карата) төмөнкү маалыматтарды пайдаланышат:
- трасттарга карата: ишеним берүүчү жактын маалыматтары, ишенимдүү жактын (эгер бар болсо), бенефициарлардын же бенефициарлар тобунун жана башка жеке жактын, жыйынтыгында трасттын үстүнөн иш жүзүндөгү контроль жүргүзгөн;
- юридикалык түзүмдүн башка түрлөрүнө карата: эквиваленттүү кызмат орундарын ээлеген адамдардын жеке маалыматтары.";
- 42-пункттун бешинчи абзацындагы "жана үч жумуш күндүн ичинде улуттук коомдук кызмат адамынын анкетасында жазылган маалыматты байланыштын электрондук каналдары боюнча финансылык чалгындоо органына жиберишет" деген сөздөр алып салынсын;
- 46-пункт "учурда" деген сөздөн кийин "же жогорку тобокелдикти аныктоодо" деген сөздөр менен толукталсын;
- 48-пункт "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун катышуучу-мамлекеттеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 51-пунктта:
2-пунктчаны төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) иш мамилелерге же операцияга (бүтүмгө) ар тараптуу талдоо жүргүзүү жана иш мамилени же операцияны (бүтүмдү) шектүү деп табуу жөнүндө чечим кабыл алуу;";
төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-пунктчалар менен толукталсын:
"3) шектүү операцияны (бүтүмдү) 5 жумуш күнгө чейин токтотуп турууга жана операция (бүтүм) шектүү деп белгиленген тартипте таанылган учурдан тартып беш сааттын ичинде шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жиберүүгө. Финансылык чалгындоо органы 5 жумуш күндүн ичинде шектүү операцияны (бүтүмдү) талдоонун натыйжалары боюнча чечим кабыл алат жана аны финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга маалымдайт;
4) кардар менен иш мамилени токтотуп туруу же токтотуу.";
- 52-пункт "кардарды талаптагыдай текшербейт" деген сөздөрдөн кийин ", шектүү операцияны (бүтүмдү) 5 жумуш күнгө чейин токтотот" деген сөздөр менен толукталсын;
- 54-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"54. Кардардын, коомдук кызмат адамдын жана бенефициардык ээсинин анкеталары электрондук түрдө толтурулат жана сакталат, эгерде мыйзамдын талаптарына ылайык финансылык мекемелерде жана финансылык эмес категориядагы жактарда маалыматтын сакталышын камсыз кылуучу коопсуздук системасы белгиленген болсо. Анкетанын маалыматтары кагаз бетине түшүрүлүүдө финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жооптуу кызматчысынын колу коюлат.
Кардардын, коомдук кызмат адамдын жана бенефициардык ээсинин анкеталарына кардар же кардардын өкүлү кол койбойт.
Резидент болуп саналган кардардын жана коомдук кызмат адамынын анкеталарын толтурууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жеткиликтүү маалыматтар базасын пайдалануу менен автоматташтырылган маалыматтык системалар колдонулушу мүмкүн.
Кардар же кардардын өкүлү (кардардын ишенимдүү адамы) жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында белгиленген форма боюнча макулдук берүүгө тийиш. Субъекттин макулдугу жазуу түрүндө кагаз жүзүндө же болбосо электрондук кол тамга менен кол коюлган электрондук документ түрүндө билдирилүүгө тийиш.";
- 59-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кардардын, коомдук кызмат адамдын жана бенефициардык ээсинин анкеталары кардардан маалыматтарды жана сканерленген документтерди корголгон жана текшерилген электрондук байланыш каналдары (мобилдик тиркеме/интернет-сервис/электрондук почта) боюнча алуу, анын ичинде кардардын электрондук кол тамгасын колдонуу аркылуу аралыктан туруп жаңыртылышы мүмкүн.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардардын, коомдук кызмат адамдын жана бенефициардык ээсинин анкеталарындагы маалыматтардын актуалдуулугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.";
- 66-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) обочо-банктарга өз эсептерин колдонууга уруксат бербегендигин.";
- 75-пунктта:
бешинчи абзацтагы "10 жумуш күндүн ичинде" деген сөздөр "суроо-талапты алгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Суралган маалыматты түзүү үчүн кошумча убакыт зарыл болгон учурда, суралган маалыматты берүү мөөнөтүн 10 жумуш күнгө чейин узартуу жөнүндө негизделген жазуу жүзүндөгү кайрылуу жиберилет.";
- 1-тиркеменин эскертүүсүндө (Кардардын-жеке жактын анкетасынын типтүү формасы):
биринчи абзацтагы "Кардардын/Кардардын өкүлүнүн Ф.А.А." деген сөздөр "Анкетаны толтурган кызматкердин Ф.А.А." деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "макулдугумду берем" деген сөздөр "макулдук алынды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-тиркеменин эскертүүсүндө (Кардардын-юридикалык жактын анкетасынын типтүү формасы):
биринчи абзацтагы "Кардардын өкүлүнүн Ф.А.А." деген сөздөр "Анкетаны толтурган кызматкердин Ф.А.А." деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "макулдугумду берем" деген сөздөр "макулдук алынды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-тиркеменин эскертүүсүндө (Бенефициардык ээсинин анкетасынын типтүү формасы):
биринчи абзацтагы "Кардардын/Кардардын өкүлүнүн Ф.А.А." деген сөздөр "Анкетаны толтурган кызматкердин Ф.А.А." деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "макулдугумду берем" деген сөздөр "макулдук алынды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-тиркеменин эскертүүсүндө (Коомдук кызмат адамынын анкетасынын типтүү формасы):
биринчи абзацтагы "Ф.А.А." деген аббревиатура "Анкетаны толтурган кызматкердин Ф.А.А." деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "макулдугумду берем" деген сөздөр "макулдук алынды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жободо:
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы чет мамлекеттин компетенттүү органдары менен эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу үчүн кыйла натыйжалуу механизмдерди колдонот, зарыл болгон учурда чет мамлекеттердин кызыкдар компетенттүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коюуну өз убагында жана белгиленген тартипте чараларды көрөт.";
- 60-пункттун 6-пунктчасы "маалыматты колдонуунун максатын" деген сөздөрдөн кийин "жана (же) тапшырмасы боюнча суроо-талап жиберилүүчү орган көрсөтүлөт;" деген сөздөр менен толукталсын;
10) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Тобокелдиктерге улуттук баалоо жүргүзүү максатында ТИК/ККЛК маселелери боюнча комиссиянын чечимине ылайык төмөнкү жумушчу топтор түзүлөт:
1) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) тобокелдиктерин баалоо боюнча жумушчу топ;
2) террористтик ишти каржылоо тобокелдиктерин баалоо боюнча жумушчу топ;
3) массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоо тобокелдиктерин баалоо боюнча жумушчу топ.
Террористтик ишти каржылоо тобокелдиктерин баалоо боюнча жумушчу топтун ишинин алкагында коммерциялык эмес уюмдардын секторунда террористтик ишти каржылоо тобокелдиктерин баалоо жүзөгө ашырылат.
Жогоруда аталган жумушчу топтордун ишинин алкагында виртуалдык активдер жана виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр менен байланышкан тобокелдиктерди баалоо жүргүзүлөт.";
- 43-пункттагы "тобокелдиктерди улуттук баалоонун жыйынтыктарынын негизинде тобокелдикке багытталган ыкманы колдонуу менен ТИК/ККЛК чараларын көрүүгө тийиштүү болгон" деген сөздөр "аныкталган тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-аракеттер планынын (стратегиясынын) негизинде тобокелдикке багытталган ыкманы колдонуу менен ресурстарды бөлүштүрүү жана тобокелдиктерди азайтуу үчүн чараларды көрүүгө тийиштүү болгон" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |