Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| |
|
| 5-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна) |
Финансылык чалгындоо органынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү, экстремисттик ишти каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө финансылык чалгындоо органынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары, прокуратура органдары жана башка Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин белгилейт, ошондой эле финансылык чалгындоо органынын маалыматтарына, документтерине жана маалымат базасына жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) жалпыланган материал - операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү жана башка маалыматтарды талдоонун натыйжалары боюнча финансылык чалгындоо органы тарабынан даярдалган, террористтик ишти каржылоо же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана ага байланышкан предикаттык кылмыштарды жасалгандыгына шектелгендиги тууралуу маалыматты камтыган документ;
2) ыкчам талдоо - террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), предикаттык кылмыштар менен байланышкан операцияларды (бүтүмдөрдү) же жосундарды айкындоо үчүн шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү жана башка операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле колдо болгон жана жеткиликтүү маалыматтарды ыкчам талдоо;
3) финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
4) улуттук коопсуздук органдары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;
5) операциялар (бүтүмдөр) - каражаттар менен байланышкан жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн жасалган каражаттар менен ар кандай операциялар (бүтүмдөр);
6) укук коргоо органдары - ички иштер органдары, бажы органдары;
7) предикаттык кылмыш (негизги кылмыш) - аны жасоонун натыйжасында кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) объектиси (предмети) болуп саналган киреше (каражаттар) алынган, Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган ар кандай кылмыш;
8) кылмыштуу киреше - Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин аймагында кылмыш жасоонун натыйжасында түз же кыйыр түрдө алынган же чыгарылып алынган киреше (каражаттар);
9) стратегиялык талдоо - террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкан тенденцияларды жана схемаларды аныктоо үчүн колдо болгон жана жеткиликтүү маалыматтарды, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтарды стратегиялык талдоо;
10) финансылык териштирүү - кылмыштуу ишке тиешеси бар финансылык жагдайларды карап чыгуу, төмөнкү максаттарда:
- кылмыш желесинин өлчөмүн жана (же) кылмыштардын масштабын аныктоо;
- камакталууга жана конфискациялоого жаткан кылмыштуу кирешелерди, акча каражаттарын же каалаган башка активдерди айкындоо жана көзөмөлдөө;
- жазык өндүрүшүндө колдонулушу мүмкүн болгон буюмдук далилдерди алуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул Жобонун 2-пунктунда аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
2-глава. Финансылык чалгындоо органынын Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби
§ 1. Маалымат алмашуу тартиби
4. Террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштар боюнча фактыны айкындоонун жана тергөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органы, прокуратура органы финансылык чалгындоо органы менен маалымат алмашат.
Эгер суралып жаткан маалымат террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштар менен байланышы жок болсо, маалымат алмашуу жүзөгө ашырылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органына, улуттук коопсуздук органына, прокуратура органына берилген финансылык чалгындоо органынын маалыматтары купуя документтер болуп саналат жана террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга бөгөт коюу же бетин ачуу максаттарына гана колдонулат.
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органы, улуттук коопсуздук органы, прокуратура органы финансылык чалгындоо органынан алынган маалыматтын купуялуулугун (үчүнчү жактарга берилбестигин жана ачыкка чыгарылбастыгын), ошондой эле алынган маалыматтын санкцияланбаган жетүү мүмкүнчүлүгүнөн сакталышын жана корголушун камсыздайт.
6. Финансылык чалгындоо органы менен маалымат алмашуу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын, улуттук коопсуздук органынын, прокуратура органынын суроо-талабынын негизинде жүзөгө ашырылат.
Суроо-талап жазуу жүзүндө жана негизделген болууга, ошондой эле суралып жаткан маалыматты колдонуунун конкреттүү максатын камтууга тийиш. Суроо-талапта жазык ишинин кыскача баяндамасы берилет.
7. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын, улуттук коопсуздук органынын, прокуратура органынын суроо-талабын карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча финансылык чалгындоо органы төмөнкү чечимдерди кабыл алат:
1) финансылык чалгындоо органында болгон, суралып жаткан маалыматты берүү жөнүндө;
2) суралып жаткан маалымат террористтик жана экстремисттик ишти каржылоону же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды тергөө менен байланышы жок болгон учурда суралып жаткан маалыматты берүүдөн баш тартуу жөнүндө;
3) финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленген тартипте ыкчам талдоо жүргүзүү жана жалпыланган материалды даярдоо жөнүндө.
8. Финансылык чалгындоо органы суралып жаткан маалыматты берүү жөнүндө чечим кабыл алган учурда, финансылык чалгындоо органынын талдоочусу финансылык чалгындоо органынын маалымат базасынын негизинде маалыматты түзөт жана суроо-талапты алган учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын укук коргоо органына, улуттук коопсуздук органына, прокуратура органына маалыматты жиберет.
Зарыл болгон учурда маалыматтарды берүү мөөнөтү кызыкдар тарап менен макулдашылып, финансылык чалгындоо органынын жетекчисинин чечиминин негизинде узартылышы мүмкүн.
9. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органы, улуттук коопсуздук органы, прокуратура органы финансылык чалгындоо органы менен өз ара аракеттенүү боюнча жооптуу кызмат адамын дайындайт жана анын байланыш маалыматтарын финансылык чалгындоо органына билдирет.
§ 2. Жалпыланган материалды даярдоо жана берүү тартиби
10. Жалпыланган материалды даярдоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн негиздер төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын, улуттук коопсуздук органынын, прокуратура органынын суроо-талабы;
2) жеке жактын же юридикалык жактын арызы же кайрылуусу;
3) чет мамлекеттин компетенттүү органынын эл аралык суроо-талабы;
4) жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жана Интернет желесиндеги басылма;
5) шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү;
6) жеке же юридикалык жакка карата жетиштүү жана негиздүү шектенүүлөрдүн бардыгы жөнүндө финансылык чалгындоо органынын талдоочусунун билдирүүсү.
Муну менен бирге жогоруда аталган суроо-талап, арыз же кайрылуу, басылма жана билдирүү террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштар фактылары менен байланыштуу болууга тийиш.
11. Финансылык чалгындоо органы шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөргө жана операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө башка маалыматтарга, ошондой эле колдо болгон жана жеткиликтүү маалыматтарга ыкчам талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча өз демилгеси менен же Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын, улуттук коопсуздук органын, прокуратура органынын суроо-талабы боюнча жалпыланган материалды жиберет.
12. Террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштар менен байланыштуу операцияларды (бүтүмдөрдү) же жосундарды айкындоо максатында шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөр жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө башка маалыматтар, ошондой эле финансылык чалгындоо органынын маалымат базасында болгон башка маалыматтар финансылык чалгындоо органынын талдоочусу тарабынан иштелип чыгат жана талданат (ыкчам талдоо).
Операция (бүтүм) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштар менен байланышы мүмкүн экендигине жетиштүү негиздер бар болсо, финансылык чалгындоо органынын талдоочусу жалпыланган материалдын долбоорун иштеп чыгат.
Ыкчам талдоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо финансылык чалгындоо органынын буйругу менен бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Жалпыланган материалдын долбоорун иштеп чыгуу мөөнөтү жалпы материалды даярдоо үчүн негиздин келип чыккан күнүнөн тартып 1 айдан ашпоого тийиш.
Зарыл учурда жалпыланган материалдын долбоорун иштеп чыгуу мөөнөтү кызыкдар тараптар менен макулдашылып, финансылык чалгындоо органынын жетекчисинин чечиминин негизинде узартылышы мүмкүн.
14. Жалпыланган материалдын долбоору төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруу кырдаалдарын жана алардын суммасын чагылдыруу менен террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштар менен байланышы мүмкүн болгон операциянын (бүтүмдүн) мазмунунун кеңитилген баяндамасын;
2) операцияны (бүтүмдү) жасаган жактардын ортосундагы өз ара мамилелерди жана байланыштарды көрсөтүү менен террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштар менен байланышы мүмкүн болгон операциялар (бүтүмдөр) менен алардын суммасынын ортосундагы байланышты сыпаттаган схеманы же таблицаны;
3) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштар менен байланышы мүмкүн болгон операция (бүтүм) жүзөгө ашырылган финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын аталышын жана жайгашкан жерин;
4) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштар менен байланышы мүмкүн болгон операцияны (бүтүмдү) жасаган жеке жактын жана (же) юридикалык жактын (мындан ары - фигурант) идентификациялык маалыматтарын жана башка маалыматтарын;
5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин органдарынан, анын ичинде алардын маалымат базаларынан алынган фигурантка карата маалыматтарды;
6) чет мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнөн алынган фигурантка жана операцияларга (бүтүмдөргө) карата маалыматтарды;
7) маалыматтын ачык булактарынан (ЖМК, Интернет) алынган фигурантка карата маалыматтарды;
8) операциялар (бүтүмдөр) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштар менен байланышы мүмкүн экендиги жөнүндө жүйөлүү корутундуну;
9) ушул жалпыланган материал менен байланышкан мурда жиберилген жалпыланган материал (бар болсо) жөнүндө маалыматты.
15. Чет мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнөн фигурантка жана операцияларга (бүтүмдөргө) карата алынган маалыматтар жалпыланган материалга киргизилет жана берилген маалыматты үчүнчү жактарга берүүгө чет мамлекеттин финансылык чалгындоо бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү уруксаты бар болсо укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же прокуратура органына берилет.
Мындай уруксат жок болсо финансылык чалгындоо органы мындай уруксатты алуу үчүн эл аралык суроо-талап жиберет.
16. Жалпыланган материалдын долбоорун компетенцияларына ылайык укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же прокуратура органына жиберүү жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн финансылык чалгындоо органынын жетекчисинин кароосуна берилет.
17. Жалпыланган материалды укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же прокуратура органына берүү үчүн жетиштүү негиздердин болуусу жөнүндөгү чечимди финансылык чалгындоо органынын жетекчиси кабыл алат.
Зарыл учурда ушул чечим финансылык чалгындоо органынын ыйгарым укуктуу кызматчыларынын катышуусу менен финансылык чалгындоо органынын жетекчисинде өткөрүлгөн кеңешмеде кабыл алынат.
18. Жалпыланган материалды тийиштүү укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же прокуратура органына жиберүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган тергөөнүн караштуулугун эске алуу менен кабыл алынат.
19. Террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштар боюнча жазык ишине укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын же прокуратура органынын аймактык бөлүмү тергөө жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар бар болсо, финансылык чалгындоо органынын жетекчиси ушул укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын же прокуратура органынын борбордук аппаратына кабарлама жиберүү менен түздөн-түз аймактык бөлүмүнө жалпыланган материалды жиберүү жөнүндө чечим кабыл алат.
20. Жалпыланган материалды бир нече укук коргоо органдары же улуттук коопсуздук органы же прокуратура органы карап чыгууга кызыкдар экендиги жөнүндө маалыматтар бар болсо, финансылык чалгындоо органынын жетекчиси жалпыланган материалды ар бир укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же прокуратура органына берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Муну менен бирге укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же прокуратура органына жалпыланган материал башка укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же прокуратура органына берилгендиги жөнүндө кабарлама жиберилет.
21. Жалпыланган материал жана анын тиркемелери "Кызматтык пайдалануу үчүн" деген грифи бар документ түрүндө таризделет.
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органы, улуттук коопсуздук органы, прокуратура органы жалпы материалдын (маалыматтын) купуялуулугун камсыздайт (үчүнчү жактарга бербейт жана ачыкка чыгарбайт).
22. Жалпыланган материалды жиберүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып эки жумуш күндүн ичинде жалпыланган материал тийиштүү укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же прокуратура органына жиберилет.
23. Жалпыланган материалды жиберүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда финансылык чалгындоо органынын жетекчиси жалпыланган материалдын фигурантынын (фигуранттарынын) операциясын (бүтүмүн) токтотуп туруу жана (же) каражаттарын тоңдуруу боюнча чечим кабыл алуу жөнүндөгү маселени карайт.
24. Жалпыланган материал жана анын тиркемелери (бар болсо) финансылык чалгындоо органынын жетекчисинин колу коюлган тийиштүү коштомо каты менен биргеликте маалыматтын кагазда жана/же магниттик алып жүрүүчүсүндө укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же прокуратура органына жиберилет.
Коштомо катта жалпыланган материалдын кыскача аталышы жана финансылык чалгындоо органынын жетекчиси жалпыланган материалды үчүнчү жактарга берүүгө жана жазык ишинде колдонууга алдын ала уруксат берген учурларды кошпогондо, берилип жаткан жалпыланган материалды финансылык чалгындоо органынын жетекчисинин алдын ала макулдугусуз үчүнчү жактарга бергенге жана жазык ишинде колдонгонго болбой тургандыгынын шарттары көрсөтүлөт.
Жалпыланган материалды бир нече укук коргоо органдарына же улуттук коопсуздук органына же прокуратура органына жиберүүдө коштомо катта жалпыланган материал жиберилген укук коргоо органдарынын же улуттук коопсуздук органынын же прокуратура органынын аталыштары көрсөтүлөт.
25. Эгерде жалпыланган материалдын кызматтык, банк, коммерциялык жана башка сырды камтыган тиркемелери бар болсо, материалда жана коштомо катта "Тиркемелер кызматтык, банк, коммерциялык жана башка сырды камтыйт" деген жазуу жазылат.
26. Жалпыланган материалды укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын борбордук аппаратына жиберүүдө, финансылык чалгындоо органы жалпыланган материалды жиберүү жөнүндө коштомо каттын көчүрмөсүн ага удаа Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына да жиберет.
27. Жалпыланган материалды укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын же прокуратура органынын аймактык бөлүмүнө жиберүүдө, финансылык чалгындоо органы аларды текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимдин негиздүүлүгүнө контролду камсыздоо үчүн жалпыланган материал жиберилгендиги жөнүндө коштомо каттын көчүрмөсүн укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын же прокуратура органынын борбордук аппаратына, ошондой эле тийиштүү Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын органына жиберет.
28. Финансылык чалгындоо органы жиберилген жалпыланган материалдар жана аларды карап чыгуунун абалдары жөнүндөгү маалыматтарды электрондук маалымат базасына киргизип жазып коюуну камсыздайт.
§ 3. Финансылык чалгындоо органынын жалпыланган материалын же маалыматын карап чыгуу тартиби
29. Финансылык чалгындоо органынын жалпыланган материалын же маалыматын каттоо (мындан ары - жалпыланган материал (маалымат)) кызматтык пайдалануу үчүн документтер менен иштөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук коргоо органы же улуттук коопсуздук органы жана анын аймактык бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.
Алынган жалпыланган материалдар жана аларды карап чыгуунун абалдары жөнүндөгү маалыматтар Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын же прокуратура органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында эсепке алынат.
30. Жалпыланган материалды (маалыматты) алган укук коргоо органы же улуттук коопсуздук органы же прокуратура органы же анын аймактык бөлүмү каттаган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбей жалпыланган материалды (маалыматты) каттоонун датасы жана номери жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына жиберет. Ушул маалымат финансылык чалгындоо органы аныктаган байланыштын электрондук каналы боюнча жиберилет.
31. Укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын же прокуратура органынын борбордук аппараты жалпыланган материалды (маалыматты) кароо үчүн укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын же прокуратура органынын аймактык бөлүмүнө жиберүүдө жалпыланган материал (маалымат) укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын же прокуратура органынын аймактык бөлүмүнө жиберилген учурдан тартып үч жумуш күндөн кечиктирилбей финансылык чалгындоо органына тийиштүү маалымат жиберилет. Ушул маалыматта укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын же прокуратура органынын аймактык бөлүмүнүн аталышы, жалпыланган материал (маалымат) жиберилген коштомо каттын датасы жана номери көрсөтүлөт. Ушул маалымат финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын электрондук каналы боюнча жиберилет.
32. Жалпыланган материалды (маалыматты) башка укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же прокуратура органына берүү үчүн жалпыланган материалды (маалыматты) башка укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же прокуратура органына берүүгө макулдугун алуу үчүн финансылык чалгындоо органына суроо-талап жиберилет.
33. Жалпыланган материалда (маалыматта) камтылган маалыматты тактоо үчүн укук коргоо органы же улуттук коопсуздук органы же прокуратура органы, анын ичинде алардын аймактык бөлүмдөрү финансылык чалгындоо органынан кошумча маалыматты сурай алышат.
Суроо-талапка укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын же прокуратура органынын жетекчилигинин колу коюлат жана жалпыланган материал (маалымат) жиберилген финансылык чалгындоо органынын коштомо катынын номерине жана датасына болгон шилтемени камтууга тийиш.
34. Жалпыланган материалды (маалыматты) кароодо укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын же прокуратура органынын ыйгарым укуктуу кызматчылары жалпыланган материалдын (маалыматтын) мазмуну тууралуу консультациялык жардам (түшүндүрүү жана түшүндүрмөлөр) алуу үчүн финансылык чалгындоо органынын тийиштүү талдоочусуна кайрылууга укуктуу.
35. Мурда жиберилген жалпыланган материал (маалымат) менен байланышкан кошумча маалыматтар келип чыккан учурда финансылык чалгындоо органы кошумча жалпыланган материалды (маалыматты) иштеп чыгат жана аны ушул Жободо белгиленген тартипте тийиштүү укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же прокуратура органына жиберет.
Кошумча жалпыланган материал (маалымат) мурда жиберилген жалпыланган материалдын (маалыматтын) коштомо катынын датасын жана катталган номерин камтууга тийиш.
36. Жалпыланган материал (маалымат) купуя документ болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органы, улуттук коопсуздук органы, прокуратура органы тарабынан террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга бөгөт коюу же бетин ачуу максаттарына гана колдонулат.
37. Жалпыланган материал (маалымат) ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат жана сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналбайт, далил катарында кызмат кылбайт жана кылмыш ишине тиркелбейт.
Улуттук коопсуздук органдары жалпыланган материалдын (маалыматтын) негизинде контрчалгындоо иш-чараларын жүзөгө ашырууга укуктуу.
Жалпыланган материалдын (маалыматтын) негизинде ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүчү органдар ыкчам текшерүүнү жүргүзүшөт. Аны өткөрүү фактысы милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Укук коргоо органы же улуттук коопсуздук органы же прокуратура органы жалпыланган материалды эсепке алуу менен сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн изин суутпай издөө иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана (же) Кыргыз Республикасынын жазык процесстик мыйзамдарына ылайык жалпыланган материалда камтылган маалыматтарды легалдаштырууга тийиш.
§ 4. Жалпыланган материалды (маалыматты) колдонуу боюнча маалыматтарды берүү тартиби
39. Укук коргоо органы, улуттук коопсуздук органы, прокуратура органы жана алардын аймактык бөлүмдөрү квартал сайын финансылык чалгындоо органына жалпыланган материалды (маалыматты) карап чыгуунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды берип турушат.
40. Укук коргоо органы, улуттук коопсуздук органы, прокуратура органы финансылык чалгындоо органынын суроо-талабы боюнча жалпыланган материалды (маалыматты) карап чыгуунун жыйынтыктары жана абалы жөнүндө аралык маалыматтарды финансылык чалгындоо органынын суроо-талабын алган учурда кабыл алынып калган процесстик документтердин тийиштүү көчүрмөлөрүн тиркөө менен 10 жумуш күндүн ичинде берет.
41. Финансылык чалгындоо органы жана укук коргоо органы, улуттук коопсуздук органы, прокуратура органы жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча жалпыланган материалды (маалыматты) карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча жана жиберилген жана каралган жалпыланган материалдар (маалыматтар) боюнча статистикалык маалыматтарды салыштырып текшерет.
42. Салыштырып текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салыштырып текшерүү акты (эки нускада) түзүлөт, ага финансылык чалгындоо органынын, укук коргоо органынын, улуттук коопсуздук органынын, прокуратура органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын колу коюлат жана ушул органдардын жетекчилери тарабынан бекитилет.
Салыштырып текшерүү актынын формасы финансылык чалгындоо органы тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
§ 5. Жалпыланган материалды (маалыматты) карап чыгууну контролдоо жана көзөмөлдөө
43. Укук коргоо органдарынын жана улуттук коопсуздук органынын жетекчилери же алар ыйгарым укук берген кызмат адамдары жалпыланган материалдын (маалыматтын) каралуусун жана аны карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун контролдоону жүзөгө ашырат.
44. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары укук коргоо органдары менен улуттук коопсуздук органдарынын жалпыланган материалды (маалыматты) карап чыгуусунда жана аны карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча чечимдерди кабыл алуусунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоосун көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.
3-глава. Финансылык териштирүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүү
45. Укук коргоо органы жана улуттук коопсуздук органы террористтик же экстремисттик ишти жана предикаттык кылмыштарды тергөөнүн жүрүшүндө ага жарыш террористтик же экстремисттик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактыларын аныктоо үчүн финансылык териштирүүнү камсыздоого милдеттүү.
46. Финансылык териштирүү ошондой эле шектүү финансылык пайда алуу жана мыйзамсыз баюу менен байланышкан башка кылмыштарды тергөөдө да жүргүзүлөт.
47. Финансылык териштирүү Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
48. Финансылык териштирүү жазык куугунтугуна көмөк көрсөтүү жана кылмыштуу кирешелер менен кылмыш жасоо каражаттарын алуу максатында баардык болгон маалыматтарды топтоону, салыштырууну жана талдоону өз ичине камтыйт.
49. Финансылык териштирүүнүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кылмыш ишин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө акча каражаттарынын кыймыл фактыларын айкындоо жана документтештирүү;
2) кылмыштуу кирешелерди айкындоо жана каражаттарды тоңдуруу же операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу жол-жоболорун колдонуу же болбосо соңунда конфискациялоо үчүн каражаттарды камоо;
3) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча жазык иштерин тергөө;
4) финансы жана экономика негиздерин, улуттар аралык кылмыш байланыштарын ачуу жана кылмыш схемаларынын түрлөрү менен мүнөзү жөнүндө билимдерди алуу.
50. Финансылык териштирүү милдеттүү түрдө кылмышты тергөө планына киргизилет.
51. Финансылык териштирүү маселелери боюнча колдонмо финансылык чалгындоо органы, укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органы тарабынан иштелип чыгат жана алардын биргелешкен буйругу менен бекитилет.
52. Террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштар менен байланыштуу кылмыштарга жарыш финансылык териштирүү жүргүзүүдө укук коргоо органы жана улуттук коопсуздук органы финансылык чалгындоо органында болгон маалыматтарды жана документтерди сурап алууга укуктуу.
53. Укук коргоо органы жана улуттук коопсуздук органы жарыш финансылык териштирүү жүргүзүүдө изин суутпай издөө иши жана тергөө баскычтарында финансылык чалгындоо органы менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.
4-глава. Бажы органынын финансылык чалгындоо органы жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүсү
54. Бажы органы бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды колдонуу менен Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин алынып өтүшүн контролдоону жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын бажы иштеринин чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кабыл алынган эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык накталай акча каражаттардын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин мыйзамсыз алынып өтүшүн айкындоо боюнча чараларды көрөт.
Муну менен бирге бажы органы жана анын кызмат адамдары мыйзамдуу акча каражаттарын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин алынып өтүшү үчүн кандайдыр бир тоскоолдуктарды жаратпоого тийиш.
55. Бажы органы Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алынып өтүп жаткан накталай акча каражаттарын жана көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттерди декларациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарды жалпылайт жана электрондук маалымат базасын түзөт.
Электрондук маалымат базасын түзүү тартиби жана ага жетүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
56. Бажы органы укук коргоо органдары жана финансылык чалгындоо органы менен өз ара иштешүү менен 2011-жылдын 19-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттерди алып өтүүдө кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге ылайык Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттерди алып өтүүдө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чараларды көрөт.
57. Бажы органы, укук коргоо органдары жана финансылык чалгындоо органы 2011-жылдын 19-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарды жана (же) көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттерди алып өтүүдө кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимди ишке ашыруу максатында накталай акча каражаттарды жана (же) көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттерди алып өтүүнү токтотуп туруу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнүн ведомстволор аралык регламентине кол коюшат жана колдонушат.
58. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттерди алып өтүүчү жактарга карата террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкан шектенүүлөр келип чыккан учурда бажы органы бир жумуш күндүн ичинде билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жиберет.
Шектенүүлөрдүн критерийлери жана билдирүүлөрдү жиберүү механизми бажы органы менен финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлгөн тийиштүү ведомстволор аралык макулдашуу менен аныкталат.
59. Финансылык чалгындоо органы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында бажы органынын билдирүүлөрүнө талдоо жүргүзөт.
60. Бажы органы, финансылык чалгындоо органы жана укук коргоо органдары ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтардын купуялуулугун, сакталуусун жана корголуусун камсыздайт жана аны өз компетенцияларынын алкагында гана колдонушат.
61. Бажы органы, укук коргоо органдары жана финансылык чалгындоо органы бажы органынын, укук коргоо органынын жана финансылык чалгындоо органынын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүгө жооптуу кызматчыларды (байланыштын офицерлерин) аныкташат.
5-глава. Финансылык чалгындоо органынын Кыргыз Республикасынын соттору менен өз ара аракеттенүүсү
62. Финансылык чалгындоо органы Кыргыз Республикасынын соттору менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө жобого ылайык өз ара аракеттенет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү
63. Финансылык чалгындоо органы террористтик ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) типологиялары (схемалары), аныктоо жана бетин ачуу ыкмалары боюнча, ошондой эле террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча жазык иштерин тергөө жана карап чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук органынын, прокуратура органынын кызматчылары жана соттор үчүн окутуучу иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт.
64. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органы, прокуратура органы жана соттору финансылык чалгындоо органына террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) типологияларын (схемаларын) даярдоодо, ошондой эле кадрларды окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу программаларын иштеп чыгууда жана окуу иш-чараларын өткөрүүдө методикалык жана башка жардам беришет.
65. Финансылык чалгындоо органы тарабынан жүргүзүлгөн стратегиялык талдоонун жыйынтыктары террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү окуу программаларын жана окуу материалдарын иштеп чыгууда, ошондой эле террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктеринин моделдерин, тенденцияларын аныктоо, талдоо үчүн колдонулат.
7-глава. Маалымат базасына жетүү мүмкүндүгүн берүү тартиби
66. Финансылык чалгындоо органы төмөнкү электрондук мамлекеттик реестрлерге жана маалымат базаларына (мындан ары - маалымат базасы) жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ:
1) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан түзүлгөн "Баңги зат" автоматташтырылган маалымат базасы;
2) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан түзүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн улуттук жана эл аралык издөөдө жүргөн жактардын маалымат базасы;
3) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан түзүлгөн соттуулугу бар жактарды эсепке алуу боюнча маалымат базасы;
4) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан түзүлгөн уюшулган кылмыштуулукка катышы бар жактарды эсепке алуу боюнча маалымат базасы;
5) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан түзүлгөн террористтик ишке катышы бар жактардын маалымат базасы (издөөдөгү адамдардын тизмеси);
6) калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, архив ишин каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлгөн Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестри (Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасы);
7) калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, архив ишин каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлгөн Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын мамлекеттик реестри (катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалымат базасы);
8) калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, архив ишин каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (блоктор: "Негизги жеке маалыматтар", "Паспорттор жөнүндө маалыматтар", "Каттоо даректери жөнүндө маалыматтар", "Үй-бүлө мүчөлөрү жана жакын туугандары жөнүндө маалыматтар", "Катталган чет өлкө жарандары жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтар");
9) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан түзүлгөн Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестри;
10) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан түзүлгөн "Электрондук виза" ("Тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасынын" компонентчеси) системасы боюнча Кыргыз Республикасынын таризделген визалары боюнча маалымат базасы;
11) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу бажы органы тарабынан түзүлгөн Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык система ("Жүргүнчү бажы декларациясында накталай акча каражаттарынын жана акча инструменттеринин декларациясы" блогу);
12) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан түзүлгөн салык башкаруусунун маалыматтык системасы;
13) финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри;
14) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу чек ара органы тарабынан түзүлгөн "Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы" маалымат базасы (Кыргыз Республикасынын контролдоо-өткөрүү пункттары аркылуу жарандардын кирүүсүн жана чыгуусун эсепке алуу боюнча маалымат базасы);
15) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлгөн милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу үчүн жарандарды персонификацияланган эсепке алуу боюнча маалымат базасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
67. Финансылык чалгындоо органы (мындан ары - Пайдалануучу) жана ушул Жобонун 66-пунктунда аталган мамлекеттик органдар (мындан ары - Ээси) маалымат базасына жетүү тартибин жана көлөмүн белгилөө үчүн тийиштүү ведомстволор аралык макулдашууну түзөт.
68. Ведомстволор аралык макулдашууда аныкталган айрым техникалык каражаттарды кошпогондо, Пайдалануучу тийиштүү маалымат базасына жетүү мүмкүнчүлүгүн бекер алат.
69. Маалымат базасына жетүү мүмкүнчүлүгү Пайдалануучунун буйругуна ылайык маалымат базасына жетүү укугуна ээ жана алардын маалымат базасына жетүү укугуна ээ экендиги жөнүндө Ээсине билдирилген Пайдалануучунун кызматчыларына берилет.
70. Маалымат базасына жетүүнүн негизги ыкмасы маалымат базаларында камтылган жана мамлекеттик сырларга кирбеген маалыматтарды реалдуу мезгилде Пайдалануучунун обочолонгон компьютерлеринде байланыштын ар түрдүү тармактарынын (негизинен Интернет желесинин) жардамы менен электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүгү деп түшүндүрүлгөн аралыктан жетүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат.
71. Маалымат базасына аралыктан жетүү мүмкүнчүлүгү маалымат базасына аралыктан жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча ведомстволор аралык макулдашууга ылайык Пайдалануучуга берилет.
Ведомстволор аралык макулдашууда Пайдалануучунун компьютердик системасына коюлган талаптар, маалымат базасына аралыктан жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү убактысынын аралыгы жөнүндө маалыматтар, берүү механизмдери, жетүү мүмкүнчүлүгүнүн паролдорун өзгөртүү тартиби жөнүндө маалыматтар, телефон номерлери жана тараптар тарабынан аныкталган башка маалыматтар көрсөтүлөт.
72. Ведомстволор аралык макулдашуунун негизинде Ээси:
1) Пайдалануучунун компьютерине анын эсебинен маалымат базасына аралыктан жетүү үчүн программалык камсыздоону орнотуп берет же маалымат базасына аралыктан жетүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн кандай каражаттарды пайдалануу керектигин билдирет;
2) Пайдалануучуга өз убагында кабар берүү менен жетүү мүмкүнчүлүгүнүн паролун өзгөртө алат.
73. Маалымат базасына жетүү укугуна ээ Пайдалануучунун кызматчылары үчүн жетүү мүмкүнчүлүгүнүн паролдору Пайдалануучуга жибериле турган Ээсинин тийиштүү купуя катында көрсөтүлөт.
Жетүү мүмкүнчүлүгүнүн берилген паролун бир эле мезгилде бир нече жумуш орунда колдонууга жол берилбейт.
Талаптагыдай эмес пароль менен же Пайдалануучунун атынан маалымат базасына жетүү аракеттеринде маалымат базасынан маалыматтар берилбейт.
74. Аралыктан жетүү жолу менен маалымат базасынан маалыматтарды алууга мүмкүн болбогон учурларда Ээси Пайдалануучуга жетүү мүмкүнчүлүгүн (маалыматтарды алуу) төмөнкү ыкмалар менен берет:
1) маалыматтарды коргоо каражаттарын колдонуу менен электрондук почта боюнча;
2) электрондук алып жүрүүчүлөрдө (дисктер/флешкалар).
Жогоруда аталган ыкмалар менен маалымат базасына жетүү мүмкүнчүлүгүн Пайдалануучуга берүү тартиби жана шарттары ведомстволор аралык макулдашууда аныкталат.
75. Электрондук алып жүрүүчүлөрдө же электрондук почта режиминде маалыматтарды берүү түзүмү жана форматы Ээси менен Пайдалануучу тарабынан биргеликте аныктала турган электрондук документ (файл) түрүндө жүзөгө ашырылат.
Аталган файлдарды кабыл алуу жана иштеп чыгуу Пайдалануучунун программалык-техникалык каражаттарын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
76. Электрондук алып жүрүүчүлөрдө маалыматтар Пайдалануучуга андан электрондук алып жүрүүчүнү (дисктер/флешкалар) жана тийиштүү катты, анын ичинде электрондук катты алганда берилет.
77. Маалымат базасынан маалыматтарды аралыктан жетүү жолу менен же электрондук почта боюнча же электрондук алып жүрүүчүлөрдө (дисктер/флешкалар) алуу мүмкүн болбогон учурларда Ээси Пайдалануучуга тийиштүү маалыматты расмий суроо-талапка жазуу жүзүндө жоопту жиберүү жолу менен берет.
Муну менен бирге маалыматты берүү мөөнөттөрү жана башка шарттар ведомстволор аралык макулдашууда белгиленет.
78. Пайдалануучуга маалымат базасына жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү маалыматты коргоо каражаттарын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
Маалыматтарды коргоо каражаттары керектүү коргоо деңгээлине жараша Ээси тарабынан аныкталат.
Маалыматтарды коргоону жүзөгө ашыруу үчүн маалыматты коргоонун сертификацияланган каражаттары колдонулат.
79. Финансылык чалгындоо органы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мамлекеттик ишканаларынын реестрлеринен жана маалымат базасынан алынган маалыматтарды террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында колдонот.
80. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалары финансылык чалгындоо органына электрондук мамлекеттик реестрлерге жана маалымат базаларына жетүү мүмкүнчүлүгүн финансылык чалгындоо органы менен мамлекеттик ишкананын ортосундагы эки тараптуу макулдашуунун негизинде берет.
8-глава. Улуттук коомдук кызмат адамдарынын электрондук маалымат базасын түзүү жана жаңылоо маселелери боюнча финансылык чалгындоо органынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүсү
§ 1. Маалымат базасын түзүү жана жаңылоо тартиби
81. Улуттук коомдук кызмат адамдарынын маалымат базасы (мындан ары - маалымат базасы) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин I бөлүмүнүн негизинде түзүлөт.
82. Маалымат базасынын түзүмү финансылык чалгындоо органынын буйругу менен аныкталат.
83. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде көрсөтүлгөн саясий жана атайын кызмат орундарына, саясий муниципалдык кызмат орундарына адамды дайындоодо финансылык чалгындоо органы маалымат базасын түзүү максатында улуттук коомдук кызмат адамы жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, мамлекеттик корпорацияларга жана саясий партияларга бир жумуш күндүн ичинде суроо-талап жиберет.
84. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, мамлекеттик корпорациялар жана саясий партиялар улуттук коомдук кызмат адамдары жөнүндө маалыматтарды финансылык чалгындоо органынын суроо-талабын алган учурдан тартып беш жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленген формага ылайык финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары финансылык чалгындоо органына суралган маалыматты финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын электрондук каналдары боюнча электрондук форматта беришет.
85. Маалымат базасын түзүүдө финансылык чалгындоо органы калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, архив ишин каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтар базасын колдонот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
86. Финансылык чалгындоо органы маалымат базасына финансылык мекемелерден жана финансылык эмес категориядагы жактардан алынган башка маалыматтарды киргизүүгө укуктуу.
87. Финансылык чалгындоо органы улуттук коомдук кызмат адамдары жөнүндө алынган маалыматтарды маалымат базасына кечиктирбестен киргизүүнү жана ай сайын маалымат базасын жаңылап турууну камсыздайт.
§ 2. Маалымат базасына жетүү мүмкүндүгүн берүү тартиби
88. Маалымат базасынын маалыматтарына жетүү мүмкүндүгү Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына, улуттук коопсуздук органдарына жана прокуратура органдарына, финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга (мындан ары - маалымат базасын пайдалануучулар) берилет.
Маалымат базасынан маалыматтарды берүү криптографиялык шифрлөөнү пайдалануу менен байланыштын корголгон каналы боюнча жүзөгө ашырылат.
89. Жетүү мүмкүндүгү берилген маалымат базасынын маалыматтарынын тизмеги финансылык чалгындоо органы менен маалымат базасын пайдалануучунун ортосундагы макулдашуу менен аныкталат.
90. Маалымат базасынын пайдалануучулары маалымат базасынан алынган маалыматтардын купуялуулугун, сакталышын жана санкцияланбаган жетүүдөн корголушун камсыздашат жана үчүнчү жактарга бергендиги үчүн жоопкерчиликке тартылышат.
91. Маалымат базасында камтылган улуттук коомдук кызмат адамы жөнүндө маалыматтар улуттук коомдук кызмат адамы ээлеген кызмат ордунан бошотулган учурдан тартып эки жыл бою сакталат.
9-глава. Финансылык чалгындоо органынын калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, архив иштерин каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен өз ара аракеттенүүсү
92. Финансылык чалгындоо органы жана калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, архив иштерин каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектерин (мындан ары - Тизмектер) колдонуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
93. Финансылык чалгындоо органы Тизмектердин актуалдуу редакцияларын тийиштүү ведомстволор аралык макулдашууда белгиленген тартипте жана мөөнөттө байланыштын электрондук каналы боюнча өз убагында калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, архив иштерин каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берүүнү камсыздайт.
Финансылык чалгындоо органы Тизмектерди Кыргыз Республикасында катталган жеке жактардын жеке идентификациялык номерлерин жана юридикалык жактардын салык төлөөчүсүнүн идентификациялык номерлерин көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
94. Калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, архив иштерин каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы кыймылсыз мүлктү, транспорт каражаттарын, курулмаларды жана жабдууларды тариздөө же кайра тариздөө боюнча аракеттерди жасаган жактардын Тизмектерде бар же жок экендигине салыштырып текшерет жана Тизмектерге киргизилген жактар табылган учурда, тийиштүү ведомстволор аралык макулдашууда аныкталган байланыштын электрондук каналы боюнча үч сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына билдирүү жиберүүнү камсыздайт.
Финансылык чалгындоо органы жана калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, архив иштерин каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана анын аймактык бөлүмдөрү операцияларды (бүтүмдөрдү) жана каражаттарды тоңдуруу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү кыймылсыз мүлктү, транспорт каражаттарын, курулмаларды жана жабдууларды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
10-глава. Корутунду жоболор
95. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органы жана прокуратура органы финансылык чалгындоо органына жазык иштери боюнча статистикалык маалыматтарды, жергиликтүү жана эл аралык издөө салынган адамдар жөнүндө маалыматтарды берет.
96. Финансылык чалгындоо органы Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органы, прокуратура органы жана башка мамлекеттик бийликтин органдары менен ведомстволор аралык жумуш топторду түзүү, өз ара аракеттенүүнү, өз ара байланыштарды жана тажрыйба алмашууну күчөтүү үчүн өз ара кызыкчылыктарды жараткан маселелер боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жолу менен өз ара аракеттенет.
97. Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органы, укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органы жана прокуратура органы маалыматтардын тактыгына жана өз убагында берилишине кепилдик берет, ошондой эле алынган маалыматтардын купуялуулугун, сакталуусун жана санкцияланбаган жетүүдөн корголуусун, ошондой эле маалыматтардын өз компетенцияларынын чегинде гана колдонулушун камсыздайт.
98. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органы жана прокуратура органы өздөрүнүн аймактык бөлүмдөрүнүн финансылык чалгындоо органы менен борборлоштурулган маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн камсыздашат.
99. "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык төмөнкү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары аларга жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырышат:
1) финансылык чалгындоо органы жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдардын арасында террористтик ишти каржылоо тобокелдиктерин азайтуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзөт;
2) юстиция органдары өз компетенциясынын чегинде:
- коммерциялык эмес уюм тарабынан мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтердин мазмунун мыйзамдарга ылайык келишин текшерет;
- юридикалык жактардын уюштуруучуларын, жетекчилерин, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, коммерциялык эмес уюмдун арыз берүүчүлөрүн жана жетекчи органдарынын мүчөлөрүн изделип жаткан адамдардын тизмегинде (улуттук жана эл аралык), Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинде жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегинде бар экендигин текшерет;
- белгиленген учурларда коммерциялык эмес уюмду каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат;
- коммерциялык эмес уюмдун каттоо делосун сактоону жүзөгө ашырат;
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)