Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| |
|
| 7-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна) |
Операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу, тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүндүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 , 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу же бошотуу тартибин, ошондой эле тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүндүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу - каражаттар менен операция (бүтүм) жүргүзүүгө же ар кандай каражаттарды өткөрүп берүүгө, өзгөртүүгө, ажыратууга жана которуштурууга тыюу салуу;
2) кардар - финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактардын тейлөөсүнө алынган же тейлөөсүндө турган, же болбосо финансылык мекеме же финансылык эмес категориядагы жактар менен ишкер мамиле түзүп жаткан же түзгөн жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык уюм;
3) операциялар (бүтүмдөр) - каражаттар менен байланышкан жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн жасалган каражаттар менен ар кандай операциялар (бүтүмдөр);
4) финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
5) токтото туруу - каражаттар менен операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу;
6) бошотуу - каражаттар менен операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүгө же ар кандай каражаттарды өткөрүп берүүгө, өзгөртүүгө, ажыратууга жана которуштурууга тыюу салууну жокко чыгаруу;
7) санкциялык тизмектер - Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги;
8) Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги - террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги;
9) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги - террористтик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги;
10) каражаттар - төмөнкү активдердин бири:
а) акча каражаттары жана ар кандай финансылык активдер;
б) экономикалык ресурстар, анын ичинде мунай жана башка жаратылыш ресурстары;
в) сатып алуу ыкмасына карабастан мүлктүн ар кандай түрү (материалдык же материалдык эмес, кыймылдуу же кыймылсыз);
г) жогоруда көрсөтүлгөн мүлккө же активдерге укук же үлүш берүүчү, ар кандай формадагы, анын ичинде электрондук же санариптик формадагы укуктук документтер же өбөлгөлөр;
д) банктык кредиттер жана банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык алынуучу/берилүүчү акча каражаттары жана (же) башка мүлк, акча жана эсептешүү чектери, почта которуулары, акциялар, баалуу кагаздар, облигациялар, банктык траттар же аккредитивдер жана мындай каражаттардан же активдерден алынуучу же алар өндүрүүчү ар кандай пайыздар, дивиденддер жана киреше;
11) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде аталган жеке жана юридикалык жактар.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу тартиби
3. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардардын, кардардын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, бенефициардык ээсинин жана кардардын контрагентинин идентификациялык маалыматтарын Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтары бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмегинде бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү.
Ушул текшерүү кардар менен ишкер мамилени түзүүгө чейин жана жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө жана (же) кардардын ар кандай операциясын (бүтүмүн) жүзөгө ашырганга чейин жүргүзүлөт.
4. Эгерде жеке же юридикалык жак, кардар, кардардын ыйгарым укуктуу өкүлү, бенефициардык ээси жана кардардын контрагенти Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтары бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмегинде каралган учурда (мындан ары - белгиленген жак) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар белгиленген жакка алдын ала кабарлабастан дароо белгиленген жактын операциясын (бүтүмүн) токтотуп турууга, ошондой эле операция (бүтүм) токтотулуп турган учурдан тартып үч сааттын ичинде бул жөнүндө финансылык чалгындоо органына билдирүүгө милдеттүү.
5. Билдирүү белгиленген формада түзүлөт, муну менен бирге белгиленген жактын идентификациялык маалыматтары, токтотулуп турган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтар, финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын аталышы, ошондой эле билдирүүнү жиберүү датасы жана убактысы милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
Билдирүүнүн формасы финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет.
Билдирүү финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган электрондук кол тамганы колдонуу менен байланыштын аныкталган электрондук каналдары боюнча электрондук түрдө финансылык чалгындоо органына жиберилет. Кийин финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу коюлган билдирүүнүн түп нускасы факс боюнча же чабарман аркылуу финансылык чалгындоо органына жиберилет.
6. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар белгиленген жактардын операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо аракеттери боюнча фактылар жөнүндө финансылык чалгындоо органына факт белгиленген учурдан тартып үч сааттын ичинде билдирүүгө тийиш.
7. Операция (бүтүм) токтотулуп турган учурда финансылык мекеме жана финансылык эмес категориядагы жак белгиленген жактын каражаттары өзүнүн сактоосунда же башкаруусунда бар же жок экендигине текшерүү жүргүзөт, ал эми бар болуп чыккан учурда, ушул Жобонун 5-пунктунда белгиленген тартипте үч сааттын ичинде бул жөнүндө финансылык чалгындоо органына билдирүү жиберет.
8. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар, алардын жетекчилери жана кызматчылары финансылык чалгындоо органына билдирүү жиберилгендиги жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарбоого тийиш.
9. Токтотулуп турган операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү алган учурда финансылык чалгындоо органы токтотулуп турган операциянын (бүтүмдүн) объектилери жана субъектилери жөнүндөгү керектүү маалыматтарды электрондук маалымат базасына киргизүүнү жана тийиштүү эсеп журналына жазууну камсыздайт.
10. Финансылык чалгындоо органы жеке жана юридикалык жактар, топтор, уюмдар тарабынан жасалган операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу жөнүндө чечим кабыл алат жана бул тууралуу кабарламаны үч сааттын ичинде финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга жиберет.
Кийин ушул жактар Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтары бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмегине киргизилет.
11. Операциялар (бүтүмдөр) Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык кабыл алынган мүлккө камак салуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин токтотулуп турат.
Операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу күнүнөн тартып операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу эки айлык мөөнөттөн ашпоого тийиш, бул аралыкта мүлккө камак салуу жөнүндө чечим кабыл алынууга тийиш.
Мүлккө камак салуу жөнүндө чечим кабыл алынбаган учурда токтотулуп турган операция (бүтүм) финансылык чалгындоо органынын буйругунун негизинде жүзөгө ашырылат. Бул тескеме тиешелүү Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын, улуттук коопсуздук органынын, прокуратура органынын же чет мамлекеттин компетенттүү органынын жазуу жүзүндөгү жообунун негизинде операцияны (бүтүмдү) токтото туруу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Финансылык чалгындоо органы Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык мүлккө камак салуу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы же кабыл алынбагандыгы тууралуу маалыматы бар катты ушул чечимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн алган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде тийиштүү финансылык мекемеге же финансылык эмес категориядагы жакка жиберет.
Финансылык чалгындоо органынын ушул каты финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган электрондук кол тамганы колдонуу менен байланыштын электрондук каналдары боюнча жиберилет. Кийин финансылык чалгындоо органынын катынын түп нускасы факс боюнча же чабарман аркылуу жиберилет.
3-глава. Операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу тартиби
13. Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөчү жеке жана юридикалык жактар ишкер мамилени түзгөнгө чейин же ар кандай каражаттарды бергенге же финансылык кызмат көрсөткөнгө чейин өзүнүн иш өнөктөшүнүн (жеке жана юридикалык жак, топ, уюм) идентификациялык маалыматтарын Санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерүүгө тийиш.
14. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардардын, кардардын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, бенефициардык ээсинин жана кардардын контрагентинин идентификациялык маалыматтарын Санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү.
Ушул текшерүү кардар менен ишкер мамилелерди түзгөнгө чейин жана жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө жана (же) кардардын ар кандай операциясын (бүтүмүн) жүзөгө ашырганга чейин жүргүзүлөт.
15. Эгерде жеке жана юридикалык жак, топ, уюм, кардар, кардардын ыйгарым укуктуу өкүлү, бенефициардык ээси жана кардардын контрагенти Санкциялык тизмектерде каралган учурда (мындан ары - белгиленген жак) Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөчү жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар максаттуу финансылык санкцияларды "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык колдонушат.
16. "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган каражаттар тоңдурулууга жатат.
17. Белгиленген жактын операциялары (бүтүмдөрү) жана (же) каражаттары аныкталбаган мөөнөткө тоңдурулат.
18. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жөнүндө билдирүүнү белгиленген жактын операциясы (бүтүмү) жана (же) каражаттары тоңдурулган учурдан тартып үч сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына жиберет.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар Санкциялык тизмеге киргизилген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун, уюмдардын операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо аракеттер боюнча фактылар жөнүндө билдирүүнү ушул факт белгиленген учурдан тартып үч сааттын ичинде жиберет.
19. Операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдурган учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар белгиленген жактын башка каражаттары өзүнүн сактоосунда же башкаруусунда бар же жок экендигин текшерет, бар болгон учурда ушул каражаттарды тоңдурат жана үч сааттын ичинде бул жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жиберет.
20. Билдирүү белгиленген формада түзүлөт, муну менен бирге белгиленген жактын идентификациялык маалыматтары, тоңдурулган операциялар (бүтүмдөр) жана (же) каражаттар жөнүндө маалыматтар, финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын аталышы, ошондой эле билдирүүнү жиберүү датасы жана убактысы милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
Билдирүүнүн формасы финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет.
Билдирүү финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган электрондук кол тамганы колдонуу менен байланыштын электрондук каналдары боюнча электрондук түрдө финансылык чалгындоо органына жиберилет. Кийин финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу коюлган билдирүүнүн түп нускасы факс боюнча же чабарман аркылуу финансылык чалгындоо органына жиберилет.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар, алардын жетекчилери жана кызматчылары финансылык чалгындоо органына билдирүү жиберилгендиги жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарбоого тийиш.
21. Тоңдурулган операциялар (бүтүмдөр) жана (же) каражаттар жөнүндө билдирүүнү алган учурда финансылык чалгындоо органы тоңдурулган операциялардын (бүтүмдөрдүн) жана (же) каражаттардын объектилери жана субъектилери жөнүндөгү керектүү маалыматтарды электрондук маалымат базасына киргизүүнү жана тийиштүү эсеп журналына жазууну камсыздайт.
22. Финансылык чалгындоо органы тоңдуруу жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде тоңдурулган операциялар (бүтүмдөр) жана (же) каражаттар боюнча маалыматтар менен материалдарды түзөт жана аларды компетенцияларына ылайык Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жана улуттук коопсуздук органына жиберет.
4-глава. Тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгү
23. Санкциялык тизмектерге киргизилген жеке жана юридикалык жактарга, топторго жана уюмдарга тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгү төмөнкү максаттарга берилет:
1) турак жай ижарасын жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө;
2) ипотекалык жана башка кредитти төлөөгө;
3) салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө;
4) банктык эсептешүү эсептерин жана тоңдурулган каражаттарды учурда сактоого жана кармап турууга жыйымдарды, комиссиондук жыйымдарды же төгүмдөрдү төлөөгө;
5) тамак-аш азыктарын сатып алууга;
6) дары-дармектерди сатып алууга;
7) медициналык кызмат көрсөтүүлөргө (дарылануу) төлөөгө;
8) юридикалык кызмат көрсөтүүлөргө (калем акы) төлөөгө;
9) мамлекеттик жөлөкпулду алууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Санкциялык тизмектерге киргизилген жеке жана юридикалык жактарга, топторго жана уюмдарга ушул Жобонун 23-пунктунда аталган чыгымдардан айырмаланган өзгөчө чыгымдарды жабуу максатында тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүндүгү берилет.
Өзгөчө чыгымдарды жабуу максатында тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүндүгүн берүү каражаттарга жетүүгө уруксат берүү ниети жөнүндө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү Комитетине кабарлоо жана мындай өтүнүчтү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү Комитети канааттандыруу шарты менен жүзөгө ашырылат.
25. Финансылык чалгындоо органы тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө чечимди БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1452 (2002), 1963 (2010), 1718 (2006) жана 1737 (2006) резолюцияларына жана аларды өнүктүрүүгө кабыл алынган башка резолюцияларга ылайык кабыл алат.
Ушул Жобонун 23-пунктунда аталган максаттарга каражаттардын пайдаланылышын контролдоону финансылык чалгындоо органы, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар жүзөгө ашырышат.
5-глава. Тоңдурулган каражаттарды башкаруу
26. Тоңдурулган каражаттар тоңдурулган учурда ушул каражаттардын менчик ээси болуп саналган же тоңдурулган учурда алардын үлүшүнө ээ болгон жеке же юридикалык жактын, топтун жана уюмдун менчигинде калат.
27. Тоңдурулган операциялар (бүтүмдөр) жана (же) каражаттар алар бошотулганга чейин финансылык чалгындоо органынын контролуна өтөт.
28. Тоңдурулган каражаттар финансылык чалгындоо органынын көрсөтмөсүнүн негизинде операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жак тарабынан ачылган атайын эсепке (же сакталуучу жайга) которулат же сакталат.
29. Тоңдурулган каражаттарды бул каражаттар менен байланышкан пайыздардын же башка келип түшүүлөрдүн эсебинен же болбосо каражаттарды тоңдуруу датасына чейин пайда болгон контракттар, келишимдер же милдеттемелер боюнча төлөмдөрдүн же төлөөлөрдүн эсебинен толуктоого уруксат берилет. Муну менен бирге мындай пайыздар, башка келип түшүүлөр жана төлөмдөр тоңдурулууга тийиш.
30. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1737 (2006) резолюциясына ылайык жасалган каражаттарды тоңдуруу боюнча иш-аракет белгиленген жакка же уюмга мындай жакты же уюмду БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегине киргизгенге чейинки түзгөн контрагынын алкагында ар кандай төлөмдөрдү жүзөгө ашыруусуна жолтоо болбоого тийиш, төмөнкү талаптарды сактоо шарты менен:
1) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1737 (2006) резолюциясынын 3, 4 жана 6-пункттарында айтылып өткөн ар кандай тыюу салынган предметтер, материалдар, жабдуулар, товарлар, технологиялар, жардамдар, окутуулар, финансылык колдоолор, инвестициялоо, брокердик иш же кызмат көрсөтүүлөр менен контракт байланышпаса;
2) төлөм БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1737 (2006) резолюциясына жана аны өнүктүрүүгө кабыл алынган башка резолюцияларга ылайык БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген жеке же юридикалык жак аркылуу түздөн түз же кыйыр алынбаса.
Ушул пунктка ылайык уруксат берүү максатында мындай төлөмдөрдү жөнөтүү же алуу же бул максат үчүн каражаттарды бошотууга уруксат берүү ниети жөнүндө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү Комитетине кабарлама жиберилет.
6-глава. Операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды бошотуу тартиби
31. Операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды бошотуу финансылык чалгындоо органынын чечиминин негизинде гана жүзөгө ашырылат.
32. Операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды бошотуу үчүн негиз жеке же юридикалык жактарды, топторду жана уюмдарды Санкциялык тизмектерден чыгаруу болуп саналат.
33. Жеке же юридикалык жактарды, топторду жана уюмдарды Санкциялык тизмектерден чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө жободо каралган.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Жеке же юридикалык жактарды, топторду жана уюмдарды Санкциялык тизмектерден чыгаруу жана тийиштүү маалыматты финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, бир жумуш күндүн ичинде конкреттүү жеке же юридикалык жактарды, топторду жана уюмдарды көрсөтүү менен операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды бошотуу жөнүндө финансылык чалгындоо органынын буйругу чыгат.
Ушул буйрукка кол коюлган учурдан тартып бир сааттын ичинде операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды бошотуу жөнүндө маалымат финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жарыяланат жана финансылык чалгындоо органы аныктаган байланыштын электрондук каналдары боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөчү кызыкдар жеке жана юридикалык жакка финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын электрондук каналы боюнча жиберилет.
Бир жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органы операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды бошотуу жөнүндө финансылык чалгындоо органынын буйругунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн факс боюнча же чабарман аркылуу кызыкдар жактарга жиберет.
35. Операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды бошотуу жөнүндө финансылык чалгындоо органынын буйругун алган жеке жана юридикалык жактар бир жумуш күндүн ичинде көрүлгөн чаралар жөнүндө финансылык чалгындоо органына билдирет.
Ушул билдирүү белгиленген формада түзүлөт, муну менен бирге бошотулган операциялар (бүтүмдөр) жана (же) каражаттар жөнүндө маалыматтар, жеке жана юридикалык жактын аталышы, ошондой эле билдирүүнү жиберүү датасы жана убактысы милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
Билдирүүнүн формасы финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет.
Билдирүү финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын электрондук каналы боюнча электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук түрдө финансылык чалгындоо органына жиберилет. Кийин финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу коюлган билдирүүнүн түп нускасы факс боюнча же чабарман аркылуу финансылык чалгындоо органына жиберилет.
36. Жеке же юридикалык жак, топ жана уюм Санкциялык тизмектерде каралган жактардын, топтордун жана уюмдардын бирдей же окшош аттарына/аталыштарына байланыштуу операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды жаңылыш (жалган ийгиликтүү) тоңдуруу фактысы боюнча жазуу жүзүндөгү кайрылуусу менен финансылык чалгындоо органына кайрыла алат.
Финансылык чалгындоо органы ушул жазуу жүзүндөгү кайрылууну ал катталган күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде карап чыгат.
Кайрылууну чечүү үчүн атайын текшерүүлөрдү жүргүзүү, кошумча материалдарды суратып алуу же болбосо башка чараларды көрүү зарыл болгон учурларда кайрылууну чечүү мөөнөттөрү демейдегиден башкача тартипте узартылышы мүмкүн, бирок ал 30 календардык күндөн ашпайт. Бул жөнүндөгү чечим финансылык чалгындоо органынын жетекчиси тарабынан кабыл алынат жана арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирилет.
Жазуу жүзүндөгү кайрылууда коюлган маселелерди чечүү башка компетенттүү органдардын компетенциясына кирген учурда кайрылуунун көчүрмөсү катталган күнүнөн тартып беш жумуш күндүн ичинде тийиштүү компетенттүү органдарга жиберилет.
Финансылык чалгындоо органы операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды бошотуу жөнүндө буйрукту белгиленген жак же уюм (арыз ээси) Санкциялык тизмектерде каралган жак же уюм болуп саналбагандыгы тастыкталгандан кийин кабыл алат.
37. Финансылык чалгындоо органы бошотуу жөнүндө буйрукту чыгарган датадан тартып үч жумуш күндүн ичинде бошотулган операциялар (бүтүмдөр) жана (же) каражаттар боюнча тийиштүү маалыматтар менен материалдарды түзөт жана аларды Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына алардын компетенцияларына ылайык жиберет.
7-глава. Корутунду жоболор
38. Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп турууда жана операцияларды (бүтүмдөрдү) жана (же) каражаттарды тоңдурууда ушул Жобого ылайык чын пейили менен аракеттенген ак ниет үчүнчү жактардын укуктарын коргоо камсыздалат.
39. Финансылык чалгындоо органы операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу жана операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу маселелери боюнча ведомстволор аралык жана эл аралык кызматташууда эсеп жүргүзөт (кагаз жана электрондук форматта).
40. Финансылык чалгындоо органы зарыл болгон учурда операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу, операцияларды (бүтүмдөрдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу маселелери боюнча түшүндүрүү берет, ошондой эле аларды өзүнүн расмий сайтына жарыялайт.
41. Ушул Жобону аткаруу маселелери боюнча финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишин текшерүүнү тийиштүү текшерүүчү органдар өз компетенцияларынын алкагында жүзөгө ашырат.